----- "Обон", 02.12.08 - 13-бет: • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Архивге саякат

Айперинин сандыгындагы сан түркүн белектер
Көптөн бери саякатка чыкпай коюп, артисттердин архивин казганды да сагынып калыптырмын. Бул жолу "Аккан арыктан суу агат" демекчи атасынын жолун жолдоп, аккуу болуп учкусу келген Кубик кызы Айперинин үйүнө жол алдым. Атасынын катуу тартибине көнгөнбү айтор, биздин таң азанда барганыбызга карабай "Эчак эле тургам" деп күлүп - жайнап тосуп алган Айперинин сандыгындагы сан түркүн белектерге, көптөн бери чогулган архивге көз жүгүрттүк. Анда окурман сиз дагы биз менен чогуу саякаттаңыз.

Аалы Токомбаевдин кызынан белек
Адатымча белектерди карап отуруп Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" китебине көзүм түштү. Бул белекти 2006-жылы 3-октябрда Аалы Токомбаевдин кызы Тамара Токомбаева өз колу менен тапшырган. Айта кетчү нерсе анын ичинде ырчы кызга арналган каалоо-тилек жазылган автограф да бар экен. Ал жерге "Айпери, өзүңө жарашыктуу атың бар экен. Атыңа жараша бактылуу пери бол!" деп кол коюлган.

Атасынан алынган ардактуу Кааба
Каабаны мындан эки жыл мурун атасы Аравияга болгон сапарында ала келген. Бардык белектердин ичинен жүрөгүнө өзгөчө жакканы да дал ушул белек экенин Айпери жашырган жок.

Чет жактан ат арытып келгендер
"Шефин" ар дайым сен туурасың деп билдирген бул кружка Бурятиядан келген. Муну берген жигиттин жүрөгүнүн "шефи" балким Айперидир.
Спортсмен болгондондуктан кайсыл өлкөгө барбасын куру кол келбеген жигиттин гүлү Кореяда болгон мелдештен кийин Айперини унутта калтырбай бул кишини алып келип белек кылган. Кыздын көңүлү назик болот эмеспи, белектер менен көңүлүн өзүнө бурууну көздөгөн бул жигитке ийгилик гана каалайбыз.

Аялзатты асыл буюм кооздойт
Аялзатына кооздук берген асыл буюмдар экени жалпыга маалым. Бул белекти жакында эле тааныш балдары белекке бергенин айткан Айпери кийинки күндөрдө тааныбаган адамдар деле түрдүү белектерди ыйгарып жатканын жашырган жок. Бул албетте кубантаарлык көрүнүш. Алардын катарында ар дайым сүйлөшүп жүрүүнү каалаганбы, айтор фонекс уюлдук телефонун берген күйөрманы да бар экен.

Биз Айперинин ажайып белектеринен түзүлгөн архивди аңтарып чыкканча апасынын тамагы да даяр болуп, чай үстүндө баарлашып отуруп, ата-энесинин аябай тартиптин катуу кармаганын баамдадым. Жаш болгонуна карабай тамактардын түрүн жасай алаарын, алардын ичинен палоону эң мыкты демдээрин да билип алдык.

P.S. Урматтуу окурман, жаңы чыгып келатканына карабай бир топ күйөрман чогултканга жетишкен Айперинин белектеринин көпчүлүгү жумшак оюнчуктар, сувенирлер жана арзуулары жазылган каттар, открыткалар экен. Кошумчалай кетчү нерсе Айпери кооз жумшак оюнчуктарды белекке алганды жактырат. Эгерде сизде кандай белек берейин деген суроо туулса эч ойлонбой жумшак оюнчуктарды тандасаңыз болот.




Обон - шоу
times
Жийде Мурат кызы Казакстандын кафесинде ырдайт
Жаңыдан чоң сахнага кадам таштап келе жаткан Жийде Мурат кызы жакынкы күндөрү Казакстанга жол тартты. Жаш ырчыны Казакстандын борборундагы кафелердин бирин иштеткен байкеси, кафеде ырдоо үчүн чакырган. Учура Жийде казак боордошторубузга жарык маанай тартуулап жаткан учуру. Эми жаш ырчы кызыбызды Кыргызстандын чоң сахнасынан келерки жылы көрө алабыз.

Нурбек Айдаров Кытайда
Белгилүү ди-джей Жанара Атабекованын өмүрлүк жолдошу Нурбек Айдаров көптөн бери эмне көрүнбөй калды десе Кытайда тура. Алты айлык келишим менен жөнөп кеткен ырчы Нурбектин ал жактагы чыгармачылык жумушу ийгиликтүү болуп, ал гана эмес жубайы Жанараны да чакыртсамбы деген оюу бар экен. Буга чейин Жанараны Кыргызстанда көрсөтүлө турган "Жунгого сапар" көрсөтүүсүнө иштешүүгө чакырышкан. Бирок так жоопту Жанара азырынча бере элек. Эмнеси болсо да сыртта жүргөн биздин талантууларыбызга ийгилик каалайбыз.

Жыңы жылда Тынчтыкбектен жаңылык
Бул жылы Камчы аяз ата, Съездбек аяз бала, Жаным Айзат аяз кыз болот экен.
Жаңы жылга карата Тынчтыкбек Кожобеков жаңы идея ойлоп тапты. Бул жылы ар бир радио, редакцияларды, жалпы ишканаларды кыдырып кызыктуу белектер тартуулап, ыр-күлкүгө бөлөп кайтышмакчы. Айтмакчы, жогоруда аталган өнөрпоздор кайсы редакциянын босогосун кайсы күнү атташаарын жашырышат, бул белгисиз убакта шаңга бөлөгөн аяз ата балдары менен сиздин да ишканага кайрылып калышы мүмкүн. Андыктан аяз атаны балдары менен чогуу күтөлү.

Дагы бир Урмат Усенов табылды
Ырчы мырза интернет сайтынан Урмат Усенов деген бала менен таанышты. Ырчынын аты фамилиясына окшош ысым Лос-Анжелес шаарында жашаган кыргыз жараны экен. Ырчы Урмат Усенов 27 жашта болсо, Лос-Анжелестик Урмат Усенов 18 жашта. Учурда эки мырза сайт аркылуу кабарлашып достошушса, кийин Урмат борборубузга келгенде сөзүз жолугушаарын белгилешти.

Неля күйөрмандары менен туулган күн тосот
Ырчы Неля 3-декабрдагы туулган күнүнө өзү даярдана элек болсо дагы күйөрмандары бул жылы катуу даярдыкта экендигин билдиришип, ар облустардан чалышууда. Туулган күнгө аз калса да туулган күн Нелянын азырынча оюнда болгону менен кам көрүүгө убактысы тартыш болуп турган чагы. Ошентсе Ош, Нарын, Талас жергесинен бери кумир туткан күйөрмандарын тосуп алууга ар дайым даяр экендигин Неля биздин гезит аркылуу кабарлайт. Андыктан биз дагы ырчы кызыбыздын туулган күнү менен куттуктап чыгармачылык ийгиликтерди кааламакчыбыз.

Кундуздун электрондук Почтасына уурулук жасаган ким?
Жаш эстрада ырчысы Канатбек кызы Кундуздун электрондук почтасына окшоштуруп сайт ачып алган Кундуздун күйөрманы пайда болду. Ал коёндой окшош сайтты ачып алган күйөрман ырчы Кундуздун сүрөттөрүн өзүнүн сайтына көчүрүп алып, ал гана эмес Кундуздун ордуна келген каттарга жооп да жаза бергени белгилүү болду. Мына ошол күйөрманын Кундуз учурда издештирип жүргөн чагы. Ырчынын айтуусуна караганда ал тааныштарынын эле бири болушу мүмкүн, эгерде гезитти барактап окуп калган болсоңуз Кундузга кайрылыңыз.

Даярдаган Элнура КУРСАНТ кызы









??.??





??.??