Классташ

Бир топ убакыттан бери гезитибиздин "Классташ" рубрикасы аркылуу өнөр адамдарынын балалык издери калган окуучулук күндөрү жөнүндө кеп кылып келебиз. Учурда аталган рубрика өз окурмандарын таап, кат-кабарларды ала баштады. Бүгүн биз алыскы региондордогу окурмандардын суроолору боюнча бир убакта элдин сүймөнчүлүгүнө айланган "Сыр сандык" телеберүүсүнүн алып баруучусу, журналист Кубанычбек Эсенбаевдин балалык чагы жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. "Жандооч кийик аттырат" демекчи башкалардан айырмаланып Кубаныч мырзанын бир эмес үч классташы келип, окуучулук алтын күндөрүн эскерүү менен кызыктуу маек куруп беришти.

"Казармандын" лидери аталган Кубанычбек Эсенбаев
Мектептин "Солдат баласы"
Нурлан Исаев, жеке ишкер:
- Биз Кубан менен Жалал-Абад облусунун (мурдагы Нарын ) Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы "Казарман" орто мектебинде 10 жыл бою чогуу окудук. Окуучулук мезгилди эстегенде эле мотурайган "солдат бала" көз алдыма тартылат. Кубаныч мектепте абдан тартиптүү, аябай чыйрак бала болчу. Ошондон улам аны мугалимдер "солдат бала" деп коюшчу. Негизи биздин класс мектептин эң алдыңкы классы эле. Классыбызда тандалган окуучулар окугандыктан кыздар-балдар ортосунда атаандашуу көп болчу. Кубаныч сабак жагынан кыздардан кем калышчу эмес. Айрыкча математика менен геометрияны беш манжасындай билчү. Бир жолу математика сабагынан эжейибиз үй тапшырмасын сурап калды. Бир кызыбыз менен Кубаныч "мен аткардым"-деп бирдей кол көтөрүп калышканынан эжейибиз Кубанды "Сен чыгып доскага жаз" десе тиги кызыбыз Кубаныч кыймылдагыча жулунуп чыгып өзү жазып кирди. Кубаныч болсо кыз балага жол бердиби айтор, ордунан жылган жок. Бир мезгилде Кубаныч "Эсепти туура эмес чыгарып жатасың"-дегенде, тиги кызыбыз намыстанып кетип доска аарчыган суу тряпка менен атып урганда ал Кубандын бетине келип тийип, мойнунан ылдый бор агып жатып калды. Ошондо Кубан жини келип журнал менен классташыбыздын башына бир чапты эле ал да жөн калбай стул менен ургулап экөө класстын чаң тополоңун чыгарып, аягында директордун кабинетинде бири-биринен кечирим сурап элдешишкен.
Ушинтип, сабак дегенде ичкен ашын жерге коюп жүрүп 6-класста район боюнча "Мыктынын мыктысы" аталып Крымдагы "Артек" лагерине барып окуп келди. Ал эми көркөм окуу боюнча эч кимди алдыга салдырчу эмес. Көзүн жумуп алып "Манас" айтса, колун жаңсап образга кирип алып көркөм окуунун акесин таанытат эле. Анын бул кебетесин көрүп алып биз күлчүбүз. Кыскасы Кубан досум мектепти бүткөнчө алдыңкы окуучулардын катарынан түшкөн жок.

Эсенбаев мугалимин ашата сөккөндө...
Тынчтыкбек Мырзалиев, жеке ишкер:
- Ойлоп көрсөм, мектепти бүткөнүбүзгө 23 жылдын жүзү болуптур. Азыр, Кубанычтын чачынын суюлганы эле болбосо 23 жыл мурдагы эле Кубан боюнча. Нурлан айткандай Кубан мектептин лидери, тартитүү баласы болчу. Ошону менен бирге аны шок балдардын катарына кошсок да болот. Мага чейин Кубандын жакшы жактары айтылды. Эми мен анын тентектигинен айтып берейин. Кубан спортко аябай кызыкчу. Футбол боюнча өткөрүлгөн ар кандай мелдештерде бир нече жолу жеңүүчү болуп, мектебибиздин атын чыгарды. Спортко байланышкан Кубандын бир кызыктуу окуясын айтып берейин. Футбол боюнча биздин мектепте мелдеш өткөрүлүп Кубан катышуучулардын бир командасынын күйөрманы болуп кыйкырып коштоп атса физкультурадан берген агай келип Кубанды түртүп жиберди эле ал жыгылып кетти. Анан тура калып агайды оозуна келген сөздөр менен сөгүп кирди эле агайыбыз ачууланып Кубанды кубалап жөнөдү. Футбол көргөнү келгендердин баары оюнду көрбөй эле Кубан менен агайды карап калышты. Бир топ жерге чейин кубалашып барып, жетейин дегенде Кубаныч бурула койду эле узун агайыбыз жыгылып, узунунан жатып калса болобу. Балдар да жөн калбай "Азаматсың Кубан!"-деп кол чаап киришти. Агай болсо уялганынан мектепке кирип кетип, ошол бойдон чыкпай койгон.

Суу өтүк эмес суббота
- Анда 1-класс элек. Орус класс болгондуктан эжейибиз адегенде күндөрдүн аталышын орусча үйрөтүп баштады. Кубан бешинчи күнгө чейин жатка билип, 6-күнгө келгенде эле Суббота дегенди унутуп калып, күндө кулагынан тарттырчу. Анан эжей тажаганда "Субботаны айталбасаң суу-бота-деп эки бөлүп айтчы"- деди. Анан эртеси күнү "Кана, Эсенбаев кечээ мен үйрөткөндөй кылып айтчы"-десе көзүн жалдыратып, 5-күнгө чейин шатыратып айтып келатып эле субботага келгенде такалып туруп калды. Эжейибиз жини келип "Болбойсуңбу эзилбей"-деп кыйкырганда Кубан чочуп кетип "суу өтүк"-деп айтып жибергенде класс боюнча дуу күлдүк . Ошентип жүрүп 2-3-класста орус тилинен эң мыкты билген окуучубуз Кубаныч болуп калган.

Журналисттик "чымындар"
- Анан да аябай тамашакөй, шайыр бала болчу. Биздин балдар арасында бири-бирибизди багынтмай мода эле. Кубандын бир артыкчылыгы кандай кырдаал болбосун андан суурулуп чыгып кетчү. Кубандын бала кезден калыптанып калган мүнөзү деп ушул сапатын айтсак болот. Эки командага бөлүнүп алып кар урушмай ойночубуз. Анан Кубандын командасы жеңилип калганда багынайын дечи десең "Багылайын"-деп жинге тиет эле. Тымызын көп иштерди жасап алып, "мен жасаган жокмун" дегенинен өлүп кетейин дечи десең, "өнүп кетейин" деп адамды кейитет эле. Кыскасы Кубандан сөз качып кутулчу эмес. Көрсө ошондо эле журналисттик чымындары бар тура.

Алгачкы махабат же Кубандын сүйүү каттары
Марат Абдылдаев, энергетик:
- Жогорудагы досторум Кубандын жоруктары, мектептеги жетишкендиктери, кемчилдиктери жөнүндө кеп кылып кетишти.А мен Кубандын сүйүүсү тууралуу сөз кылайын деп турам. Анткени бул жаатта мен Кубан досумдун элчиси, ортомчусу болчумун. Кубанга алгачкы сүйүү 7-класста окуп жүргөндө келди. Өзүбүздөн бир жаш кичүү Калима деген кызды жактырып калып бир күнү менден кат берип жиберди. Катын окусаң эч кимдин оюна келбеген сөздөр, куплет-куплет ырлар ал тургай аягына беш манжасы түшүрүлүп колунун сүрөтүн тартып ичине "Кубан+Калима=Любовь" деп орусча жазып коёт эле. Анын катын окуган кыз Кубанды сүйбөсө да жазган катына башы айланып макулдугун берчү. Тилинен чаң чыккан сөзмөрдүгү менен Калиманы да кайырмагына илип алган. Бир жаман жери кыздын алдына келгенде оозуна келме келбей кызарып-татарып эле жерди карап туруп калат эле. Анан "анын алдына барганда сен сүйлөйсүң"- деп мени ээрчитип алчу. Күндө кечинде кечки тамакты да ичпей велосипедке учкашып алып Калиманын үйүнө жөнөчүбүз. Бир жолу Калиманы аңдыйбыз деп атасына кармалып калганбыз. Атасы аябай каардуу,катуу киши болчу. Андан качабыз деп Кубан бир аңга түшүп кетип, ал жерден чыгам деп өсүп турган тикендүү карагайларды кармай берип, алаканына тикенектер жайнап калган. Колу түнү менен зырылдатып ооруп чыкканына чыдабай түнү менен апасына тикендерди тазалатканын эстеп азыркыга чейин күлө беребиз. Көрдүңүзбү, Кубанга алгачкы сүйүү мына ушундай азап менен келген.

Ж. Калдарова