presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  кайдасың

Кенедей кезинен таланттар дүйнөсүнө келип, мукамдуу авазы менен уккан жанды кайдыгер калтырбаган жаш ырчы Клара Алибекованын ким экенин билбеген ыр ышкыбозу болбосо керек. "Кыргызымдын жигиттери" деген ыры менен сахнаны солкулдата бийлеп көпчүлүктүн көңүлүн ачкан бир кездеги секелек кыз бүгүн баралына келип эне болуп олтурат. Мына ошол эл сүймөнчүлүгүнө айланган Клара айым гезитибиздин "Кайдасың" аттуу рубрикасынын бүгүнкү коногу болмокчу.

Клара Алибекова:
"Жалгыздыкка моюн сунбаганга аракеттенем"
- Клара, көптөн бери ыр дүйнөсүнөн көрүнбөй кеттиң, сахнаны сагынгандырсың. Дегеле чыгармачылыктагы "тыныгуу" сага терс таасирин тийгизген жокпу?
- Чынында чыгармачылыгымда бир топ эле тыныгуу болуп калды. Бала чагымдан тузун татып, жашап калган "дүйнөмдү" аябай сагындым. Менин азыркы чыгармачылыгым менен мурдагы чыгармачылыгымда чоң айырма бар. Мурда ырларым кантип жазылып, костюмдарым кантип тигилип атканы менен ишим жок эле. А, азыр болсо айланып келип эле акчага, каражат маселесине такалат. "Ой жеткен жерге кол жетпейт" болуп материалдык жактан бир аз кыйналып калдым. Анын үстүнө азыр акчаң барда танкасың, ал жок болсо манкасың заманында жашап калбадыкпы. Ошентсе да алдыда жакшы пландарым бар. Буюрса, жакынкы күндөрдө эл алдына чыгып калам.
- Учурда эмне жумуш кылып жатасың?
- Бекерчимин (тамаша). Көбүнчө той-топурларда кызматтамын. Кээде чакыруу боюнча гастролдорго чыгып атам. Негизинен туруктуу деле жумушум жок.
- Чыгармачыл адамдар башка адамдардан эмнеси менен айырмаланат?
- Чыгармачыл адамдар эл үчүн көп иш жасап, аз акча таап, орто жашайт. Бул бир тарабы. Экинчи жагы башкаларга караганда чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик, сезимтал келип, бир нерсени бат кабыл алат. Көпчүлүгү ыйлаак болушат. Көңүл деп жүрүп көп нерседен кур калабыз. Менимче мына ушул жагыбыз менен айырмаланабыз го.
- Клара, Клара болуп турган учуруңда сени кумир туткан күйөрмандарың ушул кыз келечекте эмгек сиңирген артист, эл артисти болот деп үмүттөнөт эле. Мына ошол күйөрмандарыңдын ишеничин, урматын кантип сактап калгың келет?
- Азыр эле чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү сезимтал келет деп айтып кетпедимби. Ушинтип суроо берип жатсаңыз жүрөгүм "болк" деп мага дароо таасир берди. Ооба, убагында бир ыр ырдай турган жерде элдин суроо-талабы боюнча төрт ыр ырдап күйөрмандарымдын алкышына татычумун. Албетте, мага ошончолук ишенимин артып, колдоп-коштогон күйөрмандарымдын алдында мен милдеткермин. Учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп, күйөрмандарымды жоготуп албайын деп катуу изденип жатам.
- Эң биринчи жолу кайсы гезитке интервью бергениң эсиңдеби?
- Алгачкы кадам, алгачкы сахна, алгачкы ыр, алгачкы чыккан басылмаң кантип эстен чыксын. Албетте, эсимде. Ал өнөрпоздордун куттуу үйү аталган дал ушул "Обон" гезити. Мен анда 6-класста окуп, "Нур" эстрадалык тобунда ырдайт элем. Эң биринчи жолу "Обон" гезитинин кабарчысы Венера эженин алдында олтуруп сүрдөп, сүйүнүп атып интервью бергеним эсимде. "Кларанын келечеги алдыда" деген темада жарык көргөн макала басылган "Обон" гезитинин ошол санын гезиттерди жыйнаган архивимден таап бере алам. Андагы сүйлөмдөр, андагы сүрөттөр менин жаштыгымды эске салып, толкундатат. Он эки жашымда келген жериме 14 жылдан кийин кайра келип интервью берип отурганына кубанычтамын. Буюрса, чыгармачылыгымдын 30 жылдыгында сиздерди ардактуу конок кылып чакырам. Тилек кыла берели.
- Айтканың келип, жаратканым ошол күнгө жеткирсин. Эми теманы башка нукка бурсак. Бир кезде "Оо менин алгачкы махабатым" деп обон созуп Байыш Момунов экөөңөр кол кармашып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктадыңар эле. Ошол эл суктанган бактылуу жубайлардын ажырымына эмне себеп болду экен? Сүйүшүп-күйүшүп эле баш коштуңар беле?
- Албетте, экөөбүз сүйүшүп-күйүшүп, сүйүүнүн башкаруусунан чыгалбай элге күтүүсүз жаңылык кылып баш кошконбуз. Жамы-журтка жар салып, дүңгүрөтүп той бердик. Анан көп өтпөй элди таң калтырып экөөбүз эки башка жолго багыт алдык. Кандай десем, Байыш экөөбүз ажырашабыз деп үйлөнгөн жокпуз. Бул да болсо буйрук, тагдыр экен. Кайын-журт, дос-душман дегендер бар экен, турмушубузда түшүнбөстүктөр болуп, аягы ажырашуу менен бүттү. Байыш жакшыбы-жаманбы баламдын атасы, андыктан анын алтын башы аман болсун деп тилейм.
- Балаң атасын тааныйбы?
- Баэлди ымыркай кезинен таята-таенеси бакты. Азыр аларды ата-апа деп, мени Кава дейт. Балам азыр 4 жашта. Байыш мурда катышчу эмес, азыр каралашып, баласына жардам берип калды. Ошондон бери Баэл да атасын тааныйт. Жада калса Байыш теледен чыгып калса "ана менин атам" деп телевизордун алдына отура калат экен. Анын бул кылыгын көрүп өзүм да таң калдым.
- "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" дегендей Байыш экөөң бир чөйрөдөгү адам болгондон кийин жолугушуп калганда саламдашып, сүйлөшөсүңөрбү?
- Сүйлөшпөсөк да салам берип, алик алып коёбуз.
- Кыргызда "Көздүү мончок жерде калбайт" деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай колуңду сурап, ашык болгон мырзалар жок эместир?
- Бар, бирок, биринчи турмушуңдан жаңылгандан кийин экинчи турмуш кургандан коркуп, тайсалдап калат экенсиң. Күйөөнүн санын көбөйтпөй тереңирээк ойлонуп жакшы адамга татыктуу жар болоюн деп жүрөм.
- Жалгыздыктан тажаган жоксуңбу?
- Ата-эненин, бир туугандын, достун, күйөөнүн айтор ар биринин жолу ар башка. Ата-энеге айткан сөздү күйөөңө, күйөөңө айтчу сөздү ата-энеңе айталбайсың. Кайгырганда капаңды, сүйүнгөндө кубанычыңды бөлүшө турган адам ар дайым жаныңда болсо жакшы да. Кээде ушундай учурларда өзүмдүн жалгыз экенимди сезем. Кайра өзүмдү алаксытып, жалгыздыкка моюн сунбаганга аракет кылам.
- Ким менен сыр бөлүшөсүң?
- Сиңдим Жанара менен.
- Айтмакчы, Жанара да бир убакта ырдап жүрдү эле. Азыр көрүнбөй калды го?
- Бир мезгилде Жанара экөөбүз чогуу ырдап жүрдүк. Алдыда чоң-чоң пландарыбыз, максаттарыбыз бар эле. "Кыздын бараар жери күйөө" демекчи Жанара турмушка чыгып кетти. Учурда баласы менен үйүндө.
- Өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
- Тогузунчу классты бүткөндөн кийин М.Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, тилекке каршы толук бүтпөй калгам. Ойлоп көрсөм ошондо жаштык кылган экенмин. Азыр окубай калганыма өкүнөм.
- Сага эмне коркунучтуу?
- Мен бала кезимден эле чөөлөрдүн ыйлаганынан, чагылгандын чартылдаганынан, күндүн күркүрөгөнүнөн аябай корком. Анан да "ужас"кино көрө албайм. Бир жолу ошондой кино көрөм деп түнү менен бакырып-кыйкырып уктай албай чыкканмын.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Клара Алибекова,
1982-жылы 27-октябр-
да Жалал-Абад облу-
сунун Көк-Жаңгак
шаарчасында туу л-
ган. Үй-бүлөдө
жети бир туу-
гандын бешин-
чиси. Баэл ат-
туу бир уул-
дун энеси.

Ж. калдарова









??.??