presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  махабат майданы

Жубайлар ортосундагы "жумшак" мамиле
Эротикалык түштөр
Эротикалык түштөр ар бир эле адамга кирет. Бирок баарыбыз эле аларды талдап түшүнбөйбүз же болбосо такыр маани бербейбиз. Көрсө сиздин сексуалдык жөндөмүңүз менен каалооңузга дал ушул түштөр камтылыптыр.

Эгерде сиздин түшүңүзгө...
o Тынч, шылдыр аккан арыктагы суу кирсе-сексуалдык жашооңуз сизди толук канааттандырат. Фантазияга күч келтирип эч нерсени жакшырткыңыз да, өзгөрткүңүз да келбейт.
o Толкуп ташыган деңизди түшүңүздө көрсөңүз анда сиздин сексуалдык фантазияңыз дал ошол деңиздей толкуп ташып турат. Түрдүү ыкманы, оюндарды төшөктө колдонгуңуз келет.
o Туман менен жаан: тымызын көөдөнүңүздө уялап турган каалооңузду сыртка чыгара албайсыз. Тартынчаактыктын айынан төшөктө каалаганыңызды аткара албай бушайман боло бермей адатыңыз жок эмес. Эгер түшүңүздө күн күркүрөсө сизди төшөк маселесинде бир нерсе чочутуп, тынчтык бербейт. Түшүңүздө заңгыраган имараттын ичинде жүргөн болсоңуз, кайталанма көрүнүштөрдөн качып, жаңы, жакшы нерсеге умтуласыз.
o Өз үйүңүздү түшүңүздө да көрсөңүз анда сиз сексуалдык жашооңузга канааттанбайсыз. Бирок ошол эле учурда "жаңы ачылыштарга" да даяр эмессиз. Мындай учурда сизге "тажрыйбасы күчтүү" өнөктөш гана жардам бере алат.
o Түшүңүздө учуп жүргөн болсоңуз секс жаатында сизге эч кандай чектөө коюлбайт. Эгерде түшүңүздө чуудан коркуп жаткан болсоңуз анда сиз өз күчүңүзгө, жөндөмүңүзгө көп ишене бербегендердин катарын толуктайсыз.

Алгачкы түн
Аялзаты аруулугу, тазалагы менен арбап, азгыраары талашсыз. Исландиянын бийкечтери дал ошол тазалыгынан 15 жашында айырмаланышат. Эмне себептен алардын жыныстык жашоого эрте аралашаары ушуга чейин белгисиз. Исландиялыктарга салыштырмалуу немистер бир жыл кечирээк 16 жашында жыныстык жолго барышат. Моралдык жактан туруктуу деп индиялык бийкечтер табылган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыздык белгилеринен 20 жаштан кийин гана коштошот. Бирок бул болжолдуу гана статистика көрсөтмөсү. Чынында орто эсеп менен дүйнө жүзү боюнча жаштар 12 жаштан кийин эле жыныстык катнашка даяр экендерин билдиришкен. Психологдордун далилине караганда жыныстык жашоону баштоого салты, тарбиясы, маданият деңгээли түрткү болот. Бирок бир топ жыл мурун Африка, Австралия жана Скандинавиянын көпчүлүк урууларында 9-10 жашында эле турмуш жолуна аттана беришчү. Жаңы колуктусу менен алгачкы түндү күйөөсү эмес атайын "кызматка" коюлган эркектер өткөрүшчү. Анткени алардын түшүнүгү боюнча кыздык белгиси бар кыздын жатыны эң ыплас жана кир болуп саналып, алардын түшүнүгү боюнча жин-шайтандардын "уюгу" дал ушул жатында жайгашкан. Жаңы үйлөнгөн күйөөнү жагымсыз жагдайлардан куткарып , ага шайтандарды жабыштырбаш үчүн бул эң ыплас жумушту атайын уруудан шайланган бир адам аткарат. Бир күндө ал кызматкерге бир нече кыздар менен иштешүүгө туура келет. Ал үчүн бул чоң сыймык, себеби бир кыздын намысын алса бир жолу, эки-үч кызды тазалыгынан айрыса ошончо адамдын багын ачкан болуп эсептелип, бата алат.

Статистика боюнча:
- Айымдардын 10% биринчи жолугушуудан кийин эле дароо мырзасын төшөккө жетелешсе, 20 % кумарга күтүүсүз жайларда баткан.
- Бийкечтердин 36% үйүндө жылаңач боюнча жүрүүнү каалашат. Бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. 45% кара терилүү, көк көздүү мырзаларга тартылышат. Анткени алардын ою боюнча дал ушундай сапатка ээ болгон жигиттер сексуалдуу көрүнүшөт.
- 46% аналдык сексти башынан кечиришкен
Сулуулардын 76% төшөк кумарына эртең менен батууну каалашат. 90% чытырман токойго кирип алып жыныстык катнашка баргылары келсе, 99% иш үстүндө ишканадагы сексти жек көрүшөт.

Жумуртканын жардамында кыйылган нике
Ал эми папаус уруусунда эркек үйлөнгүсү келсе дароо эле үй-жай күткөн, турмушта тажрыйбасы бар досторунун бирине кайрылуусу керек. Досу болсо болгон аракетин жумшап урууда болгон кыздардын баарын чогултат да каалаганын тандап алышат. Андан соң үлпөт тою бүтүп "нике"кыйылгандан кийин колуктуну тандаган досу жумуртканын жардамы менен аны актыгынан ажыратып, өз күйөөсүнө өткөзүп берет. Бул салт кээ бирине жаман көрүнүш катары туюлушу мүмкүн. Бирок, папаус уруусунда бул жумуртка аралашкан салт популярдуу болуп эсептелинет.


Сиз билесизби?
Секс жана интимдик гигиена менен байланышкан кээ бир "куралдарын" да ченелүү гана убакыт пайдаланууга болот.

o Бойго бүтүрбөөчү атайын дарылар бир-эки айга гана жарактуу. Тесттер болсо болгону эки ай эле "жашайт".
o Сперма кошулган кремдер сыртында көрсөтүлгөн шартта сакталса үч жылга чейин бузулбайт.
o Презервативдер-муздак жерге койсо беш жылга, ал эми "кайдыгер" мамиле жасалса 3 жылга чейин жарактуу болот.
o Тампон менен прокладкаларды ачпай ошол бойдон койсо өмүр бою жарактуу, качан чыкканын, бул гигиеналык буюмдардын канча убакытка чейин колдонууга болоорун карабай деле койсо болот экен.



Айымдар үчүн атыр ыкмалары
Сүйүктүү мырзаңыздын көңүлүн азгырууга кыска юбка менен бийик шиш така аздык кылат. Анткени сиздин атырыңыздын жыты ага бардык нерседен көп таасир тийгизет. Жигиттердин 60% сүйүктүүлөрү менен жагымдуу жыты аркылуу таанышса, 89% айымдардын эркектерди азгыра турган куралдарынын бири - атыры экенин билдиришкен. Адистер жогоркудай көрсөткүчкө төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришет: бийкечтин жагымдуу жыты эркектин көңүлүн көтөрүп, дүүлүктүрөт. Бирок, кандай болгондо жагымдуу жыт айланага тарайт. Сиздин себинген атырыңыздын жыты жарым метрге гана жыттаныш керек. Эгерде андан алыска ашса анда сиз аша чапкан болосуз. Өтө кескин жыт адамдын көңүлүн көтөрбөй, тескерисинче ирээнжитиши мүмкүн
Эксперттер жүргүзгөн сурак-бурчка катышкан 45 миң эркектин ичинен 55% мурдуна урунган жагымдуу жыт аны дароо дүүлүктүрөөрүн мойнуна алышкан. 58% төшөк кумарында фантазияны өөрчүтүүгө айымынын атыры түрткү болоорун тастыкташкан. Ал эми 69% эч убакта биринчи сүйүктүүсүнүн жыты ушул күнгө чейин мурдуна келе берээрин айтышыптыр. Демек, сүйүктүүңүздүн эсинен кеткис болуп сакталууга ар бир айымдын мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн анын жаткан жаздыгына бир аз өлчөмдө өзүңүз колдонгон жана албетте ага жаккан атырды кез-кез сээп туруңуз. Же болбосо ич кийимдериңизге дал ушундай ыкманы колдонсоңуз болот.


Жакшы көргөн адамыңыз менен мамилени жакшыртуунун жолдору
o Сезимталдуулук. Сиз жана ал тараптан сүйүү болсо мамилеңиз ошончолук бекем болоору жаңылык деле эмес. Анткени экөөңүздөрдүн ортоңуздарда сүйүүдөн тышкары сезимталдуулук да болушу абзел. Эгерде, сиз сүйүктүүңүздүн жан-дүйнөсү канчалык назик экенин түшүнө билсеңиз ага жасаган мамилеңиз ошончолук жумшарат.
o Ачык-айрымдуулук. Майда-барат нерселер үчүн урушпоо эң негизги артыкчылык. Бирок ошол майда көрүнүштөр топтолуп отуруп чоң маселеге айланаары анык. Мындай учурда ичиңизге бардык сизге жакпаган көрүнүштөрдү топтоп жүрүүнүн кажети жок. Кээ бир түгөйлөр туугандарынын, досторунун алдында уршууну адат кылып алышкан. Албетте, мындай көрүнүш эки тарапка тең бирдей жагымсыз маанай тартуулайт. Ыңгайлуу учур, мезгил таап туруп ич көптүңүздү жай, акырын түшүндүрүп айтканга үйрөнүңүз.
o Кызыгуу. Сүйүктүүңүз эмнеге кызыгаарын, кандай китеп окуп, кайсы жерде эс алууну каалайт мунун баарын беш колдой билүүгө тийишсиз. Бирде болбосо бирде: "Менин кызыгууларыма кайдыгер карайсың"-деген дооматты сөзсүз ачыкка чыгып, уруштун башталышына алып келет.
o Жылуу мамиле. Жолдошуңуздун (жубайыңыздын) жакын туугандарына жылуу мамиле менен сиз сүйүктүүңүздүн урмат-сыйына арзыйсыз. Майрамдарда туулган күндөрдө аларга убактыңызды бөлүп, жаркын маанайда жагымдуу кечени өткөргөнүңүз өзүңүзгө да, өзгөлөргө да пайдалуу.
o Жогорудагы көрсөтүлгөн эң жөнөкөй эрежелерди эске алып, аны жашооңузда пайдалана билсеңиз жакшы жыйынтык алып келип, сүйүүңөрдү бекемдейт.










??.??