presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Коңгуроо

Музыканттар учкан уя
"Коңгуроо" рубрикасында бүгүн шаарыбыздагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты менен тааныштырууну туура көрдүк.Бул мектеп-интернатында кыргыз элинин маданиятына төбөсү көрүнүп калган белгилүү инсандарыбыз билим алышкан. Алар: Муратбек Бегалиев, Жумакадыр Каниметов, Элвира Асанкулова, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Байыш, Жаныш Момуновдор, Азиз Жетигенов, Гүлмира Рыспаева, Саламат Садыкованын тун небереси Сайкал жана Курмангазы Азыкбаевдин уул-кызы Нургазы менен Нурай бактылуу балалыктарын бул мектептен өткөрүшкөн.
"Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың " дегендей мектептин берген тарбиясына, билимине баа берсек болот. Учурда аталган мектепте 70 мугалим эмгектенип, 500 окуучу билим алат.

Кожомбердиев Канатбек Жайлоевич, директордун орун басары, мугалим:
"Тозок деген ушундай"
- Көп жылдардан бери мектепке байланып, башка кесипке өтүп кетпей жүргөнүңүз эмнеден улам десек болот?
- Мен өзүм бул мектепте он бир жыл окугам. Кийин чоң окуу жайын бүтүрүп иштеп калдым. 17-18 жылдан бери бала менен бала болуп, күчүмдүн жетишинче өз билгенимдин баарын окуучуларга үйрөткөнгө аракет кылып келем. Биздин мектеп башка мектептерден Кыргызстандын булуң-бурчунан келген таланттуу балдар менен толукталгандыгы менен айырмаланат. Башкача айтканда жатаканага жатып билим алышат. Окуучулардын баардыгы "чымыны" бар музыканттар дегенден алысмын. Албетте, музыка жаатында таптакыр түшүнүгү жок адашып келип алгандар да кездешет. Күчтүү мугалимдердин баары кете беришсе, окуучулардын келечеги эмне болот. Менин мектептен кетип, кесип алмаштырайын деген оюм жок.
- Өзүңүз да бул мектепти бүтүрдүм дебедиңизби. Ошол окуучулук күндөрдө эсте калган кызыктуу учурлар болбой койбосо керек?
- Туура. Андай учурлар көп эле болгон. Бирок, мен сиздерге музыканттар жөнүндө анекдот айтып берейин, кызыктуу күндөрдү окуучуларымдан сурагыла.
"Музыканттар ар дайым даярдыктын үстүндө болуп турбаса, өз өнөрлөрүн жоготуп алышы мүмкүн" деп айтылып келет эмеспи. Гитарист бала тиги дүйнөгө барып тозок менен бейиштин эшигине туш болот.Өнөр адамдары дароо эле бейишке чыгышат деп айтышчу эле деп, бейиштин эшигин ачып кирсе, болуп көрбөгөндөй кооздукту, мелтиреген жымжырттыкты, тынчтыкты байкайт. Баары эч ким менен иши жок бейкапар жүрүшкөнүн көрөт да, концерт берип көнгөн музыкант ал тынчтыкка чыдабай кетүүнү суранат. Кайра келгенге болбойт деп тозокко жиберет. Ал жакта өзүнүн кесиптештери жыргап, бардык аспапта ойноп жатышканын көрүп сүйүнүп кетет. Алар да бизге гитарист керек болуп жатты эле деп жакшы тосуп алышат. Кошулуп гитара чертип кирет. Эртеден кечке тынымы жок черте берип тажаган гитарист: -Болду токтотолучу, чарчадым, кичине эс алып, тамактанып албайлыбы десе, тигилер: -Сен кайда келгениңди билбейсиңби, тозок деген ушундай болот,- дешкен тура.


Калназар кызы Аккыз, 9-класстын окуучусу, скрипкачы:
"Скотч болуп калганда"
Мектепте кызыктуу күндөр көп эле болот. Биздин класста 12 окуучу окуйбуз. Классыбызда эркек балдардын жок болгону кыздарга кызыксыз. Баарыбыз тең дене-тарбия сабагын жаман көрөбүз. Кыздар арасында атактуу дүйнө жылдыздарынын аттарын коюп алуу модага айланган. Мисалы: менин атым Женифер Лопес болсо, досторум: Анжелина Жоли, Наталья Орейро, Мадонна, Бритни Спирс ж.б аттарды коюп, соткаларыбызга да ушинтип жазып алабыз. Анан акырынгыла, мага Бритни чалып жатат, сүйлөшүп алайын дейбиз. Ал эми ачка болгон кезибизди "Скотч" болуп калдык деп айтабыз.


Мелис кызы Чолпон, 9-класстын окуучусу:
"Таңкы төрттө роза уурдап колубуз канаган"
Биз жатаканада жатып окуйбуз. Кечинде кыздар болуп ар кандай оюндарды уюштуруп, уктап калгандарынын беттерине тиш пастасын сүйкөп кетип, бири-бирибизди катуу тамашалап ыйлатканга чейин барабыз. Тарбиячы келатса уктамыш болуп, ал кеткенде баягы ызы-чуу кайра уланып, бөлмөнү үч көтөрөбүз. Жакында эле мугалимдер күнүндө эсте калган окуя болду. Мектепте майрам сайын дубал газетага сынак жүрөт. Биз классыбыз менен биринчиликти алабыз деп максат койдук. Эртең болот деген күнү таң атканча идея ойлоп уктаган жокпуз. Таңкы саат төрттө кыздар болуп, Эркиндик эс алуу паркына барып роза гүлдөрдү уурдай баштадык. Тикенектерине колубуз тытылып аябай канады. Кудай жалгап эч ким көрбөй калды да, түшкө чейин батманга розаларды скотчтоп чаптап чыктык. Бирок, Оштун Нура айылындагы жер титирөөгө байланыштуу майрамды жылдырып салышты. Эки күндөн кийин биздин розалар соолуп, аракетибиз текке кеткенине ичибиз ачышкан.


Мыктыбек кызы Рано, скрипкачы:
"Шылтоо тапсак да мугалимдер билип калат"
Скрипка черткенге кичинекей кезимден бери кызыгам. Атайын музыкадан билим алгым келип М.Абдраев мектебине тапшырдым. Күн сайын скрипкада ойносок да, кээде тапшырма аткарбай калган күндөр болот. Ал убакта бетимди аткарып келген кишидей кылып көрсөтүп койгонго аракет кылам. Бирок, баары бир мугалимдер билип алышат. Мугалимдердин байкагычтыгына таң калабыз. Канчалык аракет кылып шылтоо тапсак да билип алгандарына жинибиз келет.

Артур кызы Сайкал, 6-класстын окуучусу,комузчу:
"Таенем Саламат Садыкованы туурайм"
- Сайкал, сага кайсы сабак жагат?
- Фортепиано сабагы аябай жагат. А сольфеджиону классыбыз менен жаман көрөбүз.
- Комузду мектептен үйрөндүңбү же таенең Саламат Садыковаданбы?
(Күлүп)-Мектептен үйрөндүм. Таенем да мага көп кеңештерин айтып, комуз чертүүнүн сырларын үйрөтөт.
- Таенең сени урушабы?
- Чынын айтсам урушпайт. Мени "Сакуля" деп эркелетип жакшы көрөт. Мен көбүнчө таенемдин үйүндө болом. Анткени, мектебиме жакын. Үйдө жалгыз болгондо күзгүнүн маңдайына туруп алып, өзүмдү сахнада комуз чертип жаткандай элестетип, таенемди туурайм. Таенемди кумир тутуп, ар дайым сыймыктанам.


Нурдин кызы Айчүрөк, пианист:
"Бири-бирибизге ат коюшабыз"
Мен дагы бул мектепке өз кызыгуум менен келгем. Жатаканада жашагандыктан баарыбыз бир убакта тамактанууга барабыз.Окуучулар Кыргызстандын ар бир жеринен келгендиктен диалектиден бир аз айырмаланабыз. Бир жолу оштук бала залды жаңыртып "оокатка чакырып жатат, тез келгиле, оокат ичебиз" деп кыйкырганда баарыбыз аны шылдыңдап каткырдык. Көрсө алар тамакты оокат деп айтышат экен. Ошол күндөн баштап ал бала "оокат" деген атка конду. Азыркыга чейин "оокат келатат" деп тамашалап калабыз. Буга мугалимдерибиз да көнүп калышкан. Бизде мындай турмуш-тиричилик атты алган балдар көп.


Муратбек Бегалиев, КРнын эл артисти, композитор:
"Тамеки чеккенди Мукаш агайымдан үйрөндүм"
Мукаш Абдраев новатор, биринчи жолу кыргыз операсын өзү жалгыз жазган адам. Бул улуу инсан менин мугалимим болуп калганына абдан сыймыктанам. Мен да бул касиеттүү инсандын атын алып жүргөн мектепти аяктаганыма кубанам. Мукаш Абдраевди өз атамдай көрчүмүн. Баса, тамеки чеккенди мен ушул кишиден үйрөнгөм. Өзү тамекини өтө көп тартчу. Бирөөнү чегип баштап столдун үстүнө, экинчисин фортепианонун үстүнө, кийинкисин анын үстүнө кылып 4-5 даананы бир кийгизип чегээр эле. Кээде ошентип чегип жатып тамекисин унутуп музыкага сүңгүп кетчү. Иши үчүн ашын жерге таштаган жан эле. 1979-жылы бул дүйнөдөн көзү өттү. Мен дагы окуудан суранып келип топурак салдым. Абдан таланттуу, билимдүү, кең пейил адам эле. Бул инсан жөнүндө эки саат, эки күн айтып бер десеңер да макулмун.

Жаныш, Байыш:
"Жаныш түнкү экиге чейин жоголгондо"
Бул мектепти экинчи үйүбүздөй көрөбүз. "Обон" гезити аркылуу мугалимдерибизге ыраазычылык билдиребиз. Мукаш Абдраев мектеби болбогондо балким ырчы болмок эмеспиз.Абдан күчтүү мектептердин бири. Биз көбүнчө кайсыл жерде концерт болсо ошол жерге кетип калчубуз. Мугалимдер экөөбүздү издеп эле жүрүшчү.Жаныш менден эки жаш кичүү болсо да, бизди эгиздер деп атап алышкан. Бир жолу түнкү экиге чейин Жаныш бөлмөгө келген жок. Мугалимдер менден "кайда жибердиң эле?" деп сурашат. Мен жибермек тургай мага айтпай кайда кеткенин билбейм. Аябай сарсанаа болдум. Издедик. Уктап кетиптирмин, бир маалда түнкү экиде шудуңдап кирип келди да, "Мен Мыскыл жана тамашадан келатам. Динара Акулова менен тааныштым. Алар сени эшикте күтүп жатат" десе, уйку соонун арасында эч нерсеге түшүнбөй эшикке чыктым. Көрсө Жаныш Спорт Сарайда болуп жаткан концерттен эжелер менен таанышып, Турцияга алып кетебиз дешсе, мени кошо ээрчите кетели деп келишиптир. Ошентип мектепте окуп жүргөндө эле Жаныш экөөбүз концерттен башыбыз чыкпай жүрүп, эми минтип биротоло кеткис болуп калдык.










??.??