presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 

Ала-Тоо койнунда
Курултайдын курсу кандай болду?
29-ноябрь күнү Бишкектеги орус драма театрында Кыргызстандагы оппозициялык саясий партиялардын көптөн бери айтылып келаткан бириккен курултайы болуп өттү.
Аталган курултайдын ишине "Ак шумкар", "Ата Мекен", "Бириккен Кыргызстан" жана башка партиялардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын элине кайрылуу кабыл алышты. Курултайдын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр учурдагы финансылык кризиске жана өлкөнүн экономикалык абалына токтолушту. Анда түзүлгөн абалдан биргелешип чыгуу боюнча ойлор айтылды. Элдик курултай Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын кабыл алды. Андагы коюлган талаптарды аткаруу үчүн бийликке келерки жылдын март айына чейин мөөнөт койду. Эгер бул талаптар аткарылбаса К. Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн эрте жазда массалык нааразычылыктар башталат.
Курултай кабыл алган резолюцияда өлкөнү туура өнүгүү жолуна буруу максатында сунуш кылынган башкы шарттар катары таза саясий атаандаштык, бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы, оппозициянын ишмердигине конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу айтылды.
Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы катары Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясы бекитилди. Мамлекеттеги ири энергетикалык мекемелерин менчиктештирүүгө каршылык билдирилди.
Криминалдашкан жана авторитардык режимди колдоодон баш тартуу сунушу менен эл аралык коомчулукка жана уюмдарга кайрылуу кабыл алынды.
Президентке Элдик курултайда кабыл алынган жаңы саясий системанын концепциясын ишке ашырууга конкреттүү чараларды көрүү сунушу берилди.

Оппозициянын эмнеси жок?
Саясий серепчи Шайыр Жураев оппозицияга бир топ сын айтты.
Анын айтымында курултайдын өтүп жатышы бийлик үчүн кооптонуу коңгуроосун кагышы керек. Анткени учурдагы экономикалык-социалдык абал коомдогу көп катмарларды канааттандырбай калды. Мындай шартта оппозиция лидерлеринин башын бириктирип жаткан бул курултай - келечектеги өзгөрүүлөрдүн фундаменти түзүп жатат. Бийликтин "Конструктивдүү сунушу жок" деп оппозицияга доомат коюшу негизсиз. Парламенттен четте калган оппозиционерлерде салмактуу сунуш киргизүү үчүн платформа жогун айтат жаш серепчи.

А. Муралиевдин Өкмөт менен ЖоКеде эмне кеги бар?
"Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын төрагасы, мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев курултайда сүйлөп, бийликти өзгөртүү үчүн чечкиндүү кадамдарды баштоого чакырды.
Оппозициялык күчтөр өз ара тилектештик меморандумга кол койгондон кийин мындай кадамдарды жасоого бышып жетилгенин белгиледи. Азыркы бийлик саясий лидерлерди сатып алууга, коркутуп-үркүтүүгө уста экенин айтты. Ушул турумда бекем болуп, бийлик кызмат берип чакырса барбоого үндөдү. Өкмөт менен кошо парламентти таратуу, ошондо гана жаңы шайлоолор менен жаңы өзгөрүүлөр болот деди А. Муралиев.

Шаботоевди эмес, ага окшош адамды тапты
26-ноябрда байланыш агенттигинин жетекчиси К.Кыдыралиевдин айдоочусу Н.Жумашев Бишкектин Горький көчөсү менен Ж-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинен Руслан Шаботоевди "Мерседес-600" үлгүсүндөгү 98-89 же 89-98 номурлуу автоунааны өзү жалгыз айдап баратканын көргөнүн тартип коргоо кызматкерлерине айткан.
Милициянын ыкчам иликтөө иш чарасынын негизинде В98-99Р мамлекеттик номурдагы "Мерседес-600" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Улан Шамшидинов кармалган. Анын бет түзүлүшү, бою, сырткы келбети дайынсыз жоголгон Р.Шаботоевге куюп койгондой окшош болуп чыккан. Сураштыра келгенде У.Шамшидинов депутат Руслан Шаботоев менен тааныштыгы жоктугун айткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда дайынсыз жоголушкан Р.Шаботоевди жана Б.Амиржановду издөө иштери улантылууда. Аларды издөөгө Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан 1300 гө чукул милиция кызматкерлери тартылган.

Жаңы депутат
Р. Ирсалиевдин ордуна К. Кадыров депутат болот.
Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын мандатын тапшырган депутат Рахатбек Ирсалиевдин ордуна Кубанычбек Кадыров келери анык болуп калды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Бошогон орунду аталган партиянын тизмесинде он үчүнчү болуп турган Эдил Байсалов ээлемек эле. Бирок Байсаловду БШК мыйзам бузду деп тизмеден четтеткен. Андан кийин Жолдош Молдобеков болчу, бирок ал өз каалоосу менен баш тартып, натыйжада Кадыров депутат болуп олтурат.

Келе албай жаткан 4 депутат
Таиланддагы талаш депутаттардын келишине жолтоо болду.
Жогорку Кеңештин Азиядагы мамлекеттер ассамблеясынын 3-пленардык жыйынына катышкан төрт депутаты Малазиядан кайтып келе албай жатышат. Буга Таиланддагы саясий кризис тоскоол болууда. Анткени, оппозициячыл күчтөр Бангкоктогу "Суварнабхуми" аэропортун басып алып, депутаттар учуп келе турган "Тай авиажолдорунун" Алматы багыты токтотулган. Бангкоктогу аэропортту 26-ноябрда премьер-министринин кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткан оппозициячыл "Демократия үчүн элдик альянс" деген тобу ээлеп алган. Ушундан улам учуулар токтоп, ал жерде 4 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар кете албай турушат.

Тууганбай Абдиев көз жумду
Кыргыздын төкмө акындарынын акыркы муунуна кирген акын Тууганбай Абдиев 71 жаш курагында оо дүйнө салды. Ал 1937-жылы азыркы Токтогул районундагы Ичке-Сай айылында туулган. Өткөн жылдан бери ден соолугу начарлап, онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан. Ушул жылдын күзүнөн бери Улуттук филармониядагы ырчылык ишин токтоткон эле. Бул кабарды редакция жамааты да кайгыруу менен кабыл алып, анын жакындарына көңүл айтат.




  Дүйнө дүбүрт

Индияда терракт
Индиянын Мумбайындагы кыянатчылыктардан келген зыянды аныктоодо.
Согушкерлерге каршы операция Мумбайдын Тадж -Махал меймаканасында алардын акыркы үчөөсүнүн жок кылынышы менен аяктагандай болду. Соңку расмий маалыматка караганда, үч күнкү кыянатчылыктар учурунда195 адам каза тапканы ырасталды, дагы 295 киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн 20дайы чет элдиктер.
Автоматтар жана гранаталар менен куралданган согушкерлер Мумбайга шаршембиде кол салган. Индия бийликтери кол салууну коңшу Пакистандагы күчтөрдөн көрүүдө. Пакистан өкмөтү болсо чабуулга эч тиешеси жок экенин белгилеп, Делини бул маселеге саясатты аралаштырбоого чакырды. Кол салуу үчүн мурда анча белгисиз "Деккан Мужахидин" деген топ жоопкерчилик алды. Индия бийликтери азыр согушкерлердин ким экендигин да аныктоо аракетин көрүүдө.

Талибдер аялча кийине баштады
Ооганстанда талибдердин аялдарча кийинип алынган колбашчысы жок кылынды.
Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ баштаган коалиция билдирди. Окуя Газни провинциясында жүргүзүлгөн рейд учурунда болгон. Талибандын Хажи Якуб ысымдуу жергиликтүү кол башчысы кармалып калбоо үчүн аялдарча кийинип жүргөн. Ал Газни провинциясында жол боюнда жардырууларды жасоо, жанкечтилердин кол салууларын уюштурууну жетектөөчү.

Никарагуа менен Грузиянын мамилеси кандай?
Грузия Никарагуа менен дипломатиялык алакасын үздү.
Бул тууралуу Грузиянын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Никарагуа -Грузиядан ажырап кеткен Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын Орусиянын соңунан тааныган жалгыз өлкө.

Тыңчы жоокер кесилди
Ирандын пайдасына тыңчылык кылды деп шектелген британиялык жоокер он жылга кесилди.
Даниел Жеймс ысымдуу, Иранда төрөлгөн британиялык жоокер Ооганстанда жогорку даражалуу аскер башчы, британ генерал Девид Ричардсондун жеке котормочусу болуп иштеген. Ал НАТОнун аскерий сыры деп эсептелген маалыматтарды Ирандын Кабулдагы элчилигинин аскерий атташесине жөнөтүп турган. Жоокер 2006 -жылы анын тыңчылык аракеттери электрондук каттарынан байкалган соң кармалган.

Эң кары адам ким?
Индиана штатында 116 жашка жакын жашаган дүйнөдөгү эң кары аял курман болду. Эдна Паркер 1893-жылы 20-апрелде төрөлгөн. 2007-жылы Гиннестин рекорддор китеби мындан бир нече ай улуу болгон жапан Йонэ Минагава айым өлгөндөн кийин жер жүзүндө муну эң кары адам деп тапкан. Эми эң кары адам деп Португалиядагы дагы бир 115 жаштагы аял эсептелүүдө.

Францияда авиакырсык болду
Франциянын түштүк-батыш жээгинде "Эйр Нью Зеланд" авиакомпаниясынын учагы кырсыкка учурады.
Мындан бир адам каза таап, дагы алтоо дайынсыз жоголгону кабарланууда. Кабарларга караганда, учак ремонттон кийин сыноодон өткөрүү үчүн учканда кырсыкка учураган. Учактын ичинде эки немис учкучу жана Жаңы Зеландиядан келген беш инженер болгон.

Македония кризистин алдын алууда
Македония каржы кризисине кам көрүүдө.
Македониянын өкмөтү каржы кризисинин өлкө экономикасына таасирин азайтуу максатында 425 миллиондон ашуун доллар бөлүү планын сунуш кылды. Македониянын премьер-министри Никола Груевски акчанын бир бөлүгү фермерлердин салыгын азайтууга жумашаларын билдирди.

Обаманын жаңы дайындоосу
Роберт Гейтс жаңы шайланган президент Барак Обаманын администрациясында коргоо ведомствосунун башчысынын кызматында кала берүүгө макул болду.
Гейтсти дайындоо жөнүндө Обама жарыялады. Гейтс 2009-жылдын башталышына чейин Обаманын администрациясында коргоо министринин кызматын ээлемекчи, анын милдетине американын аскерлерин Ирактан чыгарууну даярдоо кирмекчи. Гейтс АКШнын жаңы президентине караштуу коргоо ведомствосунун башчысынын милдетин аткарууну улантаары жөнүндөгү маалыматты CNN жана АВС Ньюс телеканалдарынын булактары ырасташты.




  Кримхроника

Айтта тополоң кылгандар соттолду
Ноокатта тополоң салгандар 9-20 жылга камалышты.
Ош облусттук соту Ноокатта айт күнү массалык баш аламандык уюштурду, акимчиликтин имаратын таш бараңга алды, деп айыпталган отуз эки адамга өкүм чыгарды. Күнөөлөнүп жаткандардын ону жыйырма жылга эркинен ажыратылды. Бир жашы жетелек өспүрүмгө тогуз жыл берилди. Калгандары 16-19 жылга кесилди.

Бажы кызматкери токмок жеди
Баткен бажысынын кызматкери өзбек атуулдарынан сокку жеди.
Кадамжай районунун "Газпром" көзөмөл бекетине Өзбекстандын Чоң-Кура айылынын 15 атуулу мас абалда келип, бажы кызматкеринин спирт ичимдигин ичүүсүн талап кылышкан. Каршылык көрсөткөн Замир Сейдакматовду күч колдонуп, тепкилеп жаткан учурда чек ара кызматкерлери арачалап калган. Кабыргаларынан жаракат алган бажы кызматкери учурда облустук оорукананын сыныктар бөлүмүндө дарыланууда. Бул окуя боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

Карактоо үчүн кароолчуну өлтүрүп...
Бишкектеги "Рио" оюн автоматтары клубунун кароолчусу 1985-жылы туулган А.Мустафьевди өлтүргөн деген шек менен 1981-жылкы С.Курбановду кармашкан. Алгачкы иликтөөлөргө караганда аны клубду тоноо максатында өлтүргөн деген божомол айтылууда.

Граната менен жүргөн эргул
Бишкектин чок ортосундагы көчөдө граната алып жүргөн 1962-жылы туулган Н.Шейко кармалган. Абдырахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган бул эргулду тинте келгенде РГД-5 гранатасы жана 2,5 килограмм марихуана табылган.

Героин саткан милиционер
Кыргызстандын баңги заттарына көзөмөл агенттигинин кызматкерлери ири партиядагы героин менен милиция кызматкерин кармашты. Кыргызстандын ушул агенттиги Ооганстандан даярдалган баңги заттарынын Республикага келүү жолдорун ачуу жана токтотуу боюнча кезектеги оперативдүү чараларды ишке ашырган. "Канал-2008" операциясынын жүрүшүндө оперативдүү материалдарды ишке ашыруунун чектеринде Бишкектин аскердик бөлүктөрүнүн биринин аймагына кире бериште наркотикалык каражатты саткан учурунда Кыргызстандын Ош облусунун тургуну, курд улутундагы 51 жаштагы жаран кармалган.
Ушул кезде офицер-наркодиллер агенттиктин убактылуу кармоо жайына отургузулган. Республиканын көмүскө баңги рыногунун баасы боюнча алынган баңги заттарынын суммасы 2,3 млн.дон ашык сомду түзөт. Агенттик жүргүзгөн чаралардын натыйжасында "өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын саткандыка барабар болгон сатуу максаты менен аларды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу" статьясы боюнча кылмыш иши козголгон.

Интернет булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы









??.??