presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Бири кем дүйнө

Сыймыктын сыйлыгына татыган азиз бала
Аттиң бири кем дүйнө, жараткан пендеге баарын тегиз бере бербейт тура.
Комузда кол ойнотуп, созолонто ыр ырдаган Марстын көзү азиз болгону менен таланты таш жарат. Дене-бойду дүркүрөтө терип черткен комузчу Марстын өмүр таржымалы, жеке жашоосу, ташкындаган таланты тууралуу курган маегибизди тартуулайбыз. Белгилей кетсек Марс Жакыпов 1982-жылдын 1-июнунда Токмок шаарында төрөлгөн.

Билим жолу
Бала кезимде көзүмдүн азиздигине көп маани берчү эмесмин. Ар дайым ата-энемдин кулагыма куйган тарбияларынан улам эч нерседен тартынбай, жүрөгүмдөгү ойду шыр айта алган шайыр бала болуп чоңойдум. Кичинекейимден комузда кол ойнотуп, элдин жүрөгүнө жаккан маанилүү ырларды ырдаганды жакшы көрчүмүн. Мен төрт жашка толо элек кезинде таякем Ажыгаалы биздин үйдө жашап калып мага комузду үйрөткөн. Комуздун кылын талдап черткен таякемдин үйрөткөнү менен төрт жашымда булдуруктап ырдап, чала-була комуз чертип калган экем. Ажыгаалы таякеме комузду үйрөткөндүгү үчүн бүгүнкү күнгө чейин ыраазы болуп келем.
1989-жылы борбор шаарыбыздагы көзү начар көргөн балдар интернатынын биринчи классына кадам койдум. Билим алган мектебимдин коомдук иштеринин лидери болчумун. Кандай гана майрамдык кечелер, конкурстар болбосун ар дайым комузум менен кубулжута ырдап классыма бир канча жолу жеңиштерди да алып бергем. Классымда бош боло калганда эле "Марс ырдап берчи" дешип менин ырдаганымды угуп олтура беришчү. Бала кыялымда тарыхчы же тилчи мугалим болсом дечүмүн. Бирок 9-10-класска барганымда жан дүйнөм биротоло музыканы дегдеп, аны менен азыктангандай болуп, түбөлүк музыкасыз өзүмдү элестете албаганымды байкадым. Ошентип тапталган талант, көөдөндү дегдеткен музыканын күчү мени 2000-жылы М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнө ээрчитип барды. Көзүм азиз болсо да дени- карды соо балдар, алдында өзүмдү кемсинтпестен, алар менен бирге теңтайлашып билим ала баштадым. Дал ошол окуу жайга жаңы кадам таштаганымда окуу жайдын жатаканасынан апам экөөбүзгө бөлмө бөлүндү. Күнүгө апамдын жетелөөсүндө окуу жайыма барып келип аттым. Эне деген жүрөгү түткөн, бала үчүн жан дилин бергенге даяр тура. Ошентип окуу жайды да бүттүм. Апамдын "сен мыкты музыкант болушуң керек" деген ураанынан кийин музыкага болгон билимимди дагы тереңдетиш үчүн борборубуздагы Улуттук Консерваторияга тапшырдым.
Ал окуу жайдын эшигин да апам экөөбүз бирге аттап, жатаканасында бирге жашап жүрдүк. 3-4-курска барганымда гана күнүгө барып келген жол мага жат болуп, өзүм барып келип жүрдүм. Азыр 5- курсмун, Токмоктон барып келип окуп жатам.

Күндүн
шооласын көрөм
Өзүмдү көзүм көрбөйт деп өзгөлөрдөн кем көргүм келбейт. Менин көзүм көрбөсө да кулагым угат, бутум басат, колум иштейт. Азиз болсом да мени эч нерседен кем кылбай, кийимимди бүтүндөп, билимимди тереңдетип аткан ата-энеме терең ыраазымын. Ата-энемдин ак эмгегин мен алардын алып берген билими менен талыкпай эмгектенип актаганга аракет кылам деп сөз берем. Көзүм көрбөсө да сүйлөшкөн адамдарым менен кайра бир айдан кийин жолугушуп калсам да үнүнөн жаңылбай тааный алам. Бир, кем дүйнө деп коёт эмеспи. Менин көзүмдүн азиздиги кем болсо, жаратканым мени үй-бүлөдөн, турмуштун татаал жолдорунан кем кыла көрбөсүн деп тилейм.

Азыр бактылуу атамын
Күз айларынын бири эле. Токмокко келсем ата-энем үйлөнбөйсүңбү деген сунуш киргизип калышты. Көп ойлонбостон алардын айткан кызы менен сүйлөшүүгө жөнөдүм. Жыпаранын жагымдуу үнү, жакшы маеги дароо эле мени өзүнөн чыккыс кылып байлап алды. Ойлогон оюубуз бир чыгып, жылдызыбыз келишкенин байкаган соң бир айдын ичинде баш коштук. Ынтымактуу түтүн булатып, бири-бирибизге эриш-аркакпыз. Бала кезимден апамдын жетегинде жүрсөм азыр менин тирөөчүм жубайым. Мындан туура бир ай мурун Айдар аттуу уулду болуп, келинчегим экөөбүз чексиз кубанычтын кучагындабыз.

Жан дүйнөдө жаралган жагымдуу кайрык
2003-жылдын 8-марты эле. Апамды майрамы менен куттуктайын деген максат менен Токмокко келгем. Дал ошол күнү Сыймык Бейшекеев клубка концерт коюп таланттууларды тандайт экен деп таякем айтып калды. Анан ошол концертке таякем экөөбүз комузубузду көтөрүп алып бардык. Көңүлдүү маанай тартуулаган концерт аягына чыккан соң талантуулардын конкурсу жарыяланды. Мен дагы өз кезегим келгенде сахнага чыгып, комузумду кыңылдатып ырдап бердим.
Менин ырдаганым Сыймык байкенин купулуна толуп, элдин да кол чабууларынан кийин өз колунан 2000 сом байгенин ээси болгом. Кийин борбордо өткөн концертине да чакырып, Кожомкул атындагы Спорт сарайынын сахнасында да ырдап бергем.
Бир күнү эле комузум менен ар кайсы ырдын башын ырдап, зериккенимден өзүмдү өзүм алаксытып олтургам. Эч кимдин кайрыгына окшобогон, буга чейин укпаган обон кулагыма жаңырып, комузумдун нотасына түшүп атты. Жүзүмдү жылмаюу ыроолоп жаңы наристелүү болгондой чексиз сүйүндүм. Азыркы айрымдар аткарып жүргөн жеңил желпи ырларды мен күнүгө эле жаза берчүдөймүн. Андай ырлардан көрө бир жылда бир ыр жаратсаң да маанилүү, укканга жагымдуу болсо.

Бир туугандарым менин сыймыктарым
Менин чоң аталарым чыгармачылыкты эң жакшы түшүнгөн, музыка чөйрөсүндө жүргөн кишилер болгон экен. Кооз комуздарды чаап устачылык эмгектерин да билем. Алардын жолун улап менин атам да комуз чабат.
Мен үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Ар дайым өйдөмдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бир туугандарым менен чексиз сыймыктанам. Эң улуу эжем Тынара жолдошу Сталбек жездем экөө Опера Балет театрынын артисттери. Андан кийинки эки эжем тең турмушка чыгышкан. Менден кийинки карындашым Бурул учурдагы жаш ырчылардын биринин жароокер жары.

Апасы Алмагүл Сыдыкова: Түштөгү аян
Бир күнү түндө түшүмдө кооз курч бычак көргөм, анан эле бир заматта ал кооз курч бычактын башы тең ортосунан кесилип калыптыр. Ошол түшүмдө "мага бүтүн эле бычак керек эле" деп аябай өкүнүп аткан жеримден ойгонуп кеткем. Кош бойлуу кезимде мындай түштү неге көрдүм экен деп жүрөгүм болк эте бир нерсени сезгендей бүдөмүк ойдо калып, ал түшүмдү жакшылыкка жооруп койгом.
Боюмдагы бала жаңы түйүлдүк болуп 1айдан ашып экинчи айга жете электе сасык тумоо оорусу менен ооруп калгам. Катуу ооруп чыдабай калганда гана оорукана жатып дарыланып чыккам. Негедир курсагымдагы бала оорудан соң жакшы эле болоор бекен деген ой ошондо эле пайда болгон. Дарыгерлер баланы "аборт" жасатып алдыртайын деген сунушумду четке кагышып, "баары жакшы эле болот, төрөй бер" деген сыяктуу жоопторун айтышкан. Ошентип кубанычыбыз койнубузга батпай үч кыздан соң уулду болдук.
Төрөт үйүнөн чыгып үйгө келгенибизде апам менен кайын энем баланын азиз экенин дароо эле байкашкан экен. Биздин жүрөгүбүздү оорутуп айтпай эле коёлу дешип жашырып коюшуптур. Бала эки айга жакындап калганда гана биз атасы экөөбүз байкап дарыгерлерге кайрылып көрдүк. Бирок жакшы жыйынтык чыкпасын билдиришип убара болбошубузду суранышты.
Балабызды кичинекей кезинен баштап үнү чыккан радио менен тарбиялап, келечекте көзү азиз болсо да Токтогул атабыздай ырга шыктуу, комузда кол ойноткон жигиттерден болсун деген тилекте атасы экөөбүз борбор шаарыбыздагы Опера балет театрынын алдында жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин алдына келип сүрөткө түшкөнбүз.

Үйлүү болуп калса экен
Биздин азыркыга чейинки пайдаланган дүнүйөбүз, жашаган үйүбүз Марс төрөлгөнгө чейин жыйнаганбыз. Ушул убакытка чейин тапканыбыздын баарын балабыз үчүн жумшап, азиздиктен айыктыруу үчүн Москвага чейин барып келдик. Эми кудай жалгап Жаңы жыл алдында өкмөтүбүз тараптан колдоо көрсөтүлүп, 1 бөлмөлүү үйлүү болгону турат.

Элнура Курсант кызы




Быйыл кандай өтүктөр мода?
Ар мезгилдин өзүнчө өзгөчөлүгү болот эмеспи.Айрыкча айымдар жылдын кайсы мезгили болбосун модалуу, жарашыктуу, кооз кийингенге умтулат. Ушундай моданы сүйгөн айымдарга бул багыттагы адистер быйыл кышта кандай өтүктөр мода болору жөнүндө төмөндөгүдөй кеңеш берет.

1) Замшы өтүктөр-бул бут кийимдер адатта жөнөкөй, ашыкча кооздугу жок тигилет. Алардын өзгөчөлүгү алардын өңүндө. Эгер костюмуңузга тууралап өң тандап кийген болсоңуз, анда сиз бул кышта модалуу кийинген айымдардын катарын толуктайсыз.
2) Чачылуу өтүктөр-бул өтүктөр да ар түрдүү материалдан, ар кандай фасондо жана чачылары да бири-бирине окшошпойт.Мисалы: кээ бир өтүктөрдүн чачылары үстүнөн ылдый карай кетсе, кээ бирөөлөрүнүкү артында болот. Сиз кандай чачысын тандасаңыз да анын замшы болгону оң. Кошумчалай кетсек, бул бут кийимди бутуңуздун өңүндөй түстөгү колготки жана калың кыска юбка менен кийсеңиз көркүн ачат.
3) Бийик такалуу кең өтүк-бийик таканы жакшы көргөн айымдардын гардеробунун төрүнөн орун алчу өтүк. Себеби джынсы шым менен эле эмес кандай костюм менен кийсеңиз да жараша берет.Ал эми өңүн айта турган болсок дале болсо үстүнкү кийимиңизге жараша тандасаңыз жаңылышпайсыз.Кеңдигинин канчалык деңгээлде болушу да сиздин гана каалооңуздан.
4) Тизеге жеткен өтүктөр-тизеге чейин же андан бир аз өйдө болгон бул өтүктөр жапыс, кең такалуу болгону жарашыктуу. Алар бутка абдан ыңгайлуу келип, бутуңуз эркин жүрөт. Андыктан тар шым же кыска шым менен кийип алсаңыз эч ойлонбой эле коюңуз. Себеби сиздин мындай тандооңуз эң туура. Урматтуу айымдар, кулагыңыздарга күмүш сырга-бул бут кийимди көйнөк менен кийээрде анын узундугуна көңүл буруңуз.Анткени көйнөгүңүздүн этеги өтүгүңүзгө тийип турса жарашыксыз көрүнөт.
5) Аябай узун өтүктөр-жоон санга жеткен бул өтүктөрдүн да жаккан түсүн тандап, ага келишкен кыска юбка менен калың күңүрт түстөгү колготки же туника менен андан бир аз узун пальто, кардиган кийип алсаңыз болот.

Даярдаган Айтурган Сатиева










??.??