Обон - шоу times

Саламат Садыкова Кыргыз желегин желбиретти
Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова Испаниядан кайтып келген соң, көп өтпөй Москва шаарына маданий форумга учуп кеткени жалпыбызга маалым. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мыкты делген музыканттарын, бийчилерин жана ырчыларын, сүрөтчүлөрүн, кол өнөрчүлөрүн бириктирген бул форумга Россия Федерациясы төрагалык кылып, анын башында президент Дмитрий Медведев өзү турган. Үчүнчү "ROZAMIRA" Эл аралык маданий айкалыштар форумуна катышып, 15-ноябрь күнү "ДОМ" маданий борборунда москвалыктарга жеке концертин тартуулады, С. Садыкованын жеке концерти "Бүткүл дүйнөгө таанымал үн" деп аталып, концерт жогорку деңгээлде, аншлаг менен өттү. Ошондой эле, көрүүчүлөрдүн назарына комуздун коштоосунда "Айнуру", "Кызыл гүл", "Алымкан", "Кыргыз жери" сыяктуу элдик ырлар, дастан-термелер, темир ооз комуздагы күүлөр тартууланды"-дейт продюсери Кундуз Авашова. Кыргыздын атын чыгарган эжебизге ийгилик, бекем ден соолук каалайлы.

Мая 800 АКШ долларынан куру калды
Бир убакта акеси Бек Борбиев менен дуэт ырларды ырдап эл оозуна алынган Мая жакынкы күндөрдө эле 800 акш долларынан куру калды. Ырчы кыз Маяга кимдир бирөөлөр телефон чалып тойго ырдап берүүсүн суранышкан. Тойго эки күн калганда той өткөрчү кожоюндар менен ырчы жолугуп сүйлөшкөндө, үйлөнө турган бала Маянын чыныгы күйөрманы экендигин түшүндүрүшүп, Ош шаарында өтө турган тойдо ырдагандыгы үчүн 800 АКШ долларын төлөп бере турган болушкан. Тилекке каршы дал ошол күнү Мая өзүнүн жеке жумуштары менен айылына барыш керек болуп калып 800 долларлык тойго бара албай калган. Ырчы Мая биздин гезит аркылуу Ош шаарындагы күйөрманынан кечирим сурап, эмки жакшылыгында сөзсүз барып бекер ырдап бермей болду.

"60 К" тобундагы бир туугандар бөлүнүшөт
Белгилүү обончу, аткаруучу Алтымыш Кадыровдун уулдары буга чейин атасынын атын өчүрбөй "60 К" тобу болуп келишкен. Эми жакында боло турган концерттеринен кийин эки бир тууган бөлүнүшө турган болду. Башкача айтканда Талант менен Самат өзүлөрүнүн аттары менен эле чыгармачылыктын түйшүгүн эки башка артынышмакчы.

Санжар Бердибеков биротоло көчүп кетти
Белгилүү куудул Манастын уулу Санжар бул убакытка чейин борборубуздун чок ортосунда түтүн булатып жашап келген болсо, эми куудул ырчы мырзабыз үй-бүлөсү менен Ош шаарынын борборуна биротоло көчүп кетти. Чыгармачылыкта талыкпай иштеп келген куудул Санжар, эми Ош шаарынан деле чыгармачылыгын таштабай, Бишкектиктер менен тыгыз байланышта болуп иштей бермекчи. Андыктан куудулдун конушу жайлуу болсун демекчибиз.

Назгүл Насиева балдары менен Жаңы жылдык жомокко даярданышууда
Белгилүү продюсер Назгүл чыгармачылыктагы балдары менен жаңы жылга даярдык көрүп, жаңы костюмдарды тиктире баштады. Бул жылы теле радио тараптан даярдалып жаткан кечеде Назгүл өзү сыйкырчы периште болсо, Аида Кулуева "малинанын", Эрмек "буратинонун" ролун аткарышмакчы. Андан сырткары продюсер балдарына жаңы жылдык ырларды жаздыруу менен да убараланып жүргөн чагы.




Көктөгү жымыңдап жанган жылдыздардын караанына мас болуп, алардын кылган эмгектерин көрүп же болбосо жөн гана сулуулугуна арбалып жүргөн фанаттардын сезимдерин, аруу тилектерин жүрөк ээлеген инсандарына жеткирүү максатында "Фанклуб" рубрикасын ачканбыз.

"Аккуу белең Айперим" деген ыры менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап калган кыргыз эстрада ырчыларынын акуласы Динара Акулованы бүгүнкү күндө тааныбаган кыргыз жок. Жогоруда айтылган ырын угаар замат, кымындай кезинен бул ырчы айымды кумир тутуп, анын ырлары менен жашап келаткан фанаты Лазита Мамбеталиева менен тааныштым

"Динара эженин бардык сапаты жагат"
- Лазита, Динара Акулованын ырлары менен жашап жүргөнүңүзгө канча болду?
- Элибизде таланттуу, өнөрлүү инсандар бар. Алардын арасында көңүлүңө жакын адамың болот эмеспи. Менин урматтап сыйлаган, ардактап кадырлаган, жандай көргөн кумирим - Динара Акулова болуп эсептелет. Мен анда 5-класстын окуучусу элем. Анда жаңыдан ырдап хит болуп турган "Аккуу белең Айперим" деген ыры менен мени өзүнө жипсиз байлап алып, ошондон бери анын караанына арбалып, концерттик кечелеринен бир да калбастан кумир тутуп жашап келем. Динара эжени эстегенде, анын кылган эмгектерин жана аялзатына тиешелүү бардык сапаттарын көрүп отуруп, колго калем алып, жүрөктөгү оргуштаган сезимдерди кагаз бетине түшүргөндөн тажабайм.

Каалоом сизге арналат...
Мага жагат кубулжуган үнүңүз
Мага жагат карагаттай көзүңүз
Мага жагат жаркылдаган күлкүңүз
Ар дайым ачык болсун көңүлүңүз.

Арчадай узун болсун өмүрүңүз,
Кайгы муңга чөмүлбөсүн көңүлүңүз.
Тилектешмин сиздин бүткүл оюңузга
Баскан сайын гүлдөр өссүн жолуңузга
Кадам шилтеп алга дайым барыңыз
Шаңдуу шайыр музыканын койнунда

Турмуштун ашуусунан өтүп далай,
Өркүндөп өсө бериңиз алга карай
Түбөлүк сизге деген каалоом ушул
Чың ден соолук, узун өмүр, бакыт
таалай.

- Динара эженин кайсыл сапаты жагат?
- Динара эженин мээримдүүлүгүн, ак көңүлдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн, адамгерчиликтүүлүгүн өзгөчө баалайм. Башкалардай болуп менменсинбегени, күйөрмандары менен ар дайым жакшы мамиледе жүргөнү мени ушунчалык таң калтырат.
- Кичинекей кезиңизден Динара Акулованы кумир тутуп жүрсөңүз, Динара эжедей ырчы болсом деп тилек кылчу белеңиз?
- Ырчы болсом деп ойлочу эмесмин. Жөн гана анын чыгармачылыгын, адамдык сапатын өзгөчө баалайм. Аялзатына тиешелүү бардык сапаттарды Динара эжеден тапсак болот. Ошол себептен мен аны ушунчалык жакшы көрөм.
- Сөз акырында кандай каалоо-тилектерди билдиресиз?
Күлүп чыккан күн эңкейсе кеч
кирет
Күндөр өтөт, күлгүн жаштык эскирет
Өчпөс өмүр, соолбос гүлдөй болууга
Орундалсын сиз умтулган ой-тилек!

Арчадай өмүрүңүз узун болсун
Жегениңиз балдай ширин жүзүм болсун
Басканыз жапжашыл бакча болуп
Теңирден тапканыңыз таалай болсун.
Кыздары Меридина менен Маликанын сый урматына бөлөнүп , кучагы ар дайым гүлгө толуп, мукамдуу назик үнү өчпөй, талантын талыкпастан элге тартуулап жүрө беришин каалайм. Жаркырап аткан ар бир таң ишине ийгилик алып келсин.

P.S Урматтуу окурман, эгерде сиздин да жүрөгүңүздө оргуштаган сүйүүңүз, кумириңизге болгон арнооңуз болсо биз менен байланышыңыз. Телефон 44-98-21

Даярдаган Н. Жусупова