presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  эске түй

Көрнөк-жарнак шаарыбыздын көйнөгүбү же көйгөйүбү?
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы көрнөк-жарнак боюнча иш алпарган "Үгүт" агенттигинин бөлүм башчысы Кулуев Канат Каттоевич менен маек

Жарнама-тарыхый маанисинде "кыйкыруу" дегенди түшүндүрөт. Илгери бир нерсени сатаарда мактап-жактап кыйкыргандарды жарнамалап жатат деп коюшчу экен. Азыркы биздин заманда бул нерсе престиждүү кесипке айланып, канчалаган адамдардын жашоосуна жардамчы болуп жатат. Жарнама берүүдө радио-теле берүүлөр, гезит-журналдар негизги каражат болсо, жакынкы жылдардан бери биздин жергебизге да илинген көрнөк-жарнак щиттери көргөндүн көңүлүн бурат. Алардын шаарыбызга келтирген пайдасы канчалык, зыянычы? Бул максатта Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы көрнөк-жарнак боюнча иш алпарган "Үгүт" агенттигинин босогосун аттадык.

Бишкекте 729 көрнөк-жарнак щиттери бар.
- Канат Каттоевич, шаарыбыздын көчөлөрүндө илинип турган көрнөк-жарнак щиттери күндөн-күнгө көбөйүп жаткандай. Алардын жалпы саны канча?
- Жалпысынан алганда чоң щиттер 730 даана болчу. Жакында бирөөсүн туура эмес жерде тургандыктан алдык. Ошондон кийин 729у калды.
- А бул щиттерди жайгаштырууда кандай иш жүргүзөсүздөр?
- Жеке фирмалардыкы болобу, социалдык жарнак болобу алгач шаарга илээрден мурда бизге кайрылышат. Биз алар менен канча бир убакытка келишим түзүп, ошол товарын же боло турган иш-чаранын жарнактык щиттерин илдиребиз.Коммерциялык багыттагы деп айтылат, алар жеке ишкерлер, кандайдыр бир компаниянын, продукциянын кызматтык көрнөк-жарнак щитине 1жылга 1547сом төлөшөт. Башкача айтканда бир жыл өзүнүн көрнөк-жарнагын илүүгө уруксат алат.
- Аларды көзөмөлгө алууда кандай иш жүргүзөсүздөр?
Эки айда бир рейдке чыгабыз. Анда бизден бир кызматкер, мамлекеттик тил комиссиясынан кызматкер анан шаардык МАИден инспектор кошулуп кыдырабыз. Мыйзам бузуулар болсо биринчи жолкусунда эскертүү кагазы менен бир жума убакыт берилет. Ал убакта да келип уруксаат кагазын алып, мыйзамдаштырып кетпесе чара көрүүгө туура келет. Бирок мыйзам боюнча биз өзүбүз чара колдоно албайбыз, антимонополиялык комитетке кайрылабыз, алар сот аркылуу канчалык бир суммада штраф салышат, айтор жоопко тартышат. А биздин агенттик штраф салганга акысы жок.
- Ошол жарнак ээлеринин биринчи сиздерге кайрылбай эле илдирип койгонуна ким күнөөлү?
- Эми өзүңүздөр жакшы билесиздер, андай жарнама ээлери көбүнчө чиновниктер. Алардын да өзүнчө бир бизнеси бар, анан тоготпогондукка салып эле, мыйзамдаштырбай илип коюшат. Бирок жарнаманын мыйзамы деген да бар да. Биз ошонун негизинде жогоруда айтылгандай иш-чараларды көрөбүз.
- Сиз айтып өткөн жарнама мыйзамында кандай чектөөлөр бар? Же бардык эле нерсени жарнамалай берсек болобу?
- Албетте жок. Мисалы азыркы учурда тамеки, ичимдиктердин жана автоматтык оюн ойноочу жайлардын, казинолордун ошондой эле кээ бир медициналык препараттарды жарнамалоого тыюу салынган. Биз андайларды илгенге жол бербейбиз. Жөн гана "казино" же "автомат оюндарын ойноочу жай" деп жазып койгонго уруксаат. Бирок чакырык айтып жазылганга тыюу салынат.
- Канат мырза, ушул шаарыбызды "кооздогон" көрнөк-жарнак щиттериндеги кыргыз тилинин абалы кандай болду экен?
- Жакшы суроо. Биз азыр бул багытта катуу иш жүргүзүүдөбүз. Башкача айтканда көрнөк-жарнактардагы жазуулар биринчи кезекте кыргыз тилинде жазылыш керек деген талапты катуу коюп жатабыз. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, көрнөк-жарнак щиттеринде кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбай келген. Көбүнчөсү расмий тил болгон орус тилинде жазышып, же болбосо ар ким өз тилинде жазып баш аламан болчу. Учурда биз биринчи мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинде, андан соң расмий тилде анан кийин өз тилиндеби айтор, каалаган тилинде жазса болот деген мыйзам менен текшерүүлөрдү күчөтүп, көзөмөлгө алганбыз.
- Жыйынтыгы кандай болуп жатат?
- Буйруса жакшы. Мен жогоруда айтып кетпедимби рейд жүргүзөбүз деп. Ошол биздин рейд 2 айда бир, анан ошол ай ичинде бир жумада бир районду текшеребиз. Мындай текшерүүгө ушул айдын башында 4-декабрда чыктык, эскертүү алгандардын 90 пайызга жакынын тилди туура эмес жазгандар түздү.
- Мындан сырткары бул багыттагы дагы бир көйгөй афишалар. Бул кагаздар убактылуу болгону менен көзөмөлдүктү талап кылат. Бул багытта сиздер кандай иш алпарасыздар?
- Концерттердин афишалары башкача айтканда убактылуу жарнамалар боюнча иш жүргүзгөн "Экспресс сервис" деген жеке ишкана бар. Бул ишкана менен мэриянын ортосунда келишим түзүлгөн. Алар ошол келишимдин негизинде концерт койгон адам менен келишим түзүп, өздөрү илип, анан кайра шаардын тазалыгын бузбоо үчүн тазалап коюшат. Ошентсе да афишалар шаарыбыздын көркүн бузат экен. Андыктан биз жакында чыккан токтом боюнча борбордук көчөлөргө афиша илгенге тыюу салуудабыз.
- Маегибиздин соңунда "Үгүт" агенттиги боюнча да маалымат берип кетсеңиз?
- Биз 1998-жылы агенттик болуп түзүлдүк. Ага чейин мэриянын алдындагы шаарды кооздо мекемеси болчубуз. Буйруса быйыл уюшканыбызга 10жылдын жүзү болду.
- Биз да учурдан пайдаланып бул мааракеңиздер менен куттуктайбыз. Маегиңизге рахмат.




Даярдаган Айтурган Сатиева




Күндөлүк
Назмиге 21 даана
роза гүлүн ким берди?

Сахна адамдарынын эсинде калган даталуу күндөрдү "Күндөлүк" рубрикасы азил-чыны аралаш сиздер үчүн сунуштай бермекчи. Бүгүнкү биздин коногубуз "Бек" эстрада тобунан тарбияланып чыккан таланттуу ырчы айым Назми Байзакова болмокчу.



1978-жылы 20-мартта Балыкчы шаарында төрөлгөн. Эң эрте баскан балдардын катарына кирип 11 айында басканы менен "Шашкан шайтандын иши" демекчи катуу ооруп калып эки жашына чейин кайра баспай калган экен. Буйруктан болуп 2 жашында басып, тыпылдаган Назми эми минтип таланттуу ырчыга айланып олтурат.
1980-жылы "Эй, карындаш, карындаш, сеникиндей көздөр табылбас" деп тили чыгыптыр. Кичинекей кезинен эле жигиттер менен дос болгонду жактырганбы, айтор, "карындаш" деп тили чыгып, Сапар Сопубековдон башка ырчы менен дос болбой жүргөнүн да байкасак болот.
1982-жылы 4 жашында сахнага биринчи жолу орус тилинде ырдап чыккан.
1984-жылы 6 жашында даярдоо классына барам деп ата-энесине ызы-чуу салып ыйлаган. Ошол кезде ырчыбызыдын чачы 1 сантиметр кыскалыкта болгондуктан, мугалимдер Назминин апасына "ай, ий кызыңдын чачы жок экен. Ак бантикти мык менен кагып койдуңбу" деп күлүшкөн тура.
1985-жылы 1-класска киргенде эле алиппени шар окуп, эсепти жардамы жок чыгарган. Себеби, даярдоо классын жакшы аяктаган. Бирок, бизди таң калтырганы кошунанын бедесин тепселеп ойнойбуз деп милицияга кармалып, 7 жашында биринчи жолу "Түшүнүк кат" жазган экен. Мындай жаш окуучунун түшүнүк кат жазышын буга чейин кезиктирбесек керек.
1986-жылы 8 жашында атасынын машинасын айдап биринчи жолу рулду колго алган.
1988-жылы алгачкы мамлекеттик экзаменди төрткө тапшырат.
1990-жылы 6-классында оюнкараак Назми Балыкчынын майда ташы аралашкан кыламык кар менен чабышып ойногондо бети-колу көгөргөн экен. Албетте, көк-ала кызын көргөн апасы "ачууну ачуу басат" деп ооруган жерлерине тийип-тийип койгон.
1991-жылы 13 жашында тентектиги менен атак алган Алмаз аттуу классташ баласынан алгачкы жолу сүйүү катын алып, "тентек, жаман окуган бала менен жүрбөйм" деп жаман сөздөрдү айтып, жооп жазган. Алмаз ага катуу таарынып, 4 жылга чейин сүйлөшпөй койгон.
1992-93-жылдары спорттун "Кулатуу" түрү боюнча Республикалык кароо сынакка катышып, 2-орунду жеңип алган.
1993-жылы 15 жашында бир кечеде ырдап, биринчи жолу 25 сом маяна алган. Алгачкы эмгек акысын ата-энеси ооз тийсин деп азык-түлүк алып, өзгөчө тамак жасаган.
1994-жылы алгач ирет боёнгуч каражаттарын колдонуп, ошол кездеги боёнгон табитин эстеп ырчыбыз бир жылмайып алды.
1995-жылы Толстой атындагы №1 мектепти бүтүрүп, бүтүрүү кечесинде алгачкы жолу шампан ичип бетим кызарган дейт.
1996-2000-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырат. Белгилей кетсек жаңы ачылган "эстрада, вокал" бөлүмүнүн алгачкы бүтүрүүчүсү.
1999-жылы 21 жашка чыкканда группалашынан 21 тал роза гүлүн белекке алган. Ушул жылы колуна айдоочунун күбөлүгүн алса да, өзүнүн менчик машинасына 2007-жылы олтурган.
1997-2001-жылдары шаарыбыздагы белгилүү кафелерде музыкант болуп иштеген.
2001-жылы жай мезгилинде Бек Борбиевдин тобуна кошулуп, биринчи ыры жана клиби "Бейтаанышка" деп аталган.
2004-жылы Сапар Сопубеков менен алгачкы жолу "жаңы жыл" ырын дуэт ырдашат.
2005-жылы күйөрман баласынан өзүнүн сүрөттөрүнүн коллекциясын белекке алат.
2005-жылдын апрель айында "Назми, Сапар ырдашат" деген аталыштагы тушоо кесүү концертин филармонияда өткөрөт.
2006-2007-2008-жылдары Алматыда, Турцияда ошондой эле Россияда өткөн эл аралык фестивалдардан лауреат, дипломант болуп кайтат. Назминин туулган күнү Нооруздун алды болгондуктан ар кайсы өлкөлөрдөн тосуп калууга мажбур болуп калат экен. Белгилей кетсек 2006-жылы Алматы шаарында, 2007-жылы Турцияда, 2008-жылы Кытайда болуп, өздүк майрамын өзгөчө белгилеп келет. Ал эми 2009-жылда боло турган туулган күнү кайсы өлкөгө туш болоору азырынча белгисиз.
2007-жылы июль айында "Жоокер жылдыз" теледолбоорунан өзүнүн мыкты жоокер экенин далилдеген.

Даярдаган Акыл Карачач









??.??