presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Мамлекет башчыларынын маянасы канча?
Бир бүтүндөй өлкөнү башкарган ажолордун баскан-турганына чейин карапайым калкка кызык экени талашсыз. Эң оор, эң жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келген мамлекет башчыларынын маянасы канча болду экен деген суроо пайда болсо жообун төмөндөн таба аласыз.

Эң жогорку эмгек акы
Эң көп маяна алган ажолордун катарына Сингапурдун мамлекет башчысы Ли Сянь Лун кирет. Анын бир жылдык айлыгы 600 миң долларды түзөт. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын экс-президенти Джордж Буштун бир жылдык маянасы Владимир Путиндикинен 5,5 эсеге көп. Американын конституциясында мамлекет башчыларга өз алдынча маянасын жогорулатууга жол берилбегендиктен 1969-жылдан баштап 200 миң доллар айлык ала баштаган. Ал эми 1999-жылы Билл Клинтон Буштун айлыгын эки эсе көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Белгилей кетчү нерсе мамлекетти жетектеген чиновниктер 165 миң долларды түзөт. Мисалы, Кондализа Райс маянасы бир жылда 171900 доллар алса, британиялык премьер-министр Тони Блэр 163418 фунт алат, долларга айлантканда 310 миңдин тегереги болот экен.

Өз айлыгын өзү
кыскарткан премьер-министр
Элдин камын ойлогон мамлекет башчылар да жок эмес. Тагыраак айтканда Италиянын премьер-министри Романа Проди 123 евро айлык алса, жакындан бери маянасын 30%га кыскарткан (36,9 миң евро) мунун "залакасы" италиядагы министрлерге да тийген. Анткени эч бир мамлекетте мамлекет башчысынан көп маянаны министрлер албашы керек. Эксперттердин пикири боюнча мындай кадам мамлекеттин казынасына бир жылда 2,3 миллион еврону кошот. Бирок медалдын эки бети болгон сыяктуу эле мындай көрүнүш мамлекетте коррупцияны тамырлатат. Анткени мурдагыдан аз айлык алган бийлик бутагында отургандар элдин чөнтөгүнө кол салышы толук мүмкүн.
Негизи Романа Проди бул "эрдиги" тууралуу эч кимге деле жар салып мактанбаптыр. Болгону массалык маалымат каражатында эмгектенген кызматкерлер мамлекеттик бюджетке кылдаттык менен көз салып көрүшүп, атайын изилдөө жүргүзүшкөн.

Эл намысына тийген мамлекет башчысы
Мамлекет башчыларынын айлык акысы өлкөнүн абалына көз каранды эмес. Мисалы, Ирландиянын башчысы Мэри Макализ айым бир айда 22834 доллар алат. Болгону башка президенттерге салыштырмалуу Мэри Макализдин аз айлык алышына ирландиялыктардын намысы жол бербейт. Куру намыска алдырышкан ирландиянын тургундары ажосуна намыс үчүн ири суммадагы маянаны бөлүп берүүдөн да качышпайт. Бүтүндөй бир өлкөнү башкарып туруп, ансыз деле каалаганын алып, жеген башчыларга айлыктын эмне кереги бар деген суроо туулат экен.

Чөнтөгү жука Ажо
Ал эми өз кызыкчылыгынан мамлекеттин казынасын жогору койгон "чөнтөгү жука" ажолор да жок эмес. Алардын бири Түркменстандын президенти Сапармурат Ниязов. Анын айлыгы 900 гана долларды түзөт. Бул болсо да, анын маянасынан тышкары киреше түшчү булактары бар экенин жашырбайт. Өз эмгеги менен тапкан кирешелеринин жардамы менен ал айлыгына деле көз каранды эмес экен.

Кайрымдуулук
иштерине жумшалган маяна
Белорусиянын мамлекет башчысы бир айда 300 гана доллар алып "жан багып" келет. Ал тургай журналисттерге канча айлык алаарын да билбесин айткан. Анткени ал айлыгын кайрымдуулук иштерине гана жумшайт. Маяна колуна тиери менен балдар үйүнө же карылар үйүнө котороорун маалымдаган. Эң аз айлык алган ажолордун катарына Фидель Кастро да кирет. Анын маянасы канча экени так белгиленбесе да өтө аз сумма экени такталган.

Алкымы чоң ажо
Ал эми Виктор Ющенко өзүнүн айлыгын 9 эсе көбөйткөн. Анын бир ай иштеген эмгеги, кызматы 37-37 миң гривенди же болбосо 7-7,3 миң долларды түзөт. Карапайым калктын бул көрүнүшкө болгон көз караштарын сурашканда 70% нааразы болушкан. Анткени ансыз деле президентке ар түрдүү бонустар берилген. Ошолорду салмактап көрүп айлыгын аз айтса болмок дегендер да жок эмес.




Сингапурга саякат ...
Сингапурда 3 млн адам жашайт. Бул жерде мыйзам өтө катуу, жерге түкүргөнү үчүн 500 доллар, коомдук жерде чылым чеккенге 500 доллар, кагаздын кичинекей эле айрындысын таштап койсоңуз 500 доллар, гүлгө суу куйган челектин түбүнө суу калтырып койсоңуз 500 доллар. (Анткени алар чиркейди чогултат) Жашаганга мүмкүн эмес бекен? Бул чети гана. Андан тышкары темир тулпарлуу болгуңуз келсе алгач аукциондон 10 жылга айдоочулук укукту сатып алууңуз керек. Ушундан соң гана сиз каалаган машинаны Сингапурдун көчөлөрүндө айдай аласыз. Кечки саат алтыдан баштап жалгыз машина айдоого мыйзам жол бербейт, 500 доллар айып төлөнөт. Сингапур демократиялуу өлкө болсо да шайлоодо ар ким баш аламан добуш бере бербеш үчүн, паспорттун номерлерин ар бир бюллетенге эринбей жазып чыгышат. Бул өлкөдө адамдарга гана эмес, төрт буттуу жаныбарларга да мыйзам бирдей катуу каралган. Кокус ит түн жарымында үрсө анын тилчелери дароо кесилет. Ал эми аялдар эшикте 36 градус ысык болсо да байпак кийип жүргөнгө милдеттүү.
Уурулук, наша менен иштегендер, зордукчулук, пара алуучулук сыяктуу кылмыштар дароо өлүм жазасын алышат. Ал эми майда-кылмыштарды кылгандар үчүн атайын кайыш кур даярдалган. Секс, саясат тууралуу гезит беттерине жазууга цензура жол бербейт.
Сингапурлуктар акылдуурак болуш үчүн атайын мыйзам каралган. Жогорку билимдүү аялдарга баш кошкон эркектер үчүн атайын мамлекет тараптан сыйлык берилет. Ал эми жогорку билими жок аялдар турмушка чыгып, экинчи бала төрөсө белгилүү бир өлчөмдөгү айып төлөнөт. Бир үй-бүлөгө эки бала ылайык.Ошондуктан ар дайым кечинде милициялар ар бир экиден балдары бар үй-бүлөгө телефон чалышып, кошулаар алдында бойго бүтүүгө каршы таблеткаларды же презерватив колдонуу тууралуу эскертип турушат.




Испаниянын турмушунан...
Вино чыгаруу жагынан алдына ат салдырбаган Испания мамлекети жүзүм өстүргөн аянты жагынан биринчи орунду, ал эми вино чыгаруу жагынан Франция менен Италиядан кийинки орунду ээлейт. Испаниялыктардын ар бири болжол менен бир жылда 80 литр винону түбүнө түшүрүшөт.
Испаниялыктардын жашоосунда да бир топ кызыктуу фактылар бар экен. Мисалы Испаниядагы дүкөндөрдүн баары саат экиден бешке чейин жабык болот. Бул көрүнүш өзгөчө туристтердин кыжырын келтирет. Бул учурда бардык испандыктар "тапас" жеп отурушкан болот. Тапас деген эмне? Илгери испаниялыктар жолдо катар ар кайсы вино саткан жайларга жолоочулар кирип, виного мас болуп аттанышчу. Мунун жыйынтыгы, жол кырсыгына кабылышып далай аттарды өлтүрүшүп, өзүлөрү да жабыр тартышат. Мындай көрүнүшкө тынчсызданган кароль Альфонсо XIII кылымда (ушундан кийин ал акылман деген атка конгон) виного атайын закуска берилиш керек деген ойго келген. Муну менен ал бир аз да болсо жалаң вино ичип мас болгонго закуска жардам берет деген жыйынтыкка келишкен. Чынында "Тапас" (закусканын) пайдасы вино сүйүүчүлөргө жакшы эле тийген экен. Ошондон улам бүгүнкү күндө да Испаниялыктар үчүн эс алуучу жайга кирип вино менен "тапас" жеп чыгуу салтка айланган.
Тамактануу учурунда акча жөнүндө сөз кылуу испаниялыктардын кулагына өтө өөн учурайт. Ошондуктан испаниялыктар менен чогуу тамактанып калсаңыз акчаны эзели оозуңузга албаңыз. Ал эми жогорку окуу жайларда мугалим менен студенттер бири-бирине "сен" деп кайрылышы кадимки көрүнүштөрдөн.




Апасынан кызына өткөн "бийлик"
Италияда кичинекей баланы өтө урматташат. Ал эми мектептен бери дос болуп келгендер өмүр бою кол үзүшпөй достошуп жүрүүгө милдеттүү. Кокус ортодо пикир келишпестиктер келип чыгып, эски достор урушуп кеткен күндө да каалайбы-каалабайбы ортодогу достук мамилени сактаганга милдеттүү. Ал эми өзүнчө үй-жай күтүп, үйлөнгөн италиялык мырза салт боюнча бир-эки жумада кирдеген кийимдерин чогултуп, апасына алып келип жуудуртат. Бардык үй-бүлөдө аял киши башкарып, анын айтканы мыйзам катары кабыл алынат. Бул "бийлик" аларда апасынан кызына өтөт. Ал эми жигиттердин негизги милдети жакшынкай кийинүү, балдары менен оюнчук ойноп аларга акыл-насаатын айтуу.
Италиялыктар көтөрүлүш, митинг, пикеттерге ар дайым дүйшөмбү жана жума күндөрү гана чыгышат. Капысынан сиз Италияга барып калсаңыз такси кармаш үчүн колуңузду көтөрүп убара болбоңуз. Анткени ал өлкөдө таксини эки-үч саат мурда телефон аркылуу гана чакырууга мүмкүн. Таштандыны көрүнгөн жерге таштагандарга мыйзамдуу түрдө катуу жаза берилет. Ал жерде таштандыны көрүнгөн жерге таштоо киши өлтүргөн менен барабар.

Анара Дүйшөналиева









??.??