presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңырык

Гүл алган ырчылардын жубайы
"Обон" гезити буга чейин жалпы эле сахна жылдыздарынын жашоо турмушу, чыгармачылык ийгиликтери тууралуу маалымдап келген болсо, бул чыгарылышта ырчы мырзалардын жубайларына бир собол узатып, алгачкы эне болгон күндөрүн эстерине салдык.

Замир Арыкбаевдин түгөйү, Лира Медетбек кызы:
"Ак деген сөздү ыйык тутчу"
- "Кыз төрөсөң Акбермет, уул болсо Актилек же Акназар деп өзүм коём" деп ак деген сөздү ыйык тутчу. Анан 25-сентябрь күнү кыздуу болгонун угуп эле "Акбермет болот" деп атын койгон экен. Кыздуу болгон Замирдин кубанычы койнуна батпай, төрөт үйүнөн чыгаарда мага жаккан бир кучак гүл менен тосуп алган. Анан ар бир төрөт үйүндө иштеген эжелерге да гүл, шампан сыяктуу белектерди берген.

Ынак Осмоналиевдин жубайы, Осмоналиева Сырга:
"Узундугу потолокко бир аз жетпеген гүл алгам"
- Учурда тун кызыбыз Элес 2-класстын окуучусу болуп калса, Сумая 2,5 жашка, Айдай 11 айга толуп калды. Улуу кызыбыз Элес Таластан, ал эми эки кызыбыз Бишкектен төрөлүшкөн. Биринчи кызым боюмда болгон кезде мен Ынакка "Мен төрөгөндө мага чо-оң букет гүл алып бар ээ" дей берчүмүн. Анан төрөгөндөн кийин Ынактан чоң букет гүл күткөм. Бирок менин алган гүлүм кучак толо чоң букет болбой эле узунунан кеткен чоң гүл болгон. Гүлдү көтөрүп бөлмөмө кирип жерге койсом полдон потолокко бир аз эле жетпей калган.

Тамада, ырчы Замир Сабитакуновдун келинчеги, ырчы Эллада Асылбекова:
"Мединаны кээде Сайракан деп коём"
- Улуу кызым Мединаны Сайракан деген эже, кичүү кызымды Бурул деген эже төрөткөн. Бала киндик энесине да окшошуп калышы мүмкүн дегенге да бир аз ишенип кетем. Анткени Сайракан деген эже шакылдап, төрөт үйүн жаңырта кыйкырган эже болчу. Азыр кызым Медина да шаңдуу, эч нерседен тартынбай кичинекей болсо да тойлордо бийлеп жүрөт. Ал эми кичүү кызыбыз Бурул эжедей созулган кыз. Улуу кызым төрөлгөндө Замирдин гүлдөн башка бере турган белекке шарты келбей турган. Экинчи кызымды төрөгөнүмдө күнүгө косметика, шкатулка сыяктуу белектерди алып келе берчү.

Съездбек Искеналиевдин жубайы, Жаркынай Таманбаева:
"Сегиз жолу УЗИге түшкөм"
- Кош бойлуу кезимде Бишкектеги төрөт үйүнүн УЗИлерине эки жолудан сегиз жолу түшкөм. Бири да жаңылбай "кыз" деп айтышкан. Ошентип 2007-жылы 8-октярбь Кадыр түн күнү түнкү саат бирде 3,100 гр салмакта кыз төрөгөм. Ал эми кызыбыздын атын Даткайым деп чоң апасы койгон. Төрөт үйүнөн Съездбек мага бир букет роза гүлүн белекке берип үйгө чыгарып кеткен.




"Чыйырчык" атка конуп калгам"
Балбылдап жанган карагаттай көздөрү менен мырзаларды кайдыгер калтырбаган, бир өйдөдөн, бир ылдыйдан нота тандап ыр ырдаган кыргыздын дагы бир жаш ырчы кызы, "Түнкү каналдын" бир убактагы алып баруучусу Чолпонай Кенжекулова биз менен ой бөлүштү.

- Чолпонай, адатта ал ким дебестен, "ал кимдин баласы же кимдин кызы экен" деп сурамжылайт эмеспи, андыктан сөз башында сени тарбиялап өстүргөн ата-энең жөнүндө азыноолак айта кетсең?
- Мени бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энем менен аябай сыймыктанам жана алардын бул дүйнөдө бар экендиги мен үчүн чоң бакыт. Апам эл аралык компаниялардын биринде иштейт. Ал эми атам жеке ишкер. Таятам Усубалиев Овозбек көп жылдар бою Нарын областында жашап Кочкор шаарында чыккан "Кыргыз Туусу" гезитинде редактор болуп эмгектенген. Белгилүү журналисттердин бири десем да аша чаппайм. Адатта көпчүлүк үй-бүлөнүн тун перзенти ата жолун же болбосо энесинин изи менен кетет эмеспи. А мен болсо таятамдын кылган иштерин, жасаган эмгектерин көрүп, мен дагы таятамдын жолун улап тараза ташын как жарган, тилинен бал тамган, калеми курч журналист болууну самап, балалык кездеги тилегимди орундатып журналистикага кадам таштадым.
- Сабакты кандай окуйсуң? Дегеним чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп окууга көңүл бурбай койбойсуңбу?
- Эгерде сенин кылып жаткан жумушуң өзүңө жакса бардык нерсени айкалыштырып кете аласың. Мен сабак окуганды да аябай жакшы көрөм. Дээрлик көпчүлүк сабактан жакшы окуйм десем да болот.
- Эң биринчи ырдап чыккан ырың эсиңдеби?
- Алгач хордогу балдар менен биргеликте ырдап жүрдүм. Бир жарым жылдан соң, Чыйырчык өңдөнүп, ал куштун келбетине түспөлдөшкөн кооз кийим кийип "Уя жасап берели" деген ырды ырдап чыккам. Бул чыгарманы көпчүлүктүн алдында аткаргандыктан, "Чыйырчык" атка конуп кеткем. Азыркы учурда да хорго барып калганда чыйырчык келди деп тамашалап калышат.
- Бир учурда УТРКнын түнкү каналында жарк этип чыга калдың эле, эмнегедир азыр карааныңды таппай калдык го?
- Азыркы учурда алып баруучуларга кыскартуулар болуп кеткендиктен, бир эле Алексей Филатов алып барууда. Азыр репертуарымдагы ырларды көбөйтүп, жеке чыгармачылыгымдын үстүндө иштөөдөмүн.
- Бүгүнкү күндө популярдуу болуп турган продюсерден сен да алыс эместирсиң?
- Өспүрүмдөрдөн түзүлгөн "Кылым" тобунда ырдап жүргөндө Эрнест Уметалиев деген жетекчибиз бар болчу. Топ тарап кеткенден кийин мен өзүм ырдап чыга баштаган соң Эрнест Уметалиев менен биргеликте иш алып баруудамын. Бала кезден бери чогуу жүрүп, бири-бирибизди аябай жакшы түшүнөбүз. Ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз бир жерден чыгып, музыкага болгон табитибиз дагы бир.
- Музыкалык табит тууралуу сөз козгоп калдың, дегеле кандай стилдеги ырларды ырдаганды жактырасың?
- Мен бир жерде туруп калып, бир нук менен кетким келбейт. Издеген табат демекчи ар дайым изденүүнүн үстүндө болуп, бүгүнкү күндүн талабына ылайык популярдуу болуп турган жаштардын табитине жаккан R&B стилиндеги ырларды ырдап жүрөм. Бирок алдыда чыгыш стилиндеги чыгармаларга да кайрылсам деген максаттарым бар.
- Чыгыш стилиндеги ырларды аткарсам деген максатың жакшы экен. А бирок кыргыз жыттанган ырларды ырдап, кичине болсо да кыргыз маданиятына салым кошсом деген ойлор болду беле? Дегеле улуттук аспапта ойной аласыңбы?
- Маданиятыбызга бир эле нукура кыргызча ырларды аткарбастан деле салым кошсо болот да. Хорго барып жүргөндө Гүлмира Эсенгулова комузга бар деп көп айтчу. Эмнегедир комузга болгон кызыгуум жок болгондуктан чынын айтыш керек улуттук аспапта ойной албасам да, фортепианодо ойногонду билем. Кудай буюрса, улуу муундагы эжеке- агаларыбыз ырдаган кыргыздын нукура ырларын бузуп албагандай кылып заманбап стилде элге тартууласам деген максаттар бар.
- Сөз айтып тийишкен балдар кандай жооп ала алышат?
- Чынын айтыш керек, сөз айткан жигиттерге катуу айтпастан акырын түшүндүрүп жолго салам.
- Кыздын бараар жери күйөө-деп коюшат эмеспи, анын сыңарындай качан бойдокчулукка чекит коёсуң?
- Азыркы учурда чыгармачылык менен алекмин. Ошондуктан жакынкы арада күйөө тууралуу ойлоно элекмин. Атам дагы кээде айтып калганда "ата, мен керек болсо кыркка чыксам да турмушка чыга алам" деп күлүп калам. Көздүү мончок жерде калбайт эмеспи.

Нурзат Жусупова










??.??