presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

"Фархатты саяпкер болот дечүбүз"
"Классташ" рубрикабыздын бул жолку мейманы жаш ырчылардын катарында күч сынашып келаткан Фархат Кеңешбек уулу болмокчу. Фархаттын окуучулук мезгили эки мектепте өткөндүктөн айылдагы, шаардагы классташтары келип Фархат жөнүндө божурап беришти.

Айылдагы
"көздүү мончок"
Алымсеитов Нурдин
- Фархат менен Талас районунун Чкалов айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектепте 7-класска чейин чогуу окудум. Фархат бала кезинде сапсары кичинекей бултугуй бала болчу. Эң алгач мектеп босогосун аттаганда өзүнөн эки келе турган коёндун сүрөтү бар чоң сумканы асынып алып мектепке барганы көз алдымда турат. Ал алыстан келатканда өзүнөн башта сумкасы көрүнөт эле. Өзү айылдагы атагы чыккан саяпкердин баласы болгондуктан 4-5-классынан эле атасы таптаган аттарды чаап, көп жолу жеңишке жетишти. Фархатты биз мындай ырчы эмес, келечекте атасынын жолун жолдоп, белгилүү саяпкер болот деп элестетчүбүз. Каникул убагында жыл сайын ата-энеси менен жайлоого мал бакканы чыгат эле. Кыйындыгын карабайсызбы, кой кайтарганча адабий китептерди окуп, окуу ачылышына аябай катуу даярдык менен барчу. Эртең өтүлө турган теманы, мисалы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын бир күн мурда айтып берип эжейди таң калтырып эле басып жүрчү. Кыскача айтканда, атасынын тарбиясына бышкан, өтө эмгекчил айылдын "көздүү мончогу" болчу.

Аиданын
жаагына
чапканда...
Абыбалиев Самат
- Мен Фархаттын параллель класстагы классташы болом. Экөөбүз сабактан кийин "чүкө", "ордо" ойноп жүрүп жакшы достордон болуп кеткенбиз. Ал "чүкөнү" абдан жакшы өздөштүргөндүктөн көп учурда мен андан жеңилип калып, дүкөндүн эшигин сагалайт элем. Азыр ойлосом, окуучулук күндөргө эч бир мезгил тең келбейт экен. Фархаттын бир окуясын айтып берейинби. Анда 6-класс элек. Бир күнү беш класс чогулуп волейбол ойноп атканбыз. Бир маалда эле Аида деген кызыбыз Фархаттын колундагы топту жула качса болобу. Фархат көпчүлүктүн көзүнчө намыстанып кеттиби айтор, тиги кызды жаактан ары бир чапты. Анан Аида догурунуп ыйлап барып дене-тарбиядан берген агайды ээрчитип келди эле, агай бардык классты чогултуп, Фархатты ортобузга желкелеп алып кирип "отжимания" жасатып кирди. Бизди болсо "кол чаап тургула"-деди. Коркконубуздан алаканыбыз кызыганча кол чаап турдук. Акырында Фархат байкуш чарчаганынан бүт денесин тер басып шалдырап жатып калганда гана агайыбыз болду деп токтотту. Чынын айтсам ошондо аябай боорум ачып жаман болгом. Ушундан кийин Фархат кыздардын жанына басып барбай турган болгон.

Фархаттын
пайдасы
Шейшенбек Жоробеков
- Биз Фархат экөөбүз борборубуздагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда 7-класстан тартып бирге окудук. Экөөбүз тең аталган мектепке тест аркылуу, башкача айтканда "кастингден" өтүп келгенбиз. Жаңы келгенде Фархат досум шаарды жакшы билбегендиктен бир топко чейин Света деген эжеси менен ээрчишип келип жүрдү. Классыбыздагы эң узун окуучу Фархат болчу. Сабактардан өтө жакшы окубаса да тырышчаак, аракетчил эле. Ошондо эле фантазиясы күч болчу. Билбей калса бирдемелерди токуй калып, кошуп-ташып, көркөмдөп атып кутулуп кетчү. Мектепте Фархаттын пайдасын көп көрдүк. Кыргыз тил сабагынын башталышында дайыма 5 мүнөт поэзия өтүлөт эле. Биз андан даярданбай барганда эжейди алаксытыш үчүн Фархатты доскага чыгарып ырдатып койчубуз

Класстын
кароолчусу
Бала кезде баары кызык да. Ошол сыяктуу тамеки тартуу да бизге өзүнчө эле кадыр-барктай сезилчү. Анан танапис убагында класска жашынып алып түтөтөт элек. Фархатка берсең какап-чакап тарталбай койгонунан аны эшиктин оозуна кароолчу кылып койчубуз. Бир жолу бир агай кирип келгенде баарыбыз терезеден качып чыгып кетип, Фархат жалгыз калып, күнөөсүз жерден агайдан таяк жегени эсимде.

Кыздардын
сары майын
уурдаганда...
- Беш бала гимназиянын жатаканасында жашачубуз. Бешинчи кабатта балдар,4 -кабатта кыздар жашайт эле. Бир жолу каникулдан келсек кыздар үйүнөн сары май алып келишиптир. Алардын сары майын көрүп, бешөөбүздүн шилекейибиз куюлду. Анан тиги кыздардын бөлмөсүнө барып, мен эшиктин жанында, Фархат болсо сары майдын жанында турат. Дагы бир балабыз кызды кучактамыш этип алаксытып турду эле Фархат экөөбүз сары майды көтөрүп чыгып кеттик. Бөлмөбүзгө алып кирип ортого коюп алып жеп атсак эшик тыкылдап калды. Жүрөгүбүз шуу дей түштү. Анан Фархат эр жүрөктүк кылып акырын барып эшикти ачса жанагы сары майдын ээси бир мугалимибиз менен туруптур. Аларды көрүп чочуп кетип, бакырып жиберди. Анан эжейибиз "Кана, жигиттер, бул кыздын сары майын кайтарып бергиле, тойдуңарбы?" -деди. Уялганыбыздан денебизден тер чыгып кетти.Анан эжейибиз жылмайып көпкө чейин карап туруп бизге сары майдан бир чыныга салып берип, калганын көтөрүп кетти. Көрсө, тиги кыз сары майды атайын айылдан эжейге алып келген тура.

"Я ужин дай" же орус тилин
билбестик
Азамат Касымов
- Фархат, мен, Шейшенбек үчөөбүз №5 Улуттук компьютердик гимназиянын жатаканасында жатып окудук да. Ошол жатаканадагы кызыктардан айтып берейин. Анда Фархаттын жаңыдан айылдан келген кези. Жатаканада үч маал тамак берет эле. Бир жолу кечки тамак убагы келип Фархат Сирипова деген ашпозчуга барып, "Я ужин дай" деп тамак сурап баарыбызды күлдүргөн. Азыркыга чейин ошону эстеп Фархатты шылдыңдай беребиз.

Журналга
коюлган үч "2"
Фархаттын бир кемчилдиги сабактан көп кечикчү. Кечигип келгенде башкаларга окшоп калп айтышты да билчү эмес. Ар дайым "уктап калыпмын" деп эки бетин кызартып, башын тырмап туруп берет эле. Туура сүйлөйм деп уйкучу атка да конгон.
- Эки алган күндөрү болгонбу?
- Оо, бир эле Фархат эмес баарыбыз эле экинин көп жолку ээси болдук го. Бир жолу Фархат химия сабагынан билбей калып журналга балчайган "2" коюлган. Анан эжей эшикке чыгып кеткенде "2"ни "5" кылып оңдойм деп кармалып калып, жазасына үч экини катар алганы эсимде.
Ж. Калдарова










??.??