Кумир менен баарлашуу

Ислам Акматов:
"Сулуулук келбетте эмес, жүрөктө"
Таланттардын очогуна айланган мекенибизде быйыл маңдай жарыла кубана турган ийгиликтер өнөр адамдарын коштоду. "Иштесең тиштейсиң" дегендей учурда эл үчүн кызмат кылган "ыр дыйкандарынын" акыбети кайтып, өлкөбүздүн желеги желбиреп, жемишин берип турган убак. Мына ошол таланттардын арасында өзүнүн өзгөчө үнү, жөнөкөй, кичи пейил мүнөзү менен айырмаланып аз гана убакыттын ичинде элдик адамга айланган Ислам Акматов бүгүн күйөрмандары менен жолукту. Белгилей кетсек, Ислам мырза жакында Астана шаарында болуп өткөн 70 өлкөнүн катышуусундагы "Шабыт" эл аралык фестивалында эстрада жанры боюнча күч сынашып Гран-Прини жеңип, кыргыз элинин намысын коргоп келди.

Аманат
- Ислам байке, жеңишиңиз кут болсун. Бул сиз үчүн чек эмес, дагы да көптөгөн ийгиликтерди багынтып элдин уулу болуп жүрө бериңиз. Айтыңызчы, жеңүүчү аталгандан бери кандай сезимдер болуп атат. Көчөдө көргөндөр колуңузду кысып куттуктап жатышкандыр?
- Чоң рахмат, сиздер бар, биз барбыз. Менин жеңишим сиздердин, кыргыз элимдин жеңиши. Жеңишке жетишип, Кыргызстандын аты аталганда аябай толкунданып, денемди тер басып кетти. Мен үчүн ошол минуталар өмүрүмдөгү эсте калаарлык бактылуу бир учур болду. Ал эми Кыргызстанга келгенде "Гран-Принин" ээси болдум деп мурдумду көтөргөн жокмун. Баягы эле Исламмын, эч жерим өзгөрүп кеткен жок. Эл жеген тамакты жеп, эл баскан жерде эле басып жүрөм. Анан да кээде алдымдан чыгып куттуктагандар болуп атат. Аларга рахмат.
- Кандай максатта ырчы болуп жүрөсүз?
- Бир ыр жаза калып элге таанылып, кыздардын көңүл борборунда болоюн деген оюм жок. Жүрөктө сакталып, муундан-муунга жетип, тарыхта кала турган ырларды жаратуу менен кыргыз эстрадасына аз да болсо өз үлүшүмдү кошоюн, талантым талаада калбасын, болгон дараметимди элим менен бөлүшөйүн деген аруу тилек менен ыр дүйнөсүн аттадым.

Галина
- Мен Россияда жүрүп, дисктерден сиздин "Фатима" деген ырыңызды угуп, ошол ыр менен ооруп калдым. Аталган ырдын жаралышы боюнча айтып берсеңиз?
- Бул ыр байкемдин (Мурат Жолукеевдин) жубайына, жеңеме арналып жазылган ыр. Мурда обону даяр болчу. Сөзүн "булбулум" деген китептен издеп таап, машинада баратып 2 сааттын ичинде жаратканбыз.
- Сизди музыкадан башка спорт менен машыгат деп угуп жүрөм. Кыргыз спортчуларынан кимдерди баалайсыз?
- Спорттун самбо түрү менен 6-классымдан машыгып баштагам. Азыр убакыттын тардыгына байланыштуу бул жаатта бир аз тыныгуу болуп калды. Буюрса, окуумду бүтсөм кайрадан улантайын деген оюм бар. Анткени спорт дагы менин бала кезден көксөгөн тилегим. Ал эми кыргыз спортчуларынан Каныбек Осмоналиевди, Канатбек Бегалиевди, Руслан Түмөнбаевди баалайм.
- Сулуулукка суктанасызбы?
- Эркек болгондон кийин жаныңдан суйкайган сулуу кыз өтүп баратса кантип суктанбай коёсуң. Жок эле дегенде бир карап аласың да. Менин бул оюма бардык эркектер макул болот болуш керек. Бирок "сулуулук келбетте эмес жүрөктө"-деп коёт го. Анын сыңары мен үчүн да жан дүйнө сулуулугу биринчи орунда.

Чика
- Сизди көпчүлүгү өзбек деп айтышат. Ушул ыраспы?
- Жок. Мен кыргыздын уулумун. Кыргызмын. Бирок, тээ түпкү ата-тегимде казактын каны бар экен.
- Бир көргөн адамга аябай уяң, тартынчаактай туюлат экенсиз. Бул мүнөзүңүз өзүңүзгө сезилеби?
- Туура байкагансыз. Чынында мен улунуп-жулунгум келбейт. Көп учурда тартынчаактыгымды сезем. Бул да болсо ата-энемдин мага берген тарбиясы.
- Азыр улунуп-жулунгандын заманы. Тартынчаактыгыңыздын айынан көп нерседен кур жалак калбайсызбы?
- "Кудай деген кур калбайт" демекчи насип эткен нерсеге ушул мүнөзүм менен эле жетип келем. Тартынганым эле болбосо таптакыр бош адамдардын деле катарына кирбейм.

Тургунай
- Сиздин оюңузча продюсер деген ким?
- Менин түшүнүгүмдө продюсер деген-насаатчы. Көп жерде өзүнүн акылын айтып, жол көрсөтөт.
- Астанага фестивалга барганда өкмөт тарабынан колдоолор көрсөтүлдүбү?
- Эч кимден эч кандай жардам болгон жок. Жалгыз өзүбүздүн каражатыбыз менен барып келдик. Биздин өлкөдөгү эң чоң кемчилдик ушул. Стимул боло турган колдоо жокко эсе.
- Биздин мамлекетте шоу-бизнес барбы?
- Бизде шоу-бизнес жок деп ойлойм. Бул абдан мааниси терең сөз. Кыргызстанда шоу бар, бизнес жок же тескерисинче бизнес бар, шоу жок. Бир мезгилде шоусу көтөрүлдү эле, азыр ошол бойдон ордунда турат.
- Тамакты тандап жейсизби? Кычкыл тамак жагабы же таттуубу?
- Негизи эле тамакты тандап жеген жан эмесмин. Экинчи сурооңузга жооп кыла турган болсом таттууга жакынмын.
- Эмнеге шыгыңыз жок?
- Бийлегенге.
Гүлбайра
- Кыргызстандын бардык региондорун кыдырып келсең керек. Сага кайсы жер жагат?
- Кыргыз жери-бейиштин жери деп бекер айтылган эмес. Ар бир жердин өзүнүн кооздугу, өзгөчөлүгү, керемети, касиети бар. Башкача айтканда бардык жерлер бири-бирин толуктап турат. Андыктан кыргыз калкыбыз жерибиз менен сыймыктанып, төш каккыласак жарашат.
- Киного тартылайын деген оюң барбы?
- Адам баласы бир эле нерсе менен чектелбей, ар тараптан өзүбүздү сынап көрүшүбүз керек. Киного сунуштар түшүп атат. "Чолпон жылдыз" конкурсуна кетип атканымда бир режиссёр байке чалып, роль сунуштаганынан кийинчерээк сүйлөшөлү дегенбиз. Азырынча сценарий менен тааныша элекмин. Эгер менин окуума, чыгармачылыгыма тоскоол болбосо, кышындасы кыргыздын бир тасмасына тартылып, башкы ролдогу спортсмендин образын жаратып калам.
- Арзыган адамың болсо керек...
- Жигиттик сөзүмдү айтсам учурда жүрөгүм бопбош, орун кенен.
- Жеке концертиңизди качан бересиң?
- Кудай насип кылса, аманчылык болсо жазында койсомбу деп турам. Буюрса, ошол концертимде ушул жердегилер эки адамдык чакыруу билетине ээ болосуздар. Концертке жакын "Обон" гезитине таштап кетем, редакциядан алып аласыздар.
- Ой, чоң рахмат. Ошол күндү чыдамсыздык менен күтөбүз.
- Алтындай убактыңыздарды бөлүп келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Бар болуңуздар,эч качан оорубаңыздар.
- Сиз дагы.

Уюштурган Ж.Калдарова,
сүрөтчүсү А.Адишов