Атактуунун арзуусу

СССРдин жана КРнын Эл артисти
Болот Төлөнович Шамшиев:
"Мен Аселди сүйгөнүмө өкүнбөйм"
Бул жашоонун түркүн-түстүү боектору бар. Алардын эң коозу, эң назиги махабат, арзуу эмеспи. Аны жүрөгүнө батырып, сезе билген адам кандай бактылуу. Бирок, ошол бакыт түбөлүктүү болобу? Деги эле сүйүү түбөлүктүүбү? Анын формуласы кандай? Кылымдардан бери адамдардын издеп келгени менен тилекке каршы себебин таппай келебиз. Ар ким ар кандай жоромолдоп, түрдүү аныктама берген менен эч кимдики бири-бирине окшошпойт. Жашоо ошонусу менен татаал да, кызык да турбайбы… Айрыкча атактуу адамдардын бирөөгө болгон арзуусу жалпы окурмандарга кызыктуу болот деген ой менен "Атактуунун арзуусу" рубрикабызды тартуулап келебиз. Бүгүнкү биздин коногубуз тасма аркылуу канчалаган каармандардын сүйүүсүн ачып, көрүүчүгө тартуулаган, ошол эле убакта өз өмүр жолунда да махабаттын түрдүү оош-кыйыштарын көргөн белгилүү кино режиссер Болот Төлөнович Шамшиев болмокчу.

- Болот агай, махабаттын бар экенине ишенесизби? Деги эле бул сезимге кандай карайсыз?
- Албетте, сүйүү, махабат деген бар нерсе. Ал жөн гана сөз эмес, ал тээ көктөн, жараткан кудай тааладан берилчү сезим. Махабат бар үчүн адам баласынын тукуму уланып, жашап келебиз.
- Маегибизди сиз жөнүндө, сиздин жүрөгүңүздүн түпкүрүндөгү ушул сезим жөнүндө улантсак?
- Бардык эле эркектердей мен да кыз жактыргам. Өспүрүм кезимде, студент кезимде жактырып кээ бирөө менен достошсом, айрымдарына жетпей калып, жаш курактын кызыктуу кезин өткөргөм. Ал эми олуттуу келген сезимдерим жөнүндө айта турган болсом, биринчи жубайым Айтурган Темирова. Мен ал жөнүндө эч кандай жаман эч нерсе айта албайм. Тагдыр буйрук экен, 20 жылга чукул бирге өмүр сүрүп, анан эки башка жолго түштүк. Ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Сый мамиледебиз. Ал мага, мен ага нааразычылыгыбыз жок. Ал эми экинчи жубайым Асел жөнүндө айта турган болсом таптакыр башка картина, башка көрүнүш.
- Сиздердин ортодогу чыр жалпы кыргыз калкына маалым десек аша чапкандык болбос. Ошондуктан сөздү башынан баштагым келип турат, айтсаңыз, сиз Асел эжеге сүйүп үйлөндүңүз беле?
- Ооба. Мен Аселге арзып эле үйлөнгөм. Биздин сүйүү мен үчүн ыйык болчу. Дале болсо ал сүйүүмө жалаа жапкым келбейт. Мен Аселди сүйгөнүмө өкүнбөйм.
- А мындай учурда сиздин Асел эжеге болгон сүйүүңүз алсыздык кылдыбы?
Жок! Тескерисинче ага болгон сүйүүмдүн күчүнөн ушул нерсени жасап жатам. Себеби ал бул жашоодогу кетирген өз катачылыгын сезбесе, келечекте аны жакшы жашоо күтпөйт. Мен Аселге өчөшүп, же кек сактап мындай кадамга барган жокмун. Менин каалоом, ал кудай алдында адам катары тазалансын деп жатам.
- А Асел эженин бул ишке барышына эмне себеп болду экен?
- Биринчи себеби анын көңүлчөөктүгү, жумшактыгы деп эсептейм. Анткени анын апасы дайыма "сен жакшы жашайсың, мен кыйналып жатам" дегендей сөздөрдү айтып турчу. Анан Асел апасына, бир туугандарына жардам берем деген максат менен ушул ишке барып олтурат. Ал үйдөгү акчаны алып, изин жабуу максатында үйдү өрттөдү да. Бирок анын өрт кокустуктан чыкты деген сөзү эксперттер тарабынан бат эле атайын жасалган өрт экени аныкталды.
- Жашыруун болбосо акчанын суммасы канча эле?
- 1000 000 сом. Ал акча мен үчүн эч нерсе болбойт эле эгер, үйүмдү өрттөбөсө. А үй бул суммадан алда канча көп бааланат. Мисалы мен үйүмдү 17 000 000 сом деп баалайм, бирок мен үчүн баасы жок нерсе болчу десем да жаңылышпайм. Өз колум менен көптөгөн жылдардын ичинде тургузган там мага баасы жок кымбат болчу. Эч нерсеси калган жок, төрт дубалдан башкасы баары күлгө айланды. Мен үчүн кымбат деп жатпаймынбы анын биринчи себеби өз мээнетимден жаралса, экинчиден менин пландарым боюнча ал тамды үй-музейге айландырайын деген максатым бар эле. Бир жолу Асел "үй кимге калат, кимдин атына каттатасың" деп сураганда "албетте уулума, себеби бир гана ал Шамшиев деген фамилияны алып жүрөт"-деген элем.
- А менчи?- дейт анда Асел.
- Сен ошол үй-музейдин жетекчиси болосуң-деп жооп бергем.
Ал жерде канчалаган эмгектерим, кинодо колдонулган түрдүү буюмдар, мага келген белектер бар эле. Алар биринчиден жалгыз, же болбосо атайын мага арналган нерселер жана материалдык жактан да баасы бир топ болгон буюмдар эле. Эми анын баары мендеги элес болуп гана калды. Менин талантымды, 40 жылдык эмгегимди баалаган калкым үчүн бул чоң аманат болуп калмак.
- Болот Төлөнович ,мүмкүн бул нерсенин башка да себептери болгондур? Мисалы кызганыч дегендей. Сиз Асел эжени кызганчу белеңиз?
- Мен Аселди сүйчүмүн, бирок эч убакта аны кызганып, ага жаман нерсе жасаган эмесмин. Менин ага болгон сүйүүмдүн дагы бир далили катуу ишенчүмүн. Мен эч убакта анын кайсы убакта ким менен жүргөнүн, артынан аңдып же такып сурап тажаткан эмесмин. Телефонун бир да жолу колума алып качан кимге чалып жатат деп текшербегем. Бул менин аны сүйүп, ага ишенгенимден болгон. Ортобузда 30 жаш айырма болгон менен сүйүүнүн күчү экен, үйлөнүп, бир үйдөн 10 жыл убакыт бирге түтүн булаттык, бирок жаратканым бизге перзент берген жок, мүмкүн балалуу болуп калсак, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуп жашайт белек?.. Менден башка Асел абдан ишенимдүү, калган өмүрүндө дос-күйөөсүн таппайт. Мен ага Кудайдан берилген жар-адам болчумун. Кап, жалган дүнүйө ушундай болот турбайбы.
- Жогоруда айтып өткөнүңүздөй бул иш акчанын айынан чыкты, а мүмкүн сиз акчага кароо киши болгондурсуз?
- Жок! Мен эч убакта акчага кароо болгон эмесмин, болбойм дагы. Алты саным аман кезде акча тапканга кудуретим жетет. Канча акча керек болсо берип турчумун. "Дордой" базарынан бир контейнерди белекке бердим эле. Мен биринчи жубайым Айтурган менен ажырашканда да материалдык жактан нааразы кылган эмесмин. Үстүнө 2 бөлмөлүү үй, уулум Чыңгызга 4 бөлмөлүү үй, машина, кызыма 4 бөлмөлүү үй, машина, 15 миң АКШ доллары суммасында Айтургандын өзүнүн тандоосу менен асем буюмдарды алып бергем. Башкача айтканда үйдөн жалгыз портфелим менен чыгып кеткем. Кийин азырга чейин ар кандай сөздөрдү чыгарышты. Айтурган менен араздашып кеткен деп. Эч кандай андай болгон эмес.
Кудайга шүгүр, андан кийинки көр оокатымды да өз эмгегим менен таап чогулткам жана азыр да ачкадан өлбөйм. Болгону менин кейигеним, 40 жылдык эмгегимдин элеси болгон буюмдардын күлгө айланганы.
- А сот тарабынан кандай чечим болду же бул иш жыйынтыктала элекпи?
- Али аягы жок. Тергөө такыр иштебейт. Башкы прокуратура көзөмөлдөбөйт. Алар өзүнчө, карапайым эл өзүнчө. Мен эми баарын кудайга койдум. Асманда Жараткан бар, жер үстүндө адам-элдин соту бар, алар чечишет. Анан журт бар, болгону унутпаш керек. Эл, журт мени дайым колдойт, түшүнөт.
- Маегибиздин аягында чыгармачылыгыңыз жөнүндө айта кетсеңиз? Кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Чоң жаңылык азыр жок. Себеби кино тартам деп мен мамлекетти 15 жыл күтүп чарчадым, башкача айтканда 15 жыл чыгармачылыкта эмгек кылбаганым мен үчүн оңой эмес. Ошондуктан учурда Россияга чакыруу түшүп жатат. Ошол жакка даярданып жатам.
- Демек биз Болот Шамшиевди мекенибизден көрбөй калат экенбиз да?
- Жок! Таптакыр кетпейм. Мен ишенем, бир күнү "Курманбек-баатыр" жөнүндө фильм баштайм, кыргыз үчүн илгеркидей иштейм. Ал эми бул сапарым болгону чыгармачылыктагы аткарган жумушум. Ал жакта азырынча 2 чоң долбоор болуп жатат, ошолордун үстүндө иштейбиз.
- Кандай долбоор, айтып бербейсизби?
- Мен Москвада Евразиянын кинотелеакадемиясынын вице-президенти болуп шайландым. Эми Лужков, Назарбаевдин кол астында иштейбиз. Бул жөнүндө башка күнү маектешелик. Баарын айтып берсем кызыкчылык калбай калат.
- Маегиңизге рахмат.

Даярдаган
Айтурган Сатиева