presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 "Обон"-почта

ОП-45-01. М.Иманбеков жөнүндө ушак кетиргендер эс алсаңар боло. Бирөөнүн жеке жашоосунда эмне тиешеңер бар. Үйлөнөбү, балалуу болобу ал өз иши да. Жеке жашоосун өзү билбегенде силер чечмек белеңер? Кеминдик Наргиз

ОП-45-02. Тараздык Кулпунайга, ар дайым калемиң курчуй берсин. Сени менен жакындан таанышкым келет. Тараздан Ангелочка

ОП-45-03. Кыргызстандын жаштары менен таанышам. Смс жазгыла. 0773925887

ОП-45-04. Сары чачтуу эжеме жана узун чачтуу сиңдиме тамашалуу салам. Согуңар таттуу болсун. Пейилди кенен койгула, акча колдун кири экенин эч качан унутпагыла-деп кыска чач

ОП-45-05. Жан дүйнөмдү жылытып дем бересиң, кайгырганда сооротуп сен келесиң. Эх, сен менин түбөлүктүү гезитимсиң. Жаңы смсчи Нурзат (Ники)

ОП-45-06. Махабат дастанында сүйүүмдү сага арнайын, жашоомдогу сырымды сага айтайын. 05509654хх

ОП-45-07. Ай, кыргызымдын жигиттери, эмне мынча Абдага асылып калдыңар? Ал кыз жакшынакай кыз, эмне жаман ойлоп жатасыңар? Айдар Москва

ОП-45-08. Алихан, кандайсыз? Ден соолугуңуз, иштериңиз, баары жакшыбы? 07721288хх

ОП-45-09. Менин саламым сиңдилерим Нуриза менен Тахминага жолдонот. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин, алтындарым. Ден соолукта болгула. Эжеңер Элиза

ОП-45-10. Бардык мусулмандарды Курман айт майрамдары менен куттуктайм. Маку

ОП-45-11. Салам Камила,туулган күнүң менен! Сага кааларым ден соолук, окууларыңа ийгилик жана чыгармачылыгың өркүндөй берсин. Байкең Айбек, Азиз жана Байкал

ОП-45-12. Менин сүйүктүүм Бекага салам. Мен сизди аябай сагындым жаным. Алтының

ОП-45-13. Менин саламым ата-энеме жана бир туугандарыма. Гүлзина

ОП-45-14. Мени кечириңиз, мен туура эмес кылдым окшойт. Бирок мен сизди эч качан у... Б.Б.Маку

ОП-45-15. Достор, жүрөгүм ооруп жатат. Жардам бергилечи! Маку

ОП-45-16. Саламым ата-энем жана бир туугандарым Шахзода, Уулкан, Адилет, Азема жана Айназикке жолдонот. Силерди сагындым. Алматыдан Бурулай

ОП-45-17. Махабат, Айгүл, Наргиза, Перизатка чоң салам. 05502929хх

ОП-45-18. Күндү карап, айды карап сени эстейм, сагынамын. Жолду карап, сени келчүдөй сезилет. Ильяз мен сени сүйөм. Шар аккан суунун боюнда, олтурасың Ильяз жанымда. Ойгонуп кетсем түш экен, ошол түш мени сойду да. Нази91

ОП-45-19. Ынтымак айылындагы 9-б классында окугандарга супер салам. А...

ОП-45-20. "Обондун" СМСчилерине чоң салам айтам. Өзгөчө чоң салам СМСтин атасы Кербен Кубага. Достошкум келет силер менен 0555824014кө чалгыла. Гүлистан

ОП-45-21. Сүйүктүү досум Айчүрөктү 6-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Ага өмүр, бакыт, махабат каалайм. Айжамал Тоготой

ОП-45-22. Гүлбарчынга салам жолдойм. Мен сени жакшы көрөм. Алтыш

ОП-45-23. Адинай "Обончик" аркылуу айтышпай мага номериңди берчи же 0777752238ге СМС жаз. Кейси

ОП-45-24. Эрке кыз Эля, "Сен сүйүп калсаң эмне кылаар элең?" деп жазыптырсың. Мен сүйсөм да башым менен сүйөм. Мен сүйгөм, азыр деле сүйүп келем жигитимди. Бирок намыс менде 1-орунда турат. Мен эч качан балдар үчүн өзүмдү түшүрбөйм, түшүргөн да эмесмин. Балким ошол үчүн мени көп балдар жакшы көрүшөт жана сыйлашат. Аман бол. Канышай

ОП-45-25. Атам Алымкулов Замир Касиевичти 7-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Балдары Ислам, Акжол, Нуркыз, Ильгиз, Максат, Мурат.

ОП-45-26. Алматыдагы "Алатау-2" базарында иштеген Гүлминага салам жолдойм. Сен мени тааныбайсың, сени турмушка чыкты деп уктум, бирок мен сени сүйөм. Дагы эле күтөм. Нури

ОП-45-27. Салам достор, кимде-ким реп жазса мага саткылачы? Реп маанилүү жана орусча болсун. Кейси

ОП-45-28. Ильяз, сен деп күн-түнү уктабайм. Түн уйкумду бузуп кеттиң, сүрөтүңдү карап кыйналам. Сени гана сүйөм кыйнабачы. Сенин ырларыңсыз, өзүңсүз жашай албайм. Түшүнчү сүйгөнүм, менин сүйүктүүм. Нази91

ОП-45-29. "Обонтайдан" тапкан досторума салам. Силерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Назика

ОП-45-30. Биринчи саламым Тынчтык проспекти 21/46-кв жашаган байкем Батыров Афтандилге жана жеңем Элмирага, сүйүктүү, күлкүлүү эжебиз Айнурага чоң салам. Нази91

ОП-45-31. Жашым 27де, иним 23тө. Биз кыздар менен таанышабыз. Иним экөөбүз бир убакта үйлөнөлү деп ойлондук эле. Заманга жараша бир ок менен эки коён аталы деп. Бизди түшүнгүлө. Кубат 0772533337 жана Темирбек 0773960098

ОП-45-32. Ади, Султанга мынча жабыштың? Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат. Айка92

ОП-45-33. Кыргыз элими Курман Айт майрамы менен куттуктайм. Алтуся

ОП-45-34. Алматыдагы "Кулагер" базарынын борбордук катарда бут кийим саткан бардык кыргыздарга салам, иштерине ийгилик. Алтынай

ОП-45-35. Алматыдагы досум Гүлмира, куш бооң бек болсун. Аяшым Руслан менен бактылуу бол. Бишкектен досуң Алтынай

ОП-45-36. Назика курбум, Мирбекти ойлоп көп кейибе. Көрөсүң го, бир күнү сага ак боз ат минген ханзаадаң өзү келет. Сен али жашсың, келечегиң алдыда. Буюрса Мирбектен да жакшы, сулуу, сонун жигитке жолугасың. Ошондо "Мирбек үчүн жөн эле убактымды коротупмун" деп өкүнөсүң. Ак жол сага. Меришка

ОП-45-37. Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында жашаган таенеме, тагама, жеңеме ошондой эле таежелериме салам. Мен силерди сагындым. Алтынай

ОП-45-38. "Беш тапан" куудулдар тобуна ысык салам жолдойм. Досуңар Нурзат

ОП-45-39. Байкем Азат, жеңем Барчынга, жашоомо жарык берген инилерим Эрмек, Эрсинге салам. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Жамиля

ОП-45-40. Абда, тарбия алдың беле деги? Маданиятсыз смстерди жаза бербесиң. Айдар экөөңөр бүтүрүп алгыла, жар салбай! Лупе окурман, кайдан билдиң балким Мирбек смс окуйттур? Сен Назикага асылбай өзүңдү билчи. Эма Гузел

ОП-45-41. 73569378 абоненти, сен айткан сөздөрдү душманыма да каалабайт элем. Аябай уяты жок экенсиң. Сүйлөгөн сөздөрүңө караганда көчөдө өскөн балдардансың го. 07721348хх

ОП-45-42. М.Иманбеков, мен сизди жакшы көрөм. СССР

ОП-45-43. Жалпы кыргыз элиме жана оштуктарга салам. Мен өзүмдү-өзүм 7-декабрь туулган күнүм менен куттуктагым келет. Алматыдагы жалпы дос балдарыма салам.. "Барыс" базары супер! Досуңар Мээрим

ОП-45-44. Супер гезит "Обонго", супер радио "К.Обондорунун" ди-джейлерине Э.Эдил байкеге, бал тилдүү Чынгыз Мырзага ысык салам. Чынгыз алдыдагы эс алууң жакшы өтсүн. Эми үйлөнүп келсең керек ээ? Бактылуу бол! Лазат

ОП-45-45. Башталып балээнин баары ушундан, баш айланып көз тумандап мас кылган. Барктуулар баркын мындан пас кылып, бар пулуна чуркап келип алышкан. Чырай жүздүү чылым тартпас инсандар, чыгалышпай буфет оозун тарткылайт. А бирөөсү даарат кылып ордунда, бирөө жатат чоң арыктын боюнда. Башы жетип иштин майын чыгарган, баа жеткис адам эле маалында. Башын мыкчып бул да турат катарда, кече ичкен бүгүн башты жазганга. Шумкар

ОП-45-46. Мен жалпы кыргыз элиме салам жолдогум келет. Бар болгула, бай болгула. Тынч болгула. Кыргыз туугандарым, силерди сагынып жүрөм. Алматыда иштеген жердештериме кудайым соодаңарды берсин. Ден соолугуңарды берсин. Оорубайлы туугандар! Сырдуу кыз Мээрим. Алматыдан

ОП-45-47. Кымбаттуу Бакай, таарынба. Акаевге асылба. Ойнойм деп сен от менен, бир балээге кабылба. Акаев 15 жыл ак эмгегин өтөгөн, Бакиев ажочо бир кутуруп көрбөгөн. Акаев чечкен көптөгөн кыйынчылыкты, Бакиев чечип көнбөгөн. Академик атка конуш оңойбу. Акаевге бир жан даап жолойбу? Москвада жүрөт барктуу адам болуп, сырттан кыргыз элин көрүп. Акаевдин арманын жазып койчу сен эмес. Ким айтты сага Акаев батып жүрөт деп арманга. 07729588хх

ОП-45-48. Менин саламым сүйүктүү апам, атам жана бир туугандарыма жолдомокчумун. Ар дайым бар болгула жана сүйүктүүм Добулга салам. Гулиза

ОП-45-49. Көптөр кетти о дүйнөгө соолукпай, бирөө өлдү тоңуп жаткан ордунда. Бирөө турат нур көзүнөн айрылып, бирөө жатат темир торду жамынып. Бирөө калды сүйгөн жарды таштады, атакелеп уул-кыздары да баспады, араккор деп көрүнгөндөр таш атып, бүгүн калды чаң көчөнү кайтарып. Ичкиликтен алыс бололучу достор. Шумкар

ОП-45-50. Россиядан келе жаткан жаным Бакыттын аман келишин тилеп. Үмүт, Шер.Ази

ОП-45-51. Жаным Айзат, бактым Айзат. Барым Айзат, арманым Айзат. 0772396361

ОП-45-52. Жан сиңдилер, ырчылар боору таш келишет. Ильяз, Мирбек... дейсиңер. Аларга баары бир. Күйөрманын урматтаса бирдигин аябай жооп жазышмак. Ушуга жарабагандардын кереги не? Алардан мыктылары толтура го, ойлонгулачы?! 07737225хх

ОП-45-53. Досторум Эма Гузел, Назика силерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сүйгөнүңөргө жеткиле. Сама Мари

ОП-45-54. Жеңил сезип бир топ эле кыйынчлыктардан арыласыңар. Анда ийгилик каалайм. Барби

ОП-45-55. Алтыш Эдико, мен сага гана ишенем. Экөөбүз бактылуу болобуз, билем. Илиана

ОП-45-56. 44-32-Эма Гузелка, бирөөнүн атын сатпай өз жолуң менен жүр. Өзүңдүн атың менен чыксаң болбойт беле? Менин досумдун атын сатпай. Сама мари


ОП-45-57. Исла, көздөрүң неге мынча жакшынакай. Сен супер ырчысың, сени сыйлап урматтаган фанаткаң Ангел,Асем 07737884хх

ОП-45-58. Менин саламым Кара-Суу районуна караштуу Сары Колот айылынын бешинчи көчөсүндө жашаган акам Садыктын 5-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Сизге каалоорум чың ден соолук, узак өмүр, ишиңизге ийгиилик каалайм. Алматыдан уулдарыңыз

ОП-45-59. Салам Айдар Москва, алтындай апакемден айрылганыма 12 жылдын жүзү болду. Өгөй апамдан Бакуляны пас коёмбу, эч качан! Терең урматтап Тинатин

ОП-45-60. Менин 1-саламым сүйүктүү ата-энеме жана Меймановаларга. М.А.Ш.

ОП-45-61. Кумура кармап колума, жүз аарчы асып мойнума. Суу куйуп турсам арман жок, Ислам Акматовдун колуна. Ангел Асем

ОП-45-62. Менин саламым Таластагы Үч-Коргон айылына Т.Заринадан Нга ысык салам. Келе жаткан жаңы жылыңар менен! 07732385хх

ОП-45-63. Кандай кыздар ырчыларды сүйөм, күйөм, сизсиз жашоом жок деп жазышат? Кыздар аз да болсо намыстуу болсоңор! Айрыкча, ОП-44-19,44-94,44-118 Эля намысыңды сактасаң боло. Ильяз

ОП-45-64. Элиза, сага рахмат. Баарыңарды намаз окууга чакырам. Намаз окусаңар 05431348хх

ОП-45-65. ТМУнун К1-05 группасында окуп жаткан группалаштарым Мунара, Айжамал, Чынара, Айгерим, Мээрим, Гүлзат, Наргиза, Толкун ж.б. ысык салам. Силерге окуудагы ийгиликтерди каалайм. Мени унутпагыла. Айгерим

ОП-45-66. Нарын облусунун Кочкор районунун Калыгул Бай уулу (50 ж) мектебинин 11-класстарына ысык салам. "Белые тигры" дайым алдыда болгула. Силер суперсиңер. Назгүл 11-а

ОП-45-67. Аку, жүргүн аман, айтайын ойду анан. Акыйлашып сени менен, айтпаймын сөздү жаман. Ырымда жазып баяндагам, чындыкты кылбай жалган. Жакшы эле болот билсең, ойлонуп туура кабыл алган. Канчасы алданып жашы тамган, кайталбай мекенине алы тайган. Канатына калкалабай баланын, боздоп жатат ата-эне картайган. Патриот бол улутуңду мекениңди чанбагын. Намысыңа кел, кыргыз ойлоп өзүң арыжагын. Ата-журттан, ата-энеден ыйык десең. Тие бергин Ала-Тоодон бийик десең ардагың. Бакай

ОП-45-68. ОП-44-218, Назика андай кылба! Мирбектен башка жигиттер толтура. Көрөсүң, сөзсүз сен каалагандай жигитке жолугасың. Гуляна

ОП-45-69. Алматыда Бала-шак базарында иштеген Уулкан жана Касиет эжелерге чоң салам! Тугел

ОП-45-70. Отуз-Адыр айылындагы атам Тагайбеке, апам Манзураг, иним Дамирге салам. Ар дайым бар жана бай болгула. Апа,ата оорубагыла. Тараздан кызыңар Кундуз

ОП-45-71. Салам Адеми, сени жакшы кыз деп ойлогом. Биро, сен аябай эле мактанчаак экенсиң. Өзүңдүн бактыңды таап, бактылуу бол. А бирок, менин жолума жолтоо болбой эле кой. Баары бир эркелигимден калбаймын. Эрке кыз Эля

ОП-45-72. Салам менин жаным, кандайсың? Сен бир гана меники болосуң! Мен сени эч кимге бербейм, кандай тоскооолдук болбосун анын баарын жеңип өтүүгө аракет кылам. Ильязчик, мен сени чексиз сүйөм. Эрке кыз Эля

ОП-45-73. Маматазим Заиров, мектебинин мугалимдери Эргешов Сүйүн, Караева Гүлмира, Осоева Айсулуу, Теңизбаева Инаят, Анаркулова Калыс, Эшиева Өмүр, Атакулов Нуркамил, Балтаев Акун, Түркбаева Роза, Раимбердиев Курманбек, Матазимов Турдубек мугалимдерине чың ден соолук, Ак-Буура дарыясындай узун өмүр, чексиз бакыт, алдыңкы мугалимдерден болуп жүрө бериңиздер. Бар болгула жана бай болгула. Силерди сыйлап, урматтап 10-б классынын окуучус Рахманова Акжуурат Ташматовна

ОП-45-74. Жаным менин, жигитим Кешама сагынычтуу салам. Качан Астанадан келесиң? Кейси

ОП-45-75. Оштогу бөлөм Жуси, кандайсың? Сага үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Бөлөң Алтуна

ОП-45-76. Саматик, кыргызымдын баары эле мендей эле жакшы пикирде. Сендей балдар көбөйө берсин. Алтынай

ОП-45-77. Дони, бир кезде биз кичине бала элек, бир кезде таанышпаган кыз бала элек. Таанышып, түбөлүккө бир болууга, болду го Алматыдагы күндөр себеп. Планета

ОП-45-78. Н.Сейдакматов байке, куш бооңор бек болсун! Алиман жеңем менен бактылуу болгула деп Нурай, Асыл, Бегай, Алия, Адиля, Кубан, жеңең Гүлмира, байкең Эмилбек

ОП-45-79. Сүйгөнүм Талантка сагынычтуу салам. Кызыл-Кыядан Мираида

ОП-45-80. Менин саламым С.Гүлжигитке жолдонот. Талантыңа таазим. Сахнада дайыма бар болуп, күйөрмандарга бай болуп, жүрө бер. Гүлнур

ОП-45-81. Менин саламым РФнын Тува республикасынын Кызыл шаарында иштеген досум Нургүлгө жолдонот. Ишиңе ийгилик, ден соолукта бол. Кыскасы аман бол! Досуң Расул

ОП-45-82. Чогулуп балдар биз турсак, бир кыз өттү чыт курсак. Киндиги ачык койкоңдойт, ышкырып тийишип кыйкырсак. Мини юбка кийип өтсө кутуруп. Карабай коё албайсың көз туруп. Киндигин минтип эч ачмак эмес, койгондо айланта жүн өстүрүп. Бакай

ОП-45-83. Барчынка, жаным досум. Анча кайгыра бербечи сүйүүңдү эстеп. Айланаңды жакшылап карасаң жакшы балдар көп. Биле, көз миңди, жүрөк бирди сүйөт. Бирок убакыттын өзү дары. Сен бактылуу болосуң. Анткени баары алдыда. Досуң Абда

ОП-45-84. Менин сүйүктүү ырчым, айдай сулуу ырчы кыз Анжеликага салам. Сизди ушунчалык жакшы көрөм. Экөөбүздү окшоштурушат, чындыгында окшош экенбиз, сырткы келбетибиз айрыкча көздөрүбүз. Сиз өзүңүз деле көрсөңүз таң калсаңыз керек. Сизди терең урматтап Гүлшайыр

ОП-45-85. Түшүнбөйм,эмнеге куса болом. Тынчыбайм эмне үчүн ойлоном. Таң каламын кээде олтуруп өзүмө, эмне үчүн, эмне мынча толгоном. Жанымда бир тууганым, апам, агам, баары бир куса болуп ойго батам. Сезилет жашоо жоктой кээде мага, кээ күнү уйку качып ойго жатам. А балким бирөө жоктур ой бөлүшкөн, а балким бирөө бардыр мага күлгөн. "Мүмкүн эмес, сен андай болбогун"-деп, а балким бирөө бардыр көңүл бөлгөн. Мени мынча кусалык кыйнабачы, мейли мени эч качан сыйлабачы. А бирок жүрөктөгү ойлор менен, кыйнабачы, кусалык кыйнабачы. Маку

ОП-45-86. Салам супер гезиттин супер окурмандары! Баарыңарды келе жаткан майрамыңар менен куттуктайм. "Обон" консертиңер ийгиликтүү өтсүн. Жиза91

ОП-45-87. Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылынын тургуну Карагулов Уланды 6-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Уулуң Автандил менен кызың Аиданын сый урматына бөлөнүп, келинчегиң Назира менен бактылуу өмүр сүрүп, ооруба! Сага чың ден соолук, узун өмүр, жүзүңдөн жылмаю кетпесин. Ата-энең, бир туугандарың

ОП-45-88. "Обондун" супер смсчилери, сиздерге чың ден соолук, бактылуу жашоону каалайм. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Бактылуу болгула. Гүлшайыр

ОП-45-89. Салам "Обондун" окурмандары, Кытай акырындап өлкөбүздү басып келе жатат. Биз колдонуп жаткан Кытай дрождору адамды унутчаак кылат дешет. Чындыгында кичинеңден чоңубузга чейин унутчаак болуп калдык го! Силер кандай ойлойсуңар достор? Жиза 91

ОП-45-90. Жанымда сен жок кезде, көзүмдү жумуп алып сен жөнүндө ойлоном. Т.Мээрим

ОП-45-91. Берекенин кени, Сулайман тоонун мекени, ордолуу Ош жергесинин кулуну, сүйүктүү, мукам үндүү ырчыбыз Дайыр Исмадияровго аппак кардай аруулукту, күн нурундай жылуулукту каалайбыз. Күйөрмандарың Айзада, Акбары

ОП-45-92. Менин сүйүктүү курбум Самара, 6-декабрь туулган күнүң менен. Көп жаша, эч ооруба! Бактылуу бол! Эма Гузел

ОП-45-93. Шабдан айылынын 10-б классынын Кася, Ася, Махага салам. Кузя

ОП-45-94. М.Иманбеков, жылдыз болуп асманда, жылдыз болуп жанганда. Ушул ырды сага арнап, мен үлгүрдүм жазганга. Көз уялткан кундузум. Көктө жанган жылдызым. Көркүңө жалгыз мен эмес, көз салат бүтүн кыргызым. Адиа

ОП-45-95. М.Иманбековдун күйөрмандары Насикат, Зайка, Кеминдик Наргизге, өзүмө чоң салам. Дайыма чыгармачылыгыңды колдойбуз. Адиа

ОП-45-96. "Тентек микрафондун" алып баруучулары, Эдил жана Жаркынай Амановага салам. Силер менен биздин ар бир күнүбүз шаңга бөлөнөт. Өркөнүңөр өссүн! Айзада Акбары

ОП-45-97. Кербен-Куба, сага чоң рахмат. Абда досумду концертке чакырганыңа! +770235275хх

ОП-45-98. Айтурган, туулган күнүң менен куттуктайбыз. Ата-энени сыйлаган кыздардан болуп чоңойгун. Сени куттуктап эжелериң Гүлзар, Айпери жана байкелериң Тынчтык, Шайымкул, сиңдилериң Аймерим, Айгерим жана апаң Гүлбара

ОП-45-99. Салам Бишкек, келе жаткан жаңы жылыңар менен! Айдар Москва

ОП-45-100. Абда, Барби, Адеми кыз кайда жүрсөңөр да аман болгула. Калмурат, сендей азамат жигиттер көп болсун кыргыз жеринде. Силерди терең урматтап Айдар Москва

ОП-45-101. Кошоков Улук, 8-декабрь туулган күнүң менен! Мен сени сүйөм. Рита

ОП-45-102. Астанадан кыргызыма салам. Чика, Нази, Венка, Алтын дайым алга! Мээримка

ОП-45-103. Ош шаарында жашап жаткан классташтарыма салам. Кышкы экзамендериңе ийгилик. Москва Муратали

ОП-45-104. Жаштар, СПИДге каршы күрөшөлү! 07731430хх

ОП-45-105. Кызым Айтурган, 9-декабрь туулган күнүң менен куттуктаймын. Сага узун өмүр, чың ден соолук жана ата-энеңди урматтаган кыздардан болуп чоңойгун. Сени куттуктап Давлет

ОП-45-106. Салам Кубан Сатаев, менин атым Нурбек. Кубан, атаңдын ыйманы саламатта болсун. Сага баа берсе болот. Ар дайым жолуң ачык болсун! Омийин

ОП-45-107. Самаймын сенин өзүңдү, караймын кара көзүңдү! Суранам сенден суранам. Кыйнаба жаным жүрөктү. Мики Иманбеков, сени сагындым. Кеминдик Наргиз

ОП-45-108. Шабдан-Ата айылындагы 10-б классына салам. Кася жана Кузя

ОП-45-109. Жездем Сталга, жээндерим Алтынай, Нурканатка жалындуу супер салам. Жамиля

ОП-45-110. "Беш тапандагы" куудул Каныбек Разыковду жакшы көрөм. Нурзат

ОП-45-111. Чубактан Сыргак кем бекен, менде деле сөз кенен. Бакиев

ОП-45-112. Көргөндө Азат, Гүлзатты, таанышты анан гүл узатты. Тымызын жайып тузакты, голяк кылып узатты. Уяткарып жалпы урпакты, кыдырып бүтүн кургакты. Аярлап сылайт курсакты, чөнтөкчү жалкоо жанбакты. Унутуп ишти, ал жакты,сыздатып көптү коюшту, кыштак менен шаар жакты. Бакай

ОП-45-113. Байкем Нурланды келе жаткан 23-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр, дүйнөдөгү жакшылыктын баарын каалайм. Бар болуңуз, аман болуңуз. Карындашыңыз Нуржамал

ОП-45-114. Салам "Обондун" СМСчилери, келгиле "Обонду" колдоп концертине баралы. Караколдон Гуличка

ОП-45-115. 0773591616 абоненти, Айдар эмнеге сени татынакай деп рекламалап жатат дейсиң. Себеби, мен распродажа түшүп калбайын, Айдар мени рекламалап койчу- деп аябай жалынгам. Ал өтүнүчүмдү аткарды. Кандай суроо берсең ошондой жооп алдың. Бар бол. Абда

ОП-45-116. Досум Альтао, мен жок жакшы бекен? Сени менен эч ким урушпайт. Сага эч ким таарынбайт. Гезитке жазып калганыңа караганда чындап сагынгансың го? Досуң кыйратып окуп жатат. Буюрса жакында барып калам. Абда

ОП-45-117. Салам алейкум кыргыз элим, Курман Айт майрамыңар менен. Колуңарда куран, жүрөгүңөрдө ыйман болсун. Денибиз сак, өмүрүбүз узак, заманыбыз тынч болсун, ар дайым биз менен Аллах жар болсун. Алматыдан замандашыңар Элита

ОП-45-118. Менин сүйүктүү ата-энеме чың ден соолук каалайм. Бактылуу, кубанычтуу, жыргал жашоонун кучагында түбөлүккө амандыкта жашаңыздар. Менин берекелерим эч качан оорубаңыздар. Эрке кызыңар Гүлшан

ОП-45-119. У.Усеновдун күйөрмандары да өзүнө окшош. Баары токтоо, жөнөкөй. Урматты эч бир кызга ыраа көрбөйм. Ал супер. 0773012993

ОП-45-120. Семетей жаным, мени кечирчи, мен сени сүйөм. Каныкей

ОП-45-121. Жылдыз эже, сизге кааларым чыгармачылык ийгилик, узун өмүр, үй-бүлөдөгү тынчылыкты каалайм. Менин кумиримсиз, сиздей болууну каалайм. Кани 07726789хх

ОП-45-122. Неля эже, чачыңыз, келбетиңиз, боюңуз, ырларыңыз мага абдан жагат. Мен да сиздей болгум келет. Жессика

ОП-45-123. Достор, эгерде "Обондун" гала- концертине билет алсаңыз, анда 0773 443-442ге телефон номерине чалыңыз. Урматым менен Кербен Куба

ОП-45-124. Күтөм сени жылдар алыс, узак ай, күтөм сени ак сүйүүмдү булгабай. Нары карап, көңүл бурбай кетесиң, айтчы жаным кантип жүөм кыйналбай. Тина

ОП-45-125. Аку салам, билесиңби, Кудай дартты да сүйгөн пендесине берет деп коюшат го? Дартты берген Алла Таала шыпаасын кошо берет. Айыгып кетишиңе тилектешмин. Абда

ОП-45-126. Жылдыз Тутуевага салам, "Обонго" кош келипсиз. "Обон" гезити жана окурмандары сизди кучак жайып тосуп алабыз. Сизге ийгилик, алга. Самара 07738479хх

ОП-45-127. Асыл Апасова менен байланыштырып койгулачы, мен ырчы болгум келет. Асыл эже мага 0773129975ке чалыңызчы, суранам. Нурзат

ОП-45-128. "Обондун" супер СМСчилеринин катарына кирген Азия ФМ Алтынай, Баха, Бакай, Сасиона ж.б. жаңы окурмандарга чоң салам. Ар дайым "Обон" менен бирге болосуңар деген үмүттөмүн. Канжар

ОП-45-129. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 1-Май айылынын тургуну атам Жолдошбаев Базарбайга, апам Бегайга салам жолдойм. Апа, келе жаткан туулган күнүңүз менен. Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сиздерди сагындым. Алматыдан кызыңар Элита

ОП-45-130. Ильяз Андаш, сүйүү эмне экенин билесиңби, билсең мени сүйөсүңбү? Жүрөгүмдү берсем эч түшүрбөй жүрөсүңбү. Жессика

ОП-45-131. Жылдыз эже, сизге чың ден соолук, бакыт каалайм дайыма атыңыз таанылсын бүт ааламга, андыктан бар болуп жүрө бериңиз. Ата-энеңиздин, жолдошуңуздун бактына. Талантыңыз ташкындап жылдыздай жанып, Кыргызстандын өчпөс жылдызы болуп жүрө бериңиз. Алтын башыңыз аман болуп ден соолукта болуңуз. Адыл 07778202хх

ОП-45-132. Казакстандын репперлери "Гетта Догс" группасына супер салам. Бишкекке келгенде сонун болгон. Силер суперсиңер, бирок менин досторум "Ярые Ангелы" группасына жетпейсиңер. Кейси

ОП-45-133. Махабат ыйык сезим дабасы жок, а бирок көп ишенбе тазасы жок. Чын сүйүү чырак болуп өчүп, жанса, жашамак ар бир инсан кайгысы жок. Гуля89

ОП-45-134. "Обончиктен" тапкан досум, кыргызымдын сулуу кызы, обонушканын супер жылдызы, смсчи Назикага 100 тонна ысык салам. М.Атабековду сүйбөй, кыргызымдын аскерлерин сүй. М.Атабеков ырдаганы болбосо, кадимки эле адам. Ал сага татыбайт досум. Кейси

ОП-45-135. Менин саламым Алматыда иштеген баардык досторума жолдонот. Будалык Баха, сенин туулган күнүң биз үчүн "Көкөтайдын ашы" болду досум! Досум Будалык Баханы сыйлап, конокко келген досторго таазим менен ыраазычылык билдирем. Баха 88

ОП-45-136. Ысык саламым Барахолкада чарчабай, тажабай иштеп жүргөн досторум Гүлзинага, Кулпунайга, Эрмекке, Айжамалга, Мирбекке, Пашага, Эльвирага, Рахатка. Ден-соолугуңар чың, бактылуу болгула. Ата-энеңер менен, досторуңар, бир тууганыңар тынч болсун. Акчаңар ар дайым болсун. Гуля89

ОП-45-137. Салам Хан-Шай, сен мага жагып калдың. Кантип жолуксак болот? Алматыдан Дон

ОП-45-138. Супер смсчи кыз Макусяга салам. Таанышканыма кубанычтамын. Кейси

ОП-45-139. Ассалому алейкум: Шабдан Ата мектебинин 10-а классына ысык салам. Буюрса бал маскараддан 1-орунду алгыла. Сейит

ОП-45-140. Баткендик досум Үсөн кызы Элмирага салам. Жаным, сени сагынып кеттим го, байланышып турсаң боло? Мага чал күтөм. Гүлкайыр 92

ОП-45-141. С.Садыралиевге супер салам. Эч качан ооруба, дайыма жагымдуу жүзүңдөн жылмаю кетпесин. Аллах сүйгөн пенделерден бол! Барби,Асена, Модел КЖ силер суперсиңер! Мен силерди жакшы көрөм. Прелист

ОП-45-142. ОП-44-257, менин сага айтаарым өзүңдөн кичине болсо көңүл бурбай эле кой. Азыр да кеч эмес. Себеби алар баркыңа жетпейт. Беш кол тең эмес, бирок 90% түшүнө беришпейт. Сүйгөнүң менен экөөңөрдүн мүнөзүңөр төп келбей калышы мүмкүн. Абда

ОП-45-143. Султан байке, алга! Эл тараза, эл сынчыда жеңип, кыргызымдын мыкты ырчысы бол. Сиздин жеңишиңизге ишеничтемин. Жибек

ОП-45-144. Кыздар-балдар, кимдин номери Мегаком болсо мага 0550622073номерине түнкү саат 12ден кийин маяк ыргыткыла. Дос болобуз. Кейси

ОП-45-145. Неля эже, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен. Сизге бекем ден соолук, арчадай жаштык, музыкадай шаттык каалайм. Жибек

ОП-45-146. Менин кумирлерим Айя Садырова, Ралия эмне мынчалык жоголушту? Кейси

ОП-45-147. Кейси, Эма Гузел, Меришка, Барби силер бар, мен бар, калк бар, "Обон" бар демекчимин. Макуся

ОП-45-148. Салам жалпы СМСчилер, жашоо кызык, буга не демексиңер. Бирдигиңер короп жатат аны билем, сотка жасап жатам бензин менен иштеген. Маркасы "Бакайсоник" деген. Буюрса сүйлөшөсүңөр кенен, жаңы сотка каалоочулар ойлоп терең, Кабарлаш СМС жазып мени менен. Бакай

ОП-45-149. Жандай көргөн жаным Жони, сага бекем ден соолук, узун өмүр,чексиз бакыт, экөөбүздүн кармашкан колубуз түбөлүк болсун. Мен сени сүйөм. Акони

ОП-45-150. М.Заиров, мектебинин 1992-жылы туулган кыздарга жана балдарга чоң салам. 10-б классынын окуучулары. Аксана, Акмарал, Мээрим, Улфина, Айпери, Самара, Феруза, Нурзат, Роза, Элиза, Марат, Расул, Адилет, Актилек, Шекер, Акжол ж.б. бар болгула, бактылуу болгула. Ташмамат кызы Акжуурат

ОП-45-151. Анаркүл, Улук сени гана сүйөт. Сага кайрылып келет деп Тазагүл

ОП-45-152. Мен супер смсчилер: Меришка, Барби, Эма Гузел, Мурат, Кейси силер менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Силер бар мен үчүн жашоо керемет. Рахмат силерге. Макуся

ОП-45-153. Сокулук районунун № 3 лицей мектебинин 8-г классына ысык салам. Чопа, Сезю, Сакиш, Айзат, Наку, Гүлжан, Лола, силерди жакшы көргөн Тахир.

ОП-45-154. Салам Алихан, Даниель, кандайсыңар? Сокулукка концерт коюп келгилечи, сураныч? Чопа

ОП-45-155. Сүйдүм сени чын дилимден берилип, көргүм келбейт, эми кайра кезигип. Мейли, сура кечиримди жалынып, бирок, билгин калганыңды кечигип. 05509654хх

ОП-45-156. Мамалагым, мен сени сагындым. Мени кечир, мен сени сүйөрүмө эми ишендим. Сен жанымда жүргөндө мен эч нерсени билбей жүрүпмүн. Мен сени эч кимге бербейм. Закы

ОП-45-157. ОП-44-218 Назика, алтыным, жеңил ойлуулукка алдырбачы! Суранам, андан жакшысы маңдайыңда тургандыр. Таарынба, катуу тийсе. 05509652хх

ОП-45-158. Эрнис, мындан ары бетиме урбачы, бетиме аябай катуу тийди. Эрнис, мен сени кечирдим. Мындан ары тамашалап ойнобойлучу, оюндан от чыгат муну билип жүр ээ. Ж

ОП-45-159. Салам, супер смсчилер Кербен-Куба, Абда, Хан-Шай, Канжар, Айгөлөк жана башка смсчилер ишиңерге ийгилик, ар дайым супер болуп жүрө бергиле. Сезим

ОП-45-160. Саламым Кара-Кулжа районунун биринчи май айылында жашап жаткан бөлөм Наси, ар дайым бар бол, сени урматтап Бишкектен Нуркан

ОП-45-161. Аку, сен ашырып ийбедиңби? Жигиттердин да жакшысы бар. Эч качан антип ойлобо, саунага барса, сойку алса өзүнүн акчасына алып, өзү күнөөгө батып жатат. Мооссоветтеги тизилген байталдарга не дейсиң? Куба

ОП-45-162. Жаным Бексултанды 15-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Ылайым эле сизди сүйгөн кызга сүдүрөлүп жетип калың! 07734797хх

ОП-45-163. Өзгөндүк Бакыт деген досумду таппай жүрөм. Мека 0773479707

ОП-45-164. Барсыңарбы, эр жигиттер! Анда билим алы, мекенибизге салым кошкула. +77021818144

ОП-45-165. "Дордой" базарында иштеген чоң алайлык жердештериме супер салам. Иштериңе ийгилик. Маку

ОП-45-166. Мага сулуулукту, талантты эч нерсе бербептир. Өзүмдү жаман көрөм же балалуу боло албайм. Жашоом кызыксыз, жолдошум гана жакшы. Гүл 07721712хх

ОП-45-167. Сырдашым смсчилер, сүйүнчү! Мен өз бактымды таптым. Айдана Анту

ОП-45-168. Жүрөгүмдү койдум бөлүп люкс кылып, келип кирчи сулуу коюн чыккыс кылып. Жалгызсырайм жашоо өтөт жылып, өзүңсүз мага кандай кызыкчылык. Жеңээр элек экөөлөп, болсо да түркүн кыйынчылык. Махабат бальзамын сүйкөчү алып чыгып. Бакай

ОП-45-169. Кыргызымдын сулуу жигиттери менен таанышам. 07771227хх

ОП-45-170. Менин саламым апакем Ахмедова Наринисо Журабаевнага. Апаке, ар дайым ден соолукта болуп, кыздын кызматын, уулдун урматын көрүп, неберелерге бай болуп, бактылуу байбичелерден болуңуз. Кызыңыз Наргиза

ОП-45-171. Саламым Баткен шаарындагы жаным Акылга жана досторума жолдонот. Жаным, сенин ак сүйүүңө татыктуу боло алар бекенмин. Ден солукта бол! Каны

ОП-45-172. Саламым жүрөгүмдүн ээси, сүйгөнүм, өмүрүм Т...га. Жаным, менчелик сизди эч ким сүйө албайт. Экөөбүз кудай буюрса бактылуу болобуз. Мен сизди эч кимге алмаштырбайм. Кай жерде жүрбөңүз сизди кудай колдоп, аман болуңуз. Айко Ош 0777005хх

ОП-45-173. Казакстандын супер жигити Кайрат Нуртаска чоң салам. Айсулуу

ОП-45-174. Салам Тина,Делвира, ташкөмүрлүк Гүлшан, мага капа болуп жатсаңар керек Жалал-Абадга барбай жатканыма. Мен кандай абалда экенимди билесиңер. Силерди эч качан алдабайм. Үзүлбөгөн үмүт деп коёт го. Канжар


ОП-45-175. Сулуулукка суктанып барктап келем, сулуулукту дайыма жактап келем. Сулуулук бул дүйнөнү М.Иманбеков өзүң гана сактайт деген. Мен сизди ушунчалык даражада сүйөм. Нурайым

ОП-45-176. Сүйөм деп жүрбөдүң беле, сүйүүң сенин жалган беле? Күтөм деп айттың эле, күткөнүң сенин жалган беле? Мени алдаган ак сүйүүң жалган беле? Ээ, балдар намысыңар барбы? Айрыкча Данияр сенде! Аяна

ОП-45-177. Досум Перизатка салам. Сага эч ким жетпейт. Менин эң жакын адамымсың. Сендей досту төрөгөн аяш энем аман болсун! Мээрим

ОП-45-178. Менин саламым Бишкектеги бир туугандарым Кубаныч, Нурбек, Агача, Акылбек, Нуртилек, Санжар, жеңешкаларым Наргиза, Жаркынай баарыңа ысык салам. Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында жашап жаткан апама, гимназияда окуп жаткан иним Өмүрбекке жана классташтарым Марал, Гүлзада, Бурулай, Элмира, Гүлмира, Жылдыз ж.б. баарына ден соолук каалаймын. Дайыма бар болгула, бай болгула. 07739551хх

ОП-45-179. Менин саламым Казармандагы апам Жамалдын 8-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Кызыңыз Айтолгон

ОП-45-180. И. Абдыразаковго салам. Чыгармачылык ийгилик. Казармандан Айтолгон

ОП-45-181. Казармандагы досторум Насыйкат, Мунара, Эркай Жунага соң салам. Айтолгон

ОП-45-182. Жараткан алтын энекем, мээрими чексиз энекем. Бактыбызга бар болуң, менин табылгыс берекем. Апам менин асылым, ардагым маңдайыбызга аман болуң? Кыздарыңыз Шааркан, Даткайым

ОП-45-183. М.Иманбеков, сени абдан жакшы көрөбүз. Балдарым Болотбек, Бактыбек, апасы Назира. Мирбек бар бол, аман бол, бактылууу бол! 07770259хх

ОП-45-184. Аялдар үчүн кызмат кылам. Арген 22 жаш. 0550936353

ОП-45-185. Менин сүйүктүү апам Чынарды, атам Турсунду келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ардашка

ОП-45-186. Менин качанкы жоготкон махабатым, Шамшиев Асылбек Бөрүбековичти күтүп жүрөм. Мен сени түбөлүк сүйөм жана күтөм кайрылчы. Казармандан Наргиза

ОП-45-187. Даниель, 10-декабрь туулган күнүң менен куттуктайм. Дамира

ОП-45-188. Менин саламым эжем Венерага, байкем Алмазга жана Даниелге жолдонот. Мен силерди сагындым 07774785хх

ОП-45-189. Кербен-Куба, сен көп Кеминдиктерге тийишпе, намыс деген күчтүү! 07775133хх

ОП-45-190. Салам "Обондун" күйөрмандары жана бүтүн кыргыз калкым, келе жаткан курбан айт майрамыңар менен! Сиңдим Анаранын 7-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Шарлин

ОП-45-191. Досум Аль-Тао, сага бекем ден соолук, иштериңе ийгилик жана өзүң сүйгөн Дзюдодон тезирээк чемпион бол. Жараткан намазыңды кабыл кылсын. Ар дайым алга! Досуң Абда

ОП-45-192. Кыргызстан, мекен үчүн өз жанын аябаган кыз-жигиттер качан чыгат! Ара

ОП-45-193. Жаным Эрзат, мени кечирип койчу. Антымды аткара албадым. Бир кезде сени сүйгөн, сен да сүйгөн Айжамал

ОП-45-194. Атам Жусупов Төрөбекке, апам Эрменова Санабарга жана бир туугандарыма салам. Перизат

ОП-45-195. "Обон" гезитинде иштеген Анжелина Жолиге салам. Женифер Лопес

ОП-45-196. Санжар Бердибеков, мен сизди ушунчалык сүйөм. Айжамал

ОП-45-197. 50 жылдыктын "Белые тигры" тобуна жана 11-класска салам. Нази 11-кл, Кочкор району

ОП-45-198. Арстанбек Абдымановго, Лилия Абдубаитова, Назгүл Айдаралиева, Бегимай Дастанова, Жанара Атабековаларга сагынычтуу салам. Гулистан

ОП-45-199. Бардык кыргыз ырчыларына салам. "Обон" силер суперсиңер! Гулистан

ОП-45-200. Ч.Мырзаев, сизди түбөлүккө сүйөм. 07775970хх

ОП-45-201. "Болашак" базарынын 9-катарынын супер сатуучулары Замир уулдуу, Нурлан аке кыздуу болушуңар менен куттуктайм. Өмүрлөрү узун, бак дөөлөттүү болушсун. Гүлнара

ОП-45-202. Сахалиндеги Нурислам аке, мен сизге таарынган жокмун. Чалың, күтөм. Качан келесиз? Мен сизди күтүп жүрөм. Сизди абдан сагындым. Толуктан Гули

ОП-45-203. Саламым досторум Жоодар, Нуржигит, Лео, Айбек, Санжар, Ильяз, Эрнест, Тынчтык, Эркебек, Хан, Тима, Жика, Кенен, Кабыл, Дамир, Бека, Сузана, Анжелика, Нурпия, Модел КЖ, Каринага, жолдонот. Силерди сагындым. Эркин

ОП-45-204. Саламым таекем Намазга, бөлөм Элдар, Султанга жолдонот. Эркин

ОП-45-205. Москвада чарчабай эмгектенип жаткан досум Рахманбердиева Назира, тилеген максатыңа жет, сени сагынып Алматыдан досуң Гуля

ОП-45-206. Мен сулуу кыздар менен таанышкым келет. Бактыяр

ОП-45-207. Сокулук районунда жашаган курбум Токтобек кызы Айпериге салам. Берекем менин, эч убакта капаланба, дайым күлүп жүр! Жака-Жазгүл

ОП-45-208. Урматтуу достор, мен силердин номериңерди жоготуп алгандыгымдан силер менен байланыша албай калдым. Мени менен байланышып койгула. Жака-Жазгүл 0773318646

ОП-45-209. Берекелерим Айдеми Айка, Жанка, Кербен-Куба, Батина, Азат, Саматик, Гүлбарчын жана мени тааныгандарга саламымды жөнөтөм. Ынтымак үзүлбөсүн! Жака-Жазгүл

ОП-45-210. "Обон" аркылуу тапкан ардактуу, бир туугандай көргөн досторум Мемо, Хан-Шай, Барби, Меришка, Айдана-Анту, Лазат, Айкан, Бегимай, Эма Гузел, Макуся, Оштон Чынара, Мөлмөл, Салем, Кунчуайпери, Фирдаус, Лейла, Ахилес, Нурзат, Тариел, Золушка, Гүлшан баарыңарга салам. Достор, силерди ушунчалык сагындым. Жака-Жазгүл

ОП-45-211. Достор,мен силер менен таанышкым келет. Акыл

ОП-45-212. Ош шаарындагы Нуржан, сени мусулмандардын майрамы Курбан айт майрамы менен куттуктайм. Кудайым эки дүйнө жакшылыгын жана бактылуулугун берсин. Дайыма ден соолукта, сулуулукта эл ичинде кадыр-барктуу бол. Ноокат

ОП-45-213. Москвадагы Гүландага салам. Жараткан жашоонун таттуу балын насип кылсын. Бактылуу бол! Гүлшан

ОП-45-214. Ким, ким, ким эле: Асмандан жамгыр тамызган, андан дарыя агызган. Ар түркүн гүл өстүрүп, тоо таш талаа, аңыздан, Адамзатка тил берген, кулак берген дил берген. Аалым кылып инсанды, Ай чырайын ким берген? Ал-ен Улук,эң ыйык, эң жогорку Аллахым. Гүлшан

ОП-45-215. Сокулук районунун реанимацияда иштеген Старший медсестра Добашева Нурила Сарыбековнага жолдонот. Кызы Чопа

ОП-45-216. Кыргызымдын ыймандуу, сулуу жана акылдуу жигиттери менен таанышып достошкум келет! Номерим 0777118259

ОП-45-217. Менин саламым Аксы районунун Кызыл-Туу айылында жашап аткан апам Тамарага, атам Омарга жолдонот. Кызыңар Дамира

ОП-45-218. Сүйүктүү Замира, Нурила эжелериме супер салам. Үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Аман болуңуздар. Жараткан колдосун. Гүлшан

ОП-45-219. Табигат сырдуу Алтынайга, Тараздан Айпериге, Назикада, Канжарга чоң салам. Жараткан кубанычтуу, бактылуу жашоону белек кылсын. Гүлшан

ОП-45-220. Мени туткун кылып кыйнайт сүйүү азабы, таарынычтан өтүп дарегиңе жетип учуратам сени жаным. Жанымдан эч кетпесең болду. Бир өмүргө сени жоготпосом болду. Канжар

ОП-45-221. Нуржамал эжеме чоң салам. Үй-бүлөлүк бакыт, каалайм. Ар дайым амандыкта жыргал жашоонун кучагынан алыстабаңыз. Гүлшан

ОП-45-222. Мени ар дайым эске алып салам жолдогон Макусяга чоң салам. Ар дайым чың ден соолукта бактылуу бол! Кел жакындан таанышалы, 0773371669 Гүлшан

ОП-45-223. Гүланда досум, сага бекем ден соолук, иштериңе ийгилик. Жылуу кийин. Өзүң айткандай Кыргызстанга келгенде орустар кыргызча сүйлөйт. Абда

ОП-45-224. Салам Баха, мен 87, өзүң кайсы көчөдөнсүң? Билсем болобу? Сурооңо кайра суроо бергениме таарынба. Урматым менен Абда

ОП-45-225. Наргиза кандайсың? Сенин саламыңды тынчы капка салып ыссык салам. Сени келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Жегениң жүзүм, өмүрүң узун болсун. Жамандык сени кууп жетпесин. Кыздарга биринчи карьера, бул үй-бүлөө эмеспи, сага да эң башкысы бактылуу бол демекчимин. Абда

ОП-45-226. Кербен-Куба байке, ден соолуктарыңыз жана иштериңиз кандай? Жеңем кандай жүрөт? Айбийке чоңоюп калдыбы? Кербен-Куба байке, мен сизди өзүмдүн бир тууганымдай жакшы көрөм. Карындашыңыз Айпери

ОП-45-227. Мен "Обондон" тапкан жалгыз байкеме салам жолдойм. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңизге ийгилик каалайм. Карындашыңыз Абда

ОП-45-228. 0773591616 абоненти, сен эмнеге Жака-Жазгүлдүн атын сатасың? Өзүңдүн атың менен смс жазсаң болбойт беле?! Сен чоң кыз, сүйлөштү үйрөнүп алчы, "Эй, кулагың укпайбы?" деген кимге эле жагат. Мен сага адамча "мен концерттемин" деп айттым го. Же ачыгын эле айтпайсыңбы Айдардын номерин бер деп. Сен кимиси болосуң дебей. Мен анын "Обондон" тапкан досу болом. Абда

ОП-45-229. Салам Жылдыз эже, биринчиден ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалаймын. Чолпон жылдыздай жанып, кыргыздын желегин желбиретип жүрө беришиңизге тилектешмин. Сиз менен жолуккум келет. Гүлдар 07739551хх

ОП-45-230. Урматтуу студенттер, баарыңар сессияңарды жакшы тапшырып, кышкы эс алууну жакшы өткөрүп келгиле. М.Иманбеков сен дагы. Кеминдик Наргиз

ОП-45-231. Жылайын скорость бир менен, оюмду жазайын ыр менен. Кыйналып элим жашоо кечирет, паракор, адилетсиз заманда кирдеген. Кичүүгө ызат, улууга урмат билбеген. Чанышкан кыргыз эне тил деген. Тааныбай Манасын, Чыңгыз ким деген? Заарын чачып жинденген. Секта жалган диндерден. Карыздын батырган сазына, издейбиз күнөнү кимдерден. Көз тойбойт иштерине кетем тиктеп. Алга жылбай бараткансыйт кетенчиктеп. Баары кымбат, козголушпайт бийликтегилер. 0772342708

ОП-45-232. Урматтуу "Обон" гезитинин сүйүктүү окурмандары жана смсчилер! Сиздерди Курман Айт улуу майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Бекем ден-соолук, кемибес бакыт жана көңүлдүү маанай каалайбыз. Биз менен тыгыз байланышта болгон окурмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Биз сиздерди сүйөбүз! "Обон" гезитинин концертинде чыдамсыздык менен сиздерди күтөбүз. Айнура Султанова.

ОП-45-233. Саламатсыздарбы "Обон" гезити, ишиниздерге ийгилик. Жакынкы боло турган концертиңер жөнүндө маалыматым бар. Силердин концертиңерге катышсак болобу? Алексей Филатов түзгөн "Новые имена" конкурс- фестивалдын жеңүүчүсүбүз. Менин тел ном. 0555 866 455. Айжан

ОП-45-234. Саламалейкум, кутмандуу "Обондун" коноктору,жагдайыңар,маанайыңар, зерикпей,ээн эркин өз үйүңөрдөй болуп эле жатабы? Бизде эч ким зерикпейт, тез-тез, келип чай ичип кеткиле. Биз ар дайым жадырап-жайнап тосуп алабыз, туурабы, достор? Айгөлөк

ОП-45-235. Салам "Обон" концерттиниздерди чыдамсыздык менен кутуп жатамын. Айгөлөк

ОП-45-236. Салам Хан-Шай, Барби, Гүлшан, Айдеми Айка, Жака-Жазгул, Кунчуайпери, Эма Гузел бар болгула, аман болгула, ар дайым жүзүңөрдөн жылмаю кетпесин. Кыргызда силердей кыздар көбөйө берсин. Айгөлөк

ОП-45-237. Салам табигат сырдуу Алтынай, мен түшүнбөдүм Айдеми Айка жана Хан-Шайдын жинине тийипсин, бирок, кайра туулган күнүңө чыкырыпсың. Ошондо табигат сырдуу Алтынайдан экөө барбы "Обондо". Айгөлөк

ОП-45-237. Жубайым Артыгайдын жаркын элесине: Тагдыр экен кантейин, айласыз мен сыздаймын, жандай сүйгөн жарымдын, омуру кыска экен.

ОП-45-237. Кытайдагы туугандардан ысык салам. Мен кытайдагы Кулжа (Иле облусу ) деген шаардын Текес ооданында турам. Сиздерге жалындуу ысык салам! Сайытыңар абдан сонун экен! Мүмкүн болсо биздин Кытайдагы кыргыз ырчыларды да тааныштырып койгулачы! Турдумат Айтыбай уулу

ОП-45-238. Салам "Обон" жана кыргыз элим, Курман Айт майрамыңыздар менен, ар бириңиздерге бакубат жашоо каалайм. Гузель

ОП-45-239. Мен кыргызымдын сулуу жигиттери менен таанышам. 0772730790

ОП-45-240. Супер сулуу айым Кубаныч кызы Айпериге жана Кейсиге салам жолдойм. Чопа

ОП-45-241. Шабдан-Ата айылындагы 8-б классындагы Бегайымга ысык салам. Бегайым ден соолукта бол, ар дайым сен менин жүрөгүмдөсүң. Мен сени сүйөм. 07735090хх

ОП-45-242. Саламатсызбы Жылдыз Тутуева, билесизби, сиз менен ар дайым сыймыктанам. Себеби,сиз менин копиям экенсиз. Сиз менен жолуккан күндү албетте күтөм. Урматым менен Зейнеп.

ОП-45-243. Жылдыз чыгармачылык ийгилик, бактылуу үйбүлөдөн бол. 07777906хх

ОП-45-244. Энекем көктө алып жүрсөм дагы, тизелеп таманыңдан өпсөм дагы. Ак сүтүң акта албасмын мен, ак сүтүң актай албай кыйналып келем мен. Бул ыр саптарын апам Зейнепке жолдонот. Апа сизди чексиз жакшы көрөм. Кызыңыз Даткайым




Менин мындай оюмду түшүнгөнсүп тигил аял да жалтактап, тике карай албады, өзүн кандайдыр бир күнөөлүү сезгендей жер тиктейт.
- Ал азыр кайда? - Башка бирөөнүн коркконун сезгенден кийин адам компоюп калат эмеспи, менде да ошондой сезим болду окшойт, чыртылдап кыр көрсөтүп, мурдум менен тийип алганымды өзүм да байкабай калдым. Аял менин сөзүмө маани бербей:
- Келиң, мен көрсөтүп коёюн, -деп, чыгыш аялдарынын басыгы менен текилдеп алдыма түштү. Анын алдында бараткан кыймылын көрүп өзүмчө эле кыжырланып, туталанып бараткам, качан автобуска түшкөндөн кийин андай сезим кайда тарап кеткени билинбей өзүмдөн-өзүм жайдарылана баштадым. Көңүлүмдүн мынчалык тез ачылып кеткенине өзүм да түшүнбөй калдым. Айрым кыймылдарымды башкарууга аракеттенгеним менен, көпчүлүгүнө ээ боло албай жатканымды сездим. Эптеп алаксыйын деп:
- Сиздин атыңыз ким?- деп сурадым тиги аялдан. Ал менден мындай суроону күтпөсө керек, буйдала түштү да:
- Салават,- деп өз атынан уялгандай жер карады. Баятан бери анын жүзүнө анча көңүл бурбаптырмын, азыр карасам ал өтө эле жаш кыздай көрүндү . Эми аны "сиз" же "сен" дээримди билбей турганымда:
- Ушул жерден түшөбүз, -деп ал көпчүлүктүн арасынан мени алдыга өткөрүп, өзү артымдан ээрчиди. Жерге түшкөндөн кийин этаж үйлөрдү аралап бир үйгө кирдик.
Бахид бийик жаздалган темир керебетте купкуу болуп, эки-үч айлап ооруган кишидей болуп алсырап жаткан экен. Эки бөлмөлүү квартиранын аркы бөлмөсүндө өзүнчө кужулдашып сүйлөшкөн үндөр угулат. Бир топ киши бар сыяктанат. Бахиддин керебетинин жанына барганымда ачуу тердин жыты мурдумду өрдөй берди. Ал өзүнчө бирдемелерди сүйлөнүп, катуу кыйналгандыктан эрдин тиштенип онтоп алууда. Биринчи киргенимде мени тааныган жок окшойт, эч кимди жактырбаганын билдиргенсип, ары бурулуп кетти. Каны качкан керсары өңү, коюу кара каштарын ого бетер өңүнө чыгарып өзгөчө сулуу кылып турган экен. Аны менен кантип сүйлөшөөрүмдү билбей турганымда, сырттан элүүлөргө жакындап калган аял кирип мени менен учурашты да, Бахиддин температурасын текшергендей маңдайына алаканын коюп:
- Бахид, сага Элмира келди, мында турат, - деди. Ушул эле сөздү күтүп тургансып, шарт бери бурулуп, кандайдыр бир кубанычты ичине батырган жылмаюу менен мени карады. Бул учурда андан бактылуу киши жоктой сезилди мага. Анын мындай мамилеси билинбегени менен менин көңүлүмдү көтөрдү. Өзүңдүн кимдир бирөөгө керек экениңди сезүү кыздар үчүн абдан маанилүү экенин мен ошондо алгач даана сездим. Эгер тигил аял болбогондо кучактап, өпкүлөп,ыйлап жиберишим толук мүмкүн болчу.
- Эмка, чын эле сен мага келдиңби? - деп сурады Бахид араң жан үнү менен. Көмөкөйүм жашка буулуп тургандыктан анын суроосуна сөз менен жооп бере албай башымды ийкедим. Ал төшөктөн колун чыгарып, мага сунуп, кол кармашып учурашкысы келгенин билдирди. Бахиддин андан аркы оюн түшүнгөндөй тигил аял сыртка чыгып кетти да, эшикти коомай жаап койду. Бул биздин сөзүбүз толугу менен сыртка угулуп турушун каалагандыгы экендигин туюндуруп турду. Мен анын колун кармаганым менен боюмду андан оолак кармоого аракеттендим. Андан өзүмдү оолактатып турган дагы бир жагдай - анын аялы жөнүндө укканым эле. Аялы ушул жерде болсо керек деген ой көңүлүмдөн кетпей, аны менен көп чечилип сүйлөшө албадым. Бахид айттырбай түшүндү окшойт:
- Ырахмат, Эмка ушунча убактыңды бөлүп мага келгениңе.Менин ушундай оорум бар, мен бул оорум менен он беш-он алты жылдан бери алышып келатам. Акыры ушул оору менин түбүмө жетет окшойт,..-деп андан аркы сөзүн жутуп койду.
- Врачтарга көрүнбөйсүңбү? -Оюма мындан башка сөз кирбеди. Ал мага ыраазы болгондой карап, көзүнөн бир башкача нур чыгара:
- Бул ооруну дарылаш доктурлардын колунан келбейт. Эгер алардын колунан келсе мен эбак эле жакшы болуп кетмекмин. Бул ооруну дарылай турган кишилер азыр жок окшойт, - деди. Анын мындай сөздөрү мага анча жага бербеди жана мен ал сөздөрдүн маанисин толук деле түшүнө бербедим. Ал мага калп эле өзүнүн оорусунун кадыр-баркын көтөрүп жаткандай, менин боор ооруганым керек болуп тургандай сезилди. Мен ага эмне деп жооп айтаарымды билбей апкаарыдым.
Абалды туура баамдады окшойт, ал мени бир аз карап турду да, баары бир түшүнбөйсөң дегендей көзүн буруп кетти. Ага эмне деп көңүл көтөрөөр сөз айтаарымды билбей, чечилип сүйлөшө албай көөдөнүм удургуйт. Эси-дартымдын баары анын аялында. Бир эсе ал кандай экенин көргүм келсе, мени Бахидге чечилип сүйлөштүрбөй жаткан да ошол. Башкы себеби Бахидге сүйлөйүн деп даярданып калганымда эле, тигил бөлмөдөгү кужулдактар басылып баары менин сөзүмдү тыңшап аткандай туюлат да, сүйлөөчү сөзүмдү жутуп коем. Мендеги ахыбалды толук көргүсү келдиби, Бахид көзүн аңтарма өнөрүнө салып карай баштады. Анын эмнегедир ушул кейпин көргөндө, кичинекей баланын таарыныч көзүн аңтарганы элестеп, кыжырым кайнап чыгат. Ушинткенде баарын билем дегени эсиме түшүп, андай кыйын болсоң азыр ахыбалымды билип берчи дегендей көз ирмебей карап турдум.
Ошол абалын өзгөртпөй бир саамга тиктеп турду да:
- Дагы сенин настроениеңди бузушкан экен да, -деди үшкүрүп. Башка жер болгондо мындай көңүл жубаткан сөздөн улам ыйлап жиберет белем, азыр өзүмдү токтотуп араң-араң, карманып турдум. Анын ушунчалык сезгичтигине ичимден ыраазы болуп, мындан башка киши мени мынчалык түшүнө бербейт деген ишеним андан ары бекемделди. Ушул мезгилде жанагы элүүлөргө жакындап калган аял подноско баарын даярдап, чай көтөрүп кирип келди. Бахид анын ар бир кыймылына көз салып, качан ал кайрыла бергенде:
- Салаватты кир деп коёсузбу? -деди. Бахиддин бул сөзү араң угулганы менен өктөм айтылды. Тигил аял бирдеме байкагандай катуу силкинип алды да, аргасыз макул дегендей башын ийкеп чыгып кетти. Мен Салаваттын сөзүн буга айтып ушактагандай өзүмдү ыңгайсыз сездим. Баскан дабышы билинбей Салават кирди. Анын өңүнөн гана эмес, баскан-турганынан да корккону даана байкалып турду. Ал сен бирдеме дедиңби дегендей мени жал-жал карайт.Салаваттын көз карашына үнсүз жооп берүүгө аракет кылдымбы, же өзүнөн-өзү аракетке келдиби, айтор башымды чайкап алдым. Муну Бахид да байкап турса керек.
- Эмка мага эч нерсе деген жок. Салават, бирок сенин эмне айтканыңды мен сезип турам. Ушул силер менин турмушума кийлигишкенди качан коёсуңар? -деди Бахид акырын жана каардуу.
Салават мени жаман көзү менен тиктеп туруп, Бахидге тажикче бирдеме айтты. Бахид ага тажикче жооп берди. Алардын сүйлөгөн сөзүнө түшүнбөгөнүм менен кыймыл-аракети кыжылдашып жаткандарын билдирип турду. Бир маалда экөөнүн башка тилде сүйлөшүп жатышканына ыңгайсызданышты окшойт:
- Мына ушунун баары, бул оору да ошол себептен, - деди Бахид. Салават ага каршы каяша айткысы келген жок окшойт, унчукпай турду да чайдан куюп өзүн алаксытты. Биринчи чыныны мага сунган, чайды алып, подностогу кургак өрүктөн ала бергенимде:
- Эмка, өрүктөн жебе, чайды да ичпе, - деген Бахиддин үнү жүрөгүмдү түшүрдү. Мага уу берип жаткандай болуп Салават кызарып кетти. Мынчалык душмандык кылганына түшүнө бербей дал болдум. Кандайдыр бир башка дүйнөгө келгендей Бахидди бир, Салаватты бир карап эч нерсе түшүнбөгөндүктөн, менин жан дүйнөмдү оор коркунуч аралап өттү. Салават уу берип, менин мында эсиме келбей кулап жатканым көз алдыма элестеди. Бахид өүнчө жинденип:
- Баарын кылган ушулар. Менин минтип оорулуу болушума да ушулар күнөөлүү. Эми минтип сени да оорулуу кылганы жатышат. - Анын оюн далилдегенсип, Салават куюп берип жаткан чайын таштап кетип калды. Анын мындай аракети мени абдан терең ойго салды. "Мен буларга эмне жамандык кылдым эле. Булардын ортосунда мынчалык эмне душмандык бар болду экен. Бахид буларга ишенбесе эмне себептен алар менен чогуу бир үйдө жашап жүрөт". Мындан да кеп суроолор башымды аралап, бирок биринде да жооп ала албадым. Бир байкаганым бул жерде өтө татаал маселелер бар экендигин туйдум.
Алгач Бахидди ала кетейин деп ойлогом, бирок анын аялы тууралу ой башыма келгенде жанагы оюман баш тарттым. Бахидди булар өлтүрүп коюшат го деген бир жолбун ой келе калган, кайра ушуга чейин өлтүрбөгөн булар эми кантип эле ошол ишке барсын деген ой жеңип чыкты да, менин бул жерде отура беришим туура эместигин сездим. Аны минтип кыйналып турган Бахидге кантип айтаарымды билбей турганымда ал өзү:
- Сага бул жерге көп отурууга болбойт, булар бирдеме кылып жибериши мүмкүн, -деди. Тигилердин көзүнчө эле ушинтип ар кайсыны айта бергенинен улам анын оорусун "жин оору" деп коюшат го деген да ой кетти. Бахид мени кете бер дегени менен чынында кетиргиси келбей колуман кармап бир топко турду да, эми бара берсең болот дегендей акырын колуман сылап койду. Мен ордуман турганда ал бурулуп ары карап жатып алды. Анын мындай кыймылы мага бул жерде сүйлөшө турган эч ким жоктугун далилдеди. Чынында анын көңүлүн көтөрүп өөп коёюн деп ойлогом, бирок тигилер ага мүмкүнчүлүк бербеди. Оозгу бөлмөгө чыга бергенде мени Салават менен орто жаштагы баягы аял күтүп туруптур.
- Сиз Бахиддин сөзүнө ишенип Салаватка капа болбоңуз. Ал жинди болгондо... - кайра ушул жерден сөзүн тууралап, - тигинтип ооруп калганда










??.??