presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Обон-шоу times
Египеттен эки бийчи конокко келет
Бишкектеги Мирбек Атабековдун, Караколдогу Гүлзинаттын концертин ийгиликтүү өтүшүнө көмөктөшкөн бийчи, шоумен Бакыт Байсариев азыркы тапта Египеттен келе турган эки бийчинин келишине катуу даярдык көрүп жатат.Бул коноктор бийдеги сулуулукту, кооздукту көрсөтүп бере алышат. Өзгөчөлүгү, эркектерге бий чеберчилигин үйрөнүүгө жардам беришет. Муну менен эле чектелбестен Бакыт Байсариев жаңы жылда боло турган "Жыл тандоосу" сынагынын алып баруучусу болот.

Бекчоро, наамың кут болсун!
Улуттук телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Хит-парад долбоорунун концертинде кызыл килемдин үстүнөн баскан ырчылардын арасынан өзгөчө имиджи менен айырмаланган ырчы жигит Бекчоро "Жылдын мыкты дебютанты" наамына ээ болуп отурат. Очкинин коллекциясын жайнатып чогулткан ырчы атайын жакынкы концерттерге тагынып чыгам деп 4500 сомго дагы бирди алган. Анын "тушоосун" " дал ушул Хит-парадда кести. Ал эми наамды болсо сүйүктүү ырчы эжеси Гулнур Сатылганованын колунан алды. Эмне демекчибиз, мындан ары да бир топ бийиктиктерди багындырып жүрө бер.

Айянын "Ак сүйүүсү" аягына чыкты
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы Айя Садырова "Ак сүйүү" аттуу ырына жакында эле клип тарттырып бүттү. Клиптин мазмуну жаш жубайлардын башынан өткөргөн сүйүүсүн, кыйынчылыгын, түйшүгүн баяндайт. Клип тартуу жагынан такшалып калган Айя бул ырдын клибин тартууга төрт күн жумшап, монтаждаганына туура үч жума убактысын сарптаган. Ал эми ырчы кыздын бул эмгегин кийинки жумада сыналгылардан көрө аласыздар.

Дайыр интернет аркылуу сүйүүсүн тапты
Жакындан бери эл оозуна алынып келе жаткан жаш ырчы жигит Дайыр Исмадияровдун продюсери "Миң кыял" радиосунун ди-джейи Канат Кадыржандын берген маалыматына караганда Дайыр Алмата шаарында жыл сайын өтүүчү "Кышты сүйөм" аттуу эл аралык концертке катышып келди. Бул ырчыга чоң стимул болуп, чыгармачылыгына жаңылык киргизди. Андан тышкары интернетте отуруп классташ.ру сайтынан өзүнүн мурдакы сүйүүсүн, классташын табып ага жолугууга үлгүрдү. Ошентип Дайыр үчүн Алматыга болгон сапары жемиштүү болуптур.

Жандуу үн уккуңуз келеби?
Кыргыздын нукура ырларын үч кыл комуздун коштоосунда аткарган ырчы Фарида Өмүрзакова январь айында жеке концертин күйөрмандарына тартуулаганы турат. Концерттин өзгөчөлүгү репертуарындагы ырлардын теңинен көбүн жандуу үн менен комуздун коштоосунда аткарат. Эгерде дуулдаган концерттерден чарчап, жан дүйнөңүзгө гүлазык алгыңыз келсе, анда маэстро менен ансамбльдын коштоосунда өтө турган концертке кош келиңиз!

Даярдаган Анара Дүйшөналиева




Күйөрмандардан берилген белектерди биздин чыгармачыл инсандар кандай сакташат? Же ыргытып жиберишеби? Ушулардын баарына кызыгып көптөн бери артисттердин архивин казып жүрөбүз. Көпчүлүк окурман сүйүп окуган бул рубриканын бүгүнкү каарманы эки таланттын, тактап айтканда куудулдар Жаңыл Бекбоева менен Токтор Бекбоевдин сүйүүсүнөн жаралган жаш болсо да, эл оозуна алынган ырчы Бегимай Бекбоева болмокчу.

Бегимай кайын журтуна белеги менен барат
Мени эч качан унутпаңыз
Бегимайды дал өзүндөй окшош кылып тарткан бул сүрөттү Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Айдай тартып, кайда болбосун, кайда жүрбөсүн ал кызды унутпаарын суранып, Бегимайды аябай жакшы көрөөрүн билдирип, сахнада ырдап жаткан жеринде кубануу менен ыроологон. Кичине болгонуна карабай, ушундай таланттын ээси Айдайга "өнөрүң өркүндөй берсин" деп гезит аркылуу дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Телефон +номер +бирдик
Жаш болгонуна карабай бир топ эле күйөрмандардын алкышына ээ боло алган ырчы кыздын фанаттары, өзүн көрбөсөм да үнүн угуп, анын абалын билүү үчүн телефон аркылуу баарлашып турууну самагандар толтура экен. Телефондун өзүн эле карматып салбастан ичине номери менен биргеликте бирдик салып койгонуна не дейбиз. Дүкөн аралап телефон сатып албастан гастролго чыгып телефонго ээ болгон ырчы кыз кайда болбосун аларды дайыма жанында алып жүрөт. Атасы "мен колдонуп турайын" дегенине макул болбой, өзүнө гана тиешелүү экенин укканыбызда өзүмчүл экен деп ойлосок, болгону күйөрмандарын ушунчалык сыйлаарын, алардын берген белеги анын ардак текчесинде гана тураарын угуп таң калдым.

Жумшак оюнчуктар дүйнөсү
Бул өзүнөн чоң, ары кооз, ары оор болгон илбирсти аяш атасы белек кылган экен. Ырчы кызга берилген, ар бир жумшак оюнчуктарын санап отурсак кол манжабыз жетчүдөй эмес.Кайсыл белекти кай жактан алганын, ким бергенин унутпаган Бегимайдын эске тутуусуна баа бердик. "Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет" демекчи кичине болобу, чоң болобу ар биринин өзүнүн орду бар экенин, күйөөгө тийгенде кайын журтуна ала кетээрин да жашырган жок.

күтүүсүз белек
Бегимайдын талантын баалап, ардактап жүргөн күйөрмандары ага көпчүлүк учурда гүл ордуна эсте кала турган, ар дайым сакталып тургандай белектерди берээрин көрүп акылдуу күйөрмандар экенин сездик. Себеби, гүл берип койсо балким ал эчак эле соолуп таштандыда жатат беле. Дал ошондой кооздукту даңазалап, кай учур болбосун соолубай үйүндө илинип турган гүл төшөлгөн картинаны Айзада, Айпери, Элиза деген күйөрмандары күтүлбөгөн жерден, көчөдө кетип баратса колуна карматып Бегимайдын оозун ачырган.

P.S. Бегимайдын белектерин көрүп отуруп, анын айткан сөздөрүнөн ар бир күйөрманынын эмгеги зор экенин, алар бар абдан бактылуу экенин баамдадык. "Менин талантымды баалаган инсандарга ийилип таазим этем, дегеле гезит аркылуу алардын баарына ыраазычылыгымды билдирем" дейт сөз аягында. Урматтуу Бегимай Бекбоеванын чыныгы күйөрмандары, эскерте кетсек, сиздер тараптан берилген ар бир белек Бегимайдын ардак текчесинде тураарын унутпаңыздар.

Саякатчы Нурзат Жусупова










??.??