presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ала-Тоо койнунда

"Жаңы Кыргызстан" "Акыйкат үчүн" менен биригеби?
Ушул жумада "Акыйкат үчүн" кыймылынан бекитилген өкүлдөр "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Исмаил Исаков менен жолугушуп, биригүүнүн жол-жобосун талкуулап, мындан аркы аракеттердин бирдиктүү концепциясын иштеп чыгышмакчы.
Эскерте кетсек, мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков 11-октябрда өз каалоосу менен кызматынан кетип, "Жаңы Кыргызстан" партиясын жетектөөнү колго алып, бийлик саясатын сынга ала баштаган. Андан соң бул партиянын лидери, өлкөдөгү дагы бир маанилүү фигуралардын бири, соңку кездери президенттин кеңешчиси болуп турган Үсөн Сыдыков да кызматынан кетип отурат.

Кечээ Курман Айт майрамы болду
Жалпы мусулмандардын ыйык күнү болгон Курман Айт күнү Бишкектин эски аянтында Курман Айт намазы окулду.
Ага келген адамдардын саны жылдагылардан арбын экени байкалды. Анткени келген эл аянтка батпай Жогорку Кеңештин имаратын тегерете курчап намаз окушту. Курман Айт намазы Бишкек шаарында гана борбордук аянтта окулуп, калган жерлерде мечиттерде окуларын алдын ала айтышкан.

Россиядагы мекендештерден нуралыктарга белек
"Ата Мекен" жана "Адилет" уюмдары Нурадагы дарыгерлерге автоунаа тартуулады.
Россиянын Новосибирск, Екатеринбург шаарларындагы кыргыз мигранттарынан куралган "Ата Мекен" жана "Адилет" коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жер титирөөдөн жапа чеккен кандаштарынын саламатчылыгын такай көзөмөлдөөчү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тоо шартына ылайык, Жип үлгүсүндөгү автоунаа тапшырып кайтышты. Мекендештердин мындай камкордугу климаты катаал айылдын "ак халатчандарынын" түйшүгүн кыйла жеңилдетти. "Ата Мекен" фондунун башчысы Камбар Пусуров Орусиянын башка аймактарынан да каражат топтолуп жаткандыгын, ал акчалар атайын эсепке которулбастан, нуралыктардын орчундуу муктаждыктарын канааттандырууга жумшалаарын кошумчалады.

Кытай эмне деп кыңкыстайт?
Кытай сүт менен жумуртка алууга салынган тыюуну жоюуну өтүнүүдө.
Сүт азыктарынан меламин табылаары менен Кытай катуу чараларды көрүп, ушул жылдын 10-сентябрынан тарта экспертиза жана сапатты көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалыгы сүт азыктары кошулган бардык азык-түлүктөрдү текшерип жатат. Ошондуктан Кытай бул азык-түлүктөрдү сатып алууга Кыргызстан түшүнүү менен мамиле жасоосу зарыл деп эсептеп, меламин бар жогун иликтөө ыкмасы тууралуу толук маалымат берүүсүн өтүнгөн. Кыргызстан Кытайдан сүт азыктары кошулган тамак-аш менен жумуртка сатып алууга тыюуну өткөн айда салган болчу.

Масалиев оппозицияны жактырбайт
И.Масалиев "Акыйкат үчүн" кыймылынын айрым мүчөлөрүн жазага тартуу керек" дейт.
Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев мындай пикирин "Акыйкат үчүн" кыймылына мүчө саясий күчтөр менен "Жаңы Кыргызстан" партиясы биригип жаңы элдик кыймыл түзүү чечимине байланыштуу билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылга кирген мурдагы жогорку мамлекеттик кызматкерлер жүргүзгөн туура эмес саясаттын негизинде Кыргызстан экономикалык сазга батып, ички, тышкы саясатынан аксап жатат. Ошон үчүн Коммунисттер партиясы бул кыймыл менен саясий багыт жагынан кескин айырмалангандыктан кызматташууга барышы күмөн.

Текебаев + Бекназаров=?
Элдик революциялык кыймыл менен "Ата Мекен" партиясы кызматташат.
Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, "Ата Мекен" партиясы элдик революциялык кыймылдын талабын колдоп, аны ишке ашырууү үчүн акырына чейин кызматташаарын билдирди. Мындай билдирүүнү "Ата Мекендин" төрагасы Өмүрбек Текебаев да тастыктап, революциялык кыймылдын тактикалык аракеттери жаатында айырмачылыктар болгон менен башкы максат бир экендигин жана жаңы түзүлө турган элдик кыймыл алкагында да кызматташуу болорун билдирди.

Кулешовду курутабы?
Токмоктук укук коргоочу 2000 сомдук айыпка жыгылды.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага Токмоктук укук коргоочу Максим Кулешовдун 2005-жылы Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сом боюнча тергөөнү кайра жандандыруу талабы менен Ички иштер министрлигинин жанында акция өткөргөнү себеп болду. Укук коргоочу соттун чечимине макул эместигин билдирип, дароо шаардык сотко арыз берди.

СДПК Ысык-Көлдө
Социал-демократтар Ысык-Көлдө жыйын курууда.
Облустук жыйынга партиянын Жогорку Кеңештеги депутаттары Роза Отунбаева менен Кубанычбек Кадыров катышышты. Жыйындын күн тартибинде өлкөнүн азыркы саясий-экономикалык абалын талкуулап, партиянын ушул айда өтүүчү 9-курултайына делегаттарды шайлоо. Партия мындан кийин Талас облусунда конференциясын өткөрөт.

Ассолдун акциясы уланат
УТРКнын жетекчисине нааразы кызматкерлер акциясын улантат.
УТРКнын музыкалык көңүл ачуу программаларынын продюсери Ассоль Молдакматованын айтымында, Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан кызматкерлер Курман айттын алдында аракетин токтотуп, шейшемби күнү улантуу чечимине келишкен. Алар шейшембиде эстеликтин жанында концерт менен коштолгон чоң жыйын өткөрүшүп, коомчулук менен бийликтин көңүлүн талаптарына бурдурган жатат.

С.Жумадыловго эстелик тургузулду
Белгилүү кыргыз актеру Советбек Жумадыловго эстелик тургузулду.
Ала-Арча көрүстөнүндөгү С.Жумадыловдун бейитине коюлган анын айкелин Ысык-Көл облусунун эли жана администрациясы көтөрдү. Кыргыз театр жана кино өнөрүнө зор эмгек сиңирген Советбек Жумадыловдун элеси анын чыгармачылыгы жыл өткөн сайын унутулуп бараткан. Бүгүнкү ысык-көлдүктөрдүн жана кинотармагындагылардын жасаган иш чарасы актердун өчпөс талантын жогору баалагандык эмей эмне.

Балдарга арналган чыгармалар бааланат
Балдар адабиятын өнүктүрүү жаатында өкмөттүк сыйлыктар бекитилди.
2009-жылдан тарта "Балдар үчүн жазылган эң мыкты поэтикалык чыгарма", "Балдар үчүн жазылган эң мыкты проза" жана "Балдар үчүн эң мыкты котормо" деген аталыштардагы ар бири 50 миң сомду камтыган сыйлык чыгармачыл адамдарга берилип турмакчы. Бул -мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдарга жана өспүрүмдөргө арналган адабий чыгармалардын арбын болушу, жазуучуларды кызыктыруу максатында кыргыз өкмөтү тарабынан атайын жүргүзүлүп жаткан иш-чара экенин айта кетели.




  Дүйнө дүбүрт

Жанкечти 2 кишини жалмады
Пакистандагы жардыруудан кеминде эки киши мерт болду
Пакистандын түндүк-батыш аймагында жан кечти деп шектелген адамдын кол салуусунан бери дегенде 2 киши ажал тапканы айтылууда. Жардыруу Оракзай деген чөлкөмдө полициянын текшерүү пунктунда болгонун жергиликтүү расмий адамдар билдиршти. Октябрда Оракзайда уруу кеңешинин жыйыны өтүп жаткан кезде жардыруу болуп, 50дөн ашуун адам мерт кеткен. Кеңеш Ал-Кайида жана талиптер менен байланышта турган жоочуларды чөлкөмдөн сүрүп чыгуу стратегиясын талкуулоо үчүн чогулган.

"Шкода" машинасы чыкпай калабы?
Чехиянын "Шкода" машина чыгаруучу компаниясы эмки жылдын 11-январына чейин токтоп турат.
Машиналарга болгон талап өзгөчө Батыш Европада кыйла төмөндөгөн. "Шкода" Германиянын "Фольксваген" тобуна кирет. Өз кезегинде "Фольксваген" октябрь-ноябрь айларында эле өндүрүштү токтотуп койгон жана Чехиядагы 3 заводун да 19-декабрдан тартып токтотот.

Кытай менен Россия Марска кол сунат
Кытай менен Россия эмдиги жылы Марска зонд жиберүүнү көздөшүүдө
Кытайдын маалымат каражаттары жазганына караганда, эки изилдөөчү сателлит Кызыл планетанын жана майда жандоочуларынын сүрөттөрүн тартып келишет. Анын алдында эле АКШнын космос агенттиги - НАСА Марска миссиясын жиберүүнү 2 жылга жылдырганын кабарлаган. Техникалык себептерден улам, илимий лабораторияны Марска 2011-жылы гана жөнөтүү мүмкүн болмокчу. Миссия планетадан жашоонун белгилерин издөөнү максат кылат.

Карзайдын кишилерине кол салынды
Афганистанда президент менен жолугушкандарга кол салынды.
Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хост шаарында эки жерде терракт болуп, бери дегенде эки адам набыт болгону кабарланууда. Бир жанкечти наркозат менен күрөшүү боюнча жетекчиликтин имаратынын жанында өзүн жардырып жиберсе, экинчи жанкечти чалгын кызматынын штабынын ичинде өзүн жардырган. Кабарларга ылайык, Хост шаарында жергиликтүү уруунун эки башчысына кол салынган. Алар шейшембиде президент Хамид Карзай менен Кабулда жолугушкан делегациянын курамына кирген болчу.

Джон Кеннединин кызы Сенатка келеби?
АКШнын Сенатында Хиллари Клинтондун ордуна Джон Кеннединин кызы талаптанууда.
АКШнын мурдагы президенти Джон Кеннединин кызы Каролин Кеннеди Нью-Йорк штатынан Сенатта орунду ээлөөгө талаптанып жатат. Эскерте кетсек, Сенаттагы бул орун Хиллари Клинтон Мамлекеттик катчынын кызматына кеткенден кийин бошогон эле. Учурда Каролин Кеннеди бул туурасында Нью-Йорк штатынын губернатору Дэвид Пэтерсон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Мурда Каролин Кеннеди бийликте расмий кызматта орун ээлеген эмес. Ал Барак Обаманын шайлоо алдындагы штатына кирип, Обаманын шайлоо компаниясында активдүү катышкан.

АлексийII каза болду
Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, Патриарх АлексийII каза болду.
Москванын четиндеги резиденциясында 79 жаш курагында көз жумган. Патриарх көп жылдардан бери жүрөк оорусунан жабыркап жүргөн. Ал дүйнөдөгү эң ири православ чиркөөсүн 1990-жылдан бери жетектеп келген. СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев биринчилерден болуп көңүл айтты. Патриарх туулуп өскөн Эстониянын бийликтери да көңүл айтуу телеграммасын жиберишти.
Анын сөөгү 9-декабрда жерге коюлат.




Кримхроника
Көкөйгө тийген көк нар
Быйылкы жылдын 11 айында операциянын жүрүшүндө милиционерлер мыйзамсыз жүгүртүүдөн 150,9 килограмм көк нар алышкан.
"Опийим" жана "Канал-2008" оперативдик иликтөө чараларынын жүрүшүндө 11 айдын ичинде Кыргызстанда 150 килограммдан ашык көк нар алынган. Кыргызстанда көк нар эң эле кеңири тараган баңги зат болуп эсептелет. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча өткөн жылдын ичинде Ооганстанда опийимдин түшүмү 8200 килограмм тоннаны түзгөн. Кыргызстан баңги трафигинин транзиттик өлкөсү болуп саналат, ошондуктан ЖККУ токтомуна ылайык ИИМ тарабынан "Опийим" жана "Канал-2008" оперативдик иликтөө чаралары жүргүзүлгөн.
Алтын менен кармалды
Ош облустук бажысы 2,3 кг. алтын куймасын чөнтөгүнө салып Үрүмчүдөн Ошко учуп келген Хамидулла Хабибуллаевди кармашкан. Ал чөнтөгүндөгү сулкуйган темирди машиненин тетиги деп моюн берген эмес. Текшере келгенде 96,8% деген жазуусу бар төрт уютма экени аныкталган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Бир күндөгү кылмыш саны
Кыргызстанда бир күндө ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан 150 кылмыштын бети ачылган. Анын ичинен "изи сууй электе" 7 кылмыштын бети ачылды. Мындан тышкары ички иштер органынын оперативдик кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда жасалган 26 кылмыш ачылды.

Жалган документ жасаган нотариус
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен жеке нотариус кармалды. Ал Ново-Покровка айылында жайгашкан үйдү мураска калтыруу боюнча документти туура эмес жасаган. Милиция кызматкерлеринин айтымында үй 16 жаштагы Бишкек шаарынын тургунуна кала турган болсо, аны 52 жаштагы Бишкек шаарынын тургунуна тийиштүү кылып документтерин жасаган. Ал азыр сурак берип жатат.

Пара алган кызматкер
Бишкек шаарынын тургунунан 2 миң сом пара алып жаткан учурда "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкерин кармашкан. Буга чейин милиция кызматкерлерине бишкектик жаран үйүн буздурууга документ алыш үчүн "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкери акча талап кылып жатканын айткан. Бул ишке оперлер аралашып аталган ишкананын кызматкеринин бөлмөсүнөн параны алып жаткан жерден кармашкан.

Героин менен кармалды
Бишкек шаарынын Батыш автобекетинен 33 кг. героин менен Ош шаарынын тургуну К.Усмановду кармашкан. Анын "ГАЗ-3110" машинасын текшере келгенде атайын жасалган жерге 101 баштык героинди катып ташып келгени маалым болгон. Оңой оокат табам деген айдоочу эми сурак берип жатат.










??.??