presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Жылдыз белгиңизге карап түс тандаңыз
Адамдын келбетине, өңүнө ылайыкташтырылган түс ага кадимкидей жагымдуу маанай тартуулап, көңүлүн көтөрөт. Түс тандоодо албетте биринчи кезекте табитиңизди, кызматыңызды, мүнөзүңүздү жана моданы эске алыңыз, андан тышкары жылдыз белгиңизди да унутпаңыз.

Кой жылдызында төрөлгөндөргө кызыл, көгүлтүр жана жалтырак түстөр ыңгайлуу.
Букачарларга болсо сары, лимондун түсүнө өңдөш түстөр жана кара түс туура келет.
Эгиздерге ачык көк айтор, көп эле түстөр ылайык келет, болгону жашыл түскө басым жасабаңыз, бул түс сизге эч убакта көркүңүзгө көрк кошпойт.
Бөйөндөргө көбүнчө кара жана ак түстөгү кийимдер, андан тышкары күмүш түстөргө көбүрөөк ыктагандары оң.
Арстандарга кызыл, сирень гүлүнө өңдөш жана сары түстөр куп жарашат.
Жашыл, ак түстөр атайын бийкечтер үчүн жаралган. Ушул аталган түстөргө басым жасасаңыз маанайыңызга да оң таасирин тийгизет.
Таразаларга деңиздин түсүндөй өңдөр менен бардык ачык түстөр төп келет.
Чаяндарга болсо көгүлтүр, ачык сары, чымкый жашыл өңдөр гана жакшы таасирин тийгизет.
Жаачы жылдызындагыларга болсо күңүрт түстөрдөн тышкары көк, кызыл жана мала кызыл түскө көп көңүл бөлгөндөрү оң.
Текечерлерге ак, сары, күңүрт жашыл, сыя көк түстөр жакшы жарашат.
Көөкөрлөргө көк түс менен ак түс жакшы ылайыкташтырылган.
Балыктар болсо ак жана кара, күмүш менен алтын ошондой эле чымкый сары түстөр жакшы жарашат.




Оозуңуздун формасына карап жөндөмүңүздү аныктаңыз
Адамдын оозунун формасынан улам анын жашоодо кандай багыт алганын, табитин жана бир аз болсо да кулк мүнөзүн аныктаганга мүмкүн экен. Адистердин берген жыйынтыгын карап көрсөк төмөндөгүдөй кызыктуу фактылар келип чыгыптыр.

o Орто формадагы ооздордун ээси жашоодо сүйүүнү туу туткан, жан-дүйнөсү назик "чын тийбес" жандар болушат. Ал эми достукка бекем, көңүлчөөк келишкени менен олуттуу маселелерди чечүүдө чечкинсиз келишип, бир топ нерседен куру калышат.
o Эрди ичке жандар эмоцияларын дайым ичине каткан, дайым өзүн бирөөнүн алдында милдеттүү сезген, жок жерден эле жалаага кабыла бермей жайлары бар. Булар өзүнөн да бирөөнүн кызыкчылыгын жогору коюп, өзүлөрүнүкүн арткы планга жылдырышат.
o Калбагай эриндүүлөр жалкоо, алдында турган ишин улам артка жылдырып күн кечиргендер. Жакшы жагы мурдакы башынан өткөргөн кыйынчылыктар менен жаман көрүнүштөрдү тез унутушат жана ар дайым оптимистик көз карашынан жазбайт.
o Уурту бир аз ылдый караган адамдар жүрөгүнө болоор-болбос көрүнүштөрдү жакын кабыл алган асан кайгылар. Булар жашоодо уруш-талаштан оолагыраак жүрүүнү каалап, сарамжалдуу келишет. Ал эми тескерисинче уурту өйдө карагандар көпчүлүктүн көңүл борборунда болууну каалап, активдүү болушат. Анча-мынча тоскоолдуктарга моюн сунбай оңой менен санаага жеңдиришбейт.
o Астыңкы эрди жука адамдар үй-бүлөгө күйүмдүү болушуп алардан мыкты кожоюн же кожейке чыгат. Материалдык байлыкты колунан келишинче жыйнап, бир аз сараң болушат. Үстүңкү эрди жукалар баёо, майда-барат жумуштарга маани бербей, адамдардын кыялындагы кемчилдиктерге көз жумуп, сырткы сулуулукту баалагандар.




Пайдалуу кеңеш
Адамдын организмине пайдалуу витаминдер
Адамдын организминин калыптануусуна кээ бир витаминдер чоң таасирин тийгизет. Мисалы А витамини караңгыда көзгө жакшы таасирин тийгизгенден тышкары бойдун өсүшүнө өбөлгө түзсө, темир гемоглабиндин нормасын кармаса, темирдин аздыгы анемияга алып келет. Колдон келишинче алманы көп жесеңиз ден соолугуңузга пайдасынан башка зыянын тийгизбейт. Ал эми сабизди ыңгайы келген учурда кыртылдатып жеп турсаңыз көзүңүзгө пайдалуу.

Колуңуз кагырап кургай берсе...
Адамдын жашоо турмушун анын колуна карап билсе болот экен. Мисалы дайыма суудан чыкпай айна, самынды көп колдонсоңуз колуңуз кагырап кургап, түлөй баштайт. Мындай учурда глицерин майына нашатырь спиртинен бир аз аралаштырып туруп колго чылпылдатып сүйкөп туруп атайын кол кап кийип, бир нече убакыттан соң жылуу сууга өсүмдүк майынан кичине аралаштарып туруп он-он беш мүнөт салып отуруңуз. Мындай массажды күнүгө эле колдоно берүү туура эмес, бир жумада эки жолу колдонсоңуз жетиштүү болот. Колуңуз кургабай кадимкидей жумшарып жакшырганы сизге байкалат.

Кышкы бут кийимди
кантип тандоо керек?
Баарыбыз кышкы бут кийим алууда албетте анын сапатына жана баасына көңүл бурабыз. Бирок жаңылышпай бышык бут кийимди деги эле кышында кандай өтүк кийген ыңгайлуу? Эң негизгиси бут кийим чытырабай кенен болуш керек, анткени өтө тар бут кийим бутту такыр жылытпайт. Анан албетте өтүктүн такасына да көңүл буруу абзел, кышында муздун үстүндө болбосо да тайгалакта бийик така менен басуу бир топ оор, жана буттун өзүнө зыян. Ошондуктан бут кийим сатып алууда такасынын бийиктигине да көңүл буруңуз, кыска бойлуу айымдар шиш така кийүү менен бойлуу көрүнөм деген ою жаңылыштык, анткени ошол учрда боюн эмес ден соолугун ойлогон оң болоор.

Баланын ичи катса
Заңы каткан балдардын рационуна айран, быштак, каймак, жашылчадан даярдалган суп менен салат(өсүмдүк майына аралашкан), гречкадан жасалган ботко, бал жана кыям кошуу керек. Ичегилердин "кыймылын" азайтуучу азык-түлүктөргө балык, эт жана нан кирет. Ромашканын, жалбыздын, тегерек баш чөптүн жана айрым бир башка чөптөрдүн кайнатмасы ичегилердин кыймылдоосуна оң таасирин тийгизип, сезгенүүгө каршы жана ооруну басаңдатуучу сапатка ээ.









??.??