presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кумир менен баарлашуу

Жылдыз Тутуева:
"Азыр адамдардын пейили бузулду"
Окурмандар менен өнөр адамдарына көпүрө болуп келаткан "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыз дагы бир ардактуу коногун тосуп алды. Ал ким десеңиз? Айтылуу "Тунгуч" театрынын бир кездеги тыпылдаган таланттуу ырчысы Жылдыз Тутуева. Ачык-айрым, шайыр, тамашакөй эжекебиз күйөрмандарына ырчы катары эмес, көптөн бери чогуу жүргөн эже-сиңди, достордой мамиле жасап, күйөрмандарын жылуу маанай менен узатты. Анда эмесе жөнөкөй ырчынын жагымдуу маеги сиздер үчүн.

Маектеш жөнүндө маалымат
Жылдыз Тутуева 1978-жылы 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы маданият башкармалыгында эмгектенет.

Гүлкан
- Жылдыз эже, саламатсызбы? Акыркы убакта таптакыр эле көрүнбөй кеттиңиз го. Күйөрмандарыңызды сагындырып кайда жүрөсүз?
- Рахмат. Мен да сиздерди, "ыйык сахнаны" сагындым. Сиз айткандай 2 жылдан бери ден соолугума байланыштуу чыгармачылыктан алыстаганга туура келди. Азыр кудайга шүгүр, бутума туруп, айыгып, эми билек түрүп чыгармачылыкка баш отум менен киришейин деп жаткан кезим. Жаңы жылдык кечелердин баарына калбай катышып атам. Буюрса, мындан ары аманчылык болсо бат-баттан жолугушуп турабыз.
- Жолдошуңуз Касым Токторов экөөңүздөрдүн бир да дуэт ырыңыздар жок. Менин сунушум "Кош жылдыз" болуп дуэт ырдап чыкпайсыздарбы?
- Мен бир үй-бүлөдөн бир гана артист болуш керек дегенге кошулам. Биздин үй-бүлө (кайын журтум) "Биз" тобунун жетекчиси Бактыяр Токторов, продюсер Алим Токторов кыскасы баарыбыз эле чыгармачыл адамдарбыз. Ошондуктан кечке эле бир казанда кайнай бербей үй-бүлөбүздөн башка сферадагы адамды да көргүм келет. Азыр, Касым менин ошол оюмду толуктап мамлекеттик кызматта иштеп жатат. Мен муну менен жолдошумду чыгармачылыктан биротоло кетти деп айталбайм. Анын жүрөгүндө баары бир музыка жашайт. Андыктан сиздин сунушуңузду да четке какпай жакынкы күндөрдө эл жүрөгүнөн түнөк таба тургандай маңыздуу ырды дуэт ырдап чыгып калабыз. Мындай ой биздин планда бар болчу.
- Азыркы ырчылардын көпчүлүгү эле музыка, ыр менин хоббим деп айтышат. Алардын баары эле хобби катары көрүп, кызыгы тараганча ырдаса, андан ары кесип кылып ким улантып кетет дейм да...
- (Күлүп) Ушул маселе сизди аябай түйшөлтөт окшойт. Ырдоо менин хоббим дагы, кесибим дагы. Төрт жыл М.Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан, 5 жыл Кыргыз Улуттук Консерваториядан музыка жаатында билим алдым. Андыктан мен өмүрүмдүн акырына чейин "ыр дүйнөсүндө" жашайм.

Эркехан
- Бала кезиңизде аябай шок болсоңуз керек?
- Оу, көзүңүз ачык окшойт ээ. Тентектик боюнча айылдын атаманы элем да. Ал жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмесмин. Ушунча болду, ошондой шоктук кездеги бир окуяны айтып өтөйүн. Бир жолу апамды базарга ээрчип барып "семичке алып бер" десем "тамагың ооруйт" деп басып кетти. Тишим кычышып, эмне кылаарымды билбей семичке сатып отурган эжеге ырдап, бийлеп берип эки чөнтөгүмдү семичкага толтурганым эсимде.
- Кызыңыз да өзүңүзгө окшоп шокпу?
- Жок. Ал атасын тартып оор басырыктуу болду. Анан да кыз атага жакын болот деген чын окшойт. Мага караганда атасын жакшы көрөт.
- Касым байке экөөңүздөрдүн жашаганыңыздарга 8 жыл болуптур. Ушул аралыкта үй-бүлөлүк уруш-талаштар болсо керек?
- Үй-бүлө, аял-күйөө болгондон кийин андай майда-чүйдөлөр анча-мынча боло берет. Ансыз жашоо кызыгына чыкпайт да. Таарынасың, кайра жарашасың. Ачууң келет, кайра бооруң ооруйт дегендей. Анан казан-аяк кагышат десе эле таптакыр салгылашып, көзү-башыбыз көгөрүп бет карагыс болуп калгандан Кудай сактасын. Андай учур эч кимдин үй-бүлөсүндө болбосун.
- Өзүңүз айткандай анча-мынча келишпестиктер болгондо кимиңиздер жол бересиздер?
- Касым да. Андайда от алып алсам менин оозум жабылбайт. Менин ушундай мүнөзүмдү түшүнүп Касым жол берет.
- Таарынчааксызбы?
- Жок. Бат жиним келип, бат жазылам. Мага караганда Касым 2-3 күндөп сүйлөбөй жүрө берет. Мен болсо ага чыдабайм. Он мүнөткө жетпей баарын унутуп, өзүм сүйлөп кирем.

Гүлдар
- Абысындарыңыз менен кандай мамиледесиз? Ысык-Көл менен Лейлектин салттарында айырма бар бекен?
- Абысындарым менен курбулардай элебиз. Биздин үй-бүлөдө мен жасадым, эми сен жаса деген атаандашуу, көралбастык жашабайт. Дайыма оюбуз бир жерден чыгат. Башкаларга салыштырмалуу ынтымактуу, бирдиктүүбүз. Тфү,тфү көз тийбесин дейинчи.
Ал эми салттар боюнча айтсам Көл менен Лейлектин кыз узатып, келин алуу сыяктуу салттарында бир аз айырма бар. Ал гана эмес конок тосконубуз деле ар башкача. Маселен бизде (Көлдө) сыйлуу конокторго беш бармак тартабыз. Лейлекте болсо сыйлуу тамак деп палоо жасалат.
- Беш бармакты келиштире жасайсызбы же палоонубу?
- Беш бармакты жакшы жасайм го. Палоону канча аракет кылсам да баары бир жеңелеримдикине окшошпойт.
- Көңүлүңүз чөгүп турганын элге билдирбеш үчүн эмне кыласыз?
- Күлүп турган маска кийип алам. Биз сахна адамы болгондон кийин элдин алдына жаркыраган маанай менен чыгышыбыз керек. Сахнадагы эрежени бузганга болбойт. Ошондуктан ары карап ыйлап, бери карап күлүш биздин милдетибиз.

Жазгүл
- Жашыңыз 30 га келгени менен 20-21 жаштагы кыздардай көрүнөсүз. Мунун сыры эмнеде?
- (Күлүп) Рахмат. Чынын айтсам мунун эч кандай катылып жаткан деле сыры жок. Өзүм табигатымдан эле ушундаймын. Диета кармап машакаттана деле бербейм. Боёнбосом 7-класстын окуучусу болуп калам. Бир жолу ата-энем Россиядан келип, Көлгө алып барып келейин деп таң атпай жолго чыктым. Боёнгон да жокмун. Анан Бишкектен чыга бергенде МАИ токтотту. Эч кандай жол эрежесин деле бузган эмесмин. Таң калып "байке эмне болду?" десем, "Биз сени көрүп, 7-8-класстагы окуучу кыз айдап баратыптыр деп токтоттук" десе болобу. Чынында эле 30 га чыктым десем эч ким ишенбейт.
- Жашыруун болбосо салмагыңыз канча?
- Азыр 42 килограммын. Аябай толуп кеткенимде 50 кг болом.
- Боёнгонго канча убакыт кетиресиз?
- Ашып кетсе 10 мүнөт.
- Сунуштар түшсө продюсер болоюн деген оюңуз барбы?
- Буюрса, дагы 5 жылдан кийин жаш, жаңыдан чыккан ырчыларга жол көрсөтсөм деген максатым бар. Өзүм да ырдап, эки канатыма эки шакирт байлап алсам дейм.
- Азыр адамдар заман бузулду деп эле кейип калышат. Сиз буга кошуласызбы?
- Заман бузулган жок, адамдардын пейили бузулду. Бири-бирин алдамай, жарга түртмөй, кыскасы ичибиз тарып эле баратат.
- Ата-энеңиз жөнүндө да маалымат берип койсоңуз?
- Мен 2 жашка чыкканда ата-энем Россияга көчүп кетишип, менин бала чагым ошол жакта өттү. Азыр да Россияда жашашат. Өздөрүнүн бир нече сеть-дүкөндөрү бар. Атам кесиби боюнча сүрөтчү, апам болсо медик.

Ж. Калдарова










??.??