presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуулардын ааламында

Жүрөктө жашаган жылдыздар
Экрандан бул атактуу адамдарды көргөндө жүзүңдү жылмаюу, жүрөгүңдү жылуулук аралайт. Актёрдук чеберчиликти, өз ишин мыкты билген актёрлордун элге кылган кызматы, эмгеги найза бойлогус. Бүгүн биз дал ушул атактуулардын ааламына саякат жасадык.

Оорулуу төрөлгөн Миронов
Комедиялардабы же трагедиялардабы жылмайып, сыр бербегени менен кичинекей кезинде эле оор турмушка туш келген. 8-мартта 1941-жылы төрөлгөндүктөн анын "бактылуу балалыгы" согуш жылдарына туш келген. Оорукчан болуп төрөлгөн Андрейдин апасы ошол жылдарды төмөнкүдөй эскериптир: "Уйкусуз түндөр менен коштолгон жашоомдогу эң оор көз ирмемдер. Баламды жерге гезиттерди төшөп жаткызып, ал дем алып жатабы же жокпу деп мен жүрөк заада болуп жүргөндө балам ыйлаганга алы келбей чала жан бойдон жаткан".
Чынында эне менен баланы тирүүнүн тозогунан белгилүү учкуч Гроловдун аялы куткарып алган. Дары-дармегинен камсыз кылып, айтор актёрду аман алып калган экен. Ал эми мектепте болсо башка окуучулардан эч нерсеси менен деле айырмалана албаптыр, футболду жакшы көрүп, физика, математика, химия сабактарын жек көрчү. 11 жашында эң алгачкы жолу тасмага тартылган.
1971-жылы чоң сүйүүгө туш болуп, актриса Екатерина Градова менен баш кошушат. Ортосундагы Мария аттуу кызды тарбиялап, Андрей үй-бүлөгө өтө күйүмдүү мамиле жасачу. Бул тууралуу Екатерина Градова: "Андрей мага боёнууга катуу тыюу салып, вино же чылым кармап турганымды аябай жаман көрөөр эле. Үй-тиричилигинде кир жууганды, кийим үтүктөгөндү, тамак жасап, үй-жыйнаганды жактырчу. Андрей жагымдуу, тамашакөй күйөө, мээримдүү ата болчу "-деп эскерет. Тилекке каршы экөөнүн бактылуу жашоосу көпкө созулган эмес. 1974-жылы экөө эки башка түтүн булатып, 1976-жылы мыйзамдуу түрдө ажырашып тынышкан.
Болгариядагы ресторандардын биринде отурган Андрей Мироновдун жанына көзү ачык аял басып келип: "Сиз көп нерсеге жетишиптирсиз, бирок бул аягы эмес. Көпчүлүктү таң калтыргандай ийгиликтерге жетишесиз. Бирок, ден соолугуңуз өтө начар экен, аны эске алыңыз"-дептир. Миронов ал кезде бул сөздөргө көп маани берген эмес, ушундан көп өтпөй Андрей Мироновдун ден соолугу кескин начарлап, 1987-жылы жарыкчылык менен кош айтышкан.

16 күн ажал менен алышкан актёр
Күлкү менен кармашкан клоун Юрий Никулиндин балалыгы арман кылбагыдай эле бактылуу өтүптүр. Апасы эч жерде иштебегендиктен болгон көңүлү менен убактысын баласын тарбиялаганга жумшаган. Юрий Никулин бир жумада эки жолу сөзсүз апасын ээрчип алып театрга барчу. Мына ушундай жол менен актёрлордун дүйнөсүнө таасирленип, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу, алгачкы кадамдары ташталып, кыялдары кичинеден орундала баштаган. Мектепте болсо билим жагынан үлгү боло албаса да,ээн баштык жагынан алдына ат чыгарбай келген. Атасы Владимир Никулин драмалык актердук чеберчилик боюнча ийримдин жетекчиси болгон үчүн Юрий ар кандай кичинекей пьесалардагы үзүндүлөрдөн баштап чоң ролдорго чейин аткарчу. Атактуулук ага дал ушундай жол менен жеткен.
Бир топ тасмаларга тартылып, эл сыйлаган, кадырлаган актёрдун жүрөгүнө операция жасаганда көпчүлүк кадимкидей тынчсызданып, Никулиндин өмүрүн тилеп турушкан. Эң оор операция 1997-жылы 5-августта болгон. Адатта мындай операциялар 20-30 мүнөткө созулат. Бирок операция бүтөөрүнө аз калганда каргаша басып Никулиндин дем алуусу оорлоп, жүрөгү токтоп калган. Жүрөгүн кайра "ишке киргизүү" ак халатчандар үчүн оор маселе болгон.
Операцияны бүтүрүүгө доктурлар бел байлашканда, жүрөктү эске албаганда ички органдарынын баары (боору, бөйрөгү, мээси) жарактан чыгып калган... Айтор Никулин ажал менен 16 күн кармашкан, бирок, тилекке каршы мындай оор сыноону жеңгенге күчү жеткен эмес. Ушул күндөрдө массалык маалымат каражаттары карапайым калкка ар бир саат сайын сүйүктүү актёрдун абалын кабарлап турушкан. Сталинге чейин Россиянын бир да гражданини мындай урмат-сыйга ээ болгон эмес. Бейтапканада жатканда белгилүү адистер анын өмүрү үчүн жанын үрөп күрөшкөнү менен жыйынтыгы көпчүлүк күткөндөй болбой өтө өкүнүчтүү аяктаган. Ошентип 1997-жылы 21-августта саат 10дон 16 мүнөт өткөндө Юрий Никулиндин жүрөгү түбөлүккө токтогон. Сүйүктүү актёрлорунан айрылган күйөрмандардын боздоп ыйлаганы, Никулиндин элине кызмат кылганын айгинелейт.
Актёрдун артында калган туяктары Юрий жана кичүү баласы Максим журналистика факультетин аяктап, учурда атасынын ысымы ыйгарылган цирктин жетекчиси болуп эмгектенет.

Евгенийдин бактылуу күндөрү
Кичинекей бөбөктөргө "Винни-Пух" мультфильминин аркасы менен таанылса, чоңдорду абакта тарбиялаган Евгений Леонов көпчүлүктүн эсинде түбөлүккө калаары ырас. Актёр 1926-жылы 2-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Балачагына нааразычылыгы жок болгону менен студенттик жылдарда кыйынчылык менен жокчулуктун азабын көп тартып, тиричиликке жакшы эле бышкан. Албетте, ата-энеси жакшы эле каржылаганга кудуреттери жетишкен, бирок аларга түйшүк жаратпоону туура көргөн актёр бир эле убакта жумушун да, окуусун да өздөштүрүүнүн аракетин көрөт.
Жасаганы бирөө үчүн болсо да, үйрөнгөнү өзү үчүн болуп анын тырышчаактыгынын турмуш курганда пайдасынан башка зыяны тийген эмес. Евгений Леоновдун жашоодо жек көргөнү-саясат болгон. Себеби бирөө күлүп, бирөө ыйлаган, бирөө жыргап, бирөө куураган заманды көргөн актер мунун баарына мамлекетти жетектеп отургандар күнөөлүү деген ойдо болгон.
Жашоосундагы эң бактылуу, эң сонун көз ирмем жалгыз уулу жарык дүйнөгө келген учурду эсептейт. Андан тышкары анын чыгармачылыгына чоң таасирин тийгизген, анын жөндөмүнө жөндөм, шыгына шык кошкон белгилүү актёрлор менен иштешкен көз ирмемдерди ал берилүү менен айтып берүүдөн тажачу эмес.
Евгений Леонов өзүн оптимисттердин да пессимисттердин да катарына кошпоптур. Ал эми көңүлү чөккөндө аялынан, уулу менен небересинен алыстап, бир-эки жумага чейин өзүнчө жашоо анын адаттарына кирет. Шахмат ойноо, тарыхый окуяларды окуп, кичинекей балдар менен маектешүү ага бир башкача ырахат тартуулоочу экен. Кичинекей балдарга ынак актёр үй-бүлөсүнөн арткан мээримди, жылуулукту ата-эненин сүйүүсүнө зар болгон балдарга тартуулоочу.
"Эгерде сизге адамзатынын баарына бирдей белек берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсоңуз, эмне белек кылмак элеңиз"-деген кабарчылардын суроосуна бир да мүнөт ойлонбостон дароо: "Эгерде менде дал ушундай мүмкүнчүлүк болсо мен адам аттуунун баарына адамгерчилик тартууламакмын. Анткени бизге дал ушул сапат жетпей, адамгерчиликке зар болуп турабыз"-деген жоопту кайтарган.
Маданиятка чоң из калтырып, ак эмгек өтөгөн актер жарык дүйнө менен 1994-жылы 29-январда кош айтышкан.

Отуз жыл эт жебеген Георгий Вицин
Сырткы келбети менен мактана албаса да жан-дүйнөсү наристеникиндей назик, таза Георгий Вицин жашоосун татыктуу жана тынч жашап өткөн. Студент кезинде мугалиминин сүйлөшкөн кызын тартып алганы менен ага баш кошо албай калган. Кийин үйлөнгөндө деле бир убакта өзү сүйгөн Дина Топловага кам көрүп, ооруса үйүнө дары алып барып берип, айтор эч убакта аны экинчи планга жылдырган эмес.
Жубайы Тамара Федоровна Георгий кырктын кырына чыкканда гана кыз төрөп, актёрду кубанычка бөлөгөн. Кызынын сүрөт тартканга жөндөмү бар экенин байкаган атасы кызына бардык шартты түзүп берген.
Ал эми зарыгып күткөн Миша Бальзаминованын ролу болгон. Бул каарманды аткарууну дегдеген Георгий Вицин туптуура 10 жыл күтүптүр. Тасманы тарта турган режиссёр Константин Воинов да бул ролго Вицин ылайыктуу деген чечим чыгарат. Бирок сьемкалар улам артка жылып отуруп 10 жыл убакыт өткөн. Ал эми Бальзаминова жаш жигит болгондуктан 48 жаштагы Георгий Вицин бырыш баскан бетин гримдин жардамы менен сепкилге айландырып дароо жаш жигитке айланган. Тамактанууга актер абдан чоң көңүл койгон, анын ою боюнча жаңгак көп жашаганга жардам берет. Кесиптештеринин билдирүүсүнө караганда Вицин өмүрүнүн көбүн йога менен алектенип жүрүп өткөн. Ден соолугунун талкаланышына да дал ушул йога себеп болуптур. Бир жолу сьемка учурунда эс учун жоготуп кулаган. Тез жардам менен бейтапканага жеткизишкен соң, анын организми күчтүү антибиотиктерди көтөрө алган эмес, актёр 30 жыл эт жебей жалаң жеңил гана тамактарга басым жасап келген.
Өмүрүндө бир топ мүлк, байлык топтогонго мүмкүнчүлүгү болсо да, акчага жулунбаган актёр өзүнө жетишээрлик гана байлык чогулткан. Ал иттер менен көгүчкөндөрдү жакшы көргөндүктөн, колунда бар тамагын аларга берип, жөн эле көчөдө жүргөн иттерди чогултуп алчу.
Георгий Вицин акыркы жолу 1994-жылы Андрей Бенкендорордун "Несколько любовных историй" аттуу тасмасына тартылган. Ал эми 2001-жылы 22-октябрда жарыкчылык менен кош айтышкан.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??





??.??