presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Уитни Элизабет Хьюстон
Жарыкчылыкта ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүп келет. Дал ушул өз бактысы, сүйүүсү үчүн болгон деми менен күрөшкөн адамдардын катарына ырчы, актриса Уитни Хьюстон кирет. Пенденин оозунда-периштенин кулагында экени туурабы, айтор Уитни кичинекей кезиндеги өзү кыялданган ызы-чуу турмушту бүгүнкү күндө да жон териси менен сезип, башынан кечирүүдө.

Ала жипти аттаган ата-эне
Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта Америка Кошмо Штатында Ист-Оранж шаарында төрөлгөн. Апасы 60-жылдардагы атагы таш жарган ырчы Кисси Хьюстон. Ал эми атасы Джон Хьюстон карапайым жумушчу. Үч баласы менен жашаган ынтымактуу үй-бүлөдө эзели бири-бирине катуу үн чыгарып кыйкырышуу деген түшүнүк болбоптур. Уитниге ата-энеси сыртынан аябай ынтымактуу, үлгүлүү көрүнчү, бирок тынч сазда шайтан уялайт сыяктуу бир күнү кечинде кечки тамактын үстүндө отуруп Кисси менен Джон балдарына экинчи экөө чогуу жашабасын, ортодогу мамилелери муздаганын жай, жумшак айтып түшүндүрүшкөн. Сыртынан баары жакшы көрүнгөн үй-бүлөсүнүн көз ирмемдик убакта урап түшкөнү, алдамчы түшүнүккө жетеленип жүргөнүнө өкүнүп, Уитни өксүп ыйлап: "Ата-энемдикиндей жашоону каалабайм. Менин жашоом алардыкынан ачыктыгы, ызы-чуусу менен айырмаланат" деген. Көрсө ата-энесинин ажырашуусуна апасынын ала жипти аттаганы себеп болуптур. Апасы гастролго барган сайын көңүлдөшүн ээрчип, он-он беш күнгө жоголуп кетсе, атасы ал учурда өз каалаганын жасап, бири-бирине толук эркиндик берген ата-эне балдарын дал ушундай абалга калтырышкан. Ошол кезде 15 жаштагы Уитнинин тилеги туптуура 17 жылдан кийин орундалат.
Шоу-дүйнөсүнө аттанып, бийиктиктерди багындыра баштаганда Эдди Мерфи менен жылуу мамиледе болгон. Маданияттуу, сыйчыл, жумшак мамиле жасаган Мерфи менен баш кошооруна саналуу гана күндөр калганда Эдди аны эриктирип жибергенин ачык айтып, романтикалуу мамилелерине чекит коюп, Эдди Мерфинин карама-каршысы хулиган, жүргөн жеринде ызы-чуу жараткан, чоң муштум, каны суюк Бобби Браун менен таанышат: "Сизди жеткен хулиган, чоң муштум деп уктум эле" деген суроосуна Бобби "Мен болсо сиздин периште экениңизден кабарым бар" деген жоопту кайтарат. Ушул таптан баштап Уитни Хьюстондун жашоосунда түгөнбөгөн түйшүк, көз жаш, санаа башталат.

Үч ирет боюнан түшүп...
800 киши чакырылып, 10 миң роза менен өткөн той коноктордун эсинде түбөлүккө сакталган. Жашоодо кайгы менен кубанычты тең бөлүшүүгө бири-бирине убада берген Боб менен Уитнинин таттуу жашоосу үч күндөн кийин аягына чыгып, тирүүнүн тозогу башталат. Күнүгө түн ортосунда, таңга жуук мас болуп, наша чегип келгени аз келгенсип Уитнинин көзү башын талкалап сабаган күндөрү көбөйгөндөн көбөйө берген. Үйлөнгөндөн кийин Боб жубайына ал анча атактуу болбой жатканын эскертип, өзүн кино жаатында сынап көрүү сунушун киргизет. Канчалык көңүлү чаппай турса да жолдошунун сунушун жерге таштай албай "Телохранитель" (Жан сакчы) тасмасына тартылып, талантынын көп кырдуулугун далилдеген. 400 млн доллар киреше алып келген кино 33 млн нускада чыгат.
Кинодо чогуу тартылган Кевин менен Уитнинин ортосунда сүйүүнүн учкундары жылт этип, экөөнүн жетелешип жүргөнүн көргөндөр өтө көп болгон. Ушул окуядан соң жини келген Боб муштумдарын аялына агыта баштайт. Бир чети кызганыч өзөгүн өрттөсө, бир жагынан көрө албастык күч алып мунун баары кошул-ташыл болуп, бир убактагы 15 жашар Уитни Хьюстондун "кыялдары" орундала баштаган.
Үч ирет боюнан түшкүчө сабаган Боб Кристина аттуу кыздуу болгондон кийин бир аз эсине келип үлгүлүү күйөө, мээримдүү ата болуунун аракетин көрөт. Бирок көнгөн адатынан арыла албай эски жомок башынан башталат. Жадагалса үйлөнөөрдө белек кылган кымбат шакекти уурдалган акчага сатып алганын Боб аялынан жашырган эмес. Кайрадан күнүн арак, наша, мушташ менен өткөргөн Боб Браун жубайы үйүндө кызы менен сарсанаа болуп күтүп жатканы менен иши да болгон эмес экен. 1997-жылы чыдамы чындап түгөнгөн Уитни таяк жеп гана жашоо мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келип, карьерасынын камын ойлой баштайт. Ал үчүн жолдошунан кол үзүү керек болгон. Сахнада бир нече жолу үнү чыкпай калып, стресстен арылуу үчүн медиктердин жардамына кайрылууга аргасыз болуптур. Сегиз жылдан кийин сахнага кайтып келген Уитнини баары кубанычтуу, жылуу маанай менен тосуп алышкан. Бир аз да болсо жеке жашоосундагы жагымсыз көрүнүштөрдөн алыстап, чыгармачылык, музыка менен алаксып, кызы Кристина менен күн кечирген ырчынын тынч жашоосуна бүлүк салган баягы Боб Браун пайда болот.

Адамдан амал качып кутулбайт
Уитни менен кызын аябай жакшы көрөөрүн, аларсыз күнү жок экенин, өз жашоосуна кол салаарын айтып үйүнө кирип келет. Алгач жүрөгү муз болуп тоңгон Хьюстондун ишенимине кирүү оңойго турган эмес. Бирок амалдуу Браун күнүгө гүл ташып, тизелеп кечирим сураганын таштаган эмес. Беш жыл убактысын жалаң уруш-талашка, чыр-чатакка жумшаганын унутуп, жүрөгү жибиген Хьюстон кызы үчүн, өзүнүн сүйүүсү үчүн Бобдун бардык кылган жамандыктарын унутуп, аны кабыл алат. Бирок Уитни Хьюстондун үч ирет боюнан түшсө да, бул кезде Браундун үч башка аялдан, үч никесинен балдары бар болчу.

Бактыга балта чапкан баңгизат
Жогоруда айтып өткөндөй, ырдап жаткан жеринен үнү чыкпай калып Хьюстон күйөрмандарын бир топ санаа тарттырган. Бул абалын ырчы: "Мен суудан жээкке калкып чыккан балыктай болуп, аба жетпей тумчугуп бара жаткандай болгом"-деп сүрөттөйт. Буга себеп: стресс менен наша. Анткени, ырчы өзү да акыркы күндөрү битке өчөшүп, көйнөгүн отко жага баштаган. Наша колдонгондон бери Хьюстон карьерасынын камын жебей, баарына кайдыгер көз карашта мамиле жасайт. Таланттуу ырчынын чөгүп бара жатканына чындап боор толгоп, бушайман болгон кесиптештери менен достору ага жан тартып дарылануусун талап кылышкан. Кайда кетип бара жатканын көрүп, сестенген Уитни өз каалоосу менен бейтапканага жатып дарыланууга макул болот. Бирок, бул учурда аны менен күйөөсү жашап келген. Кызынын коопсуздугуна анчалык ишене бербеген ырчы 80 жашка чыгып калган өз атасына кызы менен бар байлыгын ага тапшырган. Негизи эле Уитни Хьюстондун жолдошу берген "белектеринин" ичинен экөө гана өмүр бою эсинде калыптыр. Биринчиси Солт-Лейк-Ситиге автобус менен гастролдоп бара жатканда экөө уруша кетип Кристина экөөнү автобустан түшүрүп, орто жолго таштап баса бергени, экинчиси болсо бетиндеги чоң айрык, анткени экөө уруша кеткенде учтуу темирди Боб Уитнинин бетине ыргытып жиберген. Ал тагын канчалык гримдесе да баары бир билинет.
Аялы дарыланып жатканда Браун милиция кызматкеринин манжасын сындырып салганы үчүн эки ай абакта камалып жаткан. Дарыланып чыккандан кийин эмне түрткү болгонун ким билсин Браун аялына боор толгоп, анын жанынан жарым карыш жылган эмес. Уитнини ушундай абалга жеткизгенине өзүн гана күнөөлөгөн жолдошу күнү-түнү аялынын кыйналганын көрүп, аны менен кошо чайналыптыр. У.Хьюстон баңгизатын 10 жыл колдонгон "эркелиги" үчүн 750 миң доллар айып тарткан экен.
Албетте жогорудагы жүрүш-туруштары анын карьерасына терс таасирин тийгизбей койгон эмес, кээ бир шоу-бизнесте орчундуу орун ээлегендер Уитни чыгармачылыктан алыстап, бирок атын өчүрбөштүн айласын ушундай жол менен көрүүнү чечкен дегендер да болгон. Ошентсе да, ким кандай ойдо болгон күндө да күйөрмандарын жүрөгүнөн Уитни канчалык жашоосунда жаңылыштык кетирип, туура эмес жолго түшсө да сүйүктүү ырчы бойдон кала берээри талашсыз.

Анара Дүйшөналиева










??.??