presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт жаңылыктары

Майк ТАЙСОН
Оор турмушту баштан кечирип...
Майк Тайсон 1966-жылы 30-июнда Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Атасы Джимми Киркпатрик Майк жарык дүйнөгө келгенче эле бул жашоо менен кош айтышкан. Майктын фамилиясы апасы Лорна Киркпатриктин биринчи күйөөсү Персла Тайсондун атынан коюлган. Атасынын эрте көз жумганына байланыштуу Майк жана анын үй-бүлөсү эч ким көрбөгөн кордукту башынан өткөрүшкөн.
Улуу агасы Родни, эжеси Дениз жана апасы болуп Нью-Йорктун эң артта кароосуз калган Браунсвиль шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Материалдык жактан абдан аксагандыктан Майктын үй-бүлөсү бир топ убакыт жылуулугу жок, ысык суу берилбеген үйдө жашоого туура келген.

Момун баланын хулиганга айланышы
Майк бала кезинде кой оозунан чөп албаган койдон жоош болгон. Андай мүнөзүнүн артынан көп жолу запкы жеп, өз оозундагы тамагын апасынын шириндик алып же деп берген тыйын-тыпырларын көчө балдарына алдырып ызага батып жүргөн. Аябай жоош болгондуктан өзүн коргогонду да билчү эмес. Ошол күндөрдүн биринде ар дайым жанында алып жүргөн сүйүктүү оюнчугуна айланган көгүчкөнүнүн башын өзүнөн бир топ жашка улуу көчө балдары жулуп салып аны мазакташкан. Башка нерсенин баарына чыдап, көтөрүп жүргөн келечектеги чемпион бул жолу жөн карап туралбай, жаны кашайып болгон күчү менен аны ур-токмокко алып, сабап салган. Майктын бул жоругунан соң ошол жердин жаш балдарынын арасынан чыккан зөөкүрлөр Майкты сыйлап, урматтап өздөрүнүн тобуна кошуп, бирөөнү кантип урууну, чөнтөккө кол салууну, дүкөндөрдү тоноону үйрөтүшкөн. Жагымсыз иш аракеттеринен кийин жашы жетпеген балдардын арасына кошулуп укук бузуучулардын түрмөсүнө түшүүгө да жетишкен. Ал жерде Махаммед Али менен кезиккенден кийин биринчи жолу спорт менен машыгууну ойлонгон.

Спортко болгон алгачкы кадамдар
13 жашында Нью-Йорк шаарындагы жашы жетелек кылмышкерлердин мектебине жөнөтүлөт. Башка балдарга салыштырмалуу ал күчтүүлүгү менен бир кыйла айырмаланып турган. Адаттагы жасаган кылмышы менен ал мурдагы белгилүү Стюарт Бобби менен кездешип, аны менен сүйлөшүп келечекте мушкер болууну каалаганын билдирген. Анын күчүнө кайдыгер карабаган Стюарт мындан кийин жаман жолго барбай өзү менен иштешүүнү билдирген. Ушул шартка көнгөн Майктын жүрүм-туруму оңго бурулуп бир топ жакшырган. Ал мектепте канча жакшы окуса, анын машыктыруучусу ошончо ага көп көңүл бурууну келишип, эркекче кол беришкен.
Стюарт алгач аны өз канатынын астында тарбиялап жүрүп кийинчерээк талантын өстүрүш үчүн Майкты белгилүү машыктыруучу Касу Д.Аматонун колуна өткөрүп берген. Д.Амато Майкты алгач көргөндө эле Стюарттан жашы жетелек кылмышкерге эмне тамак берээрин сураган. Анын буга кызыгуусунун себеби 13 жаштагы Майктын салмагы 80 кг болгон. Ушул убактан баштап Д.Амато олуттуу түрдө Майк менен иштешип, ага бокстун болгон сырын ачып берүүгө умтулган. Майктын апасынын бул дүйнөдөн көз жумганына байланыштуу аны өз үйүнө көчүрүп келип, жада калса официалдуу түрдө өзүнө өткөрүп алган.
Талыкпаган эмгектин артынан 1985-жылы 4 - мартта Тайсон биринчи жолу профессионалдык рингге чыккан.
Аз убакыт ичинде 15 мелдешке катышып алардын барында убакыты бүтө электе жеңишке жеткен. Биринин артынан экинчи мелдеште ийгиликти эч кимге бербестен ар дайым жеңиште жүргөн Майктын машыктыруучусу да Тайсондун артынан көптөгөн алкыштарга жетишкен. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, 1985-жылы Д.Амато 77 жашында каза тапкан. Бул жоготуу Тайсонго аябай оор болгон. Бирок ага карабай ийгиликтерди биринин артынан экинчисин багынта берген.

Жашоодогу чоң бурулуш
Ийгиликтин туу чокусунда жүргөн убакта жаңыдан жылдызы жанып турган актриса Робин Гивенс менен баш кошкон. Алардын жашоосу болгону бир жылга созулган. Бул аралыкта жубайынан бир да жолу жакшы сөз укпай, жашоосу уруш-талаш, басынтуу менен коштолгон. Ушул эле жылы оор жоготууга учураган Майк машинасында бара жатып даракты сүзүп алып, мээсинен оор жаракат алган. Мунун натыйжасында Майк өзүн-өзү өлтүрүүнү каалаган деген сөздөр эл ичинде аралаган. Көп өтпөй Майк Тайсон "Американын периси" конкурсуна барып, ал жердин катышуучусу Дезире Вашингтон менен таанышкан. Ал экөө чогуу сайрандашып, кечиндеси анын бөлмөсүнө келгенден кийин Дезире "Тайсон мени зордуктады" деген жалган маалыматты тараткан. Анын бул күнгө чейинки бирге өткөргөн убактыларын көргөн элдерди күбө катары көрсөтүп, Тайсон алты жылга эркинен ажыратылган. 1985-жылы мартта түрмөдө Вольбера, Мао Цзэдуна жана Че Гевары менен жолуккандан кийин Ислам динин кабыл алган.




Кыргызстанда
Футбол
Москванын "Олимпийский" жана "Динамо" стадиондорунда 17-26-декабрда эл аралык турнир өтөт. Ага КМШнын жана Балтика өлкөлөрүнүн командалары катышмакчы. Кыргызстандан быйылкы жылдын чемпиону "Дордой-Динамо" командасы катышат. Москвадан ийгилик менен кайтып келээринен үмүт үзбөй, күтө туралы.

Грек-рим күрөшү
Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир аягына чыкты. Жеңүүчүлөрдөн 74 килограмм салмакта Азибек Мурадов (Өзбекстан), 96 килограммга чейинки салмакта Азат Эркибаев (Кыргызстан), 60 килограммга чейинки салмакта Эльдар Кайратов (Казакстан) жеңүүчү болушту

Күрөш
Ош, Жалал-Абад, Талас жана Бишкек шаарынын 1991-1992-жылы туулгандардын арасынан чемпиондор аныкталды.
Алар: 45 кг. чейин Рохмон уулу Өмүрбек (Ош), 55 кг. чейин Кубаныч Алтымышбаев (Бишкек), 60 кг. чейин Жакшылык Эргешбаев (Бишкек), 65 кг. чейин Кутманбек уулу Бөрүбай (Ош), 71 кг. чейин Турат Саматов (Талас), 77 кг. чейин Тилек уулу Руслан (Бишкек), 83 кг. чейин Жолдош уулу Мелис (Бишкек) 90 кг. чейин Адилет Кибраев (Бишкек), 90 кг. Жогорку Калалбек уулу Ильгиз (Талас).
Ал эми экин күрөштөн: 45 кг - Солтош уулу Мадяр (Талас), 50 кг - Руслан Казакбаев (Талас), 55 кг - Абатат уулу Нурсултан (Талас), 60 кг - Абам уулу Абас (Ош), 70 кг - Надырбек уулу Самат (Талас), 90 кг - Калалбек уулу Ильгиз (Талас).


Дүйнөдө
Бокс
Кличко Льюис менен келерки жылы беттешери анык болду. Үч жылдан бери тыныгууда жүрүп жаңы эле рингге чыга баштаган WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличко Леннок Льюис менен келерки жылы реваншка бара турганын билдирди.
ххх
Россиялык промоутер Герман Титов Казакстандан быйылкы олимпиадада чемпион болгон Бахыт Сарсекбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, келишим түзө турганын жарыя кылды. Жакында эле Казакстанга учуп келип боксерго тиешелүү бардык деталдар менен таанышып кайткан.

Футбол
ЦСКАнын жарым коргоочусу Юрий Жирков быйылкы иликтөөнүн жыйынтыгында алдыңкы орунду алды. Андан кийинки орунду "Зениттен" Андрей Аршавин алса, үчүнчү орунду ЦСКАнын чабуулчусу Варгер Лав ээлешти
ххх
Леонид Назаренко Брянскинин "Динамо" командасынын башкы тренерлик кызматын таштады. Былтыркы жылы аталган команда Россиянын кубогунда жарым финалга чыкса, быйыл 22-орунда калган. Ошонун натыйжасында башкы тренер кызматтан кетүүгө мажбур болуп олтурат.




Кызыктуу фактылар
Майк Тайсон өзүнүн жүрүм-турумуна байланыштуу түрмөгө бат-баттан отурууга аргасыз болгон.
ххх
Майк Тайсон унаа айдап баратканда баңгизат колдонуп алгандыгы тууралуу билген милиция кызматкерлери темир тордун артына отургузуу үчүн арыз ташташкан. Бирок мындан кутулуп кеткен.
ххх
Түнкү клубдардын бирине кирип калган Тайсонду көрө калган журналисттер аны видеого тарта башташат. Биринчи адамча айтканына көнбөгөн оператордун камерасын ыргытып, сындырып салган. Журналисттердин өзүнө да кол көтөрүп, качып чыкканча клубдун алдынан кызыл шапкечендер тосуп алат. Эч кандай күнөөсү жок экенин айтып темир тордон дагы бир жолу кутулуп чыгат.














??.??