presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күлкү жана тамаша

Сүйлөшүп алалы туугандар. Сатиранын тузагына илинип калып, чындыкка чыдай албай чыңырып, чырдап кетмей жок. Жок жерден эле бирөөнү бөөдө кокуйлатпайбыз. Күлкү бети болгон соң чымчыкейи, ачыткысы, кычыткысы, кайгы тамашасы баары аралаш. Онтоткон оорубузду каймана тилге салып, айланабызда ашынып кеткен терсаяктарды эсине келтире сайгылап туруу биздин кесиптик милдет. Андыктан акыяларыбызды сабырдуулук менен кабылдаңыздар.

Жыдыгандар жылгасында...
Омоке, Омоке - тракторлор канаке?
Илгери "акын" десе эле алкымы таза, аруу жан, кол тийгис бийиктик деп ойлочубуз да. Көрсө буларыңдын ит кумары, биздин арампороз бюрократтардан ашып түшүп, эгемен өлкөбүздөн эсин оодарганга эки эсе күчтөрү бар турбайбы, кашайгырдыкы? Баарынан күйдүргөнү ээгине сакалы бүтүп, акыл айтар мезгилге жеткенде, беш манжасын тыгып, ачкөздөнүп, көздөрү кызарып тургандары жанды кейитет экен. Тээ өтүп кеткен кылымдын токсон бешинчи жылдары акын Омор Султанов "Бей-бечаралар" партиясынын төрөгасы болуп, төрдө желбегей жамынып отуруп, кадимки Мелис Эшимканов менен саясый тандем боло калышып, тамаша -шоу башталган. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт деген ырас белем. Экс-президент А.Акаев бей-бечараларга бөлүштүрүп (бекер) бергиле деген 10 мини трактор жана минсельхоз жеңилдетилген кредит аркылуу берген алты трактордун изи кайда жашырынып, кимдердин колунан курман болгондуктары азыркыга чейин эч ким билбейт. Кокустан Омокеге жолуга калганда анын дайынын сурап жиберсең, сөгүп жиберип тетири бурулуп качып кутулмай адаты бар. Биз анын 15га жери, дунгандан достору бар деп угабыз. Оптом жоголгон бейиши болгур тракторлор жөнүндө Омокем ооз ачып жооп берип коер бекен? Бей- бечаралардын эсебинен байып кетсе М. Эшимканов же О. Султановдор олигарх болуп чыга келишет эле. Бирок андай бовойт экен да...

Киндиктен ылдый тепмей жок!
"Жалгыз чокем эптеп өз күнүн көрөөр"
Экс-ажобуз А.Акаев менен эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев ынтымакташып дүйнө кыдырып, Франциянын Парижинде болушуп көпкө ымалашып жүрүп калышат. Кантсе дагы мурдагы ажобуз сезимтал киши эмес беле. Жалгыз жашап күн өткөрүп жүргөн жазуучу акебизге боор ооруганбы же башкасыбы айтор, учурдун ыңгайын келтирип К.Жусубалиевге:
- Жалгыз жүрбөй үйлөнөм десеңиз жардамыбызды аябайбыз,- деп маселени кабыргасынан коюп калат. Анда чочуп кеткен кызыктай мүнөздүү жазуучу:
- Сиз чочок жөнүндө айтып жатасызбы, жалгыз чочок эптеп өз күнүн көрөөр,- деп ажонун башына муздак сууну сепкендей басып кеткен экен тооба.

Эмнеге, эмнеге?...
Ишенбейм, ишенбейм
Улуттук каналды үмүттөнүп көрөбүз. Адаттагыдай көгүлтүр экранды көрүп олтурсак, мектеп окуучуларынын сахналаштырылган спектакли болуп калды. Анда:
"Ишенбейм, ишенбейм, турмушту таттуу дейсиңер,
Ачуусун татып туруп, кантип аны таттуу дейм.
Ишенбейм, ишенбейм жашоодо чындык бар дейсиңер,
Жалганын көрүп туруп, кантип аны чындык дейм . .."
"Ишенбейм, ишенбейм" деген сөздөрдү окуучулар улам кайталаган сайын, денеме ток жүрүп, азыркы биздин турмушубуздун анык жүзүн айтышкандай көз алдыма М.Эшимкановдой "Элита болумуштардын" саясий мүнөздөрүн көз алдымдан өткөрдү. Ичимден "аларга ишенбей, өзүңөргө, Кудайыңарга ишенгиле" деп алкап жаттым.

Изде, тап...
Уручка
Токмокто концерт коюп жүрүшүп, мейманканага жатып калышат. Бир нерсе жазмак болгон Төлөбек Асакемдин уручкасын сурап алып, жазып бүтөрү менен катарына кайдыгер таштап салат. Аны байкаган куудул акырын айланып өтүп баратып, уручкасын алат да чөнтөгүнө салып алат.
- Келе, уручканы,-дейт бир кезде. Алактай түшкөн Төкө аяк -быягын карап, чөнтөктөрүн оодарынып калат. Таппасы белгилүү да. Асакем кадимкисиндей капа болумуш болуп:
- Сага ишенип берген мен акмак, жакшы көргөн уручкам эле, каа-ап, изде, тап,тап-деп коюп тышка чыгып кетет. Кайра келсе бөлмөдөгү бардык эмеректер чачылган.
- Таптыңбы?
- Жок... Асаке, ошондой уручкадан онду сатып берейинчи?
- Кереги жок, өзүн тап. Мынабу документтердин баары ошол уручка менен толтурулган. Башка сыя болбойт. Колум да ошого көнүп калган. Тап, изде!
Кайрадан чыгып кетет. Бир сааттан кийин кайра келсе, издеп такыр таппай, суй жыгылган Төкө шалдырап отурган ордунан тура калып:
- Айланайын, Асаке, таппай койдум, ошондой эле уручкадан жыйырманы сатып берейинчи!-деп ыйлап жибериптир.
Мергенбай Касыров

Биздин замандын сая-Сатчылары
Миң бир жорук...
Бу биздин замандын саясаткөй акылмандарынын айлакерлигине таң каласың. Деги башка өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай маскасы жок маскарапоздор бар болду бекен? Кыздын сыры төркүнүнө маалым дегендей Турсунбек Акундун сыры бизге маалым. Кой терисин жамынган бөрүлөр намазга жыгылып, ажыга барып, акыйкатчы болуп, Алла тууралуу кеп козгоп калгандарын кантесиң. Өткөндө Турсунбай Бакир уулу "Маскарапоздун кылыгын ак-кара деп талдабай, жөн гана күлүш керек " деп так жообун даана айтты. Мындай сынга акыйкатчы жооп бере албай какап калды. Чалагайым чиновниктин бюрократчыл мүнөзүндөгү миңден бир гана жоругу: бу киши гезиттерге чыгып пресс-конференция берип эл алдында жол башчы болуп көрүнгөндү өлө сүйөт. Сөзүнө турбай өтө тайгалак, жарыктык. Бир күнү шашкалактап бирөө кууп бара жаткансып маалымат жыйынын өткөрүп жатып, орус тилинде аягын чыгара сүйлөбөй "Вот стоит мой член" деп жанындагы "мүчөсүн" көрсөткөнүн анын абысыны болуп алган Мелис Арыпбек деген тандемдеш досу түгөтө албай айтып жүрөт.
17 жылдан бери биз издеген демократия, акыйкат Т. Акундун өңүнө окшош болсо анда, дагы тарта турган шорубуз арбын окшобойбу? Бакиевдин командасы болбосоң коё кал.

Студияга """приз"!..
Бейишке бөлөнгөн бойдок
Жаш кыздын кооз мамагын көрүп калып, көзү күйгөн бойдок:
- Айланайын аппак кыз, эсти оодарган көркөмдүү көкүрөгүңүздөн бир кармап алсам болобу?
- Турчу ары, уяты жок!
- Чоң кыз 1000 сом берем.
- Жогол дейм!
- Беш миң сом берем, мени жалдыратпа! Бир гана эмчегиңди карматып койчу!
- Мейли...
Далдоо жерге киришет. Кыз лифчигин чечет, жигит анын бир жак эмчегине бетин тийгизип, экинчисин эси ооп карайт.
Кыз:
- Бол, кармабайсыңбы?
- Мен чынчыл адаммын, экинчисине акчам жетпейт,- десе:
Эротикалык зонасын эздирип, чыдабай кеткен селки:
- Экинчиси сага приз, мага мынчалык эт-бетинен кетип эч ким эстен танган эмес. Азамат экенсиң! Бол карма,эз...Тез бол-деп башы тегеренип ийип бериптир... Ох, жыргал, жыргал. Кудай бир колдоп эмес, эки колдоп берет деген ушул деп, тирелип турган бейишке боюн таштаган экен бойдок.

Бала, бала - бал тил
Чочонун көрүндүгү
Куудул Жаныбек Алыкулов бир жылдары Бишкектен алыстап Жалал-Абадка кетип иштеп жүрүп, уулун сүннөткө отургузуп майрам салтанаттар уланат. Жинди суудан көбүрөөк татып жүргөн учуру. Башы ооруп кыйналып, анысын жазайын десе чөнтөгүндө бирдемеси жок. Айласы кетип, чочосун кестирип талтаңдап басып жүргөн баласын ээрчитип көчөгө чыгат. Алдынан жолуккан аяш аталары уулунун чочо көрүндүгүн берип Жакенин сообуна калышат. Дагы ошондой күндөрдө окуя кайталанып "Кана, кана чочоңу көрсөтчү, жигит болгон турбайсыңбы" деп көрүндүгүн узатышат. Азыркы балдар кыйын да, момпосуй алып бербей жүргөнүнө ичинен кичине таарынып жүргөн го. Бир маалда дагы таанышы чыгат. Анда баласы: "Ата, ата өзүңүздүкүн эле көрсөтпөйсүзбү, сиздики
чоң да, чоң акча берет"
деп атасын уялтыптыр.

Даярдаган Демберди Куйкумбаев










??.??