presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

"Гермес-Профинин" чыгаан спортчулары
Ата-эне баласын кандай бапестеп, ардактап, жакшы жолго салгандай эле, спортто жүргөн машыктыруучулар дагы кол алдында тарбияланып жаткан улан-кыздарды өз баласындай көрөөрүнө ынандык. "Гермес профи" спорт клубунун башкы машыктыруучусу, бир убакта Казакстандан келишим боюнча келип Кыргызстандан өз ордун тапкан Жанбулат Амантаевдин канаты астында өсүп келаткан жаш уландар бүгүнкү күндө бул мырзанын эмгегин актап турган чагы. Айтайын дегеним, ушул жылы бир эмес үч окуучусу чемпион болуп, ийгилик курун эч кимге бербестен Кыргызстандын желегин желбиретип жеңиш менен кайтып келишти. Тактап айтканда, Алексей Фидосеев профессионалдар арасындагы болуп өткөн мелдеште Европанын чемпиону болуп ийгилик жаратса, Кумар Жалиев дагы кикбокс боюнча профессионалдар арасында, октябрда Польшанын Варшава шаарында өткөн Евразия титулун колго киргизип, ийгилик курун тагынган. Машыктыруучу Жанбулат мырза айткандай "сип-свежий" чемпион "Кара кыргыз" кличкалуу Ален Офойо 29-ноябрда жеңиш менен өлкөбүзгө кайтып келди. Бычакка сап болуучу, келечектен көптү үмүттөндүргөн жогоруда аталган мырзалар жөнүндө кененирээк маалыматты ушул макаладан табасыз.


"Кара кыргыз" кличкам менен сыймыктанам
Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн, 76 кг.
Азия чемпиону - 2003
Евразия чемпиону - 2007
Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси - 2007
Европа чемпиону - 2008 (Москва)

- Ален мырза, алгач ийгилигиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
- Рахмат.
- Бул жеңишке жетүү оңойчулукка жатпаса керек. Кандай сезимдердин курчоосунда болуп жаттыңыз?
- Мелдеш 27-ноябрда Москвада Арбат клубунда болду. Финалда Белорусиянын мушкери менен рингге чыгып, ийгилик жемишин мен колго киргиздим. Ушунчалык кыйын кезеңди баштан өткөрүп, бул чемпионатка катышып жаткан соң менин оюм бир гана жеңип чыгуу болчу. Аракеттен берекет таап ушундай ийгиликти колго киргизип, элиме дагы бир жеңиш алып келгениме абдан кубанычтамын.
- Сизди мурда боксчу катары билет элек, кикбоксинг менен канчадан бери алексиз?
- Ооба, мен бокс боюнча спорт чебери болгом.Негизинен бала чагымдан спорттун сууда сүзүү, ок атуу, жеңил атлетика түрлөрү менен машыкчумун. Кийин 12 жашымда футболго кызыга баштадым. Жалпы жонунан алганда таэквондо болобу, күрөш болобу баары менен машыгып чыккам. Кийин өз ордумду кикбоксингден таптым деп турсам, эмнегедир кикбоксту жаштап эки жылдай бокс менен машыгып, спорт чеберине жеткем. Бирок, кайрадан эле кикбоксинге келип алгам.
- Эмнеге?
- Мм... Менимче жүрөгүм кикбоксингди эңсеп туруп алды. Бокска караганда кикбоксинг мага жакыныраак сезилип, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн намысын кикбоксинг аркылуу коргоп келатам.
- Сиздин кайсыл жерде төрөлүп, улутуңуз ким экенин да көпчүлүк биле бербесе керек?
- Мен Кыргызстанда төрөлүп, ушул жерде чоңойгом. Өлкөнүн патриотумун десем болот. Алгач Кызыл-Аскерде жашап жүрдүк. Кийин Пригородныйга көчүп барып, ошол жердеги №54 орто мектепти аяктагам. Улутум конголез.
- Оригиналдуу "Кара кыргыз"кличкасын ким ыйгарды эле? Дегеле бул ат өзүңүзгө жагабы?
- (Күлүп) Бул атты 2001-жылдан бери алып жүрөм. Москвада мелдеште жүргөнүбүздө Женя деген бала "Сени кара кыргыз дейбиз. Капа болбойсуңбу?"-деп күлүп калды. Мен эмнеге капа болмок элем. Бул да болсо мен үчүн, элим үчүн чоң сыймык.
- Жеке жашооңуз жөнүндө азыноолак кеп кылсаңыз? Канча бир туугансыз?
- Жалгызмын. Мен үчүн бир апам, апам үчүн бир менмин.
- Экөө жакшы, үчөө андан да жакшы демекчи качан үй-бүлөңүздүн санын көбөйтүп, апаңызды келиндүү кылайын деп турасыз?
- Үйлөнүүнү кийинки жылга пландап жатабыз.
Польшага жалгыз барып ийгилик
менен кайтып
келдим

Кумар Жалиев 1986-жылы 10-февралда Ош шаарында төрөлгөн. 76 кг.
Дүйнөнүн эки жолку коло байгесинин ээси, 2003-2005 (Марокко)
Азия чемпиону -2004 (Ялта)
Евразия чемпиону-2008 (Варшава)

- Кумар, жөн жерден спорт менен алектенип калбасаңыз керек? Канча жаштан бери спорт дүйнөсүндө жашап келатасыз?
- Спортко бала чактан эле кызыгып, бул жаатка аябай жакын болчумун. Жүрөктөгү спортко болгон каалоом мени тынч койбой 8-классымда спорт залга ээрчитип барды. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста Республиканын чемпиону болгом. Жүрөктө алоолоп жанган каалоом мени алдыга сүрөп, Ошто калбастан Бишкекке келип өнөрүмдү өркүндөтүүгө жол ачты. Жакшы тилек жарым ырыс демекчи белгилүү машыктыруучу Александр Хусеинович Воиновдун курама командасына кошулуп, агайдын тарбиясын ала баштадым.
- Рингде ар кандай жаракат алаарыңар айкын эмеспи. Ата-энеңиз сиздин спорт менен машыгууңузга каршы болду беле?
- Тескерисинче, ата-энем мени кош колдоп спортко үндөп турушкан. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан оозундагы оокатын башкага алдырбаган, өзүнө тың, бекем балдардан болсун деген максатта алып келген десем да болот.
- Эсиңизде калган өзгөчө ийгиликке кайсыл жерде жетиштиңиз эле?
- Спортсмендердин ар бир күнү машыгуу менен өтүү керек. Мелдештерге катышып жаткан соң ар бир рингге чыкканың өзгөчө маанилүү. Аларды унутуу мүмкүн да эмес. Кыйынчылыктарды басып өтүп, ийгиликке жеткениң башкача бир керемет. Алгачкы эң чоң ийгилигим 18 жашка толо элек кезде, 17 жашымда чоңдор арасындагы Дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду алганым болгон. Ал эми кечээ жакында Варшава шаарында Евразия чемпионатында чемпион аталып, өлкөгө дагы бир кур менен кайтып келдим.
- Финалда ким менен беттештиңиз?
- Бөтөн элде, бөтөн жерде ийгилик менен кайтып келүү бир топ кыйынга турат. Анын үстүнө бул жакта кичине көйгөйлөр болуп кетип, машыктыруучуларым барбастан өзүм жалгыз барууга туура келди. Профессионалдар арасындагы 76 кг салмактагылар болуп, Евразия титулу үчүн күрөштүк. Анда ошол жердин тургуну Кристо Сероманин деген бала менен салгылашып, калыстар тобунун чечими боюнча ийгиликке мен жетиштим.
- Спорттон сырткары эмне менен алектенесиз?
- Азыр бир гана спортко жан дүйнөм менен сүңгүп кирип, бүт убактымды спортко жумшоодомун.


Алексей Фидосеев 1986-жылы 13-ноябрда Ивановка айылында туулган. 63 кг .
Азия оюндарынын коло байгесинин ээси - 2003
(Ялта)
Азия чемпиону - 2004
Дүйнөнүн күмүш байгесинин ээси - 2004 (Италия)
Профессионалдар арасында Европа чемпиону - 2008 (Москва)

- Спорттун башка түрү менен алектенбей, дал ушул кикбоксингди тандап алганыңыздын себеби эмнеде?
- Мен төрөлүп өскөн Ивановка айылында спорт ийримдери дээрлик жок болчу, болгону кикбоксинг анан футбол менен машыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Эмнегедир футболго анча кызыкпагандыктан кикбоксинг менен бала чагымдан бери машыгып, кийинчерээк шаарга келип, Александр Воиновдун кол астында тарбиялана баштадым. Бул кишинин артынан көптөгөн мелдештерге катышып, эл көрүп, жер кыдырып жүрөбүз. Жакында эле, август айында Москвада өткөн профессионалдар арасында Европа чемпиондугун жеңип келдим.
- Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Тилекке каршы кыз жандап жүрүүгө жетише элекмин. Эртең менен машыгуу, андан сабакка, сабактан чыгып кайрадан эле залга. Кыздар менен жүргөндөн кийин ага да убакыт бөлүп, татыктуу жигит болушуң керек да.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Биз багынта элек ашуусу бийик белестер али алдыда. Жаңы жылдан кийин аябай чоң турнирлер күтүп жатат. Айтсам, Францияда дүйнө чемпионаты өтөт. Ошого катуу даярданып, Кыргызстандын желегин желбиретсек деген максаттар бар.

Даярдаган
Нурзат Жусупова










??.??