Бир собол

Тамада тойдун көркү
Күркүрөгөн күз айында тойлор-тойго уланып, учурда тамадалардын "сезону" болуп турган учур. Андыктан тамадалар тойду алып барып жаткан учурда кандай кызыктуу окуяларга туш болушаарын, канча акчага, кандай шарттагы той өтө тургандыгын билүү үчүн тамадалардын кээ бирин кепке тарттык.

Элмара Турсуналиева:
Орус, кыргызтилдеринде той алып барам
- Тамадалык менен көптөн бери алектенип жүрөм, тамада болуш үчүн суроо талапка, элдин каалоосуна ээ болуш керек. Көпчүлүк суранып, чакырып жатса кантип баш тартмак элең. Бирок ошол эле учурда тамаданын мойнунда эң жоопкерчиликтүү, эң оор иш турат. Жакшынакай тоюн, ошончо көп элдин маанайын сага тапшырып жаткандан кийин болгон аракетиңди жумшап, эң жогорку деңгээлде кызматыңды кылып бергенге аракет кыласың. Андан тышкары залда отурган элдин менталитетин, маданиятын эске алыш керек. Мастар болсо тынчтандырып, көңүлү чөгүп отурган адам болсо маанайын көтөрүп дегендей. Ар түрлүү адамдардын башын бириктирген тойдо психолог болбосоң да болбойт. Орус, кыргыз тилдеринде алып барганыма 400-500 доллар төлөшөт. Ал эми жакшы санаалаш достор, тааныштарга албетте жеңилдетүүлөр болот.

Асылбек Өзүбеков:
той ээлериниy 70-80% ыраазы болушат
- Чынында тамадалык өзүнчө бир өнөр, мисалы тойго 200 киши келсе алардын ар биринин көңүлүн өзүңө буруш да бир топ эмгекти талап кылат. Эгерде башынан эле алардын көңүлүн өзүңө буруп алсаң аягына чейин тоюң бир ыргакта жакшы өтөт, анан ал жерде отурган 200 кишинин бирөөсү ырдагысы келсе, бирөөсү бийлегиси келет, кээ бири ичкиси келсе, бирөө тост сүйлөгүсү келет, ошонун баарын айкалыштырыш өзүнчө бир жөндөмдү талап кылат.Мен өзүм көп сөздү анча жактыра бербейм, сөз берилсе кээ бири узакка сүйлөп туруп алышат, андай учурда "чогулушка айлантпай сөздү кыскарталы, ойнойлу, ырдайлы, бийлейли, күлөлү" деп башка нукка бурганга аракет кылам. Отурган конокторду күлдүрүш да кыйын, кээ бири чындап эле күлүп-жайнап отурса, кээ бири чиренип отурат, эми ал жерде ар башка түшүнүктөгү, ар башка маданияттагы дүйнө таанымы ар түрлүү адамдар чогулат да . Аларды мындай экен же тигиндей экен деп айтканга акым жок. Менин ушул эмгегими 500 доллардан 700-800 долларга чейин барат, анын ичинде аппаратурам, ырчыларым баары бар. Бир ай, эки ай мурун сүйлөшүп алып анан тойго барам, кээде Ош, Таласка чейин алып кетишет, мунун баары мага чоң дем. Мен эми айтпайм, бардык тойдо кыйратып жатам деп бирок, той ээлеринин 70-80% ыраазы болушат.

Бакыт Букаев:
кыргыздар арак менен кийиттен күчүн чыгарат
- Мен кыргыздын чыныгы патриоту катары алгач алып бара турган той кыргыздын каада-салты менен Татьяна Воротникованын колунан тигилген Умай эненин костюмун Динара Абдыкадырова аттуу актрисага кийгизип, бешик той болсо наристени, үйлөнүү той болсо жаштарды аластатып анан баштайм. Мени өкүндүргөн нерсе кыргыздар арак менен эттен, жоолук менен көйнөктөн күчтөрүн чыгарышат. Ал эми ставкам жөнүндө айта турган болсом 200 эле доллар. Кыргызстанда жашап жаткандан кийин калп эле Американы сүйлөгөндүн эмне кереги бар, той ээлеринин да шартына караш керек. Көп эле тамадаларды көрүп жүрөм, өздөрүн пиар кылышып гезиттерге "менин ставкам 700-800 доллар" деп айткандарын, чынында алар менен аралашып жүргөндөн кийин мен билем да кимисиники канча экенин. Калп эле Голливуд боло бериштин кереги эмне? Негизи баары дебейм, эми көпчүлүк тамадалар жылкысына ченеп ышкырса жакшы болмок.

Жолдошбек Жанжигит уулу:
кээ бир тойлордон көңүлүм калат
- Менин мамлекеттик жумушум түшкө чейин бүтөт. Анан кечинде телевизор көрүп, потолокко түкүрүп жата бергенден көрө тамадалык менен алектенгеним оң да. Кээде жакшы шаңдуу адамдардын тоюна туш келип калсам кадимкидей эс алып, рахат алам. Анан кээ бир той ээлери жалдап келдим дегенсип туура эмес мамиле жасап көңүлүңдү оорутушат. Бирок, ар адамдын деңгээлине жараша болот да. Тамадалык кызматымдын акысы 400-500 доллар. Албетте, дос-туугандардын тоюна анча акча албайм.

Байыш Момунов: бир ырды бир нече жолу аткарам
- Тамада болгондон бери көп деле кыйынчылыкка туш болгон жокмун. Көбүнчө мени ырдаганыма жана алып барганыма карап чакырышат. Анан башкалар көбүнчө каалоо тилек менен ачышса мен "Жүрөгүмдө орун бирөө" деген ырым менен ачам. Той башталгандан аягына чейин ушул ырды бир нече жолу суранып ырдата беришет. "Жүрөгүмдө орун бирөө" деген ырым мага чоң жардам берет. Мен да тажабай жаңы үйлөнгөн жаштардын жүрөгүндө дайым орун бирөө болсун деп ырдай берем. Ал эми ставкам 300 доллар.

Юрий Бобков:
Казак, кыргыз бир тууган, тамаданы ким тууган?
- Көпчүлүгү "мен тамада болуш үчүн жогорку окуу жайда окудум беле" деп арданышат экен, чынында тамадалык жумуштун да өзгөчө машакаты болот. Той берип жаткан жаштардын үлпөтү түбөлүккө эсинде жакшы жактары менен сакталыш үчүн тамаданын эмгеги чоң. Тойдо алып барган менен концертте алып баргандын айырмасы асман менен жердей, тойго келгендер концертке келгендей тынч отура беришпейт да, кичине серпип алгандары болот. Анан мен ар бир тойду "как в последний раз" алып барып жаткандай болгон көңүлүмдү коюп алып барам. Бир жолу үйлөнүү той болуп, анан бир убакта той ээси чуркап келип каза болуп калган байкесинин аялына сөз бербей калыптырбыз деп калды. Бир топко эле барып калган байбиче экен, чакырып сөз берилди, бала чакасы аябай көп экен. Байбичеден кийин анын бир тууган күйөө баласы сүйлөдү, казактар экен. Азыр мага эмне деп тийишип жиберет деп турам, анан сөзүнүн аягында күйөө баласы мен жакты карап туруп "казак, кыргыз бир тууган, тамаданы ким тууган?" десе болобу. Ошол жерде отурган эл да, мен да жаман абалда калдык. Анан сөздүн ыңгайы келгенде "Эми байбиче, казак боордоштордон экенсиздер, күйөө балаңыздын да өпкөсү чоңураак экен"-деп өттүм. Ошол той бүткөнчө баягы мага тийишкен күйөө бала улам жаныма келип кечирим сурайт. Айтор айта берсең тамадалык кызматтын кызыгы көп. Ушундай зериктирбеген кызматым үчүн 500 доллар алам.

Канат Эргешов:
оюндарда кызыктуу учурлар көп болот
- Тамадалык өнөр менен алектенип келе жатканыма төрт жылдын жүзү болуп калды. Азыр тойлорго барганда алдын ала ал тойдо кандай оюндарды ойнотуш керек экендиги тууралуу ойлоном. Тойдо негизи кызыктуу учурлар да дал ушул оюндардан кездешет. Бир жолу бир тойдо үй-бүлөлүү жубайлар үчүн ойнотулган оюнда бир эже оюн башталганда жей турган алманы шартын айтып бүтө электе эле жеп салып элдин баарын күлдүргөн.Тойдо музыканттар менен өзүм да ырдайм, ал эми баасы 250-300 АКШ акчасы.