presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  шумдугуң кур

Көбүбүз анча-мынча ырымдарга ишенбей маани бербегенибиз менен дээрлик баарыбыз эрксизден болбогон ырымдарды колдонуу менен бирге жаман көрүнүштөрдөн сактанууга далалат кылып келебиз. Дүйнө жүзүнө бирдей тарап "популярдуу" болгон ырымдарга назар салып көрсөк.

Таңкалыштуу ырымдар
Британиянын жашоочулары да бул сандан оолак жүрүшөт. Өзгөчө хирургдар күндүн 13-санына туш келип калышса оорулуунун абалы канчалык оор болбосун операция жасоодон баш тартышат. Ал эми француздар үйүнө конок чакырышып, тамактануучу столго 13 киши чогулуп калса сөзсүз 14-кылып маникенди алып келип отургузушат да, ага да меймандардан кем эмес сый көрсөтүшөт. Бул бир караган адамга күлкүнүчтүү туюлушу толук мүмкүн. Эске алсак ханбийке Диананын темир тулпары да эсеп боюнча 13-карагайга урунуп, кырсыкка кабылган. Элдин мындай маанайынан чочулаган мамлекет башчысы атайын уюм түзүп, болбогон ырымдарга ишенбегиле деп үгүт иштерин жүргүзүп келет, бирок азырынча жыйынтык жок.

Америкалыктар бул жагынан өтө ишенчээк келишет. Алар үчүн 13 (он үч) деген сан аябай каргашалуу болуп эсептелинет. АКШ да көп кабаттуу үйлөрдөн 13-кабатты, 13-үйдү кезиктире албайсың, 12 ден кийин дароо эле 14-кабат болуп кетет. Кээ бир авиакомпанияларда 13-санга туш келген учуулар дароо токтотулат. Ал эми бейтапканаларда 13-палата менен 13-номерлер жок. Соода жаатында болсо 13ү күнү жок дегенде кичинекей буюм эле алсаң адаттан тышкары эки эсе чыгым болосуң дегенге катуу ишенишет.

Кытайлыктар 4(төрт) деген санды жан алгычындай көрүшөт. Анткени жазылыш жагынан таптакыр окшошпогону менен айтылыш жагынан 4 деген сөз "өлүм" деген сөзгө үндөшүп кетет. Ушул нерсеге катуу таасирленген кытайлыктар колунан келишинче 4 кө жолобоонун камын көрүп келишет. Өзгөчө үй-жайларда ушул сандарды кезиктире албайсың. Ал эми 4 санында үйлөнгөн жубайлар(ушул ырымга катуу таасирленип алышканбы ким билсин) сөзсүз ажырашып тынышат же болбосо өмүр бою бактысыз турмушту башынан кечирип өтүшөт.




Кызыктуу кесиптер
Адамдан амал качып кутулбасы ырас, жан багуунун жолун түрлөнтүп кээ бир адамдар ойго келбеген кесипти аркалап келишет

Кыялдарды орундаткычтар
Карапайым кат ташыган адам бир эле түндө белгилүү актерго айлангысы келсе, бир бозой 20 күндүн ичинде ар кайсы мамлекетте жашаган 20 кыз менен таанышкысы келет. Анда ар бир кардардын фантазиясын, кыялын орундатуунун милдетин Чикагодогу компания алган. Сиз болгону ал жерге барып кыялыңызды кагазга түшүрүп, адистердин атаган акчасын төлөп коюп үйүңүздө кыялыңыздын орундалышын күтүп жата бериңиз. Белгилей кетчү нерсе кыялды орундаттыруунун минималдуу баасы 150 000 доллар.

Мээ чогулткуч
Булардын жумуш орду мал сарай. Ал эми милдеттери - кесилген малдын башын столдун үстүнө алып чыгып алып мээсин чукуп чыгарышат да баарын чогултуп алып ресторандарга жеткирет. Мексикада бул кесип абдан зарыл. Ал эми айлыгы кээ бир элитный кызматтарга караганда бир топ эсе жогору.

Жыт чогулткуч
Жыт чогулткучтардын негизин дезодарант чыгарган компанияларда, чанда гана кездештирүүгө болот. Жыт чыгаргычтар эксперименттен өтүүнү каалагандардын колтугуна дезодарантты сүртүшөт да бир күн бою алардын колтугун жыттап, дезодаранттын жыты канчалык өзгөргөнүн байкап турушат. Албетте бул жагымсыз жумушка барууну баары эле каалашпайт, бирок айлык акысынын жогорулугу баары бир азгырат.

Балапандардын жынысын аныктагыч
Балапандар жаңы жумурткадан жарылып чыккандан соң бир күндөн кийин анын тоок же короз болоорун жаңылбай аныктоо керек. Анткени анын келечектеги тамактануусу да жынысына көз каранды болоору таңкалыштуу. Мындай "кызматты" аркалаган операторлор жок дегенде эки жыл окуудан өтүшүп, чоң сынактан өткөндөн кийин гана жумушка кабыл алынышат.




Кесиптик ырымдар
Сөөмөй менен бир нерсени көрсөтүү жаман адат болуп саналса, суучулдар үчүн эң жаман ырым болуп эсептелет. Өзгөчө алыскы сапарга чыгаарда кокус кимдир бирөө сөөмөйү менен асманды көрсөтүп койсо (алардын түшүнүгүндө) Кудайлардын ачуусу келип, аларды жазалайт. Сапардан кандайдыр бир кырсыкка кабылып кайтпай калышса да ушул ырымга боолгоп коюшат.

Ал эми өрт өчүргүчтөр жумушка чыгаардын алдында башынан ылдый муздак суу менен куюнушат. Болбосо алдыда турган күн өзгөчө түйшүктүү болуп, көп жерден өрт өчүрүүгө чакырышат. Кызыгы жумушка жаңы орношкон адамдарга да коллектив жаалап жатып ушул ырымды колдонтушат.

Белгияда ак халатчандар операция жасаар күндүн алдында жубайы менен эч убакта жыныстык жакындыктарга барбайт. Анткени аларды жумушунда ийгиликсиздиктерден күтүп тургандан тышкары, операция жасай турган оорулуу өлүп да калышы мүмкүн экен.

Музыканттар элдин алдына чыгаарда, эртең менен турганда жаткан төшөгүн эч убакта жыйнабашы керек, анткени ырларынын сөздөрүн унутуп, көпчүлүктүн алдында уят болушат. Бул ырымга катуу ишенген италиялык музыканттардын ар бири бул жөрөлөгөнү көз жаздымынан калтырышпайт.

А. Дүйшөналиева










??.??





??.??