presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  улуу адам унутулбайт

Айтматовдун артында калган издер...
Университетте экинчи курста окуп жүргөн кезде "Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу болот" деп, аудиторияга баарыбыз бапырап толуп, тосуп алдык эле. Окуучулук партадан эле жазуучунун чыгармаларын сүйүп окуп, Толгонайдын монологун жатка айтып, сочинениелерди жазып, эми ошол улуу киши менен бет маңдай олтуруп, сөзүн угуп, суроолорубузга жооп алганыбызга жетине албай, көңүлдөр толкуган. Кунт коюп угуп, шашпа-ай коңур үнү менен кайра жооп айтып, акырында ак тилеги менен кол тамга коюп берген көк дептерим азыр да аяр сакталуу.
Залкар жазуучу менен замандаш болуу шыбагасы мага да буйруп калганына ыраазымын.
Анан эле аттиң арман деп шум ажалга алдырып ийип калып калдык. Эми айткандан, жазгандан, эскергенден башка аргабыз жок. 12-декабрда Чыңгыз Айтматов 80 жашка чыкмак! Мына ушул мааракесинин алдында бир тууган карындашы Роза Айтматова эжени маекке тартканбыз.

Балалык күндөр...
Чыңгыз Төрөкулович экөөбүздүн ортобуздагы айырма тогуз жаш. Апам Нагима Москвадан Шекерге көчүп келип, атабыз Төрөкул Айтматов камалып кеткенде мен алты айлык кыз экенмин. Балалыгыбыз согуш жылдарына туш келип калды. Билимдүү, ишине так, жоопкерчиликтүү деп апам Жийде айылына бухгалтер болуп иштеп, биз ал жакта жашап калдык, Покровкада да жашадык. Согуштун учуру, элде ачарчылык, жашоо кыйын кез эле. Эсимде, бир күнү эртең менен ойгонсом эле баары мени кучактап, куттуктап өөп атышат. Апам болсо куймак куюп, үстүнө кумшекер себелеп коюптур. "Тур, кызым, бүгүн сенин туулган күнүң!" деп баарыбыз чогуу олтуруп чай ичтик. Кумшекер дегенди ошондо биринчи көрүшүм эле. Мени үйдүн кичүүсү деп эркелеткендери го, болбосо туулган күн белгилөөгө мүмкүнчүлүгү жок шартта жашачубуз... Апамдын айтуусу боюнча ошондогу алган айлык маянасы бир бөлкө нанга гана жеткендей экен.
Апам эскерээр эле "Москвада жашап жүргөндө балдарды таза абага чыгаралы деп шаардын четиндеги кыштактарга барчубуз. Сүрөткө түшүрүп, эркелетип, силерди атаңар аябай жакшы көрчү. Такыр урушчу эмес. Бир күнү эки мастын мушташып, бири экинчисин уруп койгонун көргөн Чыңгыз ыйлаптыр. "Ой, бул балабыз бир бош адам болот го?! Эки мас мушташса ошого ыйлайт. Жигит да ушундай болобу?" деп айтып эле, ошентип тарбиялаган".
Чыңгыз Төрөкулович балалылыгына карабай кийин атам камалгандан соң, үйдүн улуусу болуп бизди багып, тарбиялап, үй-бүлөнү сактап калуу түйшүгү мойнуна түшүп, апама чоң жардамчы болбодубу. Он төрт жашында эле Шекерде окуп жүргөн кезинде сельсоветтин секретары кылып иштетип коюшат. Иштеп атасың, бүлөө багып атасың дешип жер беришсе, туугандарыбыз менен иштетип, күзүндө түшүмүн бизге алып келип берээр эле. Балалыгы, адам катары калыптануу мезгили Шекерде өттү. Шекерди аябай жакшы көрчү. Карагыз эжебиздин үйү Чыңгыз үчүн, биз үчүн дайыма эшиги ачык, жездебиз да жакшы киши болчу. Бала кезде Шекер биз үчүн азыркы дача сыяктуудай жер болчу. Каникулга тараган сайын барчубуз. 1946-жылы Жамбулдагы зооветеринардык техникумга окууга кирет. Ошону менен бизди Чоң Арык айылына 1953-жылы өзү көчүрүп келген. Стресстен улам оорукчан болуп калган апама: "Болду, мен багам, үйдө олтуруңуз" деп иштеткен жок.

Улуу адамдын
тарбиясы
Алгачкы чыгармалары жарык көрө баштаганда апам окуп алып "Менин уулум" деп аябай сүйүнөөр эле. Кийин Москвага, чет жактарга чыгып жүрүп көйнөк-кече, жоолук алып келип берсе апам кийип алып көчөдөгү курбуларына чыкчу, "Балам алып келиптир" деп. Адамбыз да... Уулу менен сыймыктанганы да.
Кийин борборго көчүп келгенибизде деле Чоң-Арыктан апам ынак сүт деп алдырып, бышырып үстүндөгү каймагын алып, муздаткычка салып койчу, "Чыңгыз жейт, ал жакшы көрөт сүттүн үстүндөгү каймагын" деп. Мен деле жакшы көрөм, мага деле бербейсизби,деп калсам: "Кичине эле же, Чыңгызга кой" дээр эле. Экөөнүн - эне-баланын мамилеси ушундай эле.
Өзү да балдарын аябай жакшы көрүп, эркелетип, суроо берип, алардын берген суроолоруна жооп берип, жомок айтып берчү. Уулдары Санжар менен Аскар кичине кездеринде жумуштан келатса алдынан тосуп чыгышчу. Ошону көрүп апамдын айтканын эстеп коёр элем. "Атаңар жумуштан келатканда Чыңгыз менен Ильгиз тосуп чыгышчу астынан. Чарчадым дебей аларга көңүл буруп, ойночу эле" деп. Ошол учур кайталангандай болуп атпайбы. Ширин менен Элдарды да кыдыртып жер көрсөтүп, сүйлөшүп жомок айтып берип тарбиялады. Жомоктон улам эсиме түшүп атат. Менин уулум Урмат кичинекей кезинде алардыкына барып, кээде конуп да калчу. Урмат менен Аскардын ортосу аз эле айырма. Анан Чыңгыз Төрөкулович аларды койнуна алып жатып, жомок айтып: "Эми силер мага айтып бергилечи?" - деген го. Анда менин уулум уккандарын айтып бериптир. Мага "Ой, Урмат укмуш жомоктордун баарын айтпадыбы. Баарын аралаштырып эстеп калыптыр" деп күлгөн болчу. Ошол жомоктон кийин "Ак кеме" чыгармасы жарык көргөндө мен өзүмчө ойлондум: "Балдардын жомокторун угуп, ошолор ушул чыгарманын жазылышына түрткү болгон го" деп.

Ак пейил адам эле
Мүнөзү абдан боорукер, жумшак болчу. Бир да жолу катуу айтып, урушканын көргөн жокмун. Бир нерсеге нааразы болуп калса акырын гана сөз менен жеткире айтып койчу. Москва көчөсүндөгү 141-үйдө жашап жүргөнүбүздө үйдү жыйнап, тазалайлы деп калып, бизди аяп килем, шырдактарды өзү көтөрүп жайып берип кетиптир. Анда ал үйдө белгилүү, атактуу адамдар жашашчу. Ошондо кайсы бир байбиче, менимче Саякбай Каралаевдин байбичеси го көрүп калып, Керез жеңеме: "Ай, килем, шырдактарыңарды өзүңөр эле жайбайсыңарбы? Ушу бала шырдак көтөрүп жая турган балабы?!" деп уяткарып айткан экен. Ошондон кийин жеңем: "Кой өзүбүз эле" деп үй жумуштарына аралаштырчу эмес. Чыгармачылык менен гана алектенип өзү да анча-мынчага көп кийлигише, кирише бербеген ак пейил адам эле.

Айтматов тартуулаган экинчи өмүр
Мага бир жагы ага, бир жагынан ата ордуна ата болуп келди. Өзүнүн жүрүш-турушу менен эле чоң үлгү болуп берди да. Окугула, турмушта өз ордуңарды табууга өз алдыңарча аракет кылгыла деп айтаар эле. Бир жылдары мен аябай катуу ооруп калдым. Ошондо болгон күчүн жумшап, кыйын врачтардын аркасы менен менин аман калуума чоң жардамы тийген. Врачтар айтып калаар эле: "Биринчи өмүрүңдү апаң берсе, экинчи өмүрүңдү Чыңгыз берди" дешип.
Эжем жүрөгү ооруп болбой калды дешкенде да болгон аракетин, кадыр-баркын салып Москвага алып барып, ал жактан кыйын врачтардын аркасы менен дагы жети жылдай жашады. Ким билет, Чыңгыз Төрөкулович болбосо балким...
Айта берсем көп-көп жакшы жактары бар эле.

Төлгөнүн төп келиши
Биздин үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылган үчүнбү, билбейм, мага "Кылым карытаар бир күн" романы жагат. Көпчүлүк окурмандарынын да ушул чыгармасын жактырышаарынын бир себеби ашыкча нерсе айтып, жасай албай турган тоталитардык режим учурунда баарын ачык жазганында болсо керек. Жазган чыгармаларын биз менен талкуулачу деле эмес. Төртөөбүз төрт бөлөк кесиптин ээсибиз да. Кийин-кийин гана менин жолдошум: "Ой, абдан жакшы жазылыптыр!" деп калса "Ии, рахмат!" деп койчу.
Биз Жийдеде жашап турган кезде апам бир грек аялга төлгө ачтырып калат. Кофе кайнатып берип, түбүндө ичкенден калган чамесин карап туруп айткан экен: "Чоңойгондо балдарыңдын баары жакшы адам болуп чоңоюшат. Улуу балаңдын атагы жер жүзүнө тараган адам болот" деп. Апам айтып, эжем болуп эстеп сүйлөшүп калаар элек, туура айтканына таң калып. Айтылгандай эле Чыңгыз Төрөкулович чыгармалары аркылуу атагы алыска таанымал адам болбодубу.
80 жашын биз менен чогуу тосот деп ниеттенип турдук эле болбой калды. "Ажал улук" деп бекер айтылбайт экен, ажалды жеңе албайт экенсиң. Көзү өткөндө узатууга агылып келген элди көрүп ойлонуп, таң калдым. "Жөнөкөй эл, ушунча жакшы көрүшөт турбайбы" деп абдан ыраазы болдум. Элиме чоң ыраазычылыгымды билдирем. Өкмөт да пландаган иш чараларынын баарын жасап атышат, рахмат!
Чыңгыз Төрөкулович жөн кетпей артына из калтырып кетти.

М. Молдобекова










??.??