presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  сыр маек

"Алатоо" маалымат программасынын башкы телеоператору Нуркамил Асанов:
"Жокчулуктан атала ичип жашаган күндөр болду"
Кандай гана телеберүү болбосун, аны калкка жеткиликтүү кылып берүүдө журналисттин эмгегинен тышкары телеоператордун эмгеги да чоң роль ойноору талашсыз. Сырттан караган адамга анча байкала бербегени менен тасманы камерага түшүрүүдө да чыгармачылык эргүү талап кылынат. Өз жумушун жан-дилинен сүйүп, ага бардык дити менен берилгендердин катарын толуктаган Нуркамил Асанов ушул сапаттарынын артынан УТРКдагы көрүнүктүү телеоператорлордун бирине айланды. Жыйырма жылга чукул убакыттан бери бул кесипте үзүрлүү эмгектенип келаткан Нуркамил аганын өңүн эфирден көрбөсөк да, атын дээрлик ар бирибиз уксак керек. Улуттук Биринчи каналдын "Алатоо" маалымат программасынын башкы телеоператору Нуркамил Асанов гезитибиздин "Кесип" рубрикасынын мейманы.

- Нуркамил мырза, бир чети жоопкерчиликтүү, бир чети кызыктуу болгон бул кесипке качантан баштап кызыга баштадыңыз эле?
- Бала кезимден десем жаңылышпайм. Ал мезгилдин "Рекорд", "Весна" сыяктуу телевизорлоруна замандаш болуп жетилдик. Өтө кыялкеч болуп, жаратылышты жанымдай сүйчүмүн. Ошондон улам болсо керек, Россиянын журналисти Николай Драздовдун "Жаныбарлар дуйносү" телеберүүсүн бүткүл дитимди коюп, чоң кызыгуу менен калтырбай көрөр элем. Албетте, ал кезде менде телеоператор деген кесип тууралуу түшүнүк жок болчу. Анткен менен берүүлөрдү бизге жеткирип жаткан адамдарга суктанып, балалык кыялымда өзүм да ошолорго аралашып жүргүм келчү.
Телеоператор биринчи кезекте чыгармачыл болууга тийиш. Чыгармачылыкка мен кичине кезимден эле жакын болчумун. Эсимде, 9-класста окусам керек эле, Жаңы Жылдык салтанатта эжемдин жип токуган ийнеси менен пиалаларды уруп күү жараткам. Апамдын жүздөн ашуун кооз пиалалары болор эле. Алардын үнүнөн жети нотаны табам деп баарын чачып, бир канча күн убаралангам. Азыр ойлосом күлкүм келет, черткен күүм "Кербезим" болсо, эмнеге өзбектердин топусу менен чапанын кийип алганымды өзүм да билбейм. Ушинтип кийинип алып жеңимдин ичинен ийнени алып чыксам отургандар "интермедия ойнойт го" деп алгач түшүнүшбөптүр. Бирок, мен өнөрүмдү көргөзгөндөн кийин баары таң калышып, кеченин аягында китеп менен сыйлангам.
- Бирок, ал кезде телеоператор болом деп ойлогон эмессиз да?
- Кайдан? Искусствого кызыкканым менен жогоруда айткандай техника жагын түшүнө алчу эмесмин. Мектепти бүткөн соң өзүмдүн эмес, ата-энемдин каалоосу боюнча Оштогу политехникалык институтка тапшырдым. Жүрөгүмдүн тереңинде башка окууну каалап тургандыктан, политехке өтпөй калганыма көп деле кейиген жокмун. Окууга өтпөгөн соң эмне кылмак элем, бекер жүрбөйүн деп Оштогу кинопрокатка фильмдердин пленкаларын упаковкалоочу болуп ишке орношуп алдым. Бирок, ошол жети айлык практикам менин келечегиме жол ачкан өңдөндү. Дегеним, ушул жерде жүрүп кино жаатына андан бетер кызыга баштадым да, натыйжада, Ташкенттеги кинотехникалык окуу жайына тапшырдым. Ал жактан окууну ийгиликтүү аяктап келип, Ош телевидениесине телеоператор болуп жумушка орноштум.
- Алгачкы нерселердин баары адам баласынын эсинде калат эмеспи. Анын сыңарындай, сиздин да алгачкы жолу камераны колуңузга кармап, ишке киришкениңиз эсиңизде чыгар?
- Анан эмей? Ал кезде азыркыдай чакан эмес, чоң-чоң жылып жүрмө камералар менен иштешчү экен. Үч-төрт күндөп үйгө да барбай телевидениеге түнөп, өз алдымча камера менен иштегенди үйрөнүп жүрдүм. Биринчи жолу диктор Анаш Кадырованы тарттым. Баарын даярдап беришип, "эми тарта бер" деп камераны карматып коюшту. Камеранын сүрүнө Анаш эженин сүрү кошулуп, чекемден кадимкидей тер кеткени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анткени, мен ошондо камераны жөн гана буюм катары кармап койбой, анын касиетин жүрөгүм аркылуу сезген экенмин көрсө.
- Президент тууралуу видеотасмалардын артынан сөзсүз түрдө сиздин аты-жөнүңүздү угабыз. Эмне үчүн президентти сиз тартасыз? Башка телеоператорлор атаандашышабы?
- Жетекчиликтин ишенимине киргеним үчүн бул жоопкерчиликтүү ишти мага жүктөшсө керек. Президентти тарткан соң шамдагай, өтө жоопкерчиликтүү болуш керек. Протоколдук съемкада убакыт ченемдүү берилгендиктен, мүмкүн болушунча өзүңө керектүү кадрларды бат тартып алышын керек. Башка өлкөлөрдүн Президенттеринин катышуусу менен өткөн чоң жыйындарда камера көтөргөн жүздөгөн кесиптештеримден озунуп орун таап, мүмкүнчүлүктү коё бербей тартып калганга шамдагайлык керек. Мен башка кесиптештеримди да жаман дебейм, алардын да ар биринин өзүнө бөлүнгөн иштери бар. "Алатоодогу" телеоператорлордун көпчүлүгү жаш балдар, келечекте менин ордумду басчулары бар.
- Ушул убакка чейин канча мамлекетте болдуңуз?
- Паспортума алгачкы жолу Пакистандын визасы басылган. Кызыгы, кийин паспортум мөөрлөргө толуп калып, жаңы паспорт алганда кайра Пакистандын визасынан башталып жатпайбы! Кыскасы, камерам экөөбүз жер кезип эле жүрөбүз. Мага барган жерлериме караганда барбаган жерлеримди санаган оңой. Африкага, Антарктидага, анан досторум тамашалап калгандай, Айга гана бара элекмин (күлүп).
- Айтсаңыз, ушундай деңгээлге жеткенге чейин кыйынчылыктар да болду беле?
- Кыйынчылык болбой коймок беле? Оштон Бишкекке жаңыдан көчүп келген жылдары үйбүлөм менен шаардын четиндеги Новопавловка айылында квартирада турчумун. Борборго жаңы келгем, айлык аз. Таң атпай үйдөн чыгып, телевидениеге чейин жөө келчүмүн. Анда жол кире элүү тыйын эле. "Азыр жолдон элүү тыйын таап алсам автобуска түшүп кетип калмакмын..." деп жол бою көзүмдү жолдон албай келе берип жумушка да жетип калчумун. Кечинде кайра жөө кетмей. Үйдө турган азыраак унду сууга чайып, атала кылып ичкен учурлар да болгон. "Жарыбаган айлык менен кантип жашайсың?" деп биртуугандарым урушчу. Жездем "күркөмдү берем, соода кылып күнүнө 500-600 сом таап кенен жаша" деп жүрүп чарчады. Мен көшөрүп болбойм "ачка калсам да камерамдан ажырабайм" деп. Азыр Кудайга шүгүр, көптөгөн дипломдорум бар, мурунку жылы мамлекеттик Ардак грамотасына татыдым. Атүгүл эмгегим бааланып, мамлекет башчысынын колунан үйдүн ачкычын да алдым. Мени ушул нерселерге жеткирген камерамды аяр кармап, ага жандуу кишидей мамиле жасайм. Күн сайын эртең менен барганда биринчи камерам менен учурашам. "Ассолом алейкум!" деп эмес, албетте. Бирок, ички жан-дүйнөм аркылуу анын абалын сурап, аарчып-тазалоо менен иш күнүмдү баштаганды адатка айланткам. Ал менин жүрөгүмө эң жакын буюмум, сырдашым деп койсом да болот.

Маектешкен С.Абдиева




Күндөлүк
Чочкоканага барып ачка калган Деңиза
1987 -жылы 6-августа Бишкек шаарында төрөлгөн.
1988 -ж. 1жашында эле сүрөт тартууга кызыгат.
1,5 жашында, упчуну таштап так сүйлөгөнгө өтө баштайт. Алгачкы тили апа деп чыккан. 1989-ж. 2жашында, бала бакчага барып тарбиячы урушат экен деп бир жылга чейин барбай коёт.
1990-1992 -жылдары чанган бала бакчасына айла жок кайрадан барган. Ошол жылдардагы кызыктуу эсте калган учурунан айтып берсек. Бир жолу бала бакчанын жанындагы чочкоканага барып, чочколорду кызыгып карап олтура берип, тамактан куру калып, ачка болгон экен. Кызыгы кичинекей балдардын көбү "Р" тамгасына тили келбей кыйналса, Деңиза "М" тамгасын айтуудан кыйналыптыр.
1993 -жылы 6жашында камыр жууруганды үйрөнөм деп, башынан аягына чейин ун болуп кебетеси көрүнбөй калган. Ошентип жүрүп азыр камыр жууругандын акесин окутат экен.
1994 -жылы Т.Үмөталиева атындагы орто мектептин босогосун аттап, 1- класстын эң мыкты окуучусу аталып, ошол жылдан баштап классынын алдыңкы окуучусуна айланат.
1995 -жылы 2-классында коңшу класста окуган бир баланы жактырып калат. Бирок, окууну бүткүчөктү аны менен бир да жолу сүйлөшкөн эмес.
1996 -жылы 3-классында алгачкы жолу картошка кууруп, үйүндө өзүн чоң ашпозчу сезет.
1997 -жылы 10 жашында өзүнүн классташ баласы сүйүүсүн билдирип, жумшак оюнчук белек кылган. Ал оюнчук тууралуу классташтары жолуккан жерден азыркыга чейин айтып келишет.
2000 -жылы биринчи жолу кийим тиккен машинага олтуруп, чайнектин астына коюлуучу туткучтарды, куурчагына кийим жана эжесинин кызына жайкы көйнөк тигип, өзүнүн эмгегине өзү таң калган.
2002 -жылы 9-класста "Күз сулуусу" сынагынан жеңип алып мектептин сулуусу аталган.
2004 -жылга чейин мектеп президенти болуп иштеп, мугалимдердин сыймыктуу окуучусу болуп окуучулар менен мыкты иш алып барган.
11 -классында чыгармачылыгында бир топ жаңылык болуп, "Адабий" гезитке алгачкы жолу "Алыкулга", "Бактылуумун", "Ата Мекеним" деген ырлары чыгып өзүнчө кудуңдап алган.
2005 -жылы алтын уясынан учуп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенти болуп, журналистика факультетине тапшырат. Учурда аталган окуу жайдын төртүнчү курсунда окуйт. Ушул жылы биринчи жолу уюлдук телефонго ээ болгон. Аны апасы туулган күнүндө белек кылган.
2006 -жылы 11-октябрда студент катары "Жаштык" радиосуна интервью бергени келип, кокусунан ал радиого иштеп калат. Тактап айтсак, ошол күнү жаңылыкты алып барган бала келбей калып, Деңизанын үнүн жактырып сырттан кабарчы кылып алып калышат.
Ошентип, 11-октябрь күнү "Жаштыктан жаңылык" деген рубрика менен ди-джейдин радиодогу алгачкы тушоосу кесилет.
"Жаштык" радиосунда иштеп жүргөндө мындай ыңгайсыз абалга кабылгам дейт.
"Бир жолу жаңылыктарга беш мүнөт калганда дааратканага барып келейин деп киргем. Байкабай эшигин катуу жаап алдым. Көрсө анын ручкасы чабылып калат экен. Эшик ачылбай калып кыйкырсам да эч ким укпайт. Ойлонуп олтуруп эшиктин үстүнкү ачык жагынан аттап-буттап араң чыккам. Өңүм кубарып чуркап келсем эфир башталганы жатыптыр. Кыскасы жетишип калганыма сүйүнүп эч нерсе болбогонсуп эфирге чыгып кеткем".
2007 -жылы январь айында "Миң кыял" радиосуна кастингден өтүп, март айында алгачкы эфири "Балкаймак" куттуктоо программасы болгон. Жаңы келген ди-джей тажрыйбасынын аздыгынан эфир бүткөндөн кийин микрафонун өчүрбөй калып, эфир артындагы сөздөрү угулуп кесиптештеринен сөз уккан.
2006 -жылы жайында өзү эңсеп күткөн сиңдиси төрөлгөндө асманга учуп, өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезген.
2007 -жылы 3-октябрда биринчи жолу "Браво" теледолбоорунун түз эфирине теле алыпбаруучу катары чыккан. Радиого салыштырмалуу теледен бир топ кемчиликтер көрүнүп калат эмеспи. Бир жолу бетине макияж жасайм деп эфирге жетишпей калган экен. Чуркап келсе Эрмек Нурбаев саламдашып бүтүп, "Кечирип койгула, өнөктөшүм азыр эле жүрдү эле ким ала качып кеткенин бир ырдан кийин айтайын"-деп алаксытып турган. "Андан кийин мен эфирге кошулдум. Албетте, режиссёр Канат Култаевден тил уккам"-дейт Деңиза.
2008- жылы биринчи жолу сиңдисинин чачын "голливуд" жасалгада кыркып, чачтарачтык шыгын байкап, сиңдисинин чачына жаңылык киргизген.

Даярдаган Акыл Карачач










??.??