presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Өзүңүздүн ким экениңизди билгиңиз келеби?
Жатканыңыздан улам жашоодо кандай орун алганыңызды билсеңиз болот.
Жадагалса адам уктап жатканда өзү жөнүндө бир топ маалымат берет экен. Уктаганда кандай абалды ээлейсиз? Ошондон улам жашоодо кандай орунду ээлейсиз, мүнөзүңүз кандай, айтор ошонун баарынан кабар берет.

Буту-колун бириктирип, бүрүшүп уктаган адамдар бул жашоодон өзүн-өзү көргүсү келип, келечекке болгон коркунучу чоң. Өз күчүнө көп деле ишене беришпегендиктен, бирөөнүн жардамына, колдоосуна дайыма муктаж. Бул абалда жаткандар стресске көбүрөөк туш болуп, ачууга бат алдырышат. Ал эми жарым жартылай болуп бүрүшүп жаткандар тең салмакты дайыма кармап, ишенимдүү келишет. Кандай жагдай болбосун, жашоо аларды кандай жээкке сүрүп чыгарса да шартка көнүп, өздөштүрүп кете алышат.
Колу менен башын калкалап, же жаздыктын астына катып жаткан болсо анда ал адам көпчүлүктүн айтканына ишенбейт. Кайра артынан текшермейин жаны тынбайт. Туруктуулукка умтулуп, жоопкерчиликти талап кылып, чынчылдыкты туу туткан адамдар дал ушундай абалда укташат.
Чалкасынан буту-колун керип жаткандар, бала кезинен көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп көнгөндөр. Башка бирөөгө үстөмдүк кылганды, башкарганды жакшы көрүшөт. Адамдар менен бат тил табышып кеткени аларга кандай жерде болбосун лидер болууга жардам берет. Булардын бирден-бир артыкчылыгы адамдарга жан тартып жароокер келишет.
Көмкөрөсүнөн жатып (колу-буту кандай акыбалда болбосун) алдыга койгон пландарына кылдаттык менен карап, кичинекей жумушту аткарууда да жети өлчөп бир кесишет. Жашоосундагы чукул бурулуштарды сүйбөйт жана кокустуктарга даяр болбой санаага бат жеңдиришет. Өзгөчө чын тийбес болгондуктан мындай адамдарга этият, жумшак мамиле жасоо керектелет.
Жаздыкты кучактап жаткандар болсо, дайым өзүнө жагымдуу, ишенимдүү, жароокер түгөй издегендер. Жашоодо таарынчаак, кекчил келишет. Ошол эле учурда бирөөнүн да көңүлүн калтыра албай, эки анжы ойдо жүрө беришет.
Оң жак, сол жак капталынан жатса анда ал адам дайыма өзүнө сак, кыраакы, бирок шашма келишет. Алдын-ала пландаган жумуштары аткарылбай калса, өзүнчө санаа тартып, асан кайгы боло бермейлери бар. Колунан келген жардамын башкалардан эч убакта аябайт.




Пайдалуу кеңештер
Помаданы
кантип тандоо керек?
Эрдиңизге ылайыктуу помада тандоодо алгач аны колдун сыртына эмес, сөөмөйүңүз менен жумшак сүртүп көрүңүз. Эгерде эрдиңиз калыңыраак болсо күңүрт түстөргө басым жасасаңыз өзгөчө күрөң кочкул кызыл түстөр ылайык. Ал эми эрди жука айымдар ачык, назик түстөргө көбүрөөк ыкташы керек. Эрдиңиздин ичкелигин ачык түстөр анчалык баса көрсөтпөйт. Эндик тандоодо дагы бир өзгөчөлүктү эске алыңыз, сиз эгер ак саргыл болсоңуз албетте ачык түстөгү эндиктерди пайдаланыңыз. Ал эми тескерисинче кара торулардын катарын толуктасаңыз жогорудагы күрөң түстү пайдаланганыңыз оң.

Дайыма жаш көрүнгүңүз
келсе...
Адамдын терисинин калыңдыгы 0.5 мм, дал ошол териге бырыш кеч түшүүсүн кааласаңыз биринчиден көбүрөөк жылмайганга аракет кылыңыз, көп күлгөндө көздүн тегерегине бат бырыш түшөт деген сөздү эсиңизден чыгарып салганыңыз оң. Экинчиден эринбей бетиңизге ылайыкталган бет-май менен масканы үзбөй жаап туруңуз. Эгерде чылым чегип жүргөн болсоңуз сөзсүз таштаңыз. Ал эми чач болсо адамдын жашы өйдөлөгөн сайын өскөнү басаңдап, түшө баштайт. Буга кандай чара колдонсо болот? Атайын чачыңыздын абалына ылайыкталган шампунь менен чачты бат-баттан жууп туруу керек. Чачыңызды ак аралап баратса боёп салып өз өңүнө келтирем дегениңиз туура эмес. Анткени химия заты аралашкан боёк ого бетер чачтын сапатын начарлатат. Адамды жаш кылып жана өз жашынан улуу кылып көрсөткөн нерсе анын салмагы. Ашыкча салмактан арылуунун камын көрүңүз. Адам бир күндө 4 км жөө басса ден соолугуна пайдасын тийгизет.

Көздүн алдындагы шишиктердин пайда болушу
Керелден кечке компьютерде отурган болсоңуз, албетте көздү эки эсе чарчатып, кечинде көзүңүз кызарып чыкса эртең менен алды шишип, жүзүңүздү ого бетер чарчаңкы, кубартып көрсөтөт. Мындан тышкары уйку канбаганда, катуу чарчаганда, начар тамактанганда, чылым чеккенден да пайда болот. Көздүн алдындагы шишиктен арылуу үчүн кечинде жатаарда атайын баштыкчага салынган колдонулган чайды жылуу бойдон көздүн астына коюу керек. Андан тышкары музду да талкалап алып койсо болот. Картошканы теркадан өткөрүп туруп, бир нече кат марлиге ороп көздүн тегерегине 5-10 мүнөт коюу зарыл. Эске салчу нерсе жогорку маскаларды колдонгондон соң атайын көздүн астына сүйкөй турган майды сүйкөңүз.

Алтын жасалгаларды тазалоо
Алтындан жасалган буюмдарды өңүнө келтириш үчүн самындуу жылуу сууга салып алып, кичинекей щетка менен жышып жууш керек. (Айрыкча бекиткичтерин) моюнга салган чынжырчаны болсо, бөтөлкөдөгү самындуу жылуу сууга салып, чайкоо менен жууйт. Андан кийин сүлгү менен суусун соруктургандан соң, чоң таштары бар жасалгаларды ширеңкенин учуна кебезди ороп глицеринге же адеколонго, болбосо нашатырь спиртине малып тазаласа жалтырап чыга келет. Андан соң момпосуй же замша менен жалтыраганча сүртөт. Кооздолгон таштар өңүн жоготпош үчүн колду же башка нерсени жуурда чечип койгонуңуз туура.
Даярдаган
Анара Дүйшөналиева










??.??