Ди-Джей маек

"Манас FM" - достуктун алтын көпүрөсү
Ордо калаабыз Бишкек шаарындагы радиолордон өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланган "Манас FM" радиосу кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы "достуктун көпүрөсү" деп аталып келет. Атына заты жарашкан, ободо кыргызча, түркчө сайраган бул радионун түзүлүш максаты, иш алпаруу багыты угармандардын да, окурмандардын да бүйүрүн кызытпай койбойт. Демек, сиздерге мына ушул 102.9 жыштыгын карманган "Манас FM" радиосу тууралуу кененирээк маалымат беребиз.

Бүлент Намал, "Манас FM" радиосунун мүдүрү:
"Манас FM" эки элдин достугун чыңдоо максатын көздөйт"
- Бүлент мырза, алгач кептин башын радионун башкы максаттарынан баштасак?
- "Манас FM" радиосу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин демилгеси менен түзүлгөн. Кыргыз эли менен түрк элинин ортосундагы достук биримдикти чыңдоо, ар тараптуу байланышты жакшыртуу, эки элдин бири-бирин жакындан таанып-билүүлөрүнө өбөлгө түзүү максатын көздөйт.
- Учурда кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыздар?
- Радиобуз жөн гана музыкалык кутуча болуп калбаш үчүн, 2007-жылы жаңы бир нукка бурганбыз. Жаңы дем менен профессионалдуу деңгээлде "Жаңы агым" долбоорун иштеп чыкканбыз. Толук штаттагы кызматкерлерибизден сырткары, сырттан келип өз ыктыяры менен эмгектенип жаткан, коомго пайдалуу уктурууларды алып чыгып жаткан инсандар бар. Алардын ар бири өз кесибин мыкты өздөштүргөн интеллектуалдуу адамдар, кесипкөйлөр десем жаңылышпайм.
- Кыргызстанды Түркияга, Түркияны Кыргызстанга таанытууда сиздердин радио өтө чоң роль аткарып келет. Бул багытта кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?
- Обого чыгып жаткан уктуруулардын айрымдарын Түркия телерадио корпорациясы (TRT) аркылуу Түркиядагы туугандарга, ал жактагы программалардын айрымдарын "Манас FM" радиосу аркылуу Кыргызстандыктарга жеткирүүгө ар дайым аракет кылып келебиз. Мисалы, ушул жумада "Түркиянын үнү" радиосу бизге конокко келип, беш күн бою "55 dakika" деген уктурууну обого алып чыгышып, биздин студия аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн белгилүү адамдар менен маектешти. Спутник аркылуу бул программаны түз эфирден ар кайсы өлкө түрк тилинде уга алды. Ошондой эле айрым кызматкерлерибиз адистигин жогорулатуу үчүн Түркияга барып (TRT) телерадио каналы аркылуу стажировкадан өтүп келишет.


Кундуз Авашова, радионун продюсери:
"Биздин радио ынтымактын данакери"
- Кыргызстан ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жаш, эгемендүү мамлекет эмеспи. Анын сыңары биздин радионун эмгек жамааты дагы ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган. Алар менен бир үй-бүлөдөй эмгектенип жатканыбызга сыймыктанабыз. Ардактуу угармандарыбызга өз учурунда акыркы кабарларды, жагымдуу музыкаларды жеткирип, жан дүйнөсүнө азык болчу берүүлөрдү даярдоо менен алектенебиз. Биздин радио достуктун алтын көпүрөсү, ынтымактын данакери деп айтаар элем. Өзгөчө түрк тилдүү элдин маданиятын, тарыхын жайылтууга аз да болсо салым кошуп келатабыз.

Перизада Алгожоева, Программалардын жетекчиси:
"Дүйнө тилдеринде музыкалар жаңырат"
"Манас FM" алгач 2000-жылы 25-мартта обого чыккан. Бул радиостанция Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиядагы жаңы жана алгачкы университеттик радиостанциялардын катарында түзүлгөн. Бирок, аны университеттин ичиндегилер гана эмес, 102.9 фм жыштыгында Бишкектиктер жана Чүй аймагында жашагандар уга алышат. Радио негизинен көбүнчө кыргыз-түрк, ошондой эле орус, азербайжан, англис тилдериндеги программалар жана музыкалык чыгармалар уктурулат.

Осмон Туланов, радионун инженери:
"Бизди бүткүл дүйнө жүзү уга алат"
- Радионун технологиялык жабдуулары Кыргызстандагы эң алдыңкы заманбап технологиялар менен жабдылган. Анткени бул радиону материалдык жактан Түркия мамлекети каржылайт. Атайын канал аркылуу 24 саат бою интернеттен келип турат. Акыркы моделдеги диктафондор, үндү тазалап турчу, фильтирлөөчү аппаратураларды улам жаңылап турушат. Келечекте радионун уктурууларын Ош, Жалал-Абад жана башка облустарга жайылтуу да планыбызда бар. Манас радиосун интернет аркылуу бүткүл дүйнө жүзү угушат.

Жылдызбек Турсунбаев, ди-джей:
"Кроссовки кийген угарман"
- Мен өзүм жашоодо шайыр жүргөндү жактырам. Кесиптештеримди күлдүрүп, көңүлүн көтөрүү мага адатка айланып калган. Анан да, ар убактан бир жорук жасай салмайым бар. Ушундай тамашакөйлүгүмө байланыштуу бир ирет төмөнкүдөй бир кызыктуу окуя болду: Салам жолдой турган угарманды эфирден сырткары кабыл алып, аты-жөнүн, мурда радиого чалып-чалбагандыгын сурадым. Угарман биринчи жолу чалып, өтө катуу толкунданып жаткандыгын билдирди. Мен ага тамаша аралаштыра шарттарды түшүндүрүп, "Үналгынын үнүн бийик көтөрбөй, трубканы ыр соңуна чейин койбой, анан мен кеттик дегенде дароо эфирге чуркап чыгып, салам жолдой тургандай болуп спорттук бут кийимиңиздин болоорун бекем байлап алып, стартта камданып туруңуз!"-десем, "Аа, ошондойбу, азыр анда мен кроссовкилеримди кийип келе калайын!"-деп угарманым трубканы шак коюп салып чуркап кетип калган.

Айнагүл Муканбетова, маалымат редактор:
"Жаңылыксыз жашоомду элестете албайм"
- Мен бул "Манас FM" радиосуна 2004-жылы келгем. Өзүмдүн кесибим журналист. Радиодо саясатка байланышкан жаңылыктар жокко эсе. Көбүнчө агартуучулук жана студенттердин социалдык абалы, ошондой эле республикалык, чет элдик жаңылыктарды интернет сайтынын жардамы менен даярдайм. Биздин жамаат өтө чакан болгондуктан ынтымактуу жана алар менен иш алып баруу абдан кызыктуу. Журналистика бардык кесиптерди бириктирип турган кесип деп ойлойм. Негизи мен алгачкы жаңылыктарымды угармандар үчүн даярдоого аракет кылам. Өзүмдүн жашоомду жаңылыксыз элестете албайм.

Павел Курганский, үн режиссёру:
"Радиодон башка жумушка кетким келбейт"
- Мага радиодо иштеген абдан жагат. Мен ойлойм кылган ишиңден жакшы жыйынтык чыкса анда сенин ийгиликтериң байкалат. Бул радиого келип иштеп жатканыма бир жарым жыл болсо да радио үчүн көп иштерди жасадым. Учурда жаш ырчылардын ырларын да аранжировкалайм. "Дарак бир жерден көгөрөт" деген жакшы сөз бар го. Демек, "Манас FM" радиосунан башка жумушка кетким келбейт. Кесиптештеримдин баардыгы жакшы адамдар. Мага бул жердин аурасы жагат.

Даярдаган Айнура Султанова