presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Тил-улут тагдыры

Өз тилибизди өгөйлөбөйлүчү…
Мен айылдан мектепти бүтүп, жаңыдан шаарга окууга келгенимде көчөнү көркүнө чыгарган жарнамалар орус тилинде жазылып, эс алуучу жайлардын, кафе-ресторандардын аттары орусча аталганын көрүп, эмне үчүн Кыргызстанда жашап жатып кыргыз тилинде сүйлөп, жазганга болбосун деген ой келген эле. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей шаар ичин кыдырып, шаар тургундары менен аралашканымда өзүмдү Орусияда, орус калкынын арасында жүргөндөй сездим. Баарынан да мени таң калтырганы коомдук транспорттордогу сүйлөшүүлөр болду. Эч бир адамдын оозунан деле Турусбековдон же Исанов көчөсүнөн токтотуп коюңузчу деген сөздү уга алган жокмун. Мага окшогон айылдан келгени Турусбековадан же Исановадан токтотуп кой деп сүйлөшөт. Кыргыздын аялдама (остановка), бурулуш (поворот) деген нукура сөздөрү бул жакта турсун, жок дегенде кадырман калкыбыздын жүгүн көтөрүп, эл үчүн кызмат кылган инсандарыбыздын аты-жөнүн туура айтсак болбойбу? Же мамлекетибиздин биринчи премьер-министри Насирдин Исановду Исанова дегидей ал киши кыргыздын айымы болгон беле?
Албетте, эне сүтү оозунан кете элек наристебиздин тили "мама"-деп чыгып, балдарыбызды орус балдар бакчасында тарбиялатып жатсак ошол келечек муундун жүрөгү "кыргыз" деп согот дейсизби? Ал аз келгенсип "Балык башынан сасыйт" болуп элибиздин эртеңи үчүн күрөшүп жатам деп төш каккылаган "чоңдорубуз" жыйын-кеңешмелерди орус тилинде өткөрүшүп, расмий тилде сүйлөп ырахат алышат. Бир жолу А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында түрк боордошторубуз менен мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуу болуп калды. Алгач биздин өлкөнүн атынан чыгып сүйлөгөн "чоң сөрөйүбүз" быссымылда дегенде эле орус тилинде саламдашып, омоктуу ойлорун айтты. Андан кийинки сөз Түркиянын өкүлүнө берилди эле, боордошубуз өз эне-тилинде маек куруп, өзүнүн ким экендигин айгинеледи. Негизи биздин Кыргызстандан башка мамлекеттерде мындай олуттуу жыйын-кеңешмелер өз эне тилинде өткөрүлүп келет. А биздечи, эгерде 500 кыргыздын арасында бир орус же башка улуттун өкүлү болсо ошол адамдын урматына, айкөлдүгүбүздү көрсөтүп, эне тилибизди экинчи планга коё салабыз. Анан да орус тилин билбеген адамды тил билбейт экен деп шылдыңдайбыз. Орус тилинде сүйлөгөн адам азыркы "киргиздердин" түшүнүгү боюнча билимдүү, баарын өздөштүргөн адам. Башкача айтканда кыргызча сүйлөгөн-бечара, орусча сүйлөгөн учурдагы жаштардын тили менен айтканда "авторитет". Ушинтип өз эне тилибизди өзүбүз жээрип, өгөйлөп жатсак, чет жактан бирөө келип кемтигибизди толуктап береби? Ушундан улам кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын билбеген кыргыз жараны кыргыз үчүн күйүп, кыргыздын намысын коргой алабы деген суроо туулат. Бул да болсо мекенге, эли-жерге болгон сүйүүнүн, патриоттуулуктун жоктугу.
2200 жылдан ашык тарыхы бар элибизде эне тили үчүн опол тоодой эмгек кылган не деген инсандарыбыз өткөн. "Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан"-деп өмүрүнүн акыркы 12 жылын кыргыз тилин өнүктүрүп-жайылтууга арнап, эне тилибиздин эртеңи үчүн зар какшап, эбегейсиз зор эмгек өтөгөн чыгаан жазуучубуз Касым Тыныстанов тилдин артынан куугунтукка тушугуп, жарыкчылык менен кош айтышканын баарыбыз эле биле бербейбиз. Касым Тыныстанов 12 жыл изилдеп, калтырып кеткен 66 миң сөздүгүнүн 6 миң сөздүгүн да толук пайдалана элекпиз. Эгер ошол 66 миң сөздүктү өздөштүрүп алсак, жардыланган эне тилибизди алаканга салып бапестеп, чыныгы кыргыз болбойт белек. Улутту улут, мамлекетти мамлекет кылып тааныткан беш белгинин бири бул-эне тил. Андыктан кел кыргызым ойгонолу! Эне тилибизге кайдыгерлик кылып, башкаларга күлкү болбой, намысыбызга келели. Биздин байлыгыбыз да, бийлигибиз да, жүзүбүз да-кыргыз тили экенин эстен чыгарбайлы. Сөз багып, сөз кадырын билген төкмө акын Жеңишбек Токтобеков айткандай "Кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз бойдон өлөлүк". Ар бирибиздин жүрөгүбүз "кыргыз" деп соксун!
Ж.Калдарова




Рифка Кунлайн:
"Улутум немис болсо да жүрөгүм кыргыз деп согот"
Жакында Кыргыз Улуттук консерваторияга жумуштап барып, ошол жерде окуган Рифка аттуу немис кызы менен таанышып калдым. Рифканын кыргыз тилинде суудай сүйлөп, опера ырчысындай обон созгону жүрөгүмдү жылытып, айрым тил эмне экенин билбеген "киргиздерге" сабак болоор деген ой менен Рифка Кунлайнды кепке тарттым. Белгилей кетсем, 6-декабрда Кыргыз Улуттук консерваторияда алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата студенттер арасында өткөрүлгөн конкурста Рифка Кунлайн жазуучунун "Кызыл алма" чыгармасын көркөм окуп, 2-орунга ээ болду.
- Рифка, Кыргызстанга кандайча келип калдың?
- Мындан 6 жыл мурун атам чет өлкөгө барып, башкаларга жардам берсем деген ниетте интернет булактарын карап жатып, Кыргызстандын Нарын шаарына компьютерди мыкты билген адис керектигин окуган. Анан ошол маалымат боюнча ата-энем бул жакка келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанды сүрөткө тартып барышкан. Бизге алгач ураган, эскилиги жеткен үйлөрдү, көчкөн жерлерди көрсөтүшүп "ушул жакта жашаганга макулсуңарбы" дешти. Эки бир тууганым, мен болуп үчөөбүз тең ойлонбостон макул болуп, атамдын каалоосу боюнча Кыргызстанга келдик. Келгенде эле атам көрсөткөн жерлер сүрөттөгүдөн таптакыр башкача, кооз, бийик тоолорду көрүп таң калдык. Көрсө бизге атайын жаман жерлерди тартып барышкан экен. Ошентип 6 жылдан бери Нарын шаарында жашап жатабыз. Атам Рудольф (Нарындагы аксакалдар койгон аты Райымбек) учурда Нарын шаарындагы эң жакыр үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүүчү "Райым нур" коомдук фондунун төрагасы. Апам Герлинде болсо айыл-чарбасын, үй экономикасын мыкты билген үй кожойкеси. Азыр Нарында каалоочуларга англис тилин үйрөтүп жатат.
- Бөтөн жердин жашоо-шартына көнүш кыйын болсо керек. Тил билбей кыйналдыңарбы?
- Ооба. Германиянын климаты нымдуу болгондуктан, Кыргызстандын бийик, кургак абасына көналбай бир топко чейин баарыбыз ооруп жүрдүк. Анан биз үчүн экинчи эле көйгөй-тил маселеси болду. Дүкөнгө барып колубуз менен көрсөтүп, дудукча соода кылып жүрдүк. Бул жактын тамак-ашы да бизге оор келип атты. Германияда чочконун этин жечү элек. Кыргызстанга келип аны малдын этине алмаштырдык.
- Эң биринчи жолу кыргызча кайсы сөздү үйрөндүң?
- Кыргызстанга келгенден эки күндөн кийин бир кошунабыздын үйүнө кино көрөлү деп кирсек эле, бир мезгилде телевизор өчүп калды. Анан үйдүн ээси келип "свет жок" дегенде ал эмне экенин түшүнүп, алгач "свет жок" деген сөздү үйрөндүк.
- Мектеп маселеси кандай болду?
- Мен бул жакка 7-класска көчкөндө келдим. Мектепке барган жокмун. Чоң эне, чоң атамдын жардамы менен Германиядан китептерди алдырып үйдөн ата-энем сабак берип жүрүштү. Кадимкидей бир бөлмөбүздү класстык бөлмө кылып сабак өтчүбүз. Апам дене-тарбиядан, атам калган сабактардан берет эле. Күндө эртең менен 8 де туруп класска кирип, тапшырмаларыбызды айтып берип, сабак алып артта калбаганга аракет кылып жүрдүк.
- Азыркы окуп жаткан кесибиңди өзүң тандадыңбы?
- Негизи мен бала чагымдан эле музыка укканды жакшы көрөм. Анан атам мага "музыка жаатына тапшырбайсыңбы?"- деген сунуш киргизди. Алгач даярдоо курсунда окуп, азыр ырдоо жана хор факультетинин 1-курсунун студентимин. Азыр группамдын старостасымын. Эс алуу жок. Оюмдун баарын окуу ээлеп алган. Өз күчүм менен акча төлөбөй окуюн деп күн-түн дебей китептен көзүмдү албай, аракет кылып жатам. Мен үчүн акча төлөп окуган уят. Төлөгүм да келбейт.
- Окууңду бүткөндөн кийин Германияга кетейин деген оюң барбы?
- Мага Кыргызстан, кыргыз эли абдан жакты. Чынын айтсам кайрадан Германияга барып жашаганды элестете албайм. Мен калган өмүрүмдү кыргыз жеринде өткөргүм келет.
- Кыргыз жигитине турмушка чыгат белең?
- (Күлүп) Башынан эле кыргыз жигитке турмушка чыгып, кыргыз бала төрөсөм деп кыялданып келем. Бирок, андай адамды мен издебейм, ал өзү келиш керек.
- Немистер менен кыргыздардын мүнөзүндө айырмачылыктар бар бекен?
- Немистер так, айткан убадасына турат. Бирок, орой, таш боор келишип, жакшы-жаман дебей каалаганын жасашат. Ал эми кыргыздар меймандос, адамгерчиликтүү, эң негизгиси ыймандуу калк экен. Бир гана кемчилдиги тактыгынын жоктугу, анан бүгүнкү жумушту эртеңкиге калтырган кенебестиги. Маселен, менин эле айрым группалаштарым себепсиз сабактан калып, жоопкерчиликти сезе беришпейт. Чынын айтсам мен ушул кезге чейин бир да жолу себепсиз сабактан калып, кечигип келген күнүм боло элек. Мен ойлойм мындай учурда ар бир адам өзүн гана сыйлаш керек.
- Германияда канча жашынан турмушка чыгып, үй-бүлө күтүшөт?
- Ар кандай. Кээде кыздар 40 жашка чейин жүрө беришет. Анан да никеси жок жашагандар толтура. А, Кыргызстанда таптакыр башкача экен. Мага бул жактын кыз узатуу салты жакты. Менин Германиядагы классташ кызым 12 жашында балалуу болду. Ал жакта кыздарга көп тыюу салынбайт. Бир жолу классташ кыздар чогулуп отуруп "Ким канча эркек менен жатты?" деген суроо болуп, бир кызыбыз уялбастан 12 жашына чейин 50 эркек менен жатканын мактанып айтып берди. Мен аябай таң калдым. А башкалар үчүн бул таң калыштуу деле болгон жок. Менден дагы сурашканынан мен али жашмын десем, мени шылдыңдап күлүшкөн. Кечээ жакында эле ушул жактагы эле бир кыргыз кыз "Сен кызсыңбы?" деп менден сураганынан "Ооба, сен мени жаман ойлоп жатасыңбы?" десем мени кечке карап ишенбегендей түр көрсөттү. Чынында мен кудай алдында тазамын. Мен ушундай тазалыкты, аруулукту, абийирди талап кылган өлкөдө жашап жатканыма миң мертебе ыраазымын.
- Мына бу үйүңөрдө түшкөн сүрөттөн кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн улуттук буюмдарды, шырдак-кийиздерди көрүп турам. Анан да жерде отурасыңар. Ушуга кызыктыңарбы же...
- Буга биринчи себеп биз азыр Германияда эмес, Кыргызстанда жашап жатабыз. Ар бир элдин өзүнүн улуттук кийимдери, улуттук буюмдары бар. Ар бир адам биздин үйгө келгенде өз үйүндөй сезишин каалайбыз. Кийиз, шырдак салынып турган үйдү көрүп, немистер да жерге отурат, чын эле биздин маданиятыбызды сыйлайт, чын эле бизди жакшы көрөт, биздей болгусу келет деген ойдо болсун дейбиз. Биз Кыргызстандын суусун ичип, Кыргызстандын абасын жутуп жашап жаткандан кийин кыргызча жашап, кыргызча тарбияланып, кыргыздын менталитетин сакташыбыз керек деген ураан менен күн кечирип келебиз. Атам болсо жай мезгили болобу, күз мезгили болобу ак калпагын башынан түшүрбөйт. Кыскача айтканда улутубуз немис болсо да, жүрөгүбүз кыргыз деп согот.
- Маегиңе чоң рахмат.
Маектешкен Ж.Калдарова











??.??