presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тентек пикиробон
Элибизде төбөсү көрүнгөн адамдардын ар бир кыймылы, дем алганына чейин карапайым калкты кызыктырса керек. Биз алардын айрымдарына күтүүсүз, тентек суроо узатып, төмөнкүдөй тентек жоопторду алдык.

Аялын алмаштырбаган эркек болбойт дегенге кошуласызбы?
Абдылда Иманкулов: -Бирөө сураптыр: -Күйөөсүнүн көзүнө чөп салбаган аял, аялын алмаштырбаган эркек болобу?- деп. Анда экинчиси болот дептир. -Кантип-десе, эгер эркек аялына, аялы күйөөсүнө билдирбей жүрсө ошондо болот деп жооп бериптир. Ха-ха-ха болот бекен?

Концертиңде көпчүлүк эл нааразы болгонунан кабарың барбы?
Айпери Кубик кызы:-Эми баарына бирдей жагыш албетте кыйын. Көч бара-бара түзөлөт эмеспи, мисалы мага өзүмдүн тушоо кесүү концертим жакты. Бардыгы жакшы болбосо да көбүнчөсү ойдогудай болду. Эмкисинде мындан да жакшы аракет кылып, дагы бир топ эмгек жумшап колумдан келишинче жогорку деңгээлдеги концерттерди тартуулаганга аракет кылам.

Сизди "жылдыз оорусуна" кабылып калыптыр дешет го?
Чынгыз Мырзаев: - Башкаларга ошондой сезилиши мүмкүн... Балким чын эле кээ бирөөнө ошондой көрүнүп жаткандырмын, өзүмө андай оору сезиле элек. Балким байкабастык кылып кимдир-бирөөнө катуу айтып алсам кечирим сурайм. Мындан ары "жылдыз оорусуна" кабылдым бекен же жокпу жакшылап байкай жүрөйүн...

Мактанчаактыгыңызды мойнуңузга аласызбы?
Сема: -Мени менен көпчүлүк кыздар, балдар таанышканда мурда сиз менен таанышканга батына алчу эмес элек, абдан сүрдүү көрүнөсүз дешет. Бирок алар менен баарлаша келгенде жөнөкөй, кичи пейил болуп чыга келем. Эгерде өпкө болсом азыркы жаш ырчыларга кыр көрсөтүп, эмгиче тыңсынып аларга туура эмес мамиле жасайт элем да. Тескерисинче азыркы жаш ырчылар келип менден кеңеш сурап, байке катары сыйлашат. Себеби мени ата-энем кичи пейилдикке, жөнөкөйлүккө тарбиялашкан, өзүмдү мактанчаакмын деп айта албайм.

"Молдонун айтканын кыл , кылганын кылба" дегенге кандай карайсыз?
Майрамбек Осмонов: - Таштан-ташка урунуп, майы чыккан сөз да, бирок көпчүлүк молдолор элге акыл-насаат айтып келгени менен өзүлөрү аларды аткарышпайт, кээ бири уктап калат дегендей... ушундан улам элибизде жогоркудай сөз айтылып келет. Бирок бул айтылган сөздүн маанисине, тереңине да түшүнүш керек.

Сизди сахнага сулуулук жетелеп келгенби?
Бактыгүл Бадыева: - Мм... сахнада сулуу кыздар толтура эле жүрүшпөйбү, албетте биринчи талант керек, бирок ошол учурда сулуулук да жардам берет. Эгерде мени сулуулук сахнага алып келди деп ойлогондор болсо алардын оюна тыюу сала албайм, ар бир адамдын өзүнүн жеке пикири болот. Татынакай кыз сахнада ырдап жатса баары эле аны карагысы келет, суктанат. Бул жагынан алганда албетте ырчыларга сулуулук жардам берет. Бирок талантың болбосо сулуулук менен алыска кете албайсың.

Динара кыргыз жыттанган ыр издейт
Кыргыз эстрадасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова жаңы жыл алдында жаңы ыр ырдоону максат кылууда. Бирок, негедир канчалаган китептерди барактаса да өзү каалагандай ырдын текстин таппай койду. Мына ошонун негизинде биздин гезит аркылуу ырчы айым философиялык мааниде жазылган кыргыз жыттанган мазмундуу ырларды кабыл алат. Бирок, ыр сүйүү, же бирөөгө арналган ыр болбой, өмүр, жаратылыш сыяктуу жакшы ырлар болсо деп билдирет. Эгерде сиз жогорудагыдай талапка жооп берген ырларды жазып жүргөн болсоңуз "Обон" гезитинин редакциясына аты-жөнүңүздү толук жазып, ыр менен кошо таштап кетсеңиз болот.

"Белес" радиосу Ардак грамотага татыды
Жаңыланып түптөлгөнүнө бир аз гана убакыт болсо дагы "Белес" радиосу эл оозуна алынып, ийгиликтерге жетишкендиктеринин жыйынтыгы чыга баштады. Кечээ жакында эле чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү кызматташкандыгы үчүн "Белес" радиосуна өз колу менен ардак грамотасын тапшырды. Андыктан аталган радионун эмгек жамаатын Жаңы жыл алдындагы алгачкы ийгилиги менен куттуктап, мындан ары жетишкендиктерди каалайбыз.

Айтматовдун элесине арналган жаңы клип
Макс Бегалиев Жаңы жыл алдында эки альбомун бир убакта чыгаруу менен алпурушууда. Андан сырткары ырчы мырза "Түшүмдө" деген ырына Чыңгыз Айтматовдун өзүн жана кинолорунан үзүндү алып клип тарттырууда.
Андан сырткары Макстын кайненеси Токтайым Үмөталиева кичүү кызына продюсерлик кылып, эстрада ырчысы кылуу үчүн ырларды жаздырып, ал гана эмес бир клип да тарттырып бериптир. Бураш деген ысым менен жаңыдан кадам таштап келе жаткан балдызына Макс өзүнүн колунан келишинче жардамын аябастыгын да билдирди.

Обон - шоу times
Жылдыздуу мырзалар барбы?
Буга чейин кайдасыңды катыра ырдаган ырчынын эми арман деп сыздаган ыры жаштар арасында өз угармандарын таап калган учуру. Андыктан ырчы бул Эркинай Мадылбекованын обонунан жаралган ырга тез арада клип тарттыруу алдында турат. Учурда клипке даярдык көргөн Азиза буту-бутуна тийбей режиссердун айтканын эки кылбастан чуркап жүргөн чагы. Баса, өң-келбети келишкен жылдыздуу мырзалар клипке тартылууну көздөсө Азизага кайрылсаңыздар болот.

"Сонун мюзик" студиясы ачылды
Ырчыларга ыңгайлуу шарт түзүлүп, аранжировка, үн жаздыруу үчүн "Сонун мюзик" студиясы ачылды. Бардык аппаратуралар менен камсыз болгон студиядан жаңы ырлар аранжировкаланып, үн да жазыла баштады. Жакынкы күндөрү журналисттер жана ырчылар үчүн жаңы студиянын ачылыш аземи өткөрүлмөкчү.

Кларанын канатын кайрыган Байышпы?
Байыш Момунов: -Эч кимдин канатын эч ким кайрыган жок, биз Клара экөөбүз отуруп алып жакшынакай эле сүйлөшүп, бир пикирге келип эки башка жолго түшкөнбүз. Турмушта биз күтпөгөн, биз ойлобогон өйдө-ылдый нерселер боло берет турбайбы. Экөөбүздүн ортобузда жакшынакай балабыз бар, мен аны жакшы көрөм, ага кам көрөм. Кандай күнгө туш болсом да уулумдан кол үзбөйм. Ал эми Кларага болсо жеке жашоосуна бакыт, чыгармачылыгына ийгилик каалайм.

Жаңы Жылда жаштардан жомок
Жылда өтчү Жаңы жылдык "көгүлтүр от" майрамдык салтанат быйыл жаштар студиясы тараптан даярдалууда. Жылдагыдай эле өтүүчү бул кечеге аттуу-баштуу коноктор, ырчылар, актерлор чакырылып көңүл ачкан ырлар менен коштолмокчу. Жүздөн ашык таланттуулардын башын кошкон Жаңы жылдык кече өткөн жылдан айырмаланып жомок менен коштолот.

Руслан кайрадан сахнада
Суусамырлык сулуу кыздарга арнап созолонто ырдаган Руслан Нарынбаев мындан эки жыл мурун борборубузга жеке концерт бергенден соң дайыны билинбей кетти эле. Эми минтип кайрадан "жарк" деп жанган жылдыздай бүгүн кыргыз сахнасына кайрадан кайрылып келди. Көрсө ырчы, обончу мырзабыз бул убакыттын ичинде Орусияда иштеп, чыгармачылыгын биротоло түптөгөнгө чөнтөгүн кампайтып жүргөн экен. Учурда жаңы ырларды жаздырып, клип да тарттырууну пландап аткан чагы.









??.??