presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күлкү жана тамаша

Асыл нерсе аз болот. Жаман нерсе жулкунуп жугуштуу келет. Чырмооктой өсүп, калк казынасына оролуп алып, эл эсебинен эдиреңдеген көпөстөрдү, аттан түшпөй чалкалаган чиновниктерди жана башка коомдогу көрүнүктүү инсандардын одоно, осол кылчу терс жактарын дезинфекциялап, арча түтөтүп аластап туруу биздин кесиптик милдет деп колубузга калем кармадык.

"Өч заман" - Өкмөтү...
Ток жутар...
Чулдурап кыргызча үн чыгара албаган Кыргыз өкмөтү эскертет:
- Нарын дарыясынан сууну бекер деп эле көп жутуп алуу курсагыңарды керет, ичиңерге жел өтөт. Бир лампочканы өчүрсөңөр, бир чака сууну үнөмдөгөн болосуңар. Эмдиги жылы Өкмөт төрүндө аман турсак, сиздерге кып-кыргызча ашар уюштуруп, ар бир кыргыз алты чакадан суу ташып барып Токтогул суу сактагычына төксө, бат эле ирденип кеткени турабыз. Сууга сийген, ток жутар чиновниктердин үч фазасын үзө чаап, майлуу ичегилерине Жапон өлкөсүнөн карызга алып келген датчик эсептегичтерди орнотуп, пломбу басабыз. Ошондо "Ой бул дүйнөдө боло элек чудо"-деп көккө калпагыңарды ыргытып той берип, мага чепкен жабасыңар! Болбосо Боря досум Силаев, Танаевдей болуп пачке-пачке жашыл жалбырактарды Оруссияга ташып, ошол жактан ополтоодой орун даярдап койбой.

Кыргызстанды ким жакшы башкара алат?
Туугандарым жетпейт...
Эскичил бийликтин өмүрүнө дабагер, экс-ханституция сотунун төрайымы Чолпон Баековадан журналисттер сурап калышыптыр:
- Сиз Жогорку Кеңешти жалгыз башкара аласызбы?-дешсе...
- Албетте,-дейт ишенимдүү.
- Кыргызстандычы?
- Ооба-дейт көз айнегин түздөп.
- Ой, анда бүткүл Азиянычы?-дешсе
- Тургулачы ары, туугандарым жетпейт- дептир.

Пенсия ...
Үнү чыгат, өзү жок
Камчы аба райсобезге барып, 4-5 айдан бери дайыны чыкпаган пенсиясын даректеп келсе, ал жердегилер:
- Аксакал, мурда 250 сом алчы элеңер, сиздей фронтовиктерге эми 370 сом төлөшмөй болду, жыргайсыңар-деп сүйүнчүлөшөт.
- Аныңарды уктум, гезиттерден. Бирок почточулар бизге окшогон ардагерлерди кезексиз эле тейлешсе жакшы болот эле.
- Чыдаңыздар, пенсияңызга дагы кошулат-деп жооткотушат. Анда карыя:
- Илгери-илгери деп сөз баштайт. Бир кемпирдин бутуна тикенек кирип тырмалап чыгара албай жатса, күйөө баласы кирип келет. Анысы да аракеттенип алалбай жатса, кемпир кичине жел чыгарып коёт. Бир шылтоо табалбай калган ал: "Ээ балам көрүнөбү?"-десе анысы баш чайкап, "Үнү чыгып жатат, бирок өзү жок го"-деп жооп кылган экен. Анын сыңарындй силердин пенсияңардын үнү эле чыгат, өзү жок-деп жылмайып коюп үйүн көздөй акырын басып кетиптир.

Куудулдун атасы...
Бөрү карысын төшкө айдайт
Ноокатта 1993-94-жылдары эл өстүргөн тамекилерин өкмөткө өткөрүп жиберип, анын акысын алалбай аябай кыйналышат. Ошол кездерде Акаевдин акылман курсу менен чарбалар жоо куугандай талкаланып, совхоздун койлорун түтүн сайын таратып беришет да, акчасын ошол замат топтой башташат. Камчы абага (куудул Жамбыл Камчыевдин атасы) берилген 5 койдун баасы 1300 сом болот экен. Аны доолап жанын коюшпайт. Аргасы түгөнүп мурдагы өкмөткө тапшырган тамекисинин акчасын сурап, чарба бухгалтерине кирет. Ал бригадирге жиберет. Бригадир:
- Арадан 3-4 жыл өтүптүр, ушул акчаны кечип эле койбойсузбу? десе, Камчы аба:
- Өзүңөр тигил койлордун акчасын сурап жатпайсыңарбы, карып калдым. Эгер оо дүйнөгө кетсем, анда сурак болот, карызыңдан эмне кутулбадың?-десе эмне дейм. Сөзсүз, бригадирде тамекинин акчасы калды эле дейм да. Анда сени тиги дүйнөгө жаш экениңе карабай чакырып алат. Сен бухгалтерге шылтайсың, анан аны чакырганга туура келет. Ошентип бир карыздын артынан үч киши тиги дүйнөгө барып алсак жакшы иш болобу?-деп уяткарып, аласасын өндүргөн экен.

Сен кимсиң, сен бир куудул орто семиз...
Соняны сонуркаткан соргоктор
Оштон Бишкекке учуп келген куудул Дөөлөт Мадымаев менен породист-ырчы Ирек Кыдырмаев курсактары катуу курулдап чыдатпаганынан улам, биринчи кезиккен ашканага киришип, пельмен ичип калышат. Оштогу Каримжан акенин чоң кесе лагманын ичип, чандая тоюп көнгөн эки жигит ар бири бир отурганда 4 тарелканы кемпир шабдаалы жегиче бошото салышат экен. Экөөнүн жанында ашкананын тарелкалары үйүлүп калыптыр. Ирек:
- Дөкө, Бишкекте курсак тез ачарын билесиң, анын үстүнө кечинде тамак табыш кыйын. Кел дагы бир порстон ичип, бир жолу тоюп алалы-дейт. Анда Дөөлөт баятан бери экөөнүн жеп ичкенине назар буруп, оозу ачылып олтурган кассадагы орус аялды көрсөтүп:
- Мейли, бирок жер которуп жейличи, болбосо тетигил катындын кокус эси ооп чалкасынан түшсө, биз балээге калып жүрбөйлү-деп башка ашканага бет алышыптыр.

Жан керек да эй...
Аюунун алигисин ушалаган мергенчи
Мергенчи токойду аралап баратса, күтүүсүздөн алдынан эркек аюу чыга калып баса калат. Алдында жаткан мергенчи айласы кетип эки колдоп аюунун алигисин ушалап ийет. Ийип кеткен аюу чалкасынан түшүп ырахатка бата бакырып жатып калганда, мергенчи тура качат, кудайлап. Арадан үч- төрт күн өткөн соң мергенчи үйүндө жүрсө, баягы аюу кашаанын сыртында ышкырып коюп турат дейт, эки колун ушалап, ушундай дагы кылбайлыбы-деп токой жакты көрсөтүптүр. Жарыктык десе, жаныбарга да жасалма ырахат керек турбайбы...

Мугалим турмушунан...
Ай эжеке, самса бер деп сурадым
"Ысык самса, ысык самса!"-деген тааныш үн базардагы быкпырдай кайнаган элдин арасында басалбай жүдөп бараткан мени шыйрактан шып кармагандай тык токтотту. "Ысык самса"-деген тааныш добуш мени окуткан мугалимдики эле. Ошол тарапка ылдам жөнөдүм. Көрдүм: жүзүндө тырыш, үстүндө учурунда классташ кыздарымдын көздөрүн кызарткан, эскилиги жеткен жемпири баш болуп, мугалим кездеги кийимдери. "Калбү эжеке.." -десем, мени ысыгы тараган көздөрү менен бир карады да, ак же көк дебей кайра артына бурулуп жөнөп берди. Эми самса алайын деп даярданып калган кардар: "Эй кайда, кайда?"-деген бойдон ээрчий басып кала берди. Уялды. Бир кездеги отличник окуучусунун алдында жети өмүрү жерге кирди. Чындыгында мектептеги агай-эжекелердин барктуусу, билим деңгээли, акыл-насааты менен окуучулардын сый урматына ээ болгон эжекемдин самсага күнү түшөт деп ким ойлоптур атаганаттыкы.
Эжекем, эжекем... Биз сиздин үнүңүздү сагынганбыз. Баарын түшүнөт элек. Бекер уялдыңыз... Биздин жүрөктөрдө Сиз баягыдай эле баркыңыз, сүрүңүз бар ардактуу адамсыз...
Максат Бакиров

Бука бекер ""иш" кылбайт...
Уюңар кысыр калбасын
Токтогул райборунда жашоочулар уйларын бадага кошмок болушуп сүйлөшүшөт. Атайын чогулуш өткөрүлөт. Бадачыга ар бир уй үчүн 5 сом алдын-ала төлөп туруш керек деген чечимге келишет. Эртеси акчаларын бадачыга тапшырышат. Бир маалда бадачы бир чоң буканы көрсөтүп: "Бул менин букам, эгерде уюңар кысыр калбасын десеңер, ар бир уйга 5 сомдон бергиле"-деген талабын коёт. Көпчүлүк туура көрөт. Жанында акчасы жок Мусипжан деген өзбек адам кошуналарынан: "Мага дагы төлөп турсаңар, үйгө барганда берем"-деп суранса да акча чыкпай калат. Ыза болгон өзбек аксакал үйүнө барып:
- Кемпир дагы 5 сом бер, бадачынын букасы үчүн, десе
- Бадачы албадыбы, болот да -деп моюн толгойт.
- Бадачынын букасы Мусипжан эмес экен да, бекер иш жасагыдай- деп жооп бериптир ачууланып.

Муну жаңгак дейт, аны чагып жейт...
"Картошка майда болуп калыптыр"
Нарын шаарынын базарында Арсланбаптык бирөө жаңгак алып барып сатып отурса, өтүп бараткан эки абышканын бири токтой калып:
- Ка-ап, быйыл картошкалар майда болуп калыптыр,- деп баш чайкаптыр.

Даярдаган Демберди Куйкумбаев










??.??





??.??