presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 "Обон"-почта

ОП-46-01. Салам достор, "Обонду" аябай сагындым эле эми минтип келип калдым! Алга! ХАН-ШАЙ

ОП-46-02. Тараздык Санжарга салам, ишиңе ийгилик, чың ден соолук каалайм. Дайыма кыргыздын алдыңкы жигиттеринен бол! Сени сүйгөн А...а

ОП-46-03. Салам ОП-44-63 абоненти "Обондун" окурмандары менен таанышуудан качпайм. Сен үчүн 0773648574 номери кызматта. Канжар

ОП-46-04. Салам "Обон" гезити, сиздерден сураныч "Гарри Поттер" фильминдеги башкы каарман жаш актер Даниел Редклифтин өмүр баяны жөнүндө маалымат берип койгулачы? Жиза91

ОП-46-05. Саламым Алматыда иштеген досторум Гүлжаз, Нурзада, Алтынай, Гүлбарчын, Самарага жолдонот. Ишиңерге ийгилик. Досуңар Феруза

ОП-46-06. Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында жашаган ата-энеме, туугандарыма ысык салам. 11-декабрь апам Махбураттын, сиңдим Рахаттын туулган күндөрү менен куттуктайм. Ар дайым бар болуңуздар. Алматыдан Феруза

ОП-46-07. Салам Кербен Куба, кызың чоңоюп жатабы? Абдан сүйкүмдүү болсо керек, ата-энесинин керегине жараган кыздардан болсун. Канжар

ОП-46-08. Салам Жака-Жазгүл, Кунчуайпери, кайда кеттиңер? Убагында "Обондун" көркү болчусуңар. Деги барсыңарбы? Канжар

ОП-46-09. Шабдан айылынын 10-б классына, өзгөчө Ася, Кася, Маха жана 10-а класстын балдарына салам. Кундуз

ОП-46-10. Оля жаным, жанулям сени сүйөмүн. Сен менин жалгызымсың. Бахтияр

ОП-46-11. Канжар, билем сен мага таарынгансың, кайтып келишиңди эңсейм. Экөөбүзгө достук жарашпайт экен. Сени сүйгөн, сага көңүл койгон Ч...

ОП-46-12. Назика жаным, Мирбек Атабековду унутчу. Анткени сен сулуусуң, ажарлуусуң, ыймандуусуң, Назика, сен Таттыбүбү Турсунбаевага окшошсуң. Доник

ОП-46-13. Ата-энеме салам жолдойм. Азыркы убакытта мусулмандардын ыйык парзы болгон ажылык сапарында жүрүшөт. Аман эсен келишин Кудайдан тилеймин. Балдары, неберелери

ОП-46-14. Таенемди, апамды, алтындай бир туугандарымды кирип келе жаткан 2009-жыл жаңы жылдары менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Жаңы жыл жакшылыкты алып келсин сиздерге. Даткайым

ОП-46-15. Саламым досум Элизага жолдонот. 15-декабрда боло турган үйлөнүү тоюңар менен куттуктайм. Аларга бакыт-таалай каалайм. Бактылуу болгула. Алматыдан Бурул

ОП-46-16. Саламым Бишкектеги иним Бакытбек, эжем Курбангүл, жээндерим Басалбек, Беку, жездем Асилбекке жолдонот. 07772310хх

ОП-46-17. Саламым Сокулуктун 3-лицей мектебинин 8-г классындагы Чопа, Сакиш, Айпери, Гүлжан, Лола, Айзат, Накуга жолдонот. Тахир

ОП-46-18. М.Атабеков, сиз суперсиз жана алтын үндүү ырчысыз. Самара

ОП-46-19. "Обондун" жалпы жамаатын кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Эң алдыңкы гезиттерден болуп жүрө бергиле. Даткайым

ОП-46-20. 1996-1998-жылдары 91-лицейдин ПЛ-19/20 группасында окуган группалаштарыма чоң салам жолдойм. "Обонго" СМС жазгыла күтөм. Лейлектен Тумка

ОП-46-21. Салам достор, көптөн күткөн концерт бүгүн ээ. Концертке барсаңар билетти менден алгыла ээ. 0773443442 же 0550938894кө байланышсаңар болот. Сиздер үчүн жакшы орундан билет алып олтургам. Кербен Куба

ОП-46-22. ОП-45-189 (07775133хх) мен кеминдиктерге тийишкен жокмун, тийишпейм дагы, же көрдүңбү тийишкендигимди? Эмне бул коркутканыңбы? Билип кой мен бир Жараткандан корком. Кербен Куба

ОП-46-23. ЖАМУнун педагогика факультетинин ПМНОК-1-04 группасына салам. Гулистан

ОП-46-24. Билесиңерби, достор мен "Кыргызстан обондорунун" экс-ди-джейлерин сагындым го чиркин. Каердесиңер, силерге эч бир ди-джей жетпейт, канчалык тилинен бал таамп турган болсо да. Гулистан

ОП-46-25. Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың, кантип сенин кыялыңды табамын? Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да, ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың. Мунун баары Айпериге арналат. Жакшылык

ОП-46-26. Менин саламым Кызыл-Кыядагы карындашым Дамирага арналат. Сага кааларым ден соолук, башыңа консун ак жоолук. Бишкектен байкең Кербен Куба

ОП-46-27. Салам достор, кандайсыңар? Сиздерди көптөн бери окубай сагынып кеттим. Нурзат

ОП-46-28. Супер СМСчи Назика, сен чындап эле Таттыбүбү Турсунбаевага окшош экенсиң, ой тобоо. Нурмира

ОП-46-29. Рахат жаным, экөөбүз түбөлүк бактылуу болобуз. Мен сени сүйөм. Аваз

ОП-46-30. "Эркебуланда" отурган Тыны, Өмүрдү кызгандыңбы? Аны эмне бала кыламбы, ойлонуп жазбайсыңбы? +77024505220

ОП-46-31. "Обон" гезитинин күйөрмандары, сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Келе жаткан уй жылы кыргыз элиме тынччылыкты, токчулукту, бейкут жашоону алып келсин. "Барыс" базарына салам. Алматыдан Чынара

ОП-46-32. Салам Алматыдагы Дон аттуу мырза! Мени менен жолуккуң келсе "Обонду" калтырбай окуп турсаң Аллахым буйруса жолугушчу күндөр да келер! Анда эмесе көрүшкөнчө! ХАН-ШАЙ

ОП-46-33. Экс-ажоңорду мактап-жактап бүткөн жоксуңарбы? Абда

ОП-46-34. Алым, мен сени чексиз сүйөм, сен аны сезбейсиң. Бишкектен Алтынгүл

ОП-46-35. "Обончик" сагынтып көптү арбап алдың, мен дагы тизгиниңди катуу кармап алдым. Курчутуп калемиңди ташка кайрап, ак иштеп окурманыңды эч алдабадың. Бакай

ОП-46-36. "Обон" гезитинин күйөрмандары, сиздерге узун өмүр, заманыбыз тынч болсун, сүйүүлөр көп болсун, ажырашуулар жок болсун демекчибиз. "Барыс" базарынан бир кыз

ОП-46-37. Ади, сени менен таанышсам болобу* Менин номерим 0550190206. Султандын фанаты

ОП-46-38. Менин саламым Алай районунун Гүлчө айылындагы Муса Адышев атындагы орто мектепти 2000-жылы бүтүргөн классташтарым Сары каман, дөдөнөш, коён, шимпанзе, негр, жоош, баш, сырга, өрдөк, пекин, сары мышык, Байсал, кинофанат, орсок, топчу, гыдый силерге ысык салам. Бул жашоодо бактылуу болгула. Алматыдан Винни-Пух

ОП-46-39. Маяк таштагандар тажаттыңар го? Абда

ОП-46-40. Өмүрүмдүн, жашоомдун жарыгы жаным Акылбек, мен сени сүйөм. Сени, Баткенди сагындым. Бир сен үчүн жашап келет сезимдерим. Ден соолугуң чың болсун. Каны

ОП-46-41. Саламым Бишкекте жүргөн досторум Эркин, Аскар, Тилек, Ханшай, Гүлзина, Айнура, Элмирага жолдонот. Силерди сагындым. Ар дайым бар болгула. Дамирчик KZ

ОП-46-42. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам. Асманыңар ачык, көңүлүңөр шат, жүзүңөрдөн күлкү, жүрөгүңөрдөн сүйүү кетпесин. Бар болгула, аман болгула. Ишиңерге ийгилик каалайм. 05556610хх

ОП-46-43. Атам Пансатов Нурманды 16-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. 07723395хх

ОП-46-44. Жалпы смсчилерге салам. Бирдигиңер эч түгөнбөсүн. Айдана Анту

ОП-46-45. "Обон-обон" мыктылардын мыктысы, бир түркүн жаңылыктын жарчысы. Окурман

ОП-46-46. Жаныш-Байыш байке, сиздерге ден соолук, чыгармачылыгыңыздарга ийгилик, көп жашаңыздар жана дүйнөдөгү бардык жакшылыкты каалаймын. Күйөрманыңыз Женя 0777513384

ОП-46-47. Саламым "Обондун" супер окурмандары жана мыкты смсчилери Айдана Анту, Айдеми Айка, Элиза, Тюльпан, Мэришка, Зайка, Кайрат, Кунчуайпери, Айгерим, Фридаус, Мемо, Чынара Ош, Нурпери Ош кайда кеттиңер сагынтып, же смс деле жазбай койдуңар.Эмнеси болсо да аман болуп, ден соолукта болгула! Силерди сагынып ХАН-ШАЙ

ОП-46-48. Бакай, кыздарга асылбай эле койсоң болмок. Чылым чеккен кыздардан жийиркенсең жолобо! Зыяны тийбейт сага. Дагы кыздарга асылсаң, бизден капа болбо. Барчынай

ОП-46-49. Энекем көктө алып жүрсөм дагы, тизелеп таманыңдан өпсөм дагы. Ак сүтүң актай албасмын мен, апам Зейнеп сизге арналат. Жаным апа, сизди жакшы көрөм. Кызыңыз Даткайым

ОП-46-50. Салам смсчилер, калемиңер курчуй берсин. Элиза Жапарова 0550121420

ОП-46-51. Мени түшүнөт деген ойдомун, мунун баарын жазбасам ичим бук болуп кетти. Эмнеси болсо да бешенеңе жакшы, сени түшүнгөн, ыймандуу кызга жолук, бактылуу бол! Мени күтпө! Өзүңдү ээрчип жүргөн кыздардын бирине батыраак үйлөн. 3529221 А

ОП-46-52. Эч качан сени ойлобогон мен, түнү менен көз ирмебей сени ойлоп чыктым. Сен үчүн жашым да тамды. Сенин адамгерчилигиңди, мага кылган мамилеңди жана мен үчүн тамекини таштаганыңды, деги койчу сенин ар бир мен үчүн далилдеген эмгегиңди түштөн кийин сезгендеймин. Сенин кичинекей периштең.

ОП-46-53. Даулет, сага узун өмүр, бекем ден соолук, чексиз бакыт каалайм. Алган жарың менен түбөлүккө бактылуу бол. Эч качан кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Абда

ОП-46-54. Мен Бишкекте ооруканада жатканда Эрмек деген жигит менен смс аркылуу таанышкан элем. Эгер окуп калсаң кабарыңды билдир. Бактыгүл Ош +77771770211

ОП-46-55. Жаныш-Байыш байке, сиздерге чыгармачылык ийгилик. Элиза 07721639хх

ОП-46-56. Кыргызымдын түшүнүктүү, жөнөкөй, татынакай жигиттери менен таанышкым келет. 0773993865 Кундуз

ОП-46-57. ОП-45-231, 0772342708 туура айтасыз, азыркы бийликтегилер эч качан элди ойлобой, өздөрүнүн камын ойлошот. Наргиза

ОП-46-58. Эркин, мен сени жакшы көрөм. Нургүл

ОП-46-59. "Миң кыял" радиосунун ди-джейи, өзгөчө токтоо мүнөзү менен айырмаланып, көптөгөн угармандардын көңүлүн өзүнө бурган, кыздардын жүрөгүнө бүлүк салган, коңур үнү менен ар бир адамдын тилин таба билген, шыңга бойлуу чыгаан жигит Мырзабаев Алтынбек Жаныбековичти 16-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Ушул күнү айтылган тилек-максаттары орундалып, ылайым ырыскы, береке сенден кетпесин. Башыңа бакыт конуп, узун өмүр сүр! Ысык-Атадан Айзада

ОП-46-60. Айдана- Анту, бактылуу болуңуз. Наргиза

ОП-46-61. Саламым Чымкенттеги супсулуу мырза Суйунсурга жолдонот. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин! Аман бол! ХАН-ШАЙ

ОП-46-62. Кумир менен баарлашкандар, силердин максатыңар эптеп эле гезитке чыгышпы? Сүрөткө түшүп "чыгарып бер"-деп суранган соң, убадага бекемирээк болбойсуңарбы? Же ушундай тайгалак белеңер? Фото-журналист А.Адишов (0312)551779; раб.тел: 449821

ОП-46-63. Нарындык Эркин, мен сени сүйөм, жаным. 07770292хх

ОП-46-64. Шабдан мектебинин 10-а классынын окуучуларына салам. Сүйгөнүңөргө жеткиле. Классташыңар Жибек

ОП-46-65. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылындагы 88-жылкы М.Заиров орто мектебинин мугалимдер жамаатына, 2003-жылы бүтүрүп кеткен классташтарыма чоң салам. Бар болуңуздар! Урматым менен Досонова Нурсана Ибаримова

ОП-46-66. Савайлык Кайнар, кандайсың? 1 жылдан бери кабар укпайм. Москвадасыңбы же келдиңби? Тоюм болуп жатат, кабарыңды билдир. Янат 0777521251

ОП-46-67. "Обондун" жалпы смсчилерине салам. Силерден кандай жардам сурабайын жардамыңарды аябашыңарга ишенем. Мен жүрөгүмдүн оорусуна кандай айла табаарымды билбей калдым. Ч.Мырзаевсиз жашоомду элестете алчу эмесмин. Мындан кийинки жашоом караңгыбы, жарыкпы билбей күн кечирүүдөмүн. Оштон Бурул

ОП-46-68. Таш-Көмүрдөгү №12 мектептин 11-классына чоң салам жолдойм. Ар дайым өнүгө бергиле. Гули

ОП-46-69. Салам кыргызымдын ырчы жылдыздары! О.э. Султан Садыралиев не болду сизге, жаңы клиптериңиз чыкпай калды го? Биз сизди сагындык. 07771513хх

ОП-46-70. Сосновка айылында жашап жаткан энеме жана бир туугандарыма салам. Ар дайым бар болуңуздар. Эч качан оорубаңыздар. Бөбөктөрүмдүн өмүрлөрү узун болсун, ата-энесин сыйлаган эр жигит балдардан болсун. Сиздерди сагынган Барчынай

ОП-46-71. Менин жаным Ильязчик, мен сени чексиз сүйөм. Бул жарык дүйнөдө сени таап алганым үчүн бактылуумун. Алтыным сенин номериңди алдым. Мага көмөктөшкөн жакын адамдарыма аябай чоң рахмат. Мен силерди түбөлүк унутпайм. Силер мени колдосоңор, силерди Алла Таала колдосун. Эрке кыз Эля

ОП-46-72. Баракбаев Рустам Эмилович, мага карызымды берип койсоң боло, сага адамча мамиле кылып жардам бергенимдин азабын тартып жатам. Пери

ОП-46-73. С.Садыралиевге салам жолдойм. Айка

ОП-46-74. Сүйүү-деген алдас уруп ташкан дайра, сүйүү жолун табалбасаң сүйүү кайда. Кыйналып сүйгөнүңө жетип алсаң, жетерсиң асмандагы алтын айга. Азия FM Алтынай

ОП-46-75. Жаштык деген кыйын да, сатып албайт тыйынга. Жаш кезиңде ойноп күл, жашайбыз дагы кылымга... Азия FM Алтынай

ОП-46-76. Ассалому алейкум, ардактуу "Обон" гезити жана супер смсчилер Хан-Шай, Кербен-Куба, Абда, Жака-Жазгүл, Айдеми-Айка, Канжар, Жакшылык жана Астана, Алмата, Москвадагы супер смсчилерге да супер салам. Асыл

ОП-46-77. Менин саламым "Назик" бийчилер тобуна жана жанымдай көргөн бийчи кыз Айзадага жолдонот. Жаным, мен сени сүйөм. (3007)07773411хх

ОП-46-78. Канжар, Айгөлөк, Кейси, Гүлшан аттуу сүйүктүү досторго супер салам. "Обондун" дагы бир табигат сырдуу окурманы Азия FM Алтынай

ОП-46-79. Канат Кадыржан, сени абдан жакшы көрөбүз. Кандай болгон күндө да сага деген жылуу сезим жүрөктө жашап, эч өчпөсүн унутпа. Ар бир адамдын жүрөгүнө сиңген тунук инсан болуп жүрө бер каражан. Айзада, Акбары

ОП-46-80. Саламатсыздарбы Жаныш-Байыш, "Обонго" кош келиңиз. Сиздин Клара менен "Биринчи сүйүүм" деген ырыңарды абдан жакшы көрөм. Бар болгула. Тинатин 07772742хх

ОП-46-81. Сүйгөнүм жана сүйүктүү ырчым Даниелге салам. "Арзуулар" деген ырың өтө сонун тартылыптыр. Мага аябай жакты. Алга Даниел! Светочка

ОП-46-82. Салам Эля, мени унуткан жоксуңбу? 077397666хх

ОП-46-83. 2000-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айылынын Ч.Түлөбердиев атындагы мектебин бүтүргөн классташтарымды салам. Мен силерди сагындым. Шумкар

ОП-46-84. Анекдот: Сокур менен дүлөй ууга чыгып калыптыр. Бир убакта мылтыкты экөө талаша кетип, сокур машаны басып жиберип, тийдиби?,- десе, дүлөй аттыңбы дептир. +77025999152

ОП-46-85. Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-ой айылында жашап жаткан Дербишовдордун үй-бүлөсүнө жана таежеме, байкелериме салам. Менден сарсанаа болбогула, жакында барып калам. Назик

ОП-46-86. Урматтуу Жаныш байке жана Байыш байке силерге жараткан Аллам жакшылыгын эч качан аябасын, силердин ар бир баскан арышыңарды бакыт, байлык, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым алтын башыңар аман болуп, кең пейилдүү элибиздин ичинде, ата-эне, бир туугандарыңардын арасында үй-бүлөңөр менен аман болгула. Чика 07774744хх

ОП-46-87. Менин саламым Айгүлгө жолдонот. Мен сени жакшы көрөм. Ар дайым бар бол! Маку

ОП-46-88. ОП-45-47ге жооп. Академик эмес бомжда да бар куйтулук. Кетээринде Акаев сага таштаган го уйкулук. Чаң жугузбай жатканыңа караганда булкунуп. Ашлям-фу ичип алчы чарчапсың жатып жулкунуп. Саламым менен Бакай

ОП-46-89. Совет, жаным кайдасың? Мага келип кетчи. Мурунку 0772714946 номериңе чалсам бирөө алат. Балким сенсиң, бирок кайра өчүрүлүп калат. 0550239544 чалчы. Асел

ОП-46-90. Салам Сайкал, сени сүйгөн, жактырган, сен үчүн цементке гүл өстүргөн жигит болом. Жакшы жүр! Замир Караколдон

ОП-46-91. Эжем Аиданы, жездем Салморду, баласы Бекуну келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпей, бактылуулардын катарында болушуңарды тилейм. Бекуга бактылуу балалык. Элиза

ОП-46-92. "Ак бийке" бийчилер тобунун кыздары силерге ийгилик. Өнөрүңөр өркүндөсүн. Ош

ОП-46-93. Сен менин өмүр берген булагымсың, сен менин сактап жүргөн тумарымсың. Кейибей бул жашоонун азабынан, М.Иманбеков. Мээрим

ОП-46-94. "Обон" концертиңерди көрө албай калат окшойм. Ийгилик, аншлаг менен өтсүн. Абда

ОП-46-95. Алланы да, динин да, мекенин да, элин дагы, тилин дагы эч алмаштырбай сүйгөн барбы? Жакшылыкка чыдап, жамандыкка күйгөн барбы? Сөзүм жетпей өзүмдүн да дүйнөм жарды. Бейиштин не экенин биз билгенде, байлыктан көп садага кылаар элек, көр азабы тозок эмне биз билгенде, түндө ойгонуп намазга тураар элек. Коркуудан момун туруп акчага ыйман саткан, секталарга алданган жанды кантем. Момун туруп казинодо, саунада кумардан жараланган, жетим-жесир карабаган байды кантем, айткандар жүрөктөргө сезилсин дейм, мээримдүү бизди Алла кечирсин дейм. Азан үнү ааламга угулсун. Гүлшан

ОП-46-96. Стар-денстин жылдыздуу сулуу кыздары Асел, Анара, Бем, Жаза, Раушана, Аида, Махабат, Аделя, Сауле ж.б. салам. Меришка

ОП-46-97. Достор, 0777865556 номерине смс жазгыла же meka68@yandeh.ru га кат жазгыла. Меришка

ОП-46-98. Саламым Баткен шаарынын Көк-Таш айылындагы досторум Айнуска жана Назгүлгө жолдонот. Достор силерге эч ким жетпейт, силер менин эң жакын адамымсыңар. Кудайым жакшылыгын жана бактылуулугун аябасын. Дайыма ден соолукта, сулуулукта о.э. классташтар ичинде кадыр-барктуу болгула. Гүлкайыр92

ОП-46-99. Бейкапар жүргөн кезимде , неге мага жолуктуң? Жүрөгүмдү козгогону аз келгенсип, жок нерсеге таарынганың ашыкча болуп жатпайбы?! Ширин байым менин. Не кылам эми, бактылуу болушуңду каалап махабатың. +777711660хх

ОП-46-100. Саламым Стар-денстин экс-солисттери Асел, Эрмек, Асил, Алмаз, Айпери, Бектурга жолдонот. Кайда жүрсөңөр да аман болгула. Мен силерди сагындым. Меришка

ОП-46-101. Жаныш-Байыш Момуновдорго салам. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт каалайм. Чыгармачылык ийгилик, талантыңарга талант кошулуп, кыргыздын алдыңкы жигиттеринен болуп жүрө бериңиздер. Дайыма аман болуңуздар. Малика 07772291хх

ОП-46-102. Саламым смсчилер Жака-Жазгүлгө, Айгеримге, Элнура, Меришкага жолдонот. Фирдаус

ОП-46-103. Саламым политехте окуган байкем Алишерге жолдонот. Окууларыңа ийгилик, о.э. сессияңарды жакшы тапшырып, кышкы эс алууда Баткенге барып кел. Гүлкайыр92

ОП-46-104. Ошто юридикалык мекемеде иштеген, мурун 0772410477 номеринде жүргөн Нуржан мага чалып койчу 0773089124;0773415680

ОП-46-105. Стар-денс шоу балетинин бийчиси, сүйүктүү эжем Анараны 13-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Меришка

ОП-46-106. Сасиона, сени менен жакындан таанышсам болобу? Атым Жумонг Же Даэйсу

ОП-46-107. Саламым Семьхата айылында жашап жаткан 1988-жылкы досторума жолдонот. Эркин

ОП-46-108. Эң жөнөкөй сүйүктүү эжешкам Гүлназ Бакир кызына салам. Азия FM Алтынай

ОП-46-109. Тук-тук! Бул мен почталенка Печкина, эмне смс жазбайсыңар?! Ева 0550989094

ОП-46-110. Жака-Жазгүл, Турциядан келишиң менен! Мага эмне ала келдиң? Мемо

ОП-46-111. Урматтуу Бакай, мен эч качан ардагымды ата-энемден артык же кем дебегем. Мен үчүн баары бирдей. Эгер билсең жалгыз гана жакындарымды эмес баарыңарды жакшы көрөм. Колумдан келсе бүткүл жер жүзүн, дүйнө элин кучагыма бекем кысып, өз жылуулугумду өткөргүм келет. Жок бекен башка улуттун кызына үйлөнгөн кыргыз жигити, толуп эле жүрөт президент баш болуп, кимиси болсо да бир келген жалган жашоодо бактылуу өмүр сүрсөк болгону, өзүмө жооп бере турган болсом жигитим метис ошол эле. 07722950хх

ОП-46-112. Жанымдан артык көргөн жаныма, жалындай болгон ысык салам. Жаның Айдай, Шабдан-ата

ОП-46-113. Салам "Обондун" окурманы Аська, сени эмне эле Неляны жакшы көрөт деп ойлочу элем, көрсө өзүң аябай окшош экенсиң ээ. Тууган эмессиңерби? Мавлина

ОП-46-114. Эх, мектептен тажадым. Бүтсөм чоң той берет элем. Эма Гузел

ОП-46-115. Сүйөм сени, мейли жек көр сен мени, жүрөгүмдө ыйык сактайм мен сени. Чарчабадым, чалыкпадым, күтө берем, жок дегенде түшүмдө мага келчи. Жаным сен менин жүрөгүмдө түбөлүктүү жашайсың. Эма Гузел

ОП-46-116. Өмүрү бүтпөйт тирилик, өлгөндөр келбейт тирилип. Жаралган адам эмгектен, жараша ойноп түрүнүп. Оо дүйнө ойго батам, чыныгы адам болом айтчы качан? Дүйнөгө жаралган соң бир гана ирет, адамды адам бол деген адам. Сүйүү-тоодон аккан дайра, ал дайра артын көздөй акпайт кайра. Адамдын жашоосу дал ошондой дүйнөгө бир жаралат, келбейт кайра Эма Гузел

ОП-46-117. Апам Уулкелдиге: Апаке сагынамын өзүңдү, эстей берем ар бир айткан сөзүңдү. Түшүмө кирип турчу апаке, кусалыгым таркатайын биртке. Тазагүл

ОП-46-118. Кымбаттуу окурмандар! Ырчыларды сүйгөндөн пайда жок дегениңер туура. Бирок мен М.Иманбековду сү йөм. Кантейин сүйүү күчтүү, мен алсыз экенмин. Ак сүйүүнүн алдында баш ийип таазим кылам. Кеминдик Наргиз

ОП-46-119. Смсчилер бирдигиңер түгөнбөсүн, достор, келгиле таанышабыз. Гули 0773089124

ОП-46-120. Гүлжигит Сатыбековго ийгилик. "Дариха" деген ырыңды укканымда өчпөс сүйүүм эске түшүп өкүнөм. Бирок, ыр абдан жакты. 07726921хх

ОП-46-121. Клара Алибекова, сени менен дос болгум келет. 0777006592 чалчы суранам. Башкалар чалып тынчымды албагыла.

ОП-46-122. Жанып чыгып жанардай жарылбаган, жандар аз ээ жашоодо жаңылбаган. Өтүп кетет өмүргө өкүнсөк да, өткөн күндөр артына кайрылбаган. Ким бар дейсиң атадан айрылбаган, көзгө сайып көргөзүп берчи гана, пендең барбы жолунан тайгылбаган. Периштенин көйнөгүн кийген барбы? Периштедей ак болуп ийген барбы? Ажы молдонун жан дүйнөсүн окуп чыгып ойлорун билген барбы? Баксерка Дина

ОП-46-123. Саламым "Обондун" смсчилеринин ханышасы болгон Хан-Шайга жолдонот. Ар дайым ден соолугуң чың болсун. Номериңди жазып жиберчи. Асыл 0773585454

ОП-46-124. Азия FM + тун сулуулары, барсыңарбы? Радиого бат-баттан чыккыла, сагындык. 07775156хх

ОП-46-125. Бул дүйнө сыноо дүйнө, жалган дүйнө, муунтат ар адамды арман күндө. Сыйынып өтөлүчү оо туугандар. Зымырык учкан куштай бул үч күндө. Бул сыноо "Кечээ, бүгүн, эртең" деп аталып үч күндөн турат экен. Кечеги күн өтүп кетти, эч нерсе кыла албадык. Эртеңки күн барбызбы, жокбузбу Кудай билет. Ошондуктан бүгүнкү күндө кулдук милдетибизди аткарып калышыбыз керек. Ахилес

ОП-46-126. Салам достор! Түн ортосу, а мен болсо архивимдеги гезиттердин баарын көз алдымдан өткөздүм. Силер жазган смстерди окуп бир аз да болсо көңүлүм көтөрүлө түштү. Кербен-Куба


ОП-46-127. Анекдот: Коён автобуска түшсө бир да орун калбай калыптыр. Жини келип: -Тургула, болбосо дагы кечээгиндей болот деп кыйкырат. Коркуп кеткен аюу орун бошотот. Анан аюу акырын:-Эй коён, кечээ эмне болду эле?-деп сурайт. Анда коён:-Кечээ да орун жок үйгө чейин туруп баргам,-дептир. +077025999152

ОП-46-128. Менин саламым Ошто окуп жатышкан классташтарыма жолдонот. Малика 0777169278 Кадамжай районунун Орозбеков айылы

ОП-46-129. Гүлчөдө жашаган жакын досторум Арсен, Кутман жана тууганым Гүлмайрамга чоң салам. Али

ОП-46-130. Алай районунун Гүлчө айылында жашап жаткан атам Ырысбек, апам Чынара, эжем Гүлмайрамга, иним Элтуранга салам жолдойм. Келе жаткан жаңы жылыңар менен. Бермет +77024062175

ОП-46-131. Атырауда иштешкен эжем Чынара, жеңем Зуура, карындашым Бемага, инилерим Мики, Алиге чоң салам. Иштериңе ийгилик каалайм. +77776654548 Афон

ОП-46-132. Саламым "Кыргызстан обондоруна" жана анын жалындай жанган "Жалын" командасына салам. Гүлсана87

ОП-46-133. Жүзүңдөн күлкү кетпей, жадырап жайнап жүрө бер. Ылайым, бактылуу бол! Беназир

ОП-46-134. Смсчилер бар болгула! Делвира

ОП-46-135. Талга чымчык конобу? Тагдырыбыз оңолобу? Жерге чымчык конобу, чыркыраган чындык болобу? Өрүккө чымчык конобу, өлгүчө жегендер тоёбу? Сайга чымчык конобу, саясатчылар чычалаганын коёбу? Делвира

ОП-46-136. Салам Неля эже, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм. Жараткан сизден жакшылыгын аябасын! Аська

ОП-46-137. Оюмдан такыр кетпейсиңер, көңүлүмдү ээлейсиңер. Акылымдан адаштырбай азапка мени салбагылачы. 870150709хх

ОП-46-138. Ассалому алейкум смсчилер, кылычын көтөрүп кыш да кирип келди. Оорубай аман болгула. Силерди терең урматтап Аська

ОП-46-139. Кыргызымдын жагымдуу жигиттери чет өлкөгө кетип калса, күнүңөр ырчы жигиттерге түштүбү? Астана Сүйүн

ОП-46-140. Астанадагы досторум Чопа, Мики, Тома бар болгула. Манас 19

ОП-46-141. Саламым Эсен менен Чико эжеме жолдонот. Йогурт калтырып койгула! 07737589хх

ОП-46-142. "Обондун" жалпы окурмандарына чоң салам! Достор концертке келесиңерби? Келсеңер сонун кечеде жагымдуу маанай тартуулаган ырчылардын булбулдай болгон үнүн угуп эс алып кетели! Көрүшкөнчө достор! ХАН-ШАЙ

ОП-46-143. Биринчиден менин саламым ата-энеме, Чынар менен Турсунду, абежем Майрамды, Жайнашты, агаларым Миралыны, Уранды, Саматты келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ардак

ОП-46-144. Жети өлчөп, бир кес! Бейиштин тору, пайгамбарың, китебиң? Туура тапканды Еванын сувенири күтөт. 07772885хх

ОП-46-145. Кымбаттуу Куба, катуу тийсе кечиресиз. Ар бир адамдын жашоосу өз колунда. Мен ал Моссоветтеги байталдар үчүн жооп бере албайм. Эгерде жигиттердин жакшысы болсо, кыздардын жакшысы 2 эсе көп экенин эстен чыгарбоо керек. Неге бир кыздын айынан жалпы кыздар деп жаман атты болушубуз керек. Кудайыма шүгүр, намысты колдон чыгарбай анча-мынча жеңил ойлуу жигиттерди өз жолуна салып койгон акылдуу кыздарыбыз да жок эмес. Урматым менен Аку

ОП-46-146. М.Иманбековго салам жана чыгармачылык ийгилик. Сизди жакшы көргөн күйөрманыңыз Жибек

ОП-46-147. Айгөлөккө чоң салам. Кубанычтуу, бактылуу күндөрдүн далайын өткөр татына кыз. Гүлшан

ОП-46-148. Жака-Жазгүл, ар бир күнүң амандыкта, бактылуу өтсүн, бар бол татына. 07733716хх

ОП-46-149. Салам смсчилер, келе жаткан жаңы жылыңар менен! Жаңы жылда жакшы ийгиликтерге жетишкиле. 07778381хх

ОП-46-150. "Обон-обон" мыктылардын мыктысы, миң бир түркүн жаңылыктын жарчысы. Ар бир сенин окурманың күтүп окуйт, толуктайт смстер барагыңды. Мен да жазам смсти улам-улам, сөздөргө сөздү кошуп, ырды курайм. Жүрөктөн чыккан ой-тилекти, алаар замат колума телефонду, жөн отурбай смсти дагы улайм. Элизат Каныбекова, Ат-Башы району Калинин айылынан ысык салам! 07775940хх

ОП-46-151. Түгөнгүчө тырмак, канаттар, жулмалашпа фанаттар. Ачышат тилик жараттар. Жамбаштап жата турайын. Пушкин келип таратаар. Бакай

ОП-46-152. Кыргыз калкым келе жаткан жаңы жылыңар менен! Махабат

ОП-46-153. Сүйүктүү ата-энеме жалындуу ысык салам. Аман болуңуздар! Махабат

ОП-46-154. Эрке кыз, Макуся, Гүлшан, Абда, Бакай, Айдеми, Жака-Жазгүл, Барбиге ысык салам. Бар болгула! Махабат

ОП-46-155. Менин саламым Ноокат районунун Шаңкол айылына жолдонот. 07775771хх

ОП-46-156. Бакай, ырларды замандын талабына ылайык аябай курч жазат экенсиң! Өзүңчө китеп чыгарсаң да болчудай экен. Азаматсың, калемиң курчуй берсин. Мемо

ОП-46-157. Аяш атам Орозбай, апам Чынарага салам. Мен силерди сагындым. Кызыңар Тазагүл

ОП-46-158. "Обондун" смсчилери менен таанышып, достошкум келет. 0777789933 номерине смс жазгыла. Канымай

ОП-46-159. Динар жана дирхамдар кудайдын жердеги мөөрлөрү. Дүйнө жапжашыл жана кооз. Кимде ким андан акысын болушунча адалдык менен алса, андан береке табат. Кимде-ким напсисинин каалоосу менен дүйнөнү чокусунан өтүп ээлесе, акыр кыяматта тозоктон башка нерсеге кабылбайт. Гүлшан

ОП-46-160. Ушул смстердин баарын кабыл алган Жумабай байкеге, ушул смстердин баарын эринбей отуруп алып окуп, текшерип отурган Самара эжеге, жана "Обонулянын" жалпы жамаатына чоң салам! Ар дайым ден соолукта болуңуздар, сиздер бар "ЧИРКИН ӨМҮР"! Сиздерди сыйлап ХАН-ШАЙ

ОП-46-161. Желдөбө айылынын тургуну атам Кудайбергенге ысык салам. Атаке сагындым мен өзүңдү, көргүм келди сизди ата жүзүңдү, кучагына кыскан күндү сагынып, жашап келем үмүт менен кусаланып. 07777077хх

ОП-46-162. Жашоонун "Керемет жашоо" командасына чоң салам. Мемо

ОП-46-163. Кыргыздар баары тууган экенине эми ишендим. М. Атабеков менин таекем болот экен. Билип алып сүйүнгөнүмдү айтпагыла! Эми катташабыз, буюрса. Мемо

ОП-46-164. Досторум Бурул, Айсулуу, Аселдерге салам. 07771605хх

ОП-46-165. Урматтуу смсчилер, мени дагы кошуп алгылачы, достошкум келет. Абда, сиз Гүлчөдөн болосуз го ээ? Сиз менен таанышкым келет. Аделаида

ОП-46-166. Кыргыз эли бар болгун келечегиң кең, асманың ачык болсун. Уул-кыздарыңдын башына бакыт кушу консун. Бийликти сөз кылгандар аз болсун. "Обон" гезитинин жолу ар дайым ачык болсун. Кыргыз элим келе жаткан жаңы жылыңар менен. Канжар

ОП-46-167. Султан байке, кирип келген жаңы жылыңыз менен! Сизге кардай аппак тунук сүйүү каалайм. Сезим

ОП-46-168. Саламым Астанадагы досторум Дамирчик, Кеша, Азирет, Мелис84 жана дос эжелерим Чолпон, Гуля, Райгуля, Жаннат, Нурпери , Элнура, Жылдыз, Анаркүлдөргө чоң сагынычтуу салам! Силерди сагынып ХАН-ШАЙ!

ОП-46-169. Байыш байке, сиздин ишиңизге жана чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Ар дайым Байэлдин бактысына бар болуңуз. Сезим. 07776565хх

ОП-46-170. Анекдот: Кыргыз ресторанга кирсе француз 50 гр. коньяк ичип коюп күзгүгө каранып атса, кыргыз: -Сен эмне каранып атасың?- десе, -Мен бетим кызарып калса токтотом дейт. Эртеси кыргыз бир бөтөлкө аракты ичип анан чөнтөгүнөн сынык күзгүнү чыгарып, оозун ачып карайт. Аны түшүнбөй француз кыргыздан неге антип карадың десе, кыргыз:-Мен качан мына тамагыма келгенде анан токтотом,-дейт имиш. +77025999152

ОП-46-171. Салам "Обон" гезитинин жаратуучулары, мага сиздердин бардык рубрикаңар жагат, айрыкча адамдын акылына акыл кошкон сөз көркү макалды жазганыңарга ыраазымын. Мен ар бир санда чыккан макалды калтырбай китепчеме жазып алам. Эми сиздерден сураныч, эмгек жамаатыңыздарды гезитке чыгарып коюңуздарчы, ар бириңиздерди гезит бетинен көргүм келет. Казакстандан окурманыңар

ОП-46-172. Менин саламым жалпы СМСчилерге жолдонот. Буюрса мен да силерге кошулам. Ошондой эле ата-энеме, таенеме, бир туугандарыма салам. Бар болгула. Айтолкун

ОП-46-173. Куш ысымдуу 80 жашта Лейлегим, тарых болуп эртеңиң, жарык болуп кечтериң. Өмүр бою суктанткан, 80 жашта Лейлегим. 07724892хх

ОП-46-174. Ыймандуу кыздар менен таанышкым келет. 0773519757 Айжан

ОП-46-175. Жаңы окурмандар Лира, Нуржамал, Адинайка, Динара, Маха, Кулпунай, Айтилек, Камила, Айпери, Гүлшана, Сайкал, Гүлназа, Жаңыл, Мээрим, Чолпон, Перизат, Батма бар болгула. Сузак районунун А.Тажибаев мектебинин 10- классына чоң салам. Өзгөчө ушул калган 6 балдар-кыздарга супер салам. Айпери

ОП-46-176. Чымкенттеги Расулга чоң салам. Жараткан ар дайым колдоп, балдай таттуу жашоону таттырсын. Ар дайым чың ден соолукта, аман болгула. Гүлшан

ОП-46-177. Саматик аттуу ардактуу досума салам айтам. Акыйнекчи досум менин, ар убак бар бол. Бирдигиң такыр түгөнбөсүн. Жака-Жазгүл

ОП-46-178. Абда аттуу "Обондун" күйөрман кызына салам жолдойм. Ар убак жадырап-жайнап, тилегиңе жет. Сени менен таанышууну самап, урматым менен Жака-Жазгүл

ОП-46-179. Урматтуу окурмандар! "Обондун" концерти бүгүн болот. Баарыңарды чакырам, чер жазып кеткиле. "Обон" мен үчүн жанымдан артык. Жака-Жазгүл

ОП-46-180. ОП-45-24 азаматсың! Атыңа затың жарашкан кыйын кыз экенсиң, баа бердим сага. Сендей кыздар көбүрөөк болсо... Ак жол сага, Канышай. Максат

ОП-46-181. Гүлбаар айылында жашаган Мырзаевдер үй-бүлөсүнө салам. Айсалкын

ОП-46-182. Бишкек шаарынын тургуну атам Бектенге, Келдиш акеме ысык салам. Үшүбөй эле турасыңарбы? Свет өчпөй эле турабы? Чолпон, Беку

ОП-46-183. Кара-Суу районуна караштуу Эркин айылынын 9-а классына чоң салам. Эрниза

ОП-46-184. Айпери, эмнеге кабарлашпай кеттиң? Сага чалсам башка бирөө алып жатат. Мени менен кабарлаш. Чолпон (Т-ТАУ)

ОП-46-185. Акыл Кайырбековичке жалындуу ысык салам. Бар бол, аман бол! А.Ш.

ОП-46-186. Шабдан-Ата мектебинин 10-а классы супер. Бар болгула, аман жана бактылуу болгула. Нуржамал

ОП-46-187. Мен таарынып жүрөм. Кимге айтайынбы? Атама, апама, байкеме, тайкеме. Алар мага билетке акча бербей койду. Смсчилер жана "Обондун" эмгек жамааты, мени концерттен күтпөй эле койгула. Мен концертке баралбайм го. Мен ыйлап жатам. Таарынбагыла. Кечиргиле! Макуся
Редакциядан: Макуся редакция менен байланыш, биз сага 1 билет белек кылабыз.

ОП-46-188. Менин жүрөгүмдүн ээсине салам! Асылым сүйөм сени, сүйөм сени. Муунтат, аба бербей сүйүү деми. Өзүңө жалгыз суроо бергим келет, Чын айтчы сүйөсүңбү сен да мени. Жооп күтөм. Айтилек

ОП-46-189. Астанада иштеген сиңдим Рамазан кызы Акмаанайга ысык салам. Ишине ийигилик, эч качан кем болбо- деп Алматыдан Феруза

ОП-46-190. Досум Самара, туулган күнүң кут болсун. Башыңа бакыт кушу консун. Көңүлдүү жүрүп ар дайым, кудайым өзү колдосун. Жыпара

ОП-46-191. Көрүнбөс көзүң, угулбас сөзүң. Таштаба маяк, бирдикти аяп. Эгерде билсем, жейсиңер таяк. "Обонго" бир жолу номерим чыгып калса, жат ном 02352..

ОП-46-192. "Барахолка" базарында иштеген эжелерим Хабиба, Матлюба, Дилья, акелерим Ороз, Мырза, Мансур, жезделерим Толкун, Бакыт, жеңелерим Зыйнат, Зулфияга чоң салам. Силерге Алладан ден соолук, бакыт тилейм. Менин бактыма бар болгула бир туугандарым. Силерди сүйөм, жакшы көрөм. Эрке кызыңар Аида

ОП-46-193. Саламым Москвадагы Асан акеге. Жан, эч качан ооруба. Мен сизге ишенем. Бирок, бир аз кичипейил болуңузчу, сураныч. Сизди сагындым ммуахх. Алматыдан Аида

ОП-46-194. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына чоң ыраазычылык. Ушунтип чет жактагыларга да мүмкүнчүлүк берип жатышат. Бул гезит аркылуу салам жолдоп, көптөгөн дос таптым. Гезит аркылуу таанышкан досторума чоң салам. Келе жаткан жаңы-жылыңыздар менен. Баарыңарга ийгилик! Зарина

ОП-46-195. Төө-Моюнда жашаган таятам Бекбото, таенем Модула, апам Маргуаба, апежелерим Ибадат, Толгонай, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен. Жаңы жыл сиздерге жаңы ийгиликтерди алып келсин. Давран

ОП-46-196. "Обон" гезитинин жалпы жамаатын келе жаткан 2009 жаңы жылыңыздар менен. Ишиңиздерге ийгилик. Кыргыз калкыма тынчтык, токчулук, молчулук. Элибизде ыймандуулар көбөйсүн. Алдыңкы мамлекеттердин катарына кирсин. +770235227533

ОП-46-197. 15 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 0777302361

ОП-46-198. Тараздагы эжем Жылдыз, сиңдилерим Динара, Медина бирге жашаган Жамал эже, Асел эже, Махабат эже, Тилек, Нурзат, Акниет, Нурайым, Бота, Абке, Болат ага баарыңардын келе жаткан жаңы 2009-жылыңар менен. Эч качан жүзүңөрдөн күлкү кетпесин. Сиздерге бакыт каалоо менен бирге Тараздан Кундуз

ОП-46-199. Бишкектик бай айымдар менен таанышам. 22 жаштамын. Арген 0550936353

ОП-46-200. Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылында жашап жаткан атам Мурзамидин, апам Турдубүбүгө, жеңеме, инилериме салам. Бүсажида

ОП-46-201. Жаным Ныяз, мен сени гана сүйөм. Баары бир сени эч кимге бербейм. Таластагы кызыңды унутчу. Баары өтүп кетти. Ал сага кайрылбайт. Сени сүйгөн Петровкадан Назгүл

ОП-46-202. Ноокат районунун А.Осмонов атындагы мени окуткан агай-эжейлериме, айрыкча класс жетекчилерим Айзада, Букаба эжейлериме, 88-жылкы классташтарыма салам жолдойм. Акыркы коңгуроого баралбай калдым. Бирок ар дайым силер мененмин. Терең урматтап Бусажида

ОП-46-203. Сүйүктүү курбуларым Мемо, Айдеми-Айка, Хан-Шай, Кербен-Куба, Тариел, Фирдаус, Айдана-Анту, Меришка, Айкан, Барби, Жанкага саламымды учурам. Аман болгула. Жака-Жазгүл

ОП-46-204. Мен балапанымды жана ата-энемди аябай сагындым. Менин болгон байлыктарым ар дайым биздин жакшылыктарыбызга күбө болсоңуздар экен. Сиздерге биринчиден ден соолук, эч качан оорубай, биздин бактыбызга бар болгула. Абда

ОП-46-205. Альбиночка, даярдана бер, жакында аяш кызымды көргөнү барам. Билем, мени чыдамсыздык менен күтүп жатасың. Мен да сени сагындым. Алып качкан аяшыма да салам. Аяш, менин досумду алып качып болсо да жеттиң, жөн эле 2 жыл чуркабаган экенсиң. Ал эми чечкинсиздигинен калып калган аяшыма да бакыт каалайм. Абда

ОП-46-206. Ассоль Абдыкалыевнага супер салам. Бекем ден соолук, иштериңизге ийгилик. Итиңиз чөп жей берсин. Абда

ОП-46-207. Назика, М.Атабековду эмне кыласың? Сенин 10 гүлүңдөн бир гүлүң ачыла элек. Ал үчүн алтындай убактыңды текке кетирип жатасың. Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат дейт. Досторуңдун айтканын ук. Азыр сен өткөөл курактасың. Келечегиң алдыда. Баары жакшы болот. Абда

ОП-46-208. Мен жаным Мусаны сагындым. Жаным сага салам. Алишер байке, Рустам байке, Анвар, Канттагы 2 -орто мектепке салам жолдойм. Өзгөчө 7-а жана 8-б, в- класска салам. Мен силерди жакшы көрөм. Саадат

ОП-46-209. Супер, пупер ырчы Нурмат Садыровго чыгармачылык ийгилик каалайм. Эч качан ооруба. 05500352хх

ОП-46-210. Жаныш-Байыш Момуновдорго салам. Силерге чыгармачылык ийгилик. Мага ырларыңар абдан жагат. Ар дайым обондуу ырларды жаратып жүрө бергиле. Үй-бүлөңөр менен аман болгула. Алыскы Лейлектен Тико

ОП-46-211. Менин саламым Россияда иштеп жаткан Бакыт акеме чоң салам. Ишиңе ийгилик, чың ден соолук, узун өмүр каалап үкөңүз Коки

ОП-46-212. "Кулагер" базарында иштеген таэжемди 18-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр. Сокулуктан Чолпонай

ОП-46-213. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!!! Гулипа

ОП-46-214. Ата-энеме узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. 0773873953

ОП-46-215. Салам окурмандардын жана досторум Канжар, Нурба, Аза, Саламат, Тина, Мээрим, Жибек, Айганыш, Мира Супер Старстын кыздарына 11-б класстын балдарына салам. Бар болгула. 0777706735

ОП-46-216. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен! Делвира

ОП-46-217. "Обондун" смсчилери, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен. Гули

ОП-46-218. Өзгөрдү заман эскирип, өзүнө тушоо кестирип. Жүгүртүп азап чектирип, жүрөсүң чет жерде оокат кечтирип. Жаш төкпө ыйлап эчкирип, аман бол күнүң кеч кирип. Кетпесин деп кийимиң чечтирип. Калсын дейм менттер үйүңө жеткирип. Чет жердеги замандаштарыма саламым менен Бакай

ОП-46-219. Токмоктогу №18 мектептин 11-классынын окуучусу Темирбек к. Айнураны келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Бишкектен достору Кемран, Жылдыз, Азис, Рамис, Макс

ОП-46-220. 91-жылкы бүтүрүүчү кыздар-балдар мектепти жакшы баа менен бүткүлө. Ички дүйнөсү таза достукту баалай билген кыз-бала менен таанышкым келет. 0777706735 Делвира

ОП-46-220. "Обон" сиздерди жана сиздер аркылуу тапкан досторумду сагындым, Айдана-Анту

ОП-46-221. Шамалды-Сай шаарчасындагы Ажыканов Малабек көчөсүндө жашап жаткан апам Анарага, атам Жапарга, эжелерим Ульбина жана Гулипага, үкөм Осмонго сиңдим Сезимге жана сүйүктүү жезделерим Талайнур жана Уланга саламымды жолдойм. Сиздерди урматтап Бурул

ОП-46-222. Кошкоргон айылынын 11-кл окуучулары Нази, Медина, Мээрим, Айнураларга салам жолдойм. Бишкекке качан келесиңер? Максюта

ОП-46-223. М.Кудайбердиев лицейинин окуучуларына салам. Оштон Батма 0772270665

ОП-46-224. М.Атабеков байке, эмнеге өзүңүздү ушунчалык бийик сезе бересиз? Жылдызмын деп эле көтөрүлө бересизби? Жөнөкөй болуп жүргөн ырчылар деле толтура жүрбөйбү! Мисалы, И.Абдыразаков. Ал деле сизге окшош ырчы. Бирок, сиздикинен артык күйөрмандары бар. Себеби ал сизге окшоп күйөрмандарын капа кылбайт. Бизге окшогон күйөрмандырыңыз бар үчүн барктуусуз. Асмандан жердеги күйөрмандарыңызга карап коюуну унутпаңыз. Нура

ОП-46-225. М.Атабеков, ырчы дайыма бийиктикте жүрүш керек дейт окшойт. Албетте жылдыздар бийикте. Бирок, орусча айтканда не да такой степени. Нура

ОП-46-226. Супер ырчы Алиханга салам. Ишиңизге ийгилик. Рианна

ОП-46-227. Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылынын 10-классынын окуучу кыздар-балдарына жана досторум Нурай, Бегай, Жумакан, Шайбек, Шергазы, Айгүл, Эламан. Коргондон

ОП-46-228. "Обондун" ар бир окурманын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайм. Жаңы жыл сиздерге жалаң жакшылык, ийгилик алып келсин. Жака-Жазгүл

ОП-46-229. Дале, дале көз алдымда элесиң, токтото албайм жан дүйөмдүн сезимин. Ишенемин күндөрдүн бир күнүндө, сен баарыбир кучак жайып келесиң. 870266989

ОП-46-230. Мага А.Кабылова да, Б.Бадыева да жагат. Бирок Айжамалдын Бактыгүлдү сындаганы жаккан жок. Тим эле Толик сынчы болуп кеткен го. Москвадан Гүланда

ОП-46-231. Рахмат, Жака-Жазгүл. Саламыңды алик алдым. Мени эстеп койгондугуңа кубанытамын. Дайыма бар бол! Мөлмөл

ОП-46-232. Урматтуу кыргыз элим! Алдыбыздагы 2009-жыл баарыбыз үчүн тынчтыктын, бейкуттуктун, молчулуктун, ийгиликтин жылы болсун. Кыргызстан алга! Кку

ОП-46-233. Сүйгөнүм айыбың жок күлгөнүңдөн, ыр арнап жатам сени сүйгөнүмдөн. А балким сага такыр сезилбестир. Ажырап баратканым бир өзүңдөн. Чымкенттен Елена

ОП-46-234. Беловоддун жигиттерине салам. Ар дайым бар болгула. Келе жаткан жаңы жылыңар менен. Соодаңар боло берсин. Заводдун темири ээрий берсин. Боке 91

ОП-46-235. Менин саламым сиздерге жана элдин боорун эзилте күлдүргөн Жамбыл Камчыев агайга, анын окуучусу досум Абжапар уулу Нурланга сиздер жок болуп кеттиңиздер го? Болот Жетибаев

ОП-46-236. "Болашак" базарында 0-катарда соода кылган досум Дима Шипачка салам. Досум, өнөрүң өркүндөй берсин. Ишиңе ийгилик, чоң ийгиликтерге жетиш. +770259444хх

ОП-46-237. Алматыда иштеп жаткан досум Гуля89, туулган күнүң менен куттуктайм. Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бул жашоонун бактылуу, эрке кызы бол. Досуң Айка

ОП-46-238. Алматыдагы, Астанадагы, Кыргызстандагы деги эле бардык досторума салам. Мен силерди жакшы көрөм. +770262012хх

ОП-46-239. Дайыр Исмадияров, сен суперсиң. Иштериңе ийгилик. Сендей жердешим менен сыймыктанам. Алматыдан Айка

ОП-46-240. Бактыгүл Бадыева, сиздин айткан сөздөрүңүздүн баары туура. Эл оозунда элек жок. Сүйлөп-сүйлөп чарчашат. Гүлира

ОП-46-241. Салам кыргызымдын сулуу кыздары, силер менен кыргызымдын чыныгы мырзасы таанышат. Астанадан Саян. Күтөм +770150709хх

ОП-46-242. Менин саламым алыскы Алай районундагы Сопу-Коргон шаарчасына салам. Б.Бадыевага ийгилик. 07777275хх

ОП-46-243. Мен бою 170см ден эмес, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, чечкиндүү, түшүнүктүү, зыяндуу адаттардан алыс, пейили кенен, чынчыл, ыймандуу, билимдүү, иштеген иши бар, турмушка көз карашы терең, үйлөнбөгөн, жашы 25-28 чейинки оштук жана жалалабаддык мырзалар менен смс аркылуу таанышып, жүрөгүмдүн ээсин тапкым келет. 0773679226

ОП-46-244. Менин сүйгөнүм Вика, кайдасың? Сени сагындым. Москвадагы номериңди алалбай жатам. Сени башка шаарга кетти деп уктум. Биз ушул айда үйлөнүшүбүз керек эле. Эмне, баарын унуттуңбу? Мен сени канчалык сүйөөрүмдү билсең гана. Саша 83.05.31

ОП-46-245. Даниель сага эч ким жетпейт. Сен менин иним Тилектин клонусуң. Мен сени сүйөм. Н…

ОП-46-246. Эң мыкты СМСчилер Диас, Эркин, Барби, Дамир, Мемо, Айгөлөк, Жака Жазгүл, Ахиллес, Сүйүншерге салам. Концерттен жолугабыз, келгиле достор. Хан-Шай

ОП-46-247. Саламым Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында жашап жаткан ата-энеме жана Бообекке жолдонот. Мени тааныган туугандарга да ысык салам. Мека

ОП-46-248. "Бекжан" базарында иштеген Мирлан аттуу жигитке салам жолдойм. Мирлан аке ар дайым жүзүңүздөн күлкү кетпей жылмайып жүрө бериңиз. Сизди сыйлаган Айжан

ОП-46-249. Саламым досторум Аселге, Айжамалга, Асылайга, Аидага, Айсалга, Алтынайга, Чолпонго, Элнурага жолдонот. Барыңарды жакшы көрөм алтындарым, бар болгула. Эрке кыз Эля

ОП-46-250. Тараздагы кыздарга салам. Перизат

ОП-46-251. Саламым Ноокен районунунун Массы айылындагы ата-энеме жолдонот. Ден соолук, иштерине ийгилик, силерди аябай сагындым, жакында барам. Айсулуу

ОП-46-252. Жаным, бопоням, мамалагыма салам. Мен сени чексиз сүйөм. АКШ

ОП-46-253. ОП-45-166 Гүл сен Антип айтпа, бардыгы Алла Тааладан. Балаң болбосо да сүйгөнүң жаныңда, ишенсең бардыгы болот. АКШ

ОП-46-254. Кыргыздын кыз-жигиттери менен достошкум келет. Өзгөчө аксылыктар менен. 0772378431

ОП-46-255. Тамакты айбандар гана жыттап ичет деп уктум эле, көрсө адамдар деле жыттап ичет турбайбы, тобо кылдым. Аська

ОП-46-256. Эжем Гүлзат жездем Нурлан келе жаткан жаңы жыл майрамыңар менен узак өмүр, ишиңерге ийгилик каалайм. Курманбү

ОП-46-257. Тараздык Санжарга салам. Ишиңе ийгилик, чың ден соолук калайм. Дайыма кыргыздын алдынкы жигиттеринен бол!! Сени сүйгөн А...а 05509444хх

ОП-46-258. Өзгөрүштүк сабира эже, мен сизди издеп жатам номеринизди жазыныз. 07775932хх

ОП-46-259. Кайрат менен Саадаттын ортосунда сүйүү пайда болсун. Улан, Бегайым менен жүрсүн. Бактияр, Мээримге жетсин!-деп Кайрат,Саадат,Чолпон,Умита,Улан, Бактияр

ОП-46-260. Салам "Обондун"тургундары. Менин алтындан,алмаздан,бул жалган жашоодо эмне кымбат болсо,андан кымбат болгон апамдын 10-декабрь туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Балдарыңыздын,кыздарыңыздын сый урматын көрүнүз. Ар дайым биздин таянар тообуз,жөлөнөр жөлөгүбүз, болуп жүрө бериңиз. Эч убакта оорубаңыз, тилеймин сизге узун өмүр,чың ден соолук. Сизди сүйгөн кызыңыз Айгөлөк.

ОП-46-261. Жанымдан артык апакем, жашоодо ыйык өзүңүз, аябас менден жүрөгүн, апакем менин тилегим, кадырлап жүрүү түбөлүк милдетим менин билемин. Сен үйрөттүң эмгек менен сүйгөндү. Иштеп, ойлоп, ата-журтту, акыл насаат сөздөрүңдү унутпайм. Өзүң менен сыймыктанып жүрөмүн, кыздарыңыз Арапат, Айгөлөк. Балдарыңыз Бабур, Жоомарт, неберениз Улан.

ОП-46-262. Саламатсыздарбы, "Обон" гезити. Мага бул гезит абдан жагат. Башка мамлекетте болсом да калтырбай окуйм. Субанчик

ОП-46-263. Сүйүү-сүрдүү, адам-түрдүү. Сүйүшкөн эки жаш эч убакта ажырабасынчы. Акыл байлыка багынбайт, күчтүүгө сыйынбайт, ажалдан да куткарат. Бул дүйнөдө күндөн ысык эч нерсе жок. Кун кээде ысык тийет, кээде салкын тийет, адамдын өмүрү да ошону туурайт. Өмүр жарык күн өлүм кара түн. Сүйүү-бул картадагы оюн сымал талашта, бири жеңиш үчүн,экинчиси жеңилбеш үчүн. Арман болбой өтөрбүзбү бул жалганда. Айгөлөк.










??.??