presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 

Ала-Тоо койнунда
Жекшенкуловдун уулу кылмышкерби?
Жекшенкуловдун уулуна кылмыш иштин козголушу саясий куугунтук катары бааланууда.
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул маркум журналист А.Саиповдун иши боюнча күнөөлүү катары суракка алынууда. "Ал "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, сырттан билим алып, 3- 4 тил билген, мыйзамды урматтаган бала. 1 жыл мурун бул иш боюнча күбө катары суралып, эми күнөөлүү болуп калабы?! Бул - Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн саясий буйрутмасы," - дейт А. Жекшенкулов. Анын баамында бийлик оппозициянын 29 - ноябрга белгиленген курултайы алдында саясатчыга сес көрсөтүп жатат.

Бекназаров бийликти алмаштырам дейт
Элдик революциялык кыймыл элге кайрылуу менен чыгат.
Кайрылуу өлкө элине багытталып, кыймылдын Кыргызстандын бийлигин алмаштыруу демилгесин колдоо чакырыгы айтылат. Андан тышкары мамлекетти башкаруу системасын конституциялык жол менен өзгөртүүгө аракеттенип жаткан жана өкмөттү кетирип, башка структурадагы өкмөттү түзүүнү сунуштап жаткан саясий күчтөргө Элдик революциялык кыймылдын революциялык жол менен бийлик алмаштыруу демилгесин колдоо үндөөсү айтылып, парламентте өкүлдөрү жок партиянын жаңы структурадагы өкмөттү түзүү аракети Баш мыйзамга карама-каршы келери белгиленет. Бул акцияны "Ак шумкар" партиясы колдоп, сатыкка коюлган "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармактар" жана Бишкек ТЭЦи сатылбасын, сөз эркиндиги сакталсын, саясий куугунтуктоолор токтотулсун деген талаптарды коет.


"Ак шумкар" Ысык-Көлдө жыйын курду
"Ак шумкар" партиясы Ысык-Көл областында конференция өткөрдү. Анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды талкуулап, партиянын облустук саясий кеңешин жана облус боюнча координаторлукка Мелис Эшперовду шайлады. Конференцияга катышкандар бийлик мугалимдерди шайлоодо колдонуп, андан кийин унутуп калат деп, ага кошумча төлөмдү ала албай жатышкандыгын мисал кылышты. Андан тышкары Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 5 миң сомго жетип, жарыктын күнүнө тогуз гана саат берилиши элдин нааразылыгын күчөтүп жатканын айтышып, оппозициянын бийликтин саясатын өзгөртүүгө биригип күрөшүүсүн сунуш кылышты.

Инкассаторлорго кол салынды
Бишкекте "Азия" банкынын инкасcаторлоруна кол салышты.
Банктын эсептөө - сактык кассанын кассири 5 млндон ашык сом жана 37 миңдей АКШ долларын банктын филиалдарына которуу үчүн алып чыгып баратканда белгисиз үч адам Абдрахманов көчөсүндө кассирге жана анын эки жансакчысына кол салып, ок атышкан. Андан кассир жана бир жансакчы жараат алган. Кабарларга караганда, каракчыларга да каршы ок атылган. Оңунан чыкпаган карактоо аракети боюнча кылмыш иши козголду.

Каптагаев эмне дейт?
Э.Каптагаев бийликтин басым-кысымы тууралуу билдирүү менен чыгат.
"Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөсү, "Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев бийлик тараптан коркутуп-үркүтүүлөр күч алганын, анын өзүнө да соңку кездери ачык коркутуулар айтылып жатканын билдирди. Бул тууралуу жакынкы күндөрү калкка билдирүү менен чыгып, бийликтин ыплас аракеттерин ашкерелей турганын айткан саясатчы, мындай кысымдар "Акыйкат үчүн" кыймылынын башка мүчөлөрүнө карата да жасалып жатканын баса белгиледи. Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозиция тарап коюп жаткан айыптардын бардыгы мыйзам чегинде өтүп жаткан иш-чаралар экендигин айтышууда.

Соттун китепканага алы жетти
Сот Акаевдин китепканасын мамлекетке кайтарды.
Жогорку Соттун чечимине ылайык "Биринчи президенттин китепканасы" деп аталган имарат аукциондо сатылып, мамлекетке кайтарылат. Буга чейинки соттордун чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган "Биринчи президенттин китепканасы" аттуу коомдук фонддун президенти Санат Жамакеева Кыргызстандагы соттор саясий буйрукту аткарды жана имаратка бирөөнүн көзү түшүп калган деп билдирүүдө.

Үч ири ишкана сатыкка коюлду
"Түндүкэлектро", Бишкек жылуулук борбору жана "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы бир адамдын колуна 454 миллион долларга сатыла турган болууда.
Өкмөт "Түндүкэлектро" бөлүштүргүч компаниясын 4 миллиард 817 миллион сомго, же 120 миллион долларга бааланганына макул болуп, өлкөдөгү ири бөлүштүргүч компанияны сатыкка чыгарды. Баалоочу компаниялар ошондой эле Бишкек жылуулук борборун 11 миллиард 760 миллион сом, же 290 миллион доллардын тегерегинде, "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасын 1 миллиард 758 миллион сом, же 44 миллион доллардын тегерегин баалады.
Булардын баарын бир колго сатууну өкмөт жактырып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет аларды сатыкка койду. Конкурс 27-январга чейин созулат. Конкурстук комиссияны мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров жетектейт. Бул ири үч компаниянын бир колго жана ушунча суммага бааланышына каршы чыккан саясатчылар болууда.

Каныбектен коркушту
Дүйнө чемпиону К.Сагынбаевди чемпионатка катыштырбай коюшту.
Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан бильярддын "Эркин пирамида" аттуу түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатына уюштуруу тобу дүйнөдөгү эң күчтүү оюнчулардын бири Каныбек Сагынбаевди катыштырбай коюшту. Чемпионаттын уюштуруучулары Каныбек Сагынбаевди коммерциялык теле турнирлерге катышканы үчүн дүйнө чемпионатына катыштырбай турганын айтышкан. Каныбек чемпионатка топтун жетекчиси катары барган. Тилекке каршы чиновниктердин оюндарынын айынан спортчулар менен көрүүчүлөр жабыркап жатканы өкүнүчтүү.

"Репортер-Бишкектин" автору кайда качты?
"Репортер-Бишкек" гезитинин авторлорунун бири Швецияга качты.
"Жашылдар" партиясынын мүчөсү Хабира Мажиева учурда Швеция бийлигинен баш калка сурап жатат. Эл аралык конференцияга катышуу үчүн Швецияга кетер алдында Мажиеванын Бишкектеги үйүнө белгисиз эки адам кирип, кысым көрсөткөн. Буга анын "Репортер-Бишкектин" 14-ноябрдагы санына жарыяланган "Кеминизм бүттү" деген макаласы себеп болгон.
Репортер-Бишкек" гезитинин негиздөөчүсү Султан Каназаров Хабира Мажиева жазган макала боюнча гезитке кысым болбогондугун билдирди. Биз өткөн санда эки жылда 9 адам 10 баш калка сурап чыгып кеткенин жазганбыз. Бул онунчусу болуп олтурат.




  Дүйнө дүбүрт

Испанияда укмуш операция жасалды
Доктурлар аялдын бузулган кекиртегин өзүнүн сөңгөк клеткаларынан өстүрүлгөн органга алмаштырышты.
Муну менен дарыгерлер оорулуу аялдын иммундук системасын жаңы органды өзүнүкү катары кабыл алууга мажбурлашкан. Адистердин айтымында, бул жаңы техника өз органын алмаштырууга мажбур болгон оорулууларда үмүт отун жандырды.
Өзүнүн сөңгөк клеткасынан өстүрүлгөн кекиртек органы 30 жаштагы колумбиялык аялга жамаштырылды. Эл аралык дарыгерлер тобу жамаштыруу операциясын июнь айында Барселонада ишке ашырышты. Бирок бул тууралуу 19-ноябрда гана белгилүү болду, себеби мынча убакыт бою дарыгерлер операциянын жыйынтыгын күтүшкөн эле.
Бул операция эки баланын энеси Клаудиа Кастиллого жасалды. Кастилло айымдын өпкөсү кургак учуктан улам жабыркап, ал майып болуп калган. Оорулуунун чучугунан сөңгөк клеткаларын алып, кемирчек уячасында өстүрүлгөн. Андан соң дарыгерлер бул уячаларды донордун органына жамашкан. Жаңыдан колдонула баштаган бул ыкма оорулуунун иммундук системасын "алдай" алат, себеби оорулуунун иммундук системасы донордун органын көпчүлүк учурда кабыл албай коет.

Жаназа убагында жан беришти
Пакистанда жаназа маалында жарылган бомбадан бир нече киши мерт болду.
Зыйнатка катышып жаткан 6 киши өлүп, ондогон адам жарадар болду. Элдин көбү шийи мусулмандар болчу. Түштүк Вазиристан менен чектеш чөлкөмдө суннилер менен шийи топтору ортосундагы кагылышуулар көп болот. Ал жердеги уруулардын талиптер менен ал-Кайидачыларга колдоосу күчтүү.

Орус президенти 6 жылга шайланабы?
Мамлекеттик дума президенттик мөөнөттү узартууну жактырды.
Россиянын Мамлекеттик думасы президенттин кызмат мөөнөтүн 4 жылдан 6 жылга узартуу жөнүндөгү конституциялык түзөтүүнү жактырды. Документ эми парламенттин өйдөкү палатасында колдоо табууга тийиш. Думадагы добуш берүүдө аны 392 киши колдоп, 57си каршы болду. Бул түзөтүү эмки президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин күчүнө кирмекчи.

Шийилер чогулушту
Багдадда радикал шийи лидеринин тарапкерлери чогулду.
Багдаддын борборуна чогулган радикал шийи лидери Муктада ал-Садрдын миңдеген колдоочулары Вашингтон менен түзүлгөн коопсуздук келишимине каршылыгын билдирип, депутаттарды аны жактырбоого үндөштү. Келишим америкалык аскерлердин Иракта дагы 3 жылга калышына жол ачат. Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кытай зилзаласынын аныгы
Сичуандагы зилзалада 19 миңден ашуун окуучу ажал тапкан.
Кытай бийликтеринин ырастоосунда, май айында Сичуан провинциясындагы жер титирөөдөн мектептердин алдында 19 миңден ашуун окуучу каза тапкан. Чөлкөмдүн жетекчилеринин бири Вей Йонг 19065 кишинин мектептердин урашынан улам өлгөндүгү бышыкталганын айтты. Күчү дээрлик 8 баллга жеткен зилзаладан, расмий маалыматка ылайык, 90 миңдей киши өмүрүнөн ажыраган же дайынсыз жоголгон. Бирок Пекин алардын канчасы окуучулар экенин буга чейин билдирген эмес. Айрым ата-энелер мектеп имараттары эптеп-септеп салынганын айтып, нааразы болушкан эле.

Мадонна ажырашты
Мадонна менен Гай Ричинин ажырашуу боюнча сот иши аяктады.
Лондон сотунда америкалык поп жылдыз Мадонна менен британиялык режиссер Гай Ричинин ажырашуу иши каралды. Ошентип, 6 жума мурун жарыяланган ажырашуу процесси соңуна чыкты. Мадонна жана күйөөсү чогуу 8 жыл жашашкан. Түгөйлөр мүлкүн кантип бөлүшөөрү кабарланган жок. Тарыхтагы эң ийгиликтүү ырчылардын бири болуп эсептелген Мадонна 445 миллион долларлык байлыгынын көбүн сактап калат деп айтышууда.

Мунай арзандоодо
АКШ жана Орусияда акциялар менен мунайдын баасы арзандай түштү.
Адистер муну глобалдык каржы системасынын келечеги боюнча кооптонуулар уланып жатканы менен байланыштырышууда. АКШда негизги биржалык индекс Доу-Жонс беш жарым пайызга ылдыйлады. Ал эми Нью-Йоркто мунайдын бир баррели соодада 49 жарым гана долларды түздү. Орус премьери Владимир Путин болсо, орус өкмөтү глобалдык экономикадагы кризистен улам Орусияда 1990-жылдары орун алган көйгөйлөрдүн, "кыйроолордун" кайталануусуна жол бербеш үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишендирди.

Интернет булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы




  Кримхроника

Аялын атып өлтүрүп...
Чүй обласынын Сокулук районунда үй-бүлөнүн башына түн түштү. Тагыраак айтканда 31 жаштагы Чокобаев 22 жаштагы аялы менен 5 жыл түтүн булатып жашап келген. Ортодогу пикир келишпестиктердин айынан аялы эки баласын алып туугандарыныкына кете берген. Каргашалуу ушул 22-ноябрь күнү кечинде Чокобаев аялынын үйүнө келип эшикке сүйрөп чыгып туруп аң улоочу мылтык менен атып салган. Андан соң коңшу айылда жайгашкан туугандарынын чала бүткөн тамына кирип өз өмүрүнө кол салган. Бул үй-бүлөнүн эки баласы жетим калды.

Бишкекте киши өлтүргөн кылмышкер колго түштү
15-ноябрда түнкү саат 23төр чамасында Асанбай кичирайонунда көкүрөгүнө ок атылган 1974-жылкы П.Панковдун өлүгү табылган. Бул кылмышка шектүү деп бүгүнкү күндө Тохтаев кармалды. Ал жашаган жерден анчалык алыс эмес жерде жайгашкан акыр-чикирлердин арасынан ага тиешелүү Макаров маркасындагы мылтык табылган. Бирок Тохтаев өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жок.

Жайыл районунда жаш жигитти жайлап ...
Адам баласы ашынып каякка бара жатат деги, үстүбүздөгү жылдын 6- февралында 1985-жылы туулган А. Абдылдаевдин өлүгү Жайыл районунун Ново-Покровка айылында табылган. Кылмышкер тогуз айдан кийин гана кармалды, өзүнүн айылында жашаган Сатаров күнөөсүн мойнуна алган. Маркум экөөнүн ортосундагы бүтпөгөн чыр-чатакка ал ушундай жол менен чекит коюуну туура көргөн.

Оңой олжону көздөгөндөр
ЖКнын депутаты Руслан Шабатоевге издөө салынгандан бери бирөөнүн кайгысынан капчыгын толтургусу келгендер чекеден табылып жатат. Шабатоевдин туугандарына телефон чалып 30 миң доллар сураган жигитке эмне жооп кайтарсак деп депутаттын туугандары милицияга кайрылышкан. Ал эми айлакер бул учурда талап кылган акчаны бир жерди болжоп ал жерге алып келүүсүн талап кылган. Көрсө, 24 жаштагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Данияр атуу жигит аялы менен Якутскиден жаңы эле келип, Кыргызстанда болуп жаткан окуяга аралашып пайда көрүүнү каалаган. Эми минтип оңой жерден олжолуу болууну каалаган жигиттин арам оюнун ойрону чыгып сурак берип отурат.

Таксисти бычактап баса бергендер
Чүй областынын Аламүдүн районундагы Пригородный айлына жакын жерде адамдын өлүгү табылган. 17-ноябрдан бери ал адам дайын оту менен жоголуп, туугандары тарабынан издөөгө берилген. Азыр анын аты-жөнү такталып сөөгүн судмедэксперттен өткөрүшкөн, көрсө колу-буту таңылып, башына политилен баштыгы кийгизилген таксисти кыйнап өлтүрүшүп, бетине, мойнуна, ичине 6 жолу бычак сайышкан. Учурда бул адамдын жүрөгүн титиреткен мыкаачылыктын бетин ачууга бардык чаралар колдонулууда.
Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан "Нил" кафесинин жанында коопсуздук кызматында иштеген 21 жаштагы Б. Имановдун сөөгү табылган. Кылмышка күбө болгондорду сурашканында аны белгисиз беш адам сабашканы тастыкталаган, кылмышкердин бирөө "Нил" кафесинин "кадырлуу" кардарларынан. Б.Иманбаевди башка, көкүрөккө сайып өлтүрүлгөн бычак кафенин жанынан табылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Даярдаган А.Дүйшөналиева










??.??