presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дарамет

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы:
"Бутум үзүлгөнчө чуркап жүрөм"
- Гүлжигит байке, чоң сахнанын босогосун аттаганыңызга канча убакыт болуп калды?
- Негизи чоң сахнага 1999-жылы келдим десем болот. Анда өзүмдүн автордук ырларымды эмес, ар кимдин ырларын аткарып жүрчүмүн. Ал эми чыгармачылыгыма өзгөртүү киргизип өзүмдүн калемиме, обонума таандык ырларды 2007-жылдан баштап аткарып келем.
- Эл оозуна Гүлжигит Сатыбеков деп алына баштаганыңызга бир жылдын жүзү болсо да, 1-декабрь күнү алгачкы тушоо кесүү концертиңизди тартуулап жаткан экенсиз. Концерт берүү сизге азырынча эрте эмеспи? Эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Эми эрте же кеч деп айткандан алысмын. Бирок, эгер сен өзүңдүн талантыңа, күчүңө ишенип жаткан болсоң, анда ишенимдүү кадам таштай берсең болот.Себеби, менин биринчи максатым элиме жан дүйнөмдөн чыккан жаңы ырларымды тартуулоо жана парызым менен карызымды аткаруу ирээтинде күйөрмандарыма жагымдуу ыр кече арнайын деп жатам.
Ал эми тушоо кесүү концерттин өзү эле өзгөчөлүгү менен айырмаланат болуш керек. Азырынча сыр бойдон тура турсун, концертте жаңылыктар абдан көп. "Дем" театрынын балдары менен биргеликте сахналаштырылган кызыктуу тамашалар да болот.
- Күндө майрам, күндө той дегендей, коёндой окшош концерттерден эл тажап калды окшойт. Концертке эл келбей калат деген жүрөксүнүүлөр болгон жокпу?
- Албетте, бир аз толкунданып жатам. Бирок, корко берсек эч убакта алдыга жылуу болбойт да. Ар бир ырчынын өз күйөрмандары бар деп ойлойм. Элим бар менин ырысым бар. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кыргыз элимди алгачкы тушоо кесүү концертиме чакырып кетем.
- Концертти уюштуруу да оңойго турбаса керек. Кандай кыйынчылыктар болуп жатат?
- Майда-барат кыйынчылыктар көп эле. Алгачкы концертим болгонгобу, бир аз тажрыйба азыраак болуп жатат. Эч нерсеге жетишпей бутум үзүлгөнчө чуркап жүргөн убагым. Билинбеген менен бут тосуулар да болот экен. Жарнамалык чоң көлөмдөгү щиттерди илдирбей алдырып салышты. Алар менен кайым айтышып убакыт кетиргим келген жок. Эми "куданыкын кудай камдайт" деген жакшы сөз бар го. Бардык нерсе буйруктан деп сабырдуулук менен даярданып жатабыз.
- Сиздин репертуарыңыздагы "Ай бийке", "Досторго", "Коштошуу" ырларыңыз эл оозуна алынып калса да, жүзүңүздү көпчүлүк тааный бербейт. Мунун себептери тууралуу айтып берсеңиз?
- (Күлүп)Туура айтасыз. Чындыгында өзүмө караганда ырларымды эл жакшы тааныйт. Буга чейин өзүмдү эфирге сунуштап ар кандай сынактарга катышкан эмесмин. Ошондуктан эл таанысын деп концерт берип жатпаймынбы.(тамаша)
- Убакыт учкан куш дегенге чындап баш ийип жатканыңызды байкадым. Убакытка кандай аныктама бересиз?
- Чынында сиз туура байкаптырсыз. Орустар айткандай азыркы учурда убакыт-акча болуп жатат. Ар бир мүнөтүм чоң иштерди чечип, ийгиликтердин башталышын сездирип жатканын айтсам болот. Бүгүнкү күн эртеңки тарых дегендей ар бир күндү ырыскылуу, пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып жашайбыз да. Чынында токтото албаган убакыттын өтүшү баарыбызды тарбиялап, көзүбүздү ачып, ошону менен бирге бакыт алып келет турбайбы.

Маектешкен Айнура Султанова




  Күндөлүк

"Вермут" виносуна мас болгон Мачо
"Күндөлүк" рубрикасынын бүгүнкү коногу эстрада ырчыларынын арасында "Мачо" деген өзгөчө атка арзыган Урмат Усенов болмокчу. Урматтын эсинде калган даталуу кызыктуу күндөрдү азил-чыны аралаш сиздерге айтып беребиз.

1981-жылы 11-февралда Кара-Буура районунун төрөт үйүндө, таңкы 7 00 дө 4кг, 200гр салмакта жарык дүйнөгө келген. Ошол жылы төрөлгөн балдардан эң чоң салмагы менен айырмаланган.
1982-жылы 1жаш, 2айында басып, эрте баскан балдардын тизмесине кирет. Ал эми
2 жашка жакындап калганда эмчектен чыкпай жатып, атасынын карындашынын үйүндө 20 күндөй болуп, апасы эмчегине көө, перекс сүйкөп жатып кыйынчылык менен араң чыгарган экен.
1984-1986-жылдары мамлекеттик бала бакчаны чанып, чоң энесинин үйүн бала бакчага айлантып, тарбиячысын чоң энеси кылып алган. Арыктагы сууга түшүп ойнойм деп апасынан катуу токмок жесе, койлорун күздүккө оттотуп жиберип 12 койдун ичин жарып, атасынан эстен кеткис, курсагы ачкыс келтек жеп ушул күнгө чейин ток жүрөт.
1987-жылы 1-сентябрда, 6жашында Карасай орто мектебине 1-класска кирет.
Баланын таттуу тилине кимдер гана кызыкпайт, мугалим эжекеси бул эмне деп бир нече сүрөттөрдү көрсөтүп келип тиш жууган пастаны сураса, Урмат камырабай "кийем" деп класстагыларды "дуу" күлкүгө салган экен. Көрсө апасы косметиканы көп колдонгондуктан тиш жууган пастаны крем экен деп ойлогон тура кайран.
1990-жылы 3-классында алгачкы ыры 9-май деген аталышта чыгып, ырдын эки сабы мындай болчу деп боору эзилип калды. "9-май Жеңиш күнү, Бул жеңиш СССРдин күчү!"
1990-жылы 4-классында мамлекеттик экзаменди жалаң "бешке" тапшырган. Ошол жылы Бишкектеги №4-Көркөм сүрөт интернатына келип окуп, кайра 9-классында айылдагы мектебине барып окуусун улантат.
1991-жылы 5-классында Ырыс аттуу кыз Урматка алгачкы сүйүү катын жазган. Урмат үч күн ойлонгондон кийин макул деп жооп берип, кыз-жигит болушканын күлкүсүн тыя албай жатып айтып берди.
1995-1996-жылдары Кыргыз тили, адабияты сабагынан олимпиадага катышып, мектебинин атын чыгарган.
1997-жылы акыркы коңгуроону Урмат кагып, аталаш бир тууган эжеси менен алып баруучу болгон.
1997-жылы БГУ, Ата-Түрк Манас, КГУСТА университеттерине өтүп, Салижан Жигитовдун кеңеши менен Ата-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетин тандап алат. Ошол эле жылы өзүн "Алмаз" радиосунда түрк тилинде алып барган ди-джей катары сынап көрөт.
1-курс болуп, студент деген статусту колго алган күнү биринчи жолу "Вермут" виносуна мас болгон. Ушул күнгө чейин тамеки чекпейт.
2000-жылы УТРКнын "Баластан" студиясына барып, "музыкалык сд" көрсөтүүсүн алып барат.
2002-жылы окууну бүтүрүп, "Түрк тили жана адабияты боюнча адис" деген кып-кызыл дипломду колго алып, өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет.
2005-жылы июль айында "Көл кечи" фестивалына "Жазгы жамгыр" ыры менен чыгып сахнадагы тушоосу кесилет. Кызыгы фестивалдын көрүүчүлөрү Урмат сахнага чыкканда кол чаппай, тааныбай коюшат. Өзүн жылдызмын деп сезип калган ырчы, бул эмнеси деп таң калгычакты ырдын музыкасы жаңырып, эл "дуу" кыйкырык сүрөөн менен коштоп киргенде гана өзүнө келгенин жашырбай айтып келет. "Жазгы жамгырга" ушул жылдын октябрь айында клип тартылган.
2006-жылдын 26-27-сентябрь күндөрү алгачкы тушоо кесүү концерти Кожомкул атындагы Спорт ордосунда берилген. Алгачкы дуэт ырын Каныкей Эралиева менен аткарган.
20 жашында биринчи жолу рульга отуруп, алгачкы менчик машинасы Ауди 80 менен быссымылда дегенде эле, тоок тебелеп алган. Азыркы учурдагы айдап жүргөн машинасы Форд Мустанг 8чиси экен.
2006-жылы Арстанбек Абдыманов, Урматка "Мачо" деген ат берген.
"2006-жылды тосуу күнү ач көздөнүп Монте Карло жана Алтын казына ресторандарынан заказ алып алгам. Монте Карлодон түнкү саат 11:45те чыгып, Алтын казынага жетпей, жаңы жылды машинамдын ичинде жалгыз тоском. Алтын казынага ошентип бир жылда жеттим. "Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат" болуп, жолдо калгам. Чынында 2006-жыл мен үчүн саякат жыл болуп,жолдо эле жүргөм" деп өкүнөт Урмат Усенов.
2007-жылы Маданият жана маалымат министри С.Раевдин колунан Ардак громата алган. Ушул эле жылы "Кайып булак" кино тасмасында актёрлук чеберчилигин сынап көргөн.
2008-жылы чыгармачылыгында бир топ жаңылыктар болуптур.

Даярдаган Акыл Карачач










??.??