Билгениң оң

Убакытты туура бөлүштүрө аласызбы?
Канчалык аракет кылсаңыз да сиз каалаган жумуштардын көбү бүтпөй, бирок кечинде аябай чарчаганыңыз байкалса анда убакытты туура бөлүштүрүүнү өздөштүрүңүз.
Алгач "убакыттын күндөлүгүн" ачыңыз, ага кылдаттык менен ар бир жумада жасай турган жумушуңуздун планын жазып чыгыңыз. Андан тышкары канча убактыңызды эмнеге коротуп жатканыңызды тизмелеңиз. Эске салчу нерсе күндөлүктүн алдында ар дайым "чынчыл" болуңуз. Эгерде сыналгынын алдында бир жумада 30 саат өткөрсөңүз аны жашыруунун кажети жок. Жыйынтыгында убактыңыздын канча бөлүгүн пайдалуу, канча бөлүгүн пайдасыз нукка жумшап жатканыңыз айкындалат.
* * *
Кээ бир учурда көңүлчөөктүк, жумшак мүнөздөн айрылуу абзел. Тактап айтканда дал ушул бирөөнүн көңүлүн оорута албаган жумшак мүнөзүңүздүн аркасы менен бир топ убактыңызды текке кетирип алышыңыз мүмкүн. Мисалы; досуңуздун же жакын таанышыңыздын муну кылып койчу деген болбогон суранычын четке кагалбай өзүңүздүн олуттуу жумуштарыңыздан четте каласыз.
* * *
Бир эле убакта пайдалуу менен жагымдуулукту айкалыштырганды үйрөнүңүз. Сыналгынын алдында отуруп кийинки жумага план түзүп, жолдо кетип бара жатып китеп окуп, эс алып жатканда телефон менен сүйлөшүп жумуштарыңызды бүтүрүңүз. Адистердин далилдерине таянсак бул жагынан аялзаты абдан эптүү келишет. Эркектер бир гана жумушун көздөп жүрсө, ошол эле учурда айымдар жумушунан тышкары балдарын бала бакчадан алып келип, кечки тамакты даярдаганга үлгүрүшөт.
* * *
Бир күнгө нормаңыздан ашык жумуш бүтүрүүнү пландап алыңыз да, ошолордун колдон келишинче баарын болбосо да көпчүлүгүн бүтүрүүгө далалат кылыңыз, психологдордун көпчүлүгү адамдын жумушу канчалык көп болсо ошончолук ыкчам, бат жасаарын далилдешкен.




Жалкоолуктан жабыркап жүрөсүзбү?
Кыла турган жумушубузду улам кийинкиге жылдырып, убакыттын тардыгына шылтоолоп жөн гана сыналгы көрүп, же болбосо уйку менен күн өткөрүп, бир чекитти тиктеп жата берген көрүнүш ар бирибизге эле тааныш болсо керек. Орус элинин "бүгүнкү кыла турган жумушуңду эртеңкиге калтырба" деген сөзү эске түшөт. Бирок жалкоолук жакадан алып жатса "кантип?" деген суроо пайда болот. Сиздерге жалкоолуктан арылуунун бир нече жолун сунуш кылабыз.
* * *
Эң алгач алдыңызда турган жумушту баштаардан мурда "көз коркок, кол баатыр" экенин эске алыңыз. Анткени жасай турган жумушуңуз оор көрүнсө да жалкоолукка алып келет.
* * *
Адамдын чөйрөсүнөн, баарлашып чогуу жүргөн адамдардан да өтө көп нерсе көз каранды. "Эмкиде жасайбыз, анан бүтүрөбүз" деген көпчүлүктүн бир ооздон жаалаган сөздөрү адамдын жумушка болгон демин, каалоосун суутат. Ошондуктан "жалкоолордун тобунан", андан мурда өзүңүз да жалкоолуктан оолагыраак болгонго аракет жасаңыз.
* * *
Жалкоолукту сөзсүз эле жаман нерсе катары кароого болбойт, мисалы кээ бирлер организм чарчаганда, ашыкча түйшүк тартканда жалкоолук пайда болот. Ошондон улам алдыдагы жасай турган жумушу опол тоодой көрүнүп, аны улам артка жылдырып, жалкоолукка алдыра баштайт. Мындай учурда жакшылап гана эс алып алыңыз.
* * *
Эгерде сиз абдан ачка болуп турсаңыз жалкоолукту унутуп, дароо тамак даярдап курсагыңызды тойгузуунун камын көрөсүз. Ушул жагдайды башка ишти аткарууда да колдонсоңуз жакшы натыйжа берет.
* * *
Кичинекей кезиңизде "жалкоороок" болуп тарбиялансаңыз келечегиңизге чоң кедергисин тийгизет, андыктан бала кезиңиздеги калыптанган кемчилдигиңизге каршы күрөшүүнүн жолун издеңиз.
* * *
Адам жалкоолукка жеңдиргенде керектүү нерсени жасай албай калган учурда аң-сезиминде түшүнүксүз күрөшүү болуп, жалкоолук сапаты өзүн уялтып намысына тиет. Мынчалык деңгээлге түшүүнүн кажети жок, ден соолука зыян.





  Пайдалуу кеңештер

Сыранын зыяны
Сыраны ашыгы менен ичүү организмге канчалык деңгээлде залакасын тийгизээрин көпчүлүк маани бере беришпейт. Тамак сиңирүүгө, ашказан менен боордун иштешин начарлаткандан тышкары, сыра жүрөктүн согушун начарлатып "алсыз" кылат. Таңкалыштуусу эркектер бул ичимдикти көп колдонсо аялдын гормондору, ал эми аялдарда эркектики иштелип чыга баштайт, тагыраак айтканда мурут өсүп, үндөрү жоонойот. Бул көрүнүш кээ бирине жомоктой туюлушу мүмкүн, чынында сыраны сүйүүчүлөр үчүн бул тааныш көрүнүш. Сыра башка ичимдиктерге караганда (арак, вино, коньяк) адамдын организмине тезирээк тарап, ууландыраарын эсиңизге алыңыз.

Эртең мененки тамак тонусту көтөрөт
Көпчүлүк адамдар эртең менен жүрөгүнө тамак баспай, же жөн гана эринип жумушка, сабакка тамактанбай баса беришет. Бирок түшкө жакын адамдын алы кетип, тонусу төмөндөөрү маалым. Эртең мененки тамакты шашпай, жакшылап жеген адам өзүн кадимкидей шайдоот, жакшы сезет. Адатта эртең мененки тамакка табитиңиз тартпаса йогурт же жер жемиш, ботко жеп алсаңыз жакшы дем берет.

Кош бойлуу кезде көңүлүңүз айныса…
Айымдардын кош бойлуулугу чексиз кубаныч тартууласа, бир чети ден соолугуңузда кескин өзгөрүүлөр күтүлүп, түйшүк тартаарыңыз анык . Кош бойлуулуктун алгачкы айларында көңүлүңүз айнып, итиркейиңиз келип, оозуңузга жагымсыз даам келсе мындай оор абалдан сейилдеп, ал эми оозуңуздагы жагымсыз даам жана жүрөк айлануудан арылууга ромашка, мятанын кайнатмасы жардам берет. Аны тундуруп алып бир күндө бир нече ирет чайкап туруу пайдалуу. Кош бойлуу аял канчалык көп кыжырданса кийин баласы ошончолук ачуулу болот.

Балаңыздын эмоциясына көңүл буруңуз
Наристе 3 айынан баштап жини келгенин, коркконун, сүйүнгөнүн бир сөз менен айтканда эмоциясын билдире алат. 7 айында маанайын айланадагы адамдардын мамилесине карата өзгөртө алса, 1,5 жашка чыкканда таарынып, 2 жашында кызганыч, көрө албастык, боорукердик сыяктуу эмоциялар калыптана баштайт. Көпчүлүк энелер "баланын эмоциясы өзүнөн-өзү көңүл бурбасаң деле калыптана берет" деген ойдо болушат. Бул өтө чоң жаңылыштык, себеби баланын дал ушул убагында анын келечектеги кыялы калыптанат. Бул учурда балага кылдаттык менен мамиле жасап, жинине тийбей, болоор-болбос нерсе үчүн ыза кылып, ыйлатпоо керек.
А. Дүйшөналиева