presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

Футбол
Юбилей кут болсун!
Кыргызстан Футбол федерациясы берген маалыматка таянсак, 12-декабрда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол жана гандбол кафедрасына 40 жыл толуп отурат. Ушул жыл аралыгында кафедра аталган окуу жайдын алдыңкы бөлүмдөрүнөн болуп Петр Шубин, Эдуард Стрельцов, Борис Подкорытов, Алмаз Чокморов, Александр Агеев, Владимир Александров сыяктуу жана башка бир катар спорт чеберлерин даярдаган. Бул инсандар кыргыз футболунун өнүгүшүнө зор салымын кошкон.

Футбол боюнча "мыкты оюнчу-2008" ким болду?
"Дордой-Динамо" командасынын 33 жаштагы коргоочусу Руслан Сыдыков көпчүлүк элдин тандоосу боюнча 2008-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Кошумчалап кетүүчү нерсе Руслан мырза биринчи жолу эмес үчүнчү ирет бул наамды колго киргизип отурат. Рейтинг боюнча экинчи орунга Девид Тетте татыктуу болду.

Кыргызстандын намысын ким коргойт?
Ушул жылдын 17-декабрынан 25-декабрына чейин Москвада өтө турган КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Шериктештик чемпиондорунун XXVII кубогунда Кыргызстандын намысын "Дордой-Динамо" футбол клубу коргойт. Кыргызстан Футбол федерациясы маалымдагандай чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында кыргызстандык клуб "D" группасында "Интер" (Азербайджан), "Вентспилс" (Латвия) жана "Интер" (Финляндия) командалары менен беттешет. Таймаштар "Олимпийский" спорт комплексинде жана "Динамо" манежинде өтөт.




Эрежесиз эр уруш
Эмил Токтогонов балдары менен дүйнөлүк чемпионатка сапар алды
Эрежесиз мушташтын Воле Тудо бөлүмү боюнча Ормон-Хан кубогунун финалы 6-декабрда Бокс жана Фитнес "Стронг" борборунда болуп өттү. Анда 86 кг. салмакта "Стронг профи" клубунун спортсмени "Добрый" кличкалуу Бакыт Каралбеков менен Ош шаарынан ат арытып келген "Элдос" клубунун спортсмени "Барс" кличкалуу Камалов Дөөлөтбек беттешип, натыйжада Бакыт Каралбеков биринчи раундда эле жеңишке жетти.
60кг салмак боюнча Сарыков Төлөгөнгө каршы "Жөө чабан" Чомуев Кыяз чыгып, "Стронг профи" клубунун тарбиялануучусу Сарыков Төлөгөн кубоктун ээси аталды.
Ал эми, 65кг салмактагы Асеков Мирлан менен Казахстандан келген конок "Рамазан" кличкалуу Эржан мушташып, мекендешибиз Мирлан жеңишти боордош казак элинин спортсменине алдырган жок. 70кг салмактагылар Эсенгазиев Турсунбек менен Оштон келген Тезекбаев Уларбек жеңиш үчүн ат салышып, Ормон-Хан кубогунун ээси болуп "Стронг Профинин" мырзасы Эсенгазиев Турсунбек табылган. Дал ушул кубоктун ээлери жана машыктыруучу, "Стронг" спорт клубунун Воле Тудо бөлүмүнүн эрежесиз мушташ боюнча Федерациянын президенти Эмил Токтогонов Москвада өтүүчү Дүйнөлүк Чемпионатка катышуу үчүн 13-декабрда учуп кетишти. Жаңы жыл алдында мекендештерибиздин кыргыз элине ийгилик алып келип, жеңил барып оор келишин тилек кылалы.




Теннис
Ксения Палкинанын жеңиши
Индиянын Калькутте шаарында болгон эл аралык турнирде кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Индиянын теннисчиси менен беттешип 6:2, 6:3 упай менен жеңишке жетти. 13-декабрда Израиль спортчусу менен спорттук талаага чыгат. Кошумчалай кетчү нерсе, жайында Россиянын Пензе шаарында өткөн мелдеште дал ушул оюнчу менен беттешип жатып, жаракат алганына байланыштуу оюнду аягына чейин чыгара алган эмес болчу. Ал эми бул мелдеште жеңишти колго киргизет деп үмүттөнөбүз.




оор атлетика
Ийгилик мекендештерибизде
Декабрдын башында Түштүк Кореяда өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки кыргыз жигити күмүш жана коло медалды жеңип алышты. Каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан үч балбан Бекзат Осмоналиев, Султан Молдодосов жана Элдияр Шадмановдор гана катышкан. 56 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Осмоналиев 110 кг салмакты жулкуп көтөрүп, 133 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия чемпионатынын үч күмүш медалына арзыган. Белгилүү оор атлетчилердин үй-бүлөсү Өмүржан Молдодосовдун кенже уулу Султан Молдодосов дагы 62 кг. салмактагы чоюн билектер таймашында 121 кг. жулкуп, 147 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия чемпионатында бир күмүш жана эки коло медаль тагынды.




Дүйнөдө
Игорь Семшов "Зенит" менен келишим түздү
Москванын "Динамо" клубунун жана Россия курама командасынын жарым коргоочусу Игорь Семшов Санкт-Петербургдун "Зенит" командасы менен келишим түздү. Өтүп кеткен сезондо 30 жаштагы Игорь "Динамо" клубунун атынан 29 матчта 6 гол киргизүү менен өлкөдө үчүнчү орунду ээлеп, Евро-2008дин коло медалдын ээси деп табылды. "Зенит" менен түзүлгөн келишимдин негизинде ага 6миллион АКШ доллары төлөнөт. Белгилей кетсек, Семшов төрт жыл "Зенит" командасынын намысын коргой турган болду.




Олссон жана Вирни Куйтунен Дүйнөлүк
Кубокту жеңип алышты
Швейцарияда болгон кышкы сезондук оюндарда Швейцариялык спортчу Йохан Олссон жана Финдик Вирни Куйтунен лыжа боюнча эркин стилдеги жеке жарышта дүйнөлүк Кубокту жеңип алышты..









??.??