presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кумир менен баарлашуу

Борончу:
"Сүйгөн кызыма кыздар менен барчумун"
Көпчүлүк окурмандар сүйүп окуган "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы бул жолу боорду эзген куудул Борончуну өз аудиториясынан тосуп алды. Кыргызда "беш" деген сөз "кеч" дегенди билдирет деп кээ бир куудулдарыбыз айтып жүргөнүн Борончу байкебиз эстеп калганбы же айтылган убакытты туура эмес угуп алганбы айтор, чакырылган күнү келбестен эртеси күнү өзүнүн күйөрмандарынан жана кесиптештерибизден кечирим сурап кирип келди. Албетте, "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей турмушта күтүлбөгөн ар кандай учурлар болуп кетет эмеспи. Ошентсе да Борончу байкенин күйөрмандары өздөрүнүн чыныгы фанат экендерин көрсөтүп, куудул менен чер жазып, анын жаңы ыр жыйнактарын белекке алып, үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты. Бул баарлашуунун өзгөчөлүгү, келген күйөрмандар куудулдан уялышып, тартынчаактык кылып, алгачкы суроолорун бералбай бир азга тынчтык өкүм сүрдү. Аны байкаган куудулубуз алардын аттарын сурап, өзү суроо бере баштады. Ошентип, "Куудул менен баарлашуу" кызыктуу суроолор менен уланды.


Борончу:
- "Обон" гезити биздин чыгармачылык менен кошо келаткан гезит. Башкача айтканда бизге аябагандай жакын, биз чыккан учурдан баштап азыркы күнгө чейин чыгармачылыгыбыз жөнүндө элге жеткирип, тааныштырып келатат. Бул кечээки эле гезит эмес, мунун өзүнүн тарыхы бар. Демек, "Обон" ар дайым элге муктаж болгон гезиттерден болуп, кудай келечегин берсин.

Мырзагүл
- Эки күндүк концертиңиз сиз ойлогондой болдубу?
- Мен өзүм аракет кылган боюнча планым ишке ашты. Элдер ыраазы эле болушту. Бул жерде сахнага чыга элек жаңы кыздардын тушоосу кесилбедиби. Аларга сахнада кандай өзүн алып жүрүү керек, ырдоонун эрежелерин үйрөтүп анан чыгардым. Буга чейин кыздарымды тойлорго алып барып ырдатып жүргөм. Ар биринин кыял, мүнөзүнө жараша ыр жаздырып дуэт ырдап чыктык.
- Чачы узун кыздардын сынагы реалдуу болдубу?
- Ооба. Мисалы, биринчи күнү катышкан кыз өзүнүн чачын ченетип кеткен. Ал аныкынан да узун чач бирөө бар экенин билет экен. Ал кыз мага чалып "Менин чачымдан да узун чачы бар бирөө бар, ошол келдиби"-деп сурап жатпайбы. "Жок, келген жок"-десем, ал кыз өзүн ишенимдүү "мен утам"-деп улуттук форма, башына шөкүлө кийип алыптыр. Мен аны эң акырында чакырсам, элдер аны өзүнүн кишиси окшойт, жасалма чачты шөкүлөнүн астына бастырып коюптур деген сыяктуу ойлор болуп кетти. Мен айттым "эгер андай болсо 2-3-орунду алган кыздар анын чачын жулуп койбойбу"-деп тамашаладым. Чынында баары жакшы жана калыс өттү. Атайын мен факты болуш үчүн эки кыздын сүрөтүн ала келгем.
- Канча кыз катышты. Баары белек алып кетиштиби?
- Баардыгы болуп 105 кыз катышты. Биринчи орундагы кыз муздаткыч, 2-автомат кир жуугуч машина, 3-телевизор, 4- музыкалык борбор, 5-чаң соргуч. Бешөө чоң суммадагы байгелер болсо, калганы DVD, сумкалар, косметикалар болду. Кыскасы бардык катышуучулар куру кетишкен жок.
Алмаз
- Борончу байке, азыркы оош-кыйыш заманда элди күлдүрүш кыйын эмеспи?
- Турмуш оор болуп жатканда күлкүнү элге тартуулаш кыйыныраак болот. Ырчылыкка салыштырмалуу элди күлдүрүш оор. Негизи куудулдар заманды, саясатты, учурду айтып күлдүрөбүз да. Анан бирөөнүн кемчилигин өзүнө оор тийбегендей кылып тамаша ирээтинде айтсаң, өзү да түшүнөт, эл да күлөт.
- Бир сатираны элге тартуулаш үчүн канча убакыт керектелет?
- Ар кандай болот. Мисалы, мен кечинде келип, кой мен сатира жазайын-деп жазбайм да. Көчөдөн, тойлордон, эл арасынан эле чогултуп, аны бышырып анан ар кандай темаларга бөлүштүрүп, күнүмдүк жашоодогу окуяларды сахналаштырып алып чыгабыз.
- Күлкү өнөрүнө таланттан башка билим керекпи?
- Аябай керек. Интеллектуалдуу куудулдардын сатирасы көпкө жашайт. Ар бир адамдын психологиясын көрө билишиң керек. Мисалы 100 киши олтурса, алардын он бешөө башка тамашаны каалап турат. Ал эми калган отузу жөн эле бир нерсени айтып койсоң күлө берет.Бара-бара маданияттуулукка кетип баратабыз. Элге кандай тамаша керек экенин баамдап каласың.
- Сатира жазаарда атайын сатириктерге кайрылып, алар менен иштешкен учурлар болобу?
- Кээ бир сатириктер биздин учурдагы тамашаны жазып бералбайт. Аларга интермедия жазып бер десең эскиче жазып коюшат. Бизге андай көрүнүштөр керек эмес. Азыркы учурдагы сатиригибиз Рахман Разыков. Экөөбүз чогуу олтуруп сатираларды иштеп калабыз. А негизгиси ар бир куудул өзүнчө изденет. Ошол себептен куудулдарда өсүү болбой жатат деп ойлойм. Ар ким өз деңгээлине жараша сатира иштеп чыгат. Бардык куудулдар менен олтуруп чыгарган сатира эң мыкты болот.
Орозбек
- Куудулдар арасында бири-бириңерди жамандаганда таарынбайсыңарбы?
- Мен өзүм мурунку куудулдардын кичүүсүмүн. Алар менен мамилебиз абдан жакшы. Мисалы, сахнадан бири-бирибиздин кемчилигибизди айтышып, жамандасак көтөрөбүз. Эч качан таарынуу болбойт. Элге жага турган сатира үчүн "жертва" болууга даярбыз. Эгерде мен же Рахман, Жамбыл аркылуу сатира жакшы боло турганын билсек, анда тартынбастан бири-бирибизди айтып шылдыңдаганга, жамандаганга өтө беребиз. Себеби, андай көрүнүштөр элге жагаарын билебиз.
- Бала кезиңизде кандай Борончу элеңиз?
- (Күлүп) Өтө кичинекей Борончу элем. Мен өзүм японский тарбияда өскөн баламын. Жети жашка чейин аябай эрке болуп чоңойдум. Мени атамдын агасы багып алган. Илгери бала көп болсо эле белекке бере беришчү турбайбы. Баккан атам каза болуп калганда кемпирдин колунда болуп, ал мени эч кимге тийдирбей эркелетип чоңойтту. Мен каалаган оюнчукту сурасам, жерден чукуса да таап келээр эле. Ал кемпир мен жети жашка чыкканда көзү өтүп кетип, кайра өзүмдүн үй-бүлөмө келгем. Келгенден кийин баягы эркелик дароо токтоп, адамдардын көз карашы менен жашай баштадым. Ар кимдин оюн билип, алардын көңүлүн оорутуп албайын же өзүм катуу сөз угуп калбайын деп ойлонуп иш кылып калдым. Балким бала кезимдеги ар кандай жашоо менин сатирик болуп калышыма себеп болду.
Ханшай
- Борончу байке, алгач сизге чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук каалайм. Сиздин берген интервьюларыңыздан кытай, кореец кыздарды жакшы көрөөрүңүздү уктум эле. Чынында жакшы көрөсүзбү. Балким "Кайдасың" ырыңызга тартылган кытай кыз ушундан уламдыр?
- (Күлүп) Өзү минтип коёт го, артисттер кыздарга жакыныраак болот деп. Мен ошону чечмелеп берейин. Ар бир аялзатынын өзгөчө сулуулугу бар. Ал нерсени артистер айырмалай жана баалай билишет. Ошол себептен алар кыздарга жакын болот.Ал эми "Кайдасыңдын" клибин айта турган болсом, чынында шоу-бизнестин өзүнчө сырлары бар. Кайдасыңга кыргыздын кызын тартып койсом өтө сонун жарашмак жана жакшы болмок. А кытай кызынын тартылганы эмнеге деген суроону жаратат. Эмнеге бул клипке Борончу кытай кызды тарткан? Мына ушул эмнеге?-деген суроону берсин деп жөн гана "пиар" катары атайын тарткам. Негизи бере турган ойду же жарнаманы бөлөкчө, өзгөчө берсең эл ошону эсине сактап калат.

Гүланда
- Куудулдуктан сырткары ырдап да жүрөсүз, алгачкы ырдап чыкканыңызды айтып бериңизчи?
- Башынан эле ырдайбыз деп ооруп калганбыз да. Бир тойдо эле Чубак Сатаевдин "Арман" деген ырын ырдап жаткам. Ал убакта аскерден жаңы келгем. Бул ыр өтө популярдуу эле. Анан шадыраңдап ырдап жатсам эле бирөө мага "Эй бул ырды ырдаба, тигил жерде автору өзү олтурат" деп калды. Көрсө канчалык аракет кылсаң да баары бир автордукуна окшошпойт экен. Менден кийин Чубак чыгып өзү ырдады. Той бүткөндө "Сен мага окшоп ырдайт турбайсыңбы, мени менен кетесиңби"-деди эле, араң турган жаным макул болуп заводдогу ишимди таштап, гастролго кетип калгам. Ошентип Чубак Сатаевдин аркасы менен чоң сахнага барып ырдап калдым. Кудайдан бир нерсени катуу ниет кылып сурансаң, ал тилегиң сөзсүз аткарылат.
- Алгачкы махабатыңызга канча жашыңызда туш болдуңуз?
- Мен алгачкы махабатыма 7-классымда туш болгом.Гезиттерге интервью берген сайын менин биринчи махбатым деп атын айтып калсам эле аны күйөөсү уруп калчу экен. Анткени, анын күйөөсү да менин классташым болот. Мен ал кызды аябай жакшы көрүп өзүмдү жоготуп сүйгөм. Ал кыз эле эмес анын жашаган үйү, көчөсү, ал баскан чаң жолдор да мага кооз көрүнчү. Ал менин классташым болгондуктан бирге окуган кыздарды ээрчитип алып кечинде жолугушууга анын үйүнө барчумун. Анткени, өзүм жалгыз баргандан корком да. Үч күндөн кийин апабыз урушуп жатат, өзүң эле барчы деп алар барбай коюшпадыбы. Анан мен да барбай койгом. Кыскасы, кечинде кыздар менен сүйлөшкөн кызыма барчумун.
Барби
- Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Сиздин жолуңузду жолдойм дегендери барбы?
- Менин эки балам бар. Улуусу Улан, экинчиси Куйручук. Менин жолумду жолдойм деп так айткандары байкала элек. Бирок улуу балам мени менен сыймыктанып, мендей болгусу келе берет. "Элдин баары сизди сыйлайт, ар дайым сиз менен учурашып салам беришет" деген сыяктуу сыйдын үстүндө жүргөнүмө суктана калат. А кичинекей уулум бир нерсени сүйлөсөң эле бизнес жагын айтып туруп алат. Мен жаңы машиналуу болгондо улуу балам сүйүнүп жатса, кичүүсү "эмнеге кичинекей машина алып алдың, кошунаныкындай маршрутка албайсыңбы, ага көп кишилер түшүп, акча беришет да"- деп жатпайбы. Жакында өткөн концертимдеги сыйлыкка коюлуучу байгелер үйдө турган.Кичүү балам "ата, мага деле бир DVD берчи, кечке эле элге бере бересиңби?" деп сурап калды. Бирок, үйдө DVD бар болчу да. Эми баламдын көңүлү калбасын деп "макул, каалаганыңды тандап ал"-десем өзү бирөөнү алды. Эки күндөн кийин жанагы жаңы DVDни "кошунага сатып салайынбы" деп кайра менин айламды кетирди. Негизи кичүү балам эл менен бат тил табышып өзүнө тың.

Уюштурган Айнура Султанова.










??.??