presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ди-Джеймаек

Дүйнө тилдерин бир толкунга чогулткан "Алмаз" радиосу
Таң булбулундай сайрап таң эрте ойготуп, кечинде бейпил түн каалаган радио берүүлөр жергебизде ондоп саналат. Ошолордун ар биринин тарыхы, баскан жолу жана өз угармандары болот эмеспи. Бири-бирине окшошпой ошол эле убакта бири-биринен алдыга озуп,калктын керегине жароого умтулган радио станциялардын көп болгону албетте жакшы жөрөлгө. Бирок биз аларды эфир толкунунан гана укканыбыз менен, алардын ички жашоосу, күндөлүк турмушу дегеле кимдер иштээри бизге анчейин деле белгилүү эмес. Жада калса сүйүп уккан ди-джейиңди бир автобуста же дагы башка бир коомдук жайда тааныбай кете беребиз. Ошол эле убакта ошол адамды бир көрсөм деп эңсейбиз. Мына ушундай өз угармандары бар,калкка көп жылдардан бери өз кызматын көрсөтүп келген радиолордун бири "Алмаз" радиосу. "Дүйнө тилдери бир толкунда" деген ураан менен иш алпарган бул радио станциянын 16 жылдык тарыхы бар. Учурдагы жетекчиси Кошмуратов Рустам Гафарович аталган радиону түзүп, ошондон бери жетектеп үзүрлүү иш алпарып келет. Жергебиздеги башка радиолордон айырмаланып турган бул радионун ички "ашканасы" жөнүндө билгиңиз келсе анда назар салыңыз.


Гузаль Ахмедова "Алмаз" радиосунун музыкалык редактору:
"Мен эркиндикти сүйөм"
- Гузаль, "Алмаз" радиосуна кандайча келип калдың?
- Менин бул радиодо иштеп жатканыма быйыл 5 жылдын жүзү болот. Келгенден баштап эле өзбекче эфирдин ди-джейимин.Алгачкы жылдары радио менен УТРКда чогуу иштеп жүрдүм. Ал жакта "Янгиликлар" (Жаңылыктар) көрсөтүүсүн алып барчумун. 2005-жылдан баштап кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү өзбекче эфир жабылгандан бери "Алмаз" радиосунда эмгектенип жатам. Албетте, бардык ди-джейлер сыяктуу эле тандоо аркылуу келгем. Алгач биздин эфир жөн гана өзбекче эфир болуп аталышы жок болчу. Ал эми учурда биз "Өзбегим навоси" кыргызча айтканда "өзбек ырлары" деген аталышта эфир алпарабыз. Биздин уктуруу түз эфир болгондуктан абдан кызыктуу. Угармандар менен түрдүү конкурс, оюндарды ойноп анан албетте өзбек ырларынын коштоосунда өткөрөбүз. Жогоруда айтып өткөндөй, иштегениме беш жылга чукулдап калса да ар бир эфир мен үчүн толкундоону жаратып, ар күн сайын микрофон алдына отуруп жатып сүрдөп кетем.
- Гузаль, өзбек ырчысы Шахзоданы Кыргызстанга чакырып, жеке концертин уюштуруп бергениңден кабарыбыз бар? Бул багытта кандай иштерди жүргүзөсүң?
- Ооба, алгач Шахзоданын өзүн чакырдым, ал эми кийинчерээк Шахриор экөөнү чакырып, мекенибизге концерт уюштурганга жардам көрсөттүм. Албетте, мен өзбек сахна жылдыздарын дагы да болсо чакырып, эки элдин ортосундагы маданий кызматташууга терең салымымды кошсом деген тилегим бар. Буйруса бул тилегимди аткарганга алгачкы кадамдарды жасадым деп ойлойм.
- Эгер КМШ өлкөлөрүнөн же башка чет мамлекеттерден кирешелүү анан престиждүү сунуштар түшүп калса кетет белең?
- Башка мамлекеттерге чакырылуулар болуп калса албетте барып, тажрыйба алмашып келмекмин. Бирок кандайдыр бир талаптарды коюшуп, Кыргызстан жөнүндө таптакыр эле унутуумду айтышса мен макул болбойм. Себеби мен эркиндикти анан мекенимди сүйөм. Менин башка жактан үйрөнгөнүмдүн үзүрүн Кыргызстанда көрсөтүшүм керек.
- Гузаль,эми өзүң жөнүндө айтып берсең?
- Мен 1987-жылы 8-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөм. Ош шаарынан өзбек мектептен, андан соң борбордон орус мектебинен билим алдым. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университетинин журналистика факультетинин 5-курсунун студентимин. Үй- бүлөдө менден улуу агам бар. Атам өзүнүн бизнеси менен алектенет, апам үй кожойкеси, ал эми агам да ата жолун жолдоду. Андан сырткары чоң эне, чоң ата жана жеңем болуп чогуу турабыз.
- Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Ооба, жигитим бар. Ал адамдын да улуту өзбек, ал да ушул чыгармачылыктын казанында кайнаган адам. Буйруса кийинки жылы баш кошолу деп турабыз.
- Тилегиңер орундалсын. Эл алдындагы адам болгон соң сүйүүсүн арнаган жигиттер көп болсо керек? Мисалы угармандар арасында эле?
- Көп деп айта албайм, бирок бар. Кээде эфирден эле айтып жиберген учурлары болот. Мындай абалда көптүк түр менен "биз да сиздерди сүйөбүз, урматтуу угармандар" деп чыгып кетебиз. Жигиттер көбүнчө эфирден сырткаркы учурларда сезимдерин арнашат.

Марат Мырзабеков, кыргыз эфиринин ди-джейи:
"Жөнөкөй кыздарды жактырам"
- Марат, радиого келгениңе канча болду?
- 3 айдын жүзү болду. Түз эфирге чыгып көнүп калдым.
- Ди-джейликке өз каалооң менен келдиңби, же бир нерсе себеп болдубу?
- Жүрөктүн каалоосу. Ал эми бул каалоомдун аткарылып калышына "Алмаз" радиосу чоң себепкер болду жана дайыма шайыр жүргөн мүнөзүм, тамашалап сүйлөгөн адатым менен бул кесиптин кыйынчылыгын деле тарткан жокмун. Албетте, башында толкунданып сүйлөй албай калган учурларым же кабарларды ката окуп салган кездерим болгон.
- Үч ай болсо да өз күйөрмандарыңды тапкандырсың?
- Азырынча мен сенин күйөрманыңмын деген адам боло элек. Бирок телефон чалып, жакшы сөздөрүн арнап калган кыздар бар.
- Кыздар жөнүндө кеп козгоп калдың? Кандай бийкечтерди жактырасың?
- Мен 3 бир тууган болгонум менен агам атамдын колунда, а мени апам жалгыз тарбиялап чоңойтту. Андыктан аял кишилерди терең урматтайм. Ошондуктан кыздардын ички дүйнөсүнүн сулуулугуна көңүл бурам. Сырткы келбети анча эмес болсо да ал адамдын мүнөзү, дүйнө таануусу жакшы болсо, эң негизгиси жөнөкөй болсо. Мындай кыздар менин эң баалаган адамдарым.

Мелихшох жана Тулфан түрк тилдүү эфирдин ди-джейлери
Орто Азиядагы эң "жинди" программа
Тилекке каршы бул адамдар жумуш ордунда жок болгондуктан алар менен маектеше албадык. Бирок кесиптештеринин айтуусунда бул эки мырза угармандын баарын күлдүргөн өз программаларын "Орто Азиядагы эң жинди программа" деп аташат экен. Анан да болгон нерсени болгондой, көргөн нерсени көргөндөй айткан бул ди-джейлер бардык башка ди-джейлерден ушунусу менен айырмаланышат экен. Ал эми жеке жашоолору жөнүндө сураганыбызда Тулфандын француз улутундагы сүйлөшкөн кызы бар экенин айтышты. Бирок учурда так билбейбиз дешет кесиптештери. Ошондой эле Мелихшохдын күйөрмандары үчүн ал жөнүндө айта турган болсок, бул мырзабыздын ак куудай жубайы жана ымыркай перзенти бар экендигин кабарлашты.

Феруза Мурабдыллаева, өзбек эфиринин ди-джейи:
"Радиодо иштээримди апамдын билгенине 1 эле ай болду"
- Феруза, журналистика сенин да бала чагыңдан тилек-максат кылып жүргөн кесибиңби?
- Мен бала чагымдан эле эл алдына чыгып, микрофон кармаган адам болгум келе берчү. Бирок учурдагы адистигим журналистика эмес. Мен кесибим боюнча келечектеги юристмин. Ал эми журналистикага ошол менин бала кезимдеги кызыгуум жетелеп келди десем болот. Мектепти аяктап ушул кесиптин ээси болом деп турганда ата-энем каршы болгондуктан башка факультетке тапшырууга аргасыз болгом. Ал эми "Алмаз" радиосуна мен да кастинг аркылуу келип калгам. Бул жерде иштеп жатканыма бир жылга чукул убакыт болду.
Ди-джейлик мага абдан жагат. Ошондой эле кесиптештеримдин ынтымактуулугу да мени сүйүндүрөт.
- Учурунда ата-энең каршы болушса, азыр кандай көз карашта?
- Алар Бишкекте жашабагандыктан башында билбей жүрүштү. Бирок бир жолу жумуш учурунда атам телефон чалып "каяктасың" деп калгандыктан, коркконумдан айтып жибергем. Алгач ошентип билинген. Бирок атам каршы болуп урушкан жок. Жөн гана окууңа тоскоолдук кылбаса болду деп айтты. Ал эми апамдын билгенине 1 айдын жүзү болуп калды. Апам да анчалык эле жаман кабыл алган жок.
- Качан бир үй-бүлөнүн ханышасы болоюн деп турасың?
- Билбейм, азырынча жигитим деле жок. Жашым да 20да эле. Ошондуктан жакынкы пландарыма кирбейт.
- Эгер алдыңдан периште чыгып, каалооңду айт аткарам десе эмнени сурайт элең?
- Биринчи эле эли-жерибиз тынч болсун дээр элем. Митинг, пикет дегендер кыргыз жергебизде таптакыр эле болбой койсо деп тилээр элем.

Ибраимова Роза, кыргыз эфиринин ди-джейи:
"Түрк кесиптештерим мени мугалим дешет"
- Роза, алгач сөздү өзүң жөнүндө баштасаң?
- Мен үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң улуусумун. Кочкор районунун Туз айылында төрөлгөм. Ата-энем жөнөкөй адамдар, кесиби боюнча экөө тең мугалим. Буйруса ушул жылдын 2-декабрында 21ге толуп олтурам. Жүрөгүм бош ха-ха-ха, бул убакка чейин да жүрөгүмдүн ээси болгон эмес. Чынын айтсам убактым жок. Жигит жактырган соң анын сүйүүсүнө татыктуу адам болушуң керек да. Башкача айтканда ага да өзүнчө көңүл, убакыт бөлүш керек, а мен ушул убактымдын тартыштыгынан жеке жашоом жөнүндө азырынча ойлоно элекмин.
- А алтындай баалуу убактыңдын тардыгына эмне себеп?
- "Алмаз" радиосунда ди-джейликтен сырткары Улуттук Университеттин журналистика факультетинин студентимин. Студент сиңдимдин, студент инимдин сүйүктүү эжесимин, аларга да убакыт бөлүшүм керек. Себеби алардын жоопкерчилиги да менин мойнумда. Андан сырткары УТРКнын түнкү каналында да аябай катуу иштейин деп 8 ай "аалам жылдыздары" деген рубриканы алпарып жүрдүм эле, тилекке каршы түнкү канал жабылып калды. Айтор мына ушундай чыгармачылыктын чоң дүйнөсүнө болгон талпынуум менен бош эмесмин.
- Анда дагы башка жактарга иштейин деген ой максаттарың да бар экен да ээ?
- Ооба, буйруса караштырып көрүп дагы бир жерге жумушка орношоюн деп жатам, албетте чыгармачылыктын чөйрөсүндө. Азыр издештирип жаткан кезим. Себеби биздин жетекчиликтин өзгөчөлүгү ушунда, эгер жетишсең алты жерге иштеп алсаң да уруксат берет. Бут тосуп же каршылык көрсөтпөйт, тескерисинче шарт түзүп берет. Бирок ошого жараша талап да катуу. Өзгөчө эфир үчүн 30секунд да чоң убакыт эмеспи, андыктан 1 мүнөт кеч калсаң, жумуштан чыгып калуу коркунучу бар. Андыктан биздин жумуш тактыкты талап кылат.










??.??