presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

"Съездбек агайдын ишенген окуучусу болчу"
Сахнадагы жүрүш-турушу менен өзгөлөргө үлгү көрсөтүп, кийинки чыккан жаңы муундагы ырчылардын "баштоочусу" аталган мукам үндүү Съездбек Искеналиевдин артта калган балалык, окуучулук мезгили тууралуу билүү максатында классташы Бердибек Исакановду кепке тартып, маектештик. Съездбек менен Бердибек Кочкор районунун Коммунизм айылындагы "Кызыл-Дөбө" атындагы орто мектепте чогуу окуган. Белгилей кетсек, Бердибек мырза бүгүнкү күндө "Багратион" агенттигинде башкы коопсуздук кызматкери болуп эмгектенет.

Съездбекти
"тооксуңбу" деп шылдыңдачубуз
- Бердибек, мектеп босогосун аттаган алгачкы күндү эстегенде Съездбектин кайсы элеси көз алдыңа тартылат?
- Съездбек 1-класска келгенде балтайган капкара тегерек көздүү, тармал чачтуу бала эле. Бою аябай кичине болгондуктан сабакка келатканда а дегенде эле сумкасы менен чердейип чыгып турган курсагы көрүнчү. Баскан сайын курсагы кыймылдап турат эле. Ошондуктан аны агалары "чыт курсак" деп эркелетишчү. Боюнун кичинекейлигинен партага олтурганда буту жерге тийбей асылып отура берчү. Өзү башынан эле аябай тартиптүү бала эле. Өзүн абдан таза алып жүрчү. Мектепти бүткөнчө Съездбектин жакасынын кирдегенин көргөн жокмун. Анан да сумкасына дайыма чүпүрөк салып алып, бут кийимин аарчып жүрөт эле. Кызыгы бир бутун шилтеп басчу, кийин калып кетти. Такыр сабактан калчу эмес. Бардык сабактан жакшы окуп, классыбыздын класскому болчу. Ал эми ыр-бий, манас айтуу жагынан эч кимди алдыга салдырган жок. Качан көрсөң үч кыл комузун, аккордеонун көтөрүп алып кружокто жүргөн бала эле. Кыскача айтканда Съездбек "Кызыл-Дөбө" мектебинин атын алыска таанытты.
Бир сызыкта түз жүргөн бала болгондуктан башкаларга окшоп тамеки тартып, арак ичкен жок. Ушул күнгө чейин тамеки тартпайт. Бизге окшоп кыздарга тийишип, кат жазганын деле көргөн жокмун. Кечиндеси үйүнөн чыкчу эмес. Кошуп алалы деп үйүнө барсак аяш энебиз чыгып "Съездбек уктап атат" дейт эле. Анан эртеси мектепке барганда эрте эле жатып алгандай "тооксуңбу" деп шылдыңдасак чычалачу деле эмес. Тескерисинче, "мен тоокко окшоп үйдө сабак аткардым, а силер түнү менен жортуулда жүрүп эмне таптыңар?" деп кайра бизди сөзгө жыкчу.

Гөлөшчөн сабакка келип
Анда 5-класста болсок керек эле. Дайыма сабакка кечикпей келген үлгүлүү окуучубуз бир күнү эле сабак башталгандан жарым саат өткөндө шашкалактап апасынын гөлөшүн кийип кирип келди. Бутундагы гөлөштү көрүп классты дуу көтөрдүк. Ал болсо бутун караган бойдон кызарып туруп калды. Көрсө суу ташыйм деп кеч калып, шашкалактап атып бут кийимин алмаштырам деп атып унутуп, үйдөгү бойдон баса берген экен.

Ким сабактан качпаса эркек эмес
Съездбек сабактан каччу эмес. Бир күнү балдар жыйналып алып "ким сабактан качпаса эркек эмес" деген ураанды көтөрүп чыктык. Анан класс боюнча качып баратып класс жетекчибизге кармалдык. Арабызда агай-эжейлердин ишенген окуучусу Съездбек да бар. Баарыбызды алдыга салып алып мектепке алып барып көнүгүү жасатып, спорт залды 50 жолу айландырып чуркатты. Ал эле десек ага да ыраазы болбой класска киргизип алып желкеден ары муштап атты. Кезек Съездбекке келгенде өмүрүндө тап жебеген Съездбек агайды урдура койбой белинен бекем кучактап алса болобу. Эки көзүн жалдыратып баса-баса кечирим сурап жаткан Съездбекти көрүп жини келип аткан агайыбыз бырс этип күлүп, баарыбызды чыгарып жиберди.

Мектептен айдалган Съездбек
8-класста 8-мартка карата жалаң балдар концерт коймой болдук. Ага атайын райондон комиссиялар келмек. Үч мугалимибиз бизди сабакка да киргизбей бир ай даярдашты. Концертти Съездбек алып бара турган болду. Андан сырткары көп номерлерге катышты. Анан эле бүгүн концерт деген күнү Съездбекти таппай калдык. Үйүнө издеп барсак "уй кезүүгө чыгып кетти" деди. Аргабыз кеткенде алып баруучубуз жок, анча-мынча номерлер да кесилип атып эптеп концерт коюп, акыркы орундун экинчисин алдык. Агайлардын жинденгенин айтпа. Эртеси Съездбек келгенде концертке даярдаган музыкант агайыбыз аккордеон менен башка бир чаап, кууп чыккан. Арадан үч күн өткөндө апасын ээрчитип Съездбек агайдан кечирим сурап келген. Азыр ушуну эстегенде "ушунчалык" да жоопкерчиликсиз болосуңбу деп күлүп калабыз.




Мектеп шиңгилдери
Мүзүр Мамбетов: "Айылдашым ат менен кубалап"
Кызыктуу, эстен кеткис окуялардын баары ойнок мезгил окуучулук кезде болот экен. Эсимде, анда 6-класс элек. Беш-алты бала болуп сабактан чыгып келатсак көчөнүн башындагы дөңсөөдө чоң трактордун баллону жарылыптыр. Оюбузда эч нерсе жок, кызуу кандуу балдарбыз да. Баллонду көргөндө колубуз кычышып, алтообуз аны араң көтөрүп ылдый көздөй тоголотуп жибердик. Эгер ошондо алдынан адам чыга турган болсо, эси ооп эки саат жатмак. Бешенебизге дагы андай кокустук болгон жок, баллонубуз калдырап барып бирөөнүн короосуна кирип кетти. Кыйратып койгонсуп кол чаап ышкырып-кыйкырып атсак айылыбыздагы Медер деген байке аты менен ар бирибизди үйүбүзгө чейин кубалап барган. Жан таттуу экен андан качып баратып бирөөнүн ажаткана кылабыз деп казып койгон чуңкуруна түшүп кеткем.

"Калп эле эсим ооп калганда"
Дагы бир окуя эсиме келип кетти. Ал учур жаз айынын аягы, ала шалбырт мезгил болчу. Сабак бүтүп эшикке чыксам жамгыр жаап, жердин баткагы чыгып жатыптыр. Үйүм дагы мектептен бир топ алыс эле. Ошол ылайды кечип үйүмө чейин жөө баскым келбей жолго чыккандан кийин атайын эле эси оомуш болуп жатып калдым. Балдардын баары ызылдап бетимен чапкылап, көлчүктөгү суулардан чачып жиберишти. Ага да болбой шылкылдап жата бердим. Анан үйүнө жеткирели дешип көтөрүп жөнөштү. Үйдүн жанына келгенде көзүмдү акырын ачып: "рахмат балдар, бутумду ылайга тийгизбей көтөрүп келдиңер" десем балдардын баары таңкалып аябай күлүшкөн. Азыр жолукканда эле ошону айта беришет.

Бегимай Бекбоева: "Менин айымдан классташтарым "2" алышкан"
Мен орус мектепте окугандыктан классыбызда ар түрдүү улуттагы балдар окуйт эле. Болгону үч гана кыргыз бар болчубуз. Бир жолу кыргыз тилинен Тоголок Молдо жөнүндө диктант жаздык. Анан эжейибиз "ушул эле Тоголок Молдону орусча айтып бересиңер" деп үй тапшырмасын берди. Кыргыз тилинен мен гана жакшы билгендиктен классташтарым менден "Тоголок Молдо дегенди да орусча которобузбу?" дегенинен "Ооба" деп койгом.
Эртеси баардыгы Тоголок Молдо дегенди "Круглый поп" деп жазып келип, эжейге ошентип айтып беришти эле класс боюнча доскага тизип, 45 мүнөт стул көтөртүп койгон. Ошентип менин айымдан баардыгы "2" алышкандары эсимде.

Сауле: "Биздин чачташканыбызга баары көнүп калышты"
Мен Даниэл менен "Чыгыш жомогун" ырдап атканда, ортосундагы шаңдуу музыкага Даниэль экөөбүз атайын бийлейбиз деп даярданганбыз. Бир жолу дагы бир концертте дал ошол ырды экөөбүз ырдап атып, баягы музыкасына келгенде Даниэль мага карабай эле өзүнчө бийлеп кетти. Мен ага жиним келип аркасынан бийлеп барып жиним менен катуу бир түртсөм Даниэль сахнага жыгылып жатып калып атпайбы. Залда олтургандардын дуу күлкүсүн көрүп уялып кеткем. Анан ыр бүтүп сахнанын артына өткөндө Даниэль "эмне түртөсүң" деп экөөбүз чачташа кетип сахна артындагы ырчыларга шылдың болгонбуз. Азыр экөөбүз чогуу окуйбуз да, азыр экөөбүздүн чачташканыбызга ырчылар гана эмес, классташтарыбыз да көнүп калышты.

Ж. Калдарова










??.??





??.??