presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуунун арзуусу

Белгилүү кинорежиссер Эрнст Абдыжапаров:
"Жубайымды "Боз салкын" тасмасындагыдай ала качканмын"
Сүйгөнүнүн сүрөтүн уурдап..
- Сүйүү адамга ар дайым күч-кубат берет-деп коёт экен? Андыктан алгачкы махабатыңыз жөнүндө кеп кылсаңыз?
- Анда мен 2-класста окучумун. Өзүмдөн бир класс өйдө окуган кызды жактырып калдым. Аябагандай сулуу кыз көрүнчү. Кокусунан жанына отуруп же бир жерде чогуу болуп калсак назик, уяң көрүнгөн ал татынакай кызды ойлогондон тажачу эмесмин. Бассам-турсам көз кырымды сала жүрчүмүн. Кээде өзүнүн классташтары чачынан тартып тийишип же ыйлатып коюшса ага болуша албай аябай ызаланаар элем. Себеби ал балдар менден улуу болчу, анан аларга кол көтөргөндөн коркоор элем. Ошентип сүйгөнүмдү коргой албай абдан кыйналчумун. Бир күнү досумдун үйүнө барсам ал кыздын сүрөтү бар экен, аны уурдап алдым. Ошентип бир жылдан ашык сезимимди билдире албай кыйналып жүрүп башка жакка көчүп кетип, башка мектепке окуп калдым да ал кызды көрбөй калдым. Бирок өзүмдү-өзүм "онду бүтүп зыңгыраган эр жигит болом, ошондо ал кызга жолугуп сезимимди билдирем"-деп сооротуп койгом.
- Чынында ошондой болдубу?
- Жок, убакыттын өтүшү менен, баягы балалык сезимим артта калды дегендей. Жашоодо улам жаңы, улам кызык нерселердин ачылышы түгөнбөйт го.Ошол сыңары мен да жашоомдогу жаңы бурулуштарга туш болдум. Мисалы: музыкага болгон кызыгуум артып, музыкалык аспаптарды үйрөнүүгө дит коё баштадым. Окуум, күнүмдүк жашоом, айтор ушул нерселер мени акырындык менен өз шарына кошуп кетти.

Тажрыйбасы жок студенттик сүйүү
- А эрезеге жетип, "зыңгыраган жигит" болгонуңузда бул сезимге кабылдыңызбы?
- Негизи мен тартынчаак бала болчумун. Бирөөнү сүйүп калсам айта албай жүрө берчүмүн. Ал эми Ошто музыкалык окуу жайда окуп жүргөн студент кезимде бир кызды жактырып калдым. Жактырдым да кат жаздым. Катты да, "эгер сезимибиз эки башка болсо убара тартпайлы, менде көңүлүң бар болсо ачык билдир" деген сыяктуу шарт коюу менен жазгам. Бирок ал кыздан жооп болгон жок. Азыр ойлосом, кыздар менен таанышуу, аларды сөзгө тартуу да өзүнчө илим экен да. Ал да талантты, тажрыйбаны талап кылат экен. Тажрыйбамдын жоктугунан ошондой жооп болду го.
- Анан ал илимди үйрөнгөнгө киришкен жоксузбу?
- Жок. Мен өзүм бул жагынан бир сырдуу жигит элем. Ошондуктан көрүнгөн кыздын артынан чуркап, махабат деген ыйык сезимди оюнчук кылып, жеңил-желпи карагым келчү эмес. Мектепте окуп жүргөндө ошол убактагы бирден-бир белгилүү топ болгон "Наристеде" улуу балдардын группасында барабанчы болчумун. Ошол кезде эле музыкант катары таанымал болуп калгандыктан анча-мынча кыздардан келип калган каттар мени иренжитчү. Ал тургай ошол кат жазган кызды да жек көрүп калчумун. Кийин орус тили, адабияты институтунда да окудум. Ал жер ошол кезде экинчи "жемпед" деп аталчу, себеби кыздар аябай көп эле. Бул жерден да мен жүрөгүмө сүйүү ачып, бир бийкечтин колун кармасам болмок. Бирок, 4 жыл бою бир да кыз менен достошкон жокмун. Себеби мен үчүн махабат ыйык нерсе.

Бир көрүп үйлөнөм дедим
- Ошол ыйык махабатты бул жашоодо кезиктире алдыңызбы?
- Албетте, мен аны күткөм, билгем. Мен бул дүйнөдө чыныгы махабатка жолугаарымды сезгем. Ошондой эле болду. Ал учур менин өмүрүмдөгү эң бактылуу көз ирмем. Анда мен Сары-Жазда курулушта иштеп жаткам. Тоонун арасы, ал жакка атайын жумуш менен эле барган адам болбосо ары-бери жөн-жай өткөн деле жан жок. А кыздар таптакыр жокко эсе. Эгер кыз көрүнүп калса, курулуштагы жигиттердин баары ызы-чуу салышып тийишип калышат. Ал күн деле катардагы жумуш күнү, жумуш учуру болчу. Бир убакта жигиттер ышкырып, кыйкырып эле бир кызга тийишип калышты. Балдардын бирөө: "Чоң кыз атың ким?"-деп кыйкырып калды. Мен алгач балдардын демейдеги жоругу катары көрүп, анчейин көңүл бурбаганым менен бурулуп карадым. Карадым да бир укмуш перини көрдүм. Азыр айтып сөз менен сүрөттөп бере албайм, эгер акын болсом ошол учурду ыр кылып жазып калмакмын. Азыр да көз алдымда: көгүш түстө көйнөк кийген,ак жумал кыз экен, шамал да болуп жатты эле чачы желге желбиреп,көгүш көйнөгү да келбетине көрк кошуп, аябай жарашыктуу болуп суу перисиндей эле көрүндү. Көрөөрүм менен бул кыз менин өмүрлүк жарым болот дедим. Ошондон баштап, ал кыз менен таанышуунун жолун издей баштадым. Көп өтпөй агасы менен достоштум, сиңдисине жагынуунун жолдорун жасадым, үй-бүлөсү менен тааныштым, айтор акырындап ал кызга жакындай баштадым. Ал кезде Нургүл 19 жашта эле. Бугалтердик мектепте окучу. Нургүл менен таанышкан соң сезимимди ачык эле билдирдим. Бирок, ал менин жигитим бар, окуумду бүткөндө үйлөнөбүз, убара болбо" деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Ошондо менде эки жол бар эле: Эч нерсеге карабай сүйгөнүмө жетүүм керек же бала кезден максат кылган кино режиссерлукка баруучу жолго түшүшүм керек. Катуу сүйдүм, бирок анын жигити бар, экинчиден үй-бүлө курсам кинорежиссер болом деген максатым тебеленип калбайбы, а эгер азыр үйлөнбөсөм анда мен таптакыр үйлөнбөй да калышым мүмкүн. Себеби махабатыма жетпесем, кайрадан мен башканы сүйөмбү, сүйбөй өтөмбү бул белгисиз эле. Ушундай ойлор менен алпурушуп отуруп, махабатым жеңип кетти. Нургүлдү ала качып алдым.
- Анда көптөгөн талкууларды жараткан "Боз салкын" тасмасындагы кыз ала качууну сиздин өз жашооңуздан алынды десек болот экен да?
- Ооба, бул фильмде менин жашоомдогу ошол көрүнүштүн илеби бар.Мен да жайлоого ала качкам. Айырмасы адашып эмес, жогоруда айтып өткөндөй сүйүп-күйүп жүрүп ала качтым.
Жубайым ал тасмадагы ошол картинаны көрөөрү менен түшүндү. Бул эмгегим Нургүлгө арналат.
- Эрнст байке, сиздин айткандарыңызды угуп отуруп мага мындай бир ой келди: Жубайыңызды ала качып алсаңыз, сүйлөшкөн жигити бар кыз болсо, анан сизге таарынып же капа болуп, айтор сиздин "күчтүү махабатыңыздын" үй- бүлөгө кедергиси тийген жокпу?
- Таптакыр андай болгон жок. Ооба, мен ала качып бардым, ыйлады, отурбайм деди. Бирок мен ошол кездеги Нургүлдүн, жалпы эле кыздардын ала качкандагы абалын жакшы түшүнөм.Нургүл да өзү акылдуу жан да, жөн жердин кызы эмес. Атасы, менин кайнатам кыйын киши эле, көп эле чыр чыгара бербей отуруп калды. Кийин айтат "мени ала качып барганыңда мен өзүмчө ойлондум" дейт. "Маңдайыма жазылган тура, демек мен бул киши менен бактылуу болушум керек" дедим деп. Ошентип ойлоптур да анан отуруп калган. Албетте, башында бир аз таарынып жүрдү, анан биринчи жолу мен Нургүлгө арнап ырдап бергенимде жазылды. А экинчи жолу мен жумуштар менен 1 жумага бир жакка кетип келсем, "Сенин жоктугуң мага дароо сезилет экен, баары турса да бир нерсе жетишпей кыйнала берет экенмин"-деп калды. Ошондон кийин биз кадимки эле үй-бүлөлөрдүн катарында бактылуу өмүр сүрүп келатабыз. Мен үйлөнөм деп өзүмө чечим кабыл алгандан баштап, үй-бүлөмдүн, асыл жарымдын, келечектеги балдарымдын тагдыры, келечеги менин колумда деген жоопкерчиликти кошо алгам. Буйруса эмки жылы үйлөнгөнүбүзгө 2 мүчөл болот. 4 перзентибиз бар. Улуу кызым Гүлкайыр илим жагына жакын адам болду. Андан кийин уулум Санжарбек өзүмдү тартып чыгармачылыктын казанына аралашты. Санжарбектин карындаштары Перизат жана Батма-Зуура.
- Эгиз кыздарыңыз барбы?
- Жок. Кичүү кызымдын аты Батма-Зуура
- Элибизде эгиз кыздарга ушунтип ысым ыйгарчу эле…
- Ооба. Бирок биз андай мааниде эмес аттын өзүнүн тарыхый келип чыгуусуна көңүл бурганбыз. Батма-Зуура бул кадимки эле Манас атабыздын энеси Чыйырдынын өз аты экен.

Мен махабатыма жеткен адаммын
- Чыгармачылыктагы адамдар сүйүүгө туруксуз келет деп коюшат экен, буга сиз кандай карайсыз? Сизде да үйлөнгөндөн соң башка айымдарга болгон кызыгуу болду беле?
- Мен бул нерсеге таптакыр кошулбайм. Албетте сезим деген адамдын ички үнү, жүрөктүн каалоосу, ал эч нерсеге баш ийбейт. Болгону чыгармачылыктагы адамдар эл алдында болгон үчүн, алардын ар бир баскан кадамы ар түрдүү ушак-айыңдарга кептелип калышы мүмкүн. Турмуш деген оюнчук эмес, ар түрдүү жагдайлар болушу мүмкүн, бул бир эле чыгармачыл адамдарда эмес,тагдыр ал кайсы кесиптин ээси экендигине карабайт. А мен өзүм болсо ооба, аял затын сыйлайм,суктанам, баа берем. Бирок мунун баары сүйүп калгандыкка жатпайт да. Ар бир адам эле бул жашоодо чыныгы махабатка кезиге бербейт, эгер кезиккен болсо да баары эле ага жете бербейт. А мен махабатыма жеткен адаммын, махабат майданында абдан бактылуу инсанмын. Ошол бакытымдын нурлары үй- бүлөмө да тийип турганы мен үчүн чоң сыймык.
- Маегиңизге чоң рахмат.
Маектешкен
Айтурган Сатиева










??.??