presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Куш өмүр

Шайыр Касымалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Казак артисти камчы менен сабаган..."
Кыргыздын эли-жерин узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин алкагында алгылыктуу ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатканы баарыбызга маалым. Биз да агабызды, анын чыгармаларын эскерүү иретинде жазуучунун калеминен жаралган эң алгачкы чыгармаларынын бири "Бетме-бет" повестинин негизинде тартылган "Куш өмүр" фильминде Сейденин образын жаратуу менен экрандагы тушоосу кесилген таланттуу, татынакай актрисабыз Шайыр Касымалиеваны маекке тарттык.

- Шайыр эже, "Куш өмүр" кинотасмасына кандайча тартылып калгансыз?
- Ал кезде кыргыз фильм аябай жакшы иштеп аткан учур эмес беле. Анан Чыңгыз Айтматов агабыздын "Бетме-бет" чыгармасы боюнча фильм тартылат деп чакырылып, кастингге катышып калдым. Кинопробада Сейденин ролуна Казакстандан келген актриса экөөбүз болуп калдык. Ал актриса менден улуураак, тажрыйбалуу да эле. Бирок ошондо Ч.Айтматов өзү катышып, көрүп: "Мурун болгондо Жамийланы ушул кыз ойносо туура келмек экен. Сейденин образына калтыргыла" дептир. Ал кезде менин да чачымдын узундугу балким жогорудагы сөздүн айтылышына түрткү болгон чыгаар. Режиссёр да макул болуп, "Куш өмүрдө" Сейденин образын жаратып калдым. Бул фильм менин кинодогу башкы ролду ойногон эң биринчи дебютум болуп калды.
- Фильмди тартуу учурундагы кызыктуу, эсте калаарлык кандай окуяларга күбө болгонуңуздар туурасында кеп кылып берсеңиз?
- Андай күндөр, учурлар көп эле болду. Фильмдин бир тобу Чыңгыз агабыздын туулуп өскөн жери Таласта, 8-март деген айылда тартылды. Талас жеринин кооздугу, сулуулугу мага аябай чоң таасир калтырып, аябай жаккан. Фильмде чагылдырган учур согуш убагы болгондуктан бутубузда керзовый өтүктөр, үстүбүзгө калың-калың чапандарды кийип тартылдык. Эсте калаарлык учурлардан айтсам, Ысмайылды ойногон Бусурман Одуракаев экөөбүз кызгалдак талаасын аралап чуркаган жерди тартуу үчүн кыргыз-казак чек арасындагы бир гүлдүү талааны тандап келишип, биз түн ичинде барып таңкы бештерде, жаңы таң атып келаткан сонун учурда тартылдык. Менин үстүмдө аппак көйнөк, май айы болчу. Гүл аралап чуркагандан бутубуз, көйнөгүм таңкы шүүдүрүмгө аябай суу болуп, калчылдап үшүп чыктык. А биз болсо жай айы, айлана-тегерек кооз, чымчыктар кубулжуп сайрап,сүйүшкөн бактылуу эки жаштын образын ачып беришибиз керек эле да. Болгон аракетибизди үрөп тартылдык, ойнодук.
Оператор менен режиссердун мыктылыгы ошондон билинет, бүт кооздукту, ошол эле учурда сүйүүнү чагылдырганга туура позицияны алып тартышкан деп эсептейм. Дагы бир учурду айтсам, Мырзакул Сейдени камчы менен сабаган жеринде жөнөкөй эле аркандан жасалган камчы менен сабаса анын чыныгы кайыш камчы эмес экени, жеңил учуп атканы камерадан даана байкалып калат экен. Ошондуктан денем оорубасын деп мен кийген чапандын астына калыңдатып ар кандай мүшөктөрдөн коюшкан. Даярдоо учурунда Мырзакулду ойногон казак артисти Эрсайын Тилебаев акырын эле чаап аткансыган "камера, мотор" дегенде эле образга кирип кетип болгон күчү менен кайыш камчы менен сабап атат, менин көзүмөн от чачырап, жаш ыргыды.
Ал эле эмес камчынын сабы да ийиниме 2-3 жолу тийип бир айдай ошол колумду ооруганынан көтөрө албай жүргөм.
Денемдин ооруганына да ыза болуп ыйлаганымдан да ошол кадр зээнди кейиткендей болуп чыккан болчу. Бирок ошол жеримди кийин монтаждаганда кыскартып коюшкан экен. Толук берилсе адамдардын жүрөгүнө андан да көбүрөөк таасир берет беле.
- Фильм жарыкка чыкканда көрүүчүлөрдөн кандай ой-пикирлерди уктуңуз?
- Аябай жакшы сөздөрдү, мактоолорду уктум. Театрда чогуу иштешкен улгайып калган эжекелерим, белгилүү, атактуу актрисалар "Бакен эже, Таттыбүбү эжелер кинонун жылдыздары, жүздөрү эле, буюрса дагы жаңы муун келген экен" дешип баталарын беришкени али күнчө эсимде.
Өзүм да жакында эле дискти коюп алып бул фильмди кайталап көрүп олтуруп өзүмө-өзүм сын айттым.
- Кандай сын?
- Эми кээ бир жерлеринде жаш экеним, тажрыйбамдын жоктугу байкалып калган экен. Азыркы курагымда тартылганда башкачараак ойномок элем деп калдым. Ошентсе да кудайга шүгүр жөндөмүм бар экен, улуу жазуучунун чыгармасында ойнодум. Жакында эле театрда "Чыңгызхандын ак булуту" спектаклин коюп, Алтун деген кытай кемпиринин образын жараттым. Сценарийин да өзү жазып, өзү койгон атактуу түркмөн режиссёру К. Аширов мен жараткан образды да тереңдетип жасаган экен. Агайыбыздын чыгармаларына дагы бир кайрылганым ушул спектакль болду.
- Катардагы окурман катары Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасын жактырып, кайталап окуп каласыз?
- Окуучулук кезде бүт эле чыгармаларын окудук. Бирок ал учурда азыркыдагыдай көз караш менен карабаптырмын. Азыр болсо менде бүт чыгармаларын кайталап окуп чыксам деген каалоо пайда болуп жүрөт. Ал эми бардык чыгармаларынын ичинен "Жамийла" повестин сүйүү тууралуу жөнөкөй тил менен жүрөккө жеткире жазылган чыгарма деп жактырам. Бала кезде да окуп алып Жамийланы ойносом деп кыялдангам...
М.Молдобекова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Аял бир саамга таңгала карап туруп калды да, жол бошоткондой түр көрсөтүп унчукту:
- Киргиле... Тааныбасам айтам да...
- Айымбүбү да үнсүз сүзө качырып, артынан Токуш да тигил аялды жөөлөй өтүп кирди. Ошол кезде алардын артынан аялдын үнү угулду:
- Эй, Сетер, чакыр Канатты. Кишилер келди де. Ошондо гана Айымбүбү менен Токуш аярлап калды. Арык кыз үйгө чуркап кирип, бат эле үйдөн тигил аял теңдүү жигит чыгып келип, Айымбүбү менен учурашты.
- Саламатсыз? Келиңиз.
- Эй, Канат, бул кишилерди сен тааныйсыңбы? Атамды айтып "куда" деп атышат. Тим эле жөөлөп киришти, билбейм...
- Кантесиң, үйгө келген кишини тааныбай эле сүйлөй бересиңби. Киргизип, анан деле сурабайсыңбы. Жүргүлө, кириңиздер. Үйгө бүгүн, кудайы коноктор келип атат го, хе-хе-хе... жалаң-деп күлгөн болуп, аялын тыйган Канат Айымбүбүлөрдү үйгө баштады. Үйгө киришкенде Канат курактуу аял-эркек төрдө отурган экен, тура калышты. Айымбүбү түз эле төргө өттү. А, тигилер менен баш ийкеше учурашкан Токуш этек жакка отурду.
- Кана, эже, кобурай отуруңуз. Чындап эле тааныбай атабыз?
- Эми, силердин тааныбашыңар эп. Жаманкул куданын да көзү өтүп кеткен тура. Арты кайырлуу болсун. Алар деле тааныйт беле... Акыркы жолугушканыбыздан бери эле он жылдай өтүптүр.. Мени билбесеңер да, тиги жээниңер Токушту билээрсиңер... Калый эжеңердин уулу эмеспи...
- О-ой, айланайын жээн. Чоңоюп калган турбайсыңбы. Кел, келегой-деген Канат Токушту кучактап өптү. Ошондо гана жанагы жүзүндө заар ойногон аял жибигенсиди.
- "Тааныбасты сыйлабас"... деген ошо, кудагый. Жана эле айтпайт белеңиз, кудагый. Кел, мен дагы өөп коёюн,-деп Токушту өзүнө чакырды эле, Токуш башын жерге сала, көзүнүн төбөсү менен карап коюп отуруп алды.
- Апэ-эй, ботом, келбейсиңби, учурашалы. Мен таажеңең болом. Эмне, келбей атасың? Кандай бала ыя, учурашпаган?!-деп, бир кызарып-бир бозоруп кетти, тигил аял.
- Баса, Бегимай кандай жүрөт? Чоң кыз болгондур?..-деген Айымбүбү сөздү буруп кетти. Канат аялына кайрылды:
- Э, Зуура, Бегимайды чакырбайсыңбы, байкеси менен учурашсын.
- Ушунча жылдан бери бир жолу учураштырып коюшай, эми чоңойгондо эстешиптирби?! Андай кыйын экенсиңер бала кичинекей кезинде эле алып келип көрсөтпөйт белеңер! Мына, бизди тааныбай боору бөлөк болуп калыптыр!.. Жээн эл болбойт..." деген ушу да!-деген Зуура чамынып, казан-аякты калдыратып кирди.
- А, силер эмне болдуңар?! Керек болсо кыз биздин тукумдан эмеспи. Аны алып барыш силердин милдетиңер эле го. Эми, болоору болгондон кийин алдагинтип чамынбай эле кой, кудагый! Эки бир тууганды табыштырып койсок, эми деле кеч эмес...
Айымбүбү да Зуурага жараша айтып кирди. Төрдө отургандар кийлигишип тыйбаса канчага чейин жаакташа беришмек, ким билет...

Жек көрүүсү ашынып турду
Кудагыйлардын үнү басылып, чай уурташып, чайдан күчүн чыгарып атышкансыды. Аңгыча Айымбүбү айтты:
- Бегимайды чакырбайсыңарбы, эми.
- Азыр! -деп булкунган Зуура энтиге туруп, жумуру денесин былкылдатып басып чыгып кетти.
Бир маалда, жанагы Токуштар көргөн Сетер кызды ээрчитип кирди. "Адамдын көркү чүпүрөк" деген чын белем, чиркин! Жанагы жүдөгөн кыз жок, чачы-башын жасалгалай коюп, жаңы кийим кийинте койгон экен, ого бетер чырайына чыгып, татынакай болуп калыптыр. Бирок, аны көрүп Токуш кубанмак түгүл, колунан келсе Зуураны атып жиберчүдөй жаман көзү менен карап атты "Карасаң, жанагы сабаганын билгизбей, жаңы кийинтип келе койгонун!"-деп ойлоп алды.
Жер тиктей, бутун сүйрөп, уялып араң кирген Бегимайды өзүнө чакырды, Айымбүбү.
- Келегой, алдыңа кетейин! Кудум эле апаңдын көчүрмөсү болуп калган турбайсыңбы. Ыраматылык апаң сенин ушул кезиңди көрсө болбойт беле! Шордуу силерди жарыкка алып келип коюп, өзү кете бергенин карабайсыңбы!-деген Айымбүбү көзүнөн аккан жашын аарчый, Бегимайды кучакта алып, өпкүлөп-өпкүлөп алды. Андан кийин гана Токушту карай жаңсап минтти:
- Барагой эми, Токуш байкең менен учураш. Кенедейиңен көрбөй бөлөк болуп калсаңар да баары бир бооруңар бир эмсепи, сагынгандырсыңар. Токуш байкеңдин эки көзү төрт болуп келди сага жеткенче.
Бегимай жаагы ылдый куюлган жашка ээ боло албай Токушту карап калды.
- Бегимай! Карындашым менин! Жалгызым! Мен сени сагынып издеп келбедимби!... -деп шолоктогон ый аралаш, жашка муунган Токуш Бегимайна кучагын жая ордунан тура калды.



- Жаманкул куданын үйү ушул бекен?-деди Айымбүбү. Аны жек көрүп калган Токуш көзү менен ата тиктеп, бирок саламдашкан жок.
- Жаманкул куда, дейсизби? Ал эбак эле каза болуп калбады беле! Силер кимсиңер?
- Ка-ап, арты кайрылуу болсун... А, сен кимиси болосуң?
- Мен анын келини болом... күйөөм анын баласы. "Куда" дегениңер кандай? Мен силерди биринчи көрүп атам!
- Ботом, кудагый, үйгө кир деп койсоң боло-деген Айымбүбү да орой унчукту.









??.??





??.??