presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыйкырдуу бий дүйнөсү

"Жүрөгүмдү" ырдап жүрөгүбүз түшүп калган
"Көч бара-бара түзөлөт" дегендей канчалык жашообуз жакшырган сайын кыргыз маданиятында бир топ жаңылануулар жана ийгиликтер байкалууда. Аты тарыхта калган не бир сонун таланттардын тамырын улап өсүп келе жаткан өнөрлүү жаштарыбыз эртеңки келечектен кабар берет.
Жаш болсо да кыргыз шоу бизнесинде өз ордун таап, 600 кызды тарбиялап эл сүймөнчүлүгүнө арзып, салмактуу иш алып келе жаткан "Назик" бийчилер тобун бүгүн биз төрүбүздүн сыйлуу коногу катары кабыл алдык.

Назик:
"Атак- даңкка жулунган жан эмесмин"
- Назик айтсаң, уюшулганыңарга 9 жылдын жүзү болуптур. Ушул жылдар аралыгында кандай иштерди жасап жетиштиң?
- Бул жылдар аралыгында бири-бирине окшошпогон чоң программадагы 3 концерт бергенге жетиштим. Албетте, бардыгы тең көп изденүүнү, жоопкерчиликти талап кылган концерттерден болду. Алгачкы концертибизди "Назиктин" 5 жылдыгына карата койдук. 2006-жылы Борончу байкенин жардамы менен "Жазгы Назик" деген аталышта апрель айында Спорт ордосунда өткөрдүк. Ушул концертимди ыйык деп атасам да болот. Себеби, биз сыймыктанган улуу эже-байкелерибиздин батасын алгам. Ал эми 2007-жылы 7-май туулган күнүбүздө күйөрмандарыбызга "Жомок концертин" тартууладык. Мында Ханзаада болуп, анын ырчы, бийчи балдарынын ролун жаш эстрада ырчы досторубуз ойноп берди.
- Жомок концертиңердин өзгөчөлүгү айтпасаң дагы белгилүү болуп турат. Эсиңде калган бир окуядан айтып берсең?
- Бул концертте бийлегенден сырткары бийчи кыздарым ырдашты да. Негизги группам болгон 6 кыз менен Султан Садыралиевдин "Жүрөгүм" деген ырын аткармак болдук. Бирок, автору катары Кайрат Примбердиевден сурасак да, аткаруучудан жана продюсеринен сурай албай койдум. Себеби, "Жок, ырдаба" десе шагым сынат деп чочуладым. Анан эмне болсо, ошо болсун буйруктан көрдүм деп ырды өзүбүздүн үн менен жаздырып ырдап чыктык. Султан ырдап бүткөндөн кийин "сахнадан кетпе десек" , "Эмнеге кете берейинчи" дейт. Анан биз 6 кыз үйлөнүү тоюнун көйнөктөрүн кийип Султанды тегерете айланып "Жүрөгүмдү" ырдадык. "Жүрөгүмдү" ырдап алып, Динара эже менен Султандан жүрөгүбүз түшкөн. Бирок жыйынтыгында баарынан "Азаматсыңар" деген сөздү укканбыз.
- Сен жетектеген "Назик" бийчилер тобунда 600 кыз тарбияланып жатканын баары биле бербейт. Кыздар канча жаштан канча жашка чейин?
- Мен жетектеген топ 600 баладан турат. Эки студия иштетебиз. Кыздардын курак жашы 14-25 жашка чейинкилер. Ар бир группанын өзүнчө расписаниелери бар. Кадимкидей сабакка келгендей катышышат. Бир жыл сабак алгандан кийин, бир жыл практикада бийлешет. Албетте, мындай аралыкта кыздарым назик болуп чыга келишет. Алардын арасынан 300 кыз толук кандуу бийчи болуп концерттерге катыша башташты. Ал эми менин негизги тобум болгон 5 кызым мага жардам беришип, окуучуларыма сабак өтүшөт. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыздарымдын ата-энелерине чоң ыраазычылык билдирем.
- Мындай эл көзүнө көрүнүктүү ишти алып барганың менен көпчүлүк сени жүзүңдөн тааный беришпейт. Мунун себеби эмнеде?
- Канчалык иштесем да өзүмдү реклама кылган эмесмин. Биринчиден убактым жок, а негизи өзүм табиятымдан атак-даңкка жулунган жан эмесмин. Эмгек кайда болбосун бааланат деп ишенем. Бирок, сен айткандай кээде бул нерсе да керек экен. Шоу-бизнесте ар кандай көрө албастыктар да, кыйынчылыктар да болбой койбойт. Келечекте Гүлшайыр Садыбакасовадай ийгиликтерди жаратып, кыргыздын чыгаан кыздарын тарбиялагым келет.
- Бири куудул, бири ырчы сынагында Күмөндөр, Абдылда байкелер баш болгон улуу муундарга бий үйрөткөн кыйын болгон жокпу?
- Чынында "бул кыз силерге бий үйрөтөт" деп мени Рахман Разыков тааныштырганда алар "Мынча кичинекей кызды кайдан таптың, бизге үйрөтө алабы?" деп мага ишенишкен жок. Ошентип, бир ай бою кадимкидей расписание менен бий үйрөтүп жаттым. Кызыгы менин коркконум Сыймык байке болду. Анткени, бийге да келбей жүрдү, үйрөнө алабы деп сарсанаа болуп жаттым. Концертке 2 күн калганда Мээрим Мураталиева экөө келип, тескерисинче тердегенче бийлеп аябай аракет кылып үйрөнүп кетишти. Сабактан калбагандар жана кечикпегендер Күмөндөр байке менен Салима эже болушту. Күмөндөр байке өзүнүн бийин бийлегени аз келгенсип, бардык катышуучулардын бийин бийлеп күлдүрүп жатты. Испан бийин бийлей албай кыйналган жана мени да кыйнаган Абдылда байке болду. Ал мага "Назик, сен мени Ну погодидеги карышкырдай кыйнадың, иши кылып аман бол, ушул концерт бүткөндө сенин бетиңди карабайм" деген. Анан концерттен кийин чуркап келип бетимден өөп, абдан ыраазы болуп, батасын берген.
- Жаңы жылдын алдында кандай пландарың бар. Бул жыл сага эмнеси менен айырмаланды?
- Чынында бул жыл эң жемиштүү, ийгиликтүү жыл болду десем болот. Өзүмдүн бий тобумду жаңы кыздар менен толуктап, экинчи студиямды ачтым дегендей. Кытайдын Шанхай жеринде болуп келгенбиз, эми жакында Пекинде өтө турчу фольклордук концертке чакыруу алдык. Азыр ошол концертке катуу даярданып жатабыз. 5-декабрь "ЭлТР" телеканалы уюштурган концертте "Эң мыкты бийчилер тобу" наамына ээ болдук. Ошондой эле жаңы жылдык программаларга дагы жаңы бий, жаңы костюмдарымдын үстүндө иштеп, убакыттан гана уттуруп жатабыз.




Абдыбекова Асел
Арстанбековна, 17 жашта:
"Бий мен үчүн сүйүктүү хобби"
- "Назик" бийчилер тобуна 2005-жылы кастинг аркылуу келгем. Назик эже мага абдан сүрдүү көрүнгөн. Ал бизге бий үйрөтүп жатканда "сенин боюң узун экен, башкаларга көрүнбөй калат" деп мени артка тургузуп койгон. Мен ошондо кастингден өтпөй калдым окшойт деп ойлогом. Бирок, кудай буйруп өтүп кеттим. Бий-менин сүйүктүү, ардактуу хоббим.

Кудайбердиева Асел
Кушбековна, 18 жашта:
"Ардактуу бийчи болгум келет"
- Бала кезимден бий ийримине катышып келгем. 9-классымда "Назик" бийчилер тобуна кастинг аркылуу 150 кыздын арасынан өткөм. Мен бул топко кошулгуча англис тили боюнча котормочу болуп иштейм дечүмүн. Ал эми азыр кыздарга тиешелүү бардык жакшы сапаттарды үйрөнүп, мээримдүү эне, атактуу бийчи болгум келет.

Ибраимкулова Айгүл
Жумабековна, 19 жашта:
"Назик үчүн өз салымымды кошом"
- Мен дагы төрт жылдан бери бийлеп келем. Ушул жылдардын ичинде бий дүйнөсүнүн сыйкырдуу нерселерин үйрөндүм. Мен бул топко келгиче бий жөнүндө терең эч нерсе билчү эмесмин. Бирок, абдан кызыкчумун. Келечекте "Назик" бий тобу үчүн өз салымымды кошом деп ойлойм.

Абдыбекова Айзада
Арстанбековна, 19 жашта:
"Бийсиз жашоомду элестете албайм"
- Бийге чейин мен музыкалык мектепте окугам. Алгачкы жолу сахнага бийлеп чыкканда, ушунчалык толкундангам. Чоң сахнадан өзүмдү бир башкача сезгем. Мен бийсиз жашоомду элестете албайм. "Назик" бийчилер тобуна кошулганыма абдан бактылуумун.









??.??