presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  тагдыр

Тагдырдын жазмышыбы же каргышыбы?
"Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала"-деген сөз бар элибизде. Ананчы, бири кем дүйнө деп ушуну айтат сыңары. Ушу эле биздин заманда наристенин ыңаа деген добушуна зар болуп, күн-түн мазар аралап, жараткандан перзент тилеп жүргөндөр кездешет. Ал эми ошол эле убакта, сай-сөөктү сыздатып, өз канынан жаралган баласын киндиги түшө элек кезинде көрүнгөн жерге таштап кетип аткандар да арабызда жок эмес.
Учурда жергебизде кароосуз калган "таштанды балдардын" саны 3000ге чукул экен. Алардын көпчүлүгү балдар үйлөрүндө тарбияланып жатса, бешиктен бели чыга элек жатып, өзүнө-өзү кожоюн болуп жүргөндөрү да бар.
Бул балдар үйү 1919-жылы негизделген. Ага чейин кыргыз жергесинде мусулмандык жана христиандык эки бала бакчасы болгон экен. 1919-жылы чыккан буйруктун негизинде 4 жашка чейинки балдарды тарбиялоочу балдар үйү болуп түзүлгөн. Учурда шаарыбыздагы Беларус көчөсүндө жайгашкан бул балдар үйүндө 120 бала тарбияланып жатат. Аларды түн уйкусун бөлүп караган жалпысынан 80 кызматкер бар. Биз бул багытта азын-оолак болсо да маалымат алалы деген максатта республикабыздагы 4 жашка чейинки балдар тарбиялануучу балдар үйүнө кайрылып, ал жерде улуу тарбиялоочу болуп эмгектенген Сираждинова Жумагүл Анарбаевна менен маектешип кайттык.

- Жумагүл Анарбаевна, бул жерге балдар кандай негиздер менен келип түшөт?
- Бизге келген балдардын 40 пайызы таштанды балдар. Алардын көпчүлүгү оорукчан, башкача айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Андан сырткары бизде ата-энелик укуктан ажыраган же болбосо соттолгон ата-энелердин, кандайдыр бир оору менен ооруп балдарын бага албай калган үй- бүлөлөрдүн балдары бар. Андан сырткары жалгыз бой энелердин балдарын да бир жаштан төрт жашка чейин акысыз карап беребиз. Ал эми баланын апасынын иштегенге мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Эртеден кечке биздин карообузда болгон балдарды кечинде апалары алып кетүүгө тийиш. Мындай балдар да акысыз каралат. Тилекке каршы муну каалагандар да аз эмес.
- Таштанды балдар 40% түзөт дебедиңизби? Алар төрт жаштан кийин кайда барышат?
- Негизинен бул балдардын көпчүлүгүн жогоруда айтып кеткен оорукчан балдар түзөт. Ал эми дени-карды соо балдарды багып алууга алып кетишет. Башкаларын биз Беловодскидеги балдар үйүнө жөнөтөбүз.
- "Таштанды балдар" кимдер тарабынан кандай абалда келе турганы окурмандарга кызыгуу жаратат болуш керек?
- Бул балдар көбүнчө төрөт үйүнөн жиберилет. Азыр көйгөйлүү маселелердин бири болгон ушул нерсе деп айтаар элем. Себеби кыздарыбыз никесиз төрөп, анан ошол жерден наристеден кутулуунун эң оңой жолу деп төрөт үйүнө таштап кетишет. Андан да өкүнүчтүүсү төрөт үйүнөн бооруна кысып, ууз сүтүн эмизип чыккан баласын бейтааныш бирөөнүн босогосуна таштай качкандарды угуп эле жатсаңыздар керек. Мына ушундай тагдырга кабылган балдар биздин балдар үйүнө келип түшөт. А жанагы төрөт үйүнө таштап кеткен балдардын көпчүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер.
- Аларды багып алууда багып алчу ата-эне тарабынан эмне талап кылынат? Мүмкүн акча төлөө керектир?
- Негизи бул маселе менен биздин балдар үйү түздөн-түз иш алып барбайт. Биздин максат аларды асырап багуу гана. Анан биз Октябрь районуна карагандыктан ошол жактан атайын адистер бул иш менен алектенишет. Албетте, документтер толтурулат. Бирок кандай документ баланы канча убакта ала алат биз айта албайт экенбиз. Жүрөк жылытаар бир маселе балдардын санынан аларды багып алам дегендердин саны арбын. Ал үй-бүлөлөр кезекте турушат.
- Жумагүл Анарбаевна, бир баланы да багыш оңойго турбайт го, ал эми 120 баланы кароодо мамлекет тарабынан кандай жеңилдиктер берилип, көмөк көрсөтүлөт?
- Мамлекет негизинен бизге 4 багытта жардам көрсөтөт. Алар:
1.Күнүнө ар бир балага 100 сом өлчөмүндө тамакка каралган.
2.Балдардын дары-дармеги акысыз.
3. Коммуналдык кызматты каржылап берет.
4.Кызматчылардын эмгек акысы кармалбай, өз убагында берилет.
Ал эми калган балдарга керектүү буюмдарды, кийим-кече, оюнчук дагы башка керектүү нерселерди демөөрчүлөрүбүздүн жардамы менен бүткөрөбүз.
- А андай демөөрчүлөр көбүнчө кимдер болушат?
- Биз демөөрчүлөрүбүзгө абдан ыраазыбыз. Кудайга шүгүр, элибизде боорукер адамдар көп экен, алар ар түрдүү адамдар. Бизнесмендер, кээ бир чакан компаниялар же жөн гана боорукер адамдар. Мисалы, жакында бир жигит келди, "жаңы жылга балдарга балаты уюштуруп, куурчак театрын жана белектерди алып келем" деп. Балатыны да өз чөнтөгүнөн сатып бермек болду." Андан сырткары жолдошу менен Россияда эмгектенген бир келин бар. Келген сайын бизге деп белек көтөрө келет. Мисалы, былтыр балдарга куртка сатып берген. Айтор ушундай адамдардын жылуу мамилеси менен балдарыбыз бир топ жакшылыктардын күбөсү болуп отурат.
- Мындай күнүмдүк керектөөлөрдөн сырткары дагы кандай муктаждыктарыңыздар бар?
- Учурда биз балдар үчүн галерея тургузалы деп ага демөөрчү издеп жүргөн кезибиз. Андан сырткары биздеги дагы бир көйгөй электр маселеси. Учурда бардык жерде лимит киргизилгендиктен бизде да убак-сааты менен жарык өчүрүлүп, балдарга тамак жылытып берүүдө же түнкүсүн жарык маселеси аз да болсо көйгөй жаратат экен.

Р.S. Мына урматтуу окурман,ушундай шартта болсо да ар бир тарбиячы бирден шам-чырагын көтөрүп алып, түнкүсүн карап, убак-саатында тамак берип, ооруп калса өз энесиндей чебеленип, балдар үчүн бардык нерсесин аябаган бул жердин кызматкерлерине ыраазы болдук.




Тумарга катылган сыр
Эрдин кесе тиштеп, көздөрү алдындагы кара тоголок таштардан алда нени үмүт эткендей болгон бул жигитти караган адам сөзсүз ага көңүл бурбай койбойт. Бүбү кемпирдин кыймылдаган манжалары менен кошо тегеренген каректери тынчсыз, жүзү бирдеменин жообун чыдамсыздык менен күткөндөй.
Ушу азыр -"сенин энең жаман адам эмес, ал сени сөзсүз издеп келет"-деп айтчудай болуп жүрөгү элеп-желеп. Ананчы, аскердеги кызмат өтөө учурунун бир күндүк "боштондук" күнүн чыдамсыздык менен күтпөдү беле. Бул бүбү кемпирге келип отурган максаты да ошол өз энеси тууралуу маалымат билүү го. Тилекке каршы Кубат кемпирдин тарткан төлгөсүнөн оңчулуктуу эч нерсе биле алган жок.
"Алыс турасыңар, экөөңөр жолукпайт окшойсуңар"-дегенден башка кичинекей таштар эч нерсе айта алган жок.
Кубат шылкыя басып, азыркы эле үмүттүү ордунан чыгып баратты. Кантип билет, кимге айтат, кайда барат? Бул суроолорго качан жооп табат?...
Кубат өзү шаарда төрөлүп, өскөн бала. Кичинекейинен ата мээримин көргөн жок. Ошентсе да мектеп жашына чейин тумшуктууга чокутпай, тырмактууга кактырбай багып чоңойткон Чыныгүл апасы эч нерседен кем кылган жок. Мектеп босогосун таене-таятасынын колунда, касиетүү көл жээгиндеги бир айылдан аттады. Жакшы окуп, үлгүлүү окуучу аталып мектепти аяктаган соң, апасынын кеңеши менен намыстуу кыргыз жигиттеринин катарында аскерге аттанды. Аскердик кызматы да өзү туулуп-өскөн үйүнөн анча алыс эмес аскердик бөлүктө өтүп жатты. Апасынын кубанычын айтпа! Кагылып-согулуп күндө, күн алыс тамак ташып келгенден тажабайт. Кубат үчүн бул алгач кубанычтуу көрүнүш эле, күн өткөн сайын жанындагы балдарынан уялчу болду.
Байкуш Чыныгүл апа картайганда көргөн жалгызым деп уулун чексиз жакшы көрөт. Ананчы 40тын кырына чыкканда өзү туубаса да тутунган баласы өмүрүндөгү кубанычы да, байлыгы да эмеспи.
Апасы да баласы үчүн дүйнөдөгү эң ыйык адамы эле. Бирок бул шумдукту билгени апасына кичине таарыныч пайда болду.
- Эмнеге, кантип эле апам менден ушул убакка чейин жашырып жүрө берди, же мени кетип калат деп корктубу? Жок, апаке, мен сени эч убакта таштап кетпейм. Болгону "өз энемди" көргүм келет деген ойлор Кубатты тынч уктатпайт.
Аскерге келгенине аз эле убакыт болсо да бул жактын турмушуна көнө түштү. Ушундай бейпил күндөрүнүн биринде эс киргенден мойнунан түшпөгөн тумарына көзү түштү. Кара баркут эчак эскирип, үч бурчтуу тумардын кырлары тор сыяктуу болуп калыптыр. Ичиндеги кичинекей саргайган кагаз да көрүнүп жүрөт. Мындай абалында тумарын жоготуп албайын деген Кубат аны жаңылап коюу максатында кылдаттык менен четтерин ача баштады. Кандайдыр бир коргоочу дуба жазылгандыр деген оюу таптакыр күтүлбөгөндөй чыкты. Алакандай баракта: "Сенин өз энең менин атым Айша, сенин туулган күнүң 15.12.1982-ж" деген жазуу бар эле.
Жок, жок! Болушу мүмкүн эмес! Себеби Кубаттын туулган күнү 15и эмес 27си да. Демек, Чыныгүл апасы өз апасы эмес экен да. Ушул ойдун тегерегинде баш оорутканына мына жарым жылдан ашык убакыт болду. Айша апасы жөнүндө эч нерсе билбегени аз келгенсип, Чыныгүл апасына эч нерсе айта албайт. Кантип айтат?! Мен сенин балаң эмесминби-деп кантип сурайт?! Багып алган күндө да апасында не күнөө?!. Кызык, а апасы эмнеге бул кагазды баласына тумар кылып тагып койду экен?!
- Аа, эстедим, Чыныгүл апам бул тумар сен төрөлгөндө кошо төрөлгөн дебеди беле. Түшүнүктүү, тумар ичинде эмне бар экенин апасы өзү да билбейт тура?!
Даярдаган
Айтурган Сатиева












??.??