presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 

Ала-Тоо койнунда
Кезек Элдик революциялык кыймылдабы?
Бийлик Элдик революциялык кыймылдан коркуп жатабы?
Президент Курманбек Бакиевди кызматтан оодарабыз деген революциялык кыймылдын демилгесинен коркуп, бийлик ар кандай иш чараларды көрүүдө. Элдик революциялык кыймылдын кеңсесине улуттук коопсуздук кызматынын, прокуратуранын кызматкерлери жана милиция өкүлдөрү келишип мыйзамсыз тинтүү жүргүзүүсү элдин үшүн алып, оппозицияга бийликтин сес көрсөтүүсү экенин айтат Т.Тургуналиев. Элдик революциялык кыймылдын иш кеңсесине шаардык прокуратуранын, коопсуздук комитетинин он чакты кызматкери жана алар менен кошо күбө катары үч киши келип, кеңсени толугу менен тинтип, видеотасмага түшүрүп кетишкен.

Ревкомдун маалыматы төгүнбү?
Аксы районунун 10 тургуну ревкомдун маалыматтарын төгүндөп чыкты.
Райондун Кара-Жыгач айылында 11-декабрда болуп өткөн Элдик революциялык кыймылдын жыйынында президент Курманбек Бакиевди отставкага кетирүү тууралуу сөз болгон эмес. Ага 50-60 адам катышкан. Алар ревкомдун башчысы Азимбек Бекназаровдун туугандары менен айылдаштары. Топчубек Тургуналиев менен Азимбек Бекназаров кийин мал базарга келишип, кыймылдын райондогу координаторлугуна көрсөтүлгөн 3 киши андан баш тартканда, координаторлукка пенсионер кишини дайындап кетишкен. Топчубек Тургуналиевдин 5 миң адам жыйынга катышты деп маалымат каражаттарына билдиргени жалган. Бул тууралуу 13-декабрда райондогу Кара-Суу айылынын 10 тургунун атынан Алмаз Абдыкадыров билдирди.

Оппозиция АКШда эмне кылып жүрөт?
АКШда жүргөн оппозиционерлер Карнеги фондунда болушту.
"Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган топ АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Карнеги фондунда болушуп, "Акыйкат үчүн" кыймылы сунуштап жаткан саясий концепциясы тууралуу партия лидери лекция окуду. Ошондой эле конгрессмен Жозеф Питс менен жолугушту. Кыргызстандык оппозиционерлер АКШда 24-декабрга чейин болушат.

Дагы бир ГЭС курулат
Кыргыз өкмөтү Сары-Жаз дарыясына ГЭС курууну пландап жатат.
Бул тууралуу Москва шаарында Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов орус өкмөтүнө сунуш жасап, Россиянын "ГидроОГК" компаниясынын бул жаатта тажрыйбасы мол экендигин, андыктан Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу боюнча алдын-ала иштерди жүргүзө баштоого мүмкүн экендигин билдирди. Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов Москвага Евразиялык экономикалык биримдиктин 22-отурумуна катышуу үчүн барган эле. Ошондой эле Кыргызстанга 2 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин соңуна чыгышы мүмкүн. Ага ылайык, бөлүнгөн каражаттын 300 миллион доллары мамлекеттик бюджетти бекемдөөгө кетсе, калган 1 миллиард 700 миллион өлчөмүндөгү каражат ири инвестициялык долбоорлорго жумшалмакчы.

Чоң базар болобу?
Алайдын Сары-Таш кыштагына Фергана өрөөнүндөгү эң чоң соода борбору курулат.
200 гектар аймакка ондогон ишканалар, соода түйүндөрү жана бажы терминалы курулуп, 3 миң адам жумуш менен камсыз болмокчу. Учурда Кытайдан инвесторлордун келиши күтүлүүдө. Кээ бирлер муну ишке ашпас кыял катары баалашууда. Анткени, талдоочунун маалыматына караганда, Кытай тарап Кыргызстанга чектеш Сымкана аймагына ири соода борборун куруп бүткөнү калды. Ал ишке түшсө, Сары-Таш конкуренцияга жарабай калат.

100 миллион доллар алабыз
Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлдү.
Эл аралык валюта корунун Аткаруу кеңеши 18 айга эсептелген программанын алкагында Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүүнү жактырды. Каражат сырткы кризисттик таасирлерден, анын ичинде баалардын өсүшү, электр энергиясынын жетишсиздиги, Нура айылындагы жер титирөө жана Казакстандын банк системасындагы кыйынчылыктардын терс таасирин азайтууга багытталат. Бөлүнгөн каражаттын 25 миллион доллары ушул айда кыргыз өкмөтүнүн эсебине келип түшөт. 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя түрүндө берилүүдө.

Айтматовдун эстелиги орнотулат
Улуу жазуучунун эстелиги Бишкектеги борбордук аянттардын бирине орнотулат, андан сырткары "Ата Бейитке" күмбөзү курулат.
Чыңгыз Айтматовдун ысымы мамлекеттик орус драма театрына, Эмен паркына ыйгарылат. Кыргыз өкмөтү жаштар үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык уюштурат. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин кампусуна Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Мындай жарлыкка президент Курманбек Бакиев кол койгон. Ошондой эле Айтматовдун туулган күнүндө "Ата Бейитте" куран окулду.

20-декабрда эмне болот?
20-декабрда оппозициянын көпчүлүгү Бишкектеги митингге келиши ыктымал.
20-декабрдагы митингде Бириккен оппозиция түзүлдү деп жарыяланышы мүмкүн. "Жылдын аягында Бириккен оппозиция Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү жана жаңы бийлик системасын түзүү келишимине кол коюшу ыктымал.

Чыкенин 8 томдугу
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу жарык көрдү.
"Бийиктик" басмасынан 3 миң нускада чыккан чыгармалар жыйнагында Чыңгыз Айтматовдун алгачкы "Ак жаан", "Асма көпүрө" аңгемелеринен баштап, кийинки "Тоолор кулаганда" романына чейинки чыгармалары, эскерүүлөр кирген. Улуу жазуучунун чыгармаларынын 8 томдугун Эл аралык "Руханият" ассоциациясы, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык кору жазуучунун 80 жылдык мааракесине арнап чыгарды.

Балдар адабияты жетишсиз
Учурда балдар үчүн акын, жазуучулар ыр жазганы менен аларды чыгаруу татаал болууда.
Бизде ыр жазган жазуучуларыбыз, балдар үчүн сүрөт тарткан сүрөтчүлөрүбүз, жакшынакай китептерди чыгара турган полиграфиялык базабыз бар. Бирок алардын башын бириктирип китеп чыгаруучу мамлекеттик басма жок. Ал эми ар бир эле автордун өз каражатына балдар үчүн көп нускада кызыл-тазыл сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок. Учурда Кыргызстанда бөбөктөргө арналган жалгыз гана "Байчечекей" журналы чыгат. Ал да болгону 2-3 миң нускада гана жарык көрөт.





Дүйнө дүбүрт
Швейцария Шенген келишиме кирди
Эми Евробиримдиктеги башка мамлекеттер менен Швейцариянын ортосундагы чегарада эч кандай паспорттук көзөмөл болбойт.
Өз кезегинде, Швейцариянын визасын алгандар Евробиримдиктеги башка мамлекеттерге да эркин бара алышат. Бирок Шенген келишимине Евробиримдиктеги айрым мамлекеттер - Британия, Ирландия, Румыния, Болгария жана Норвегия менен Исландия - киришпейт.

Афинада тынч эмес
Афина шаарында бир топ күндөн бери башаламандыктар уланууда.
Грециянын Афина шаарында төрт миңге жакын студенттер полиция менен кагылышып, тартип коргоо кызматкерлери аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Ушул өңдүү башаламандыктар Грециянын башка шаарларында дагы орун алды. Жумуш таштоо менен башталган демонстрация 6-декабрда полиция өспүрүм баланы атып, өлтүргөндөн кийин, чыныгы тополоңго айланган. Профсоюздар консервативдик өкмөттүн экономикалык саясатына наарызылык билдирип, 24 сааттык иш таштоого чыгышкан болчу. Грециянын премьер-министри Костас Караманлис жарандардын мүлкүн коргоого убада берип, башаламандыктар учурунда талап-тонолгон дүкөндөрдүн ээлерине компенсация сунуш кылды.

Афган полициясында реформа
Афганистандын полициясында радикалдуу реформалар башталат.
Бир нече аптадан кийин ооган полициясынын жаңы жетекчилигин дайындай турганын кошумчалады. Бардык ооган жарандары мыйзам алдында тең болушу керек жана реформаларды ишке ашырууда коррупция менен күрөш биринчи кадам болот.

Ирактагы терракт
Иракта жанкечтинин жардыруусунан көптөгөн адам өмүрү кыйылды.
Ирактын Киркук шаарында жанкечтинин кол салуусунан бери дегенде 55 киши набыт болуп, жүзгө жакыны оор жаракат алды. Полициянын маалыматына ылайык, жанкечти өзүн шаардын сыртындагы ресторандын ичинде жардырып жиберген. Бийлик өкүлдөрү мерт болгондордун саны азыркыдан дагы көп болушу ыктымал деп кооптонушууда. Ушуну менен бул чабуул- акыркы айларда Иракта орун алган эң кандуу кол салуулардын бири болуп калды.

Көмүр басып көз жумушту
Россияда көмүр кениндеги жарылуудан 12 адам көз жумду.
Мурмансктагы кендердин бириндеги жарылуу бейшембиде түнкүсүн болгон. Анын себептери учурда иликтенүүдө. Бул боюнча кылмыш иши да козголгону кабарланып жатат.

АКШда мамкатчынын айлыгы азайды
АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматында Хиллари Клинтон өзүнүн мурдагы Кондолиза Райска караганда аз айлык алмакчы.АКШнын конституциясынын биринчи главасынын жоболорунун бирине ылайык болочоктогу Клинтондун эмгек акысы 4700 долларга азайтылмакчы.
Көрсөтүлгөн норма Сенаттын жана өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү, эгерде ушул кызматка бөлүнгөн эмгек акысы тигил же бул секретарды же конгрессменди акыркы жолу шайлаган учурдан тартып жогорулатылган болсо кызматка дайындалышы мүмкүн эмес. Ошол эле учурда 2006-жылы сенатка Клинтон кайра шайланган учурдан тартып мамлекеттик катчынын эмгек акысы 191 миң 300 долларга чейин жогорутулган болучу. Ушуга байланыштуу мамлекеттик катчынын кызматына Клинтондун дайындалышы Конституцияга карама-каршы келди. Эмгек акыны 4700 долларга азайтып ошону менен конгресс Хиллари Клинтон сенатка шайланган учурда колдонулуп келген 186 миң 600 доллар болгон анын мурдагы өлчөмүн калыбына келтирди жана Клинтонду мамлекеттик катчыга дайындоонун ыктымалдуу бөгөттөрүн алып салды.

Россияда свет кымбаттайт
2009-жылдын 1-январынан тартып Москванын жана Москва облусунун турак жай үйлөрүнө электр энергиясын берүүнүн тарифтери 27 пайызга жогоруламакчы.
Газ плиталар коюлган квартираларда жашаган Москвалыктар килловатт саатка 3 рубль 01 тыйындан төлөйт. Ал эми электр плиталарын пайдалангандар киловатт саат үчүн 2 рубль 11 тыйындан төлөйт.

Янукович эскертет
Украинанын аймактар партиясынын лидери Виктор Янукович Жогорку Радада түзүлүп жаткан коалиция 100 күндөн кийин өлкөдө жагдайды тартипке салбаса, элди көтөрүп чыгам"-деп айткан.
Анын сөзүнө караганда анын Рададагы оппоненттери кризиске каршы программаны кароого умтулбайт. Алар аймактардан шайланган депутаттар менен эсептешкилери келишпейт.
Мындан тышкары Янукович Радада Украинанын президентинин секратариатынын чыгымдарын кеминде 10 эсе кыскартуу жөнүндө маселени коюуга убада берди. Эгерде бул мыйзам долбоору өтпөсө, биз адамдарды Киевге чакырабыз-деди.




Кримхроника
Баңги сатып байыймын деген эргул
Оперативдик иликтөө чараларынын жүрүшүндө баңги бизнесине каршы күрөш боюнча Жети-Өгүз РИОсунун кызматкерлери тарабынан Конкино айылынын тургуну К.Батырбековдун сарайынан 300 грамм марихуана табылып тартылып алынган. Бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.

Пара менен колго түштү
Ысык-Көл областтык ички иштер башкармасынын кызматкерлери пара алып жаткан судьяны кармады. Ички иштер министрлигинин пресс-кызматынын маалыматына караганда 6-декабрда Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында райсотунун судьясы О.Мамбеталиев 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Судья бир аялга жер боюнча маселени анын пайдасына чечип берүүнү убада кылган.

Москвадагы кыргыз тоноочулар
Москвада кыргызстандык тоноочулардын бандасын кармашкан. Бул туурасында ИТАР-ТАССка бүгүн Түштүк-Батыш администрациялык округу боюнча ички иштер башкармасынын басма сөз-кызматынан билдиришкен.
Кармалгандар 16-19 жаш курагындагы Кыргызстанда туулгандар болуп чыкты. "Алар иштелип чыккан схема боюнча аракеттенишкен: кеч күүгүмдө жалгыз өтүп бараткандарды саксактап турушуп, артынан барып кол салышкан, бардык баалуу буюмдарын тартып алышкан, андан соң кылмыштын жигин билгизбөө үчүн курмандыкты сабап кетишкен", - деп белгиледи агенттиктен. Кармалгандарга карата кылмыш иши козголгон.

Тоноп туруп поездден ыргытып..
Бишкек - Новосибирск каттамындагы поезддин тамбурунан белгисиз бирөөлөр карабалталык А.Жабагиевдин 14 миң сом жана 10 миң орус рублин тартып алышып, Сокулуктун Маловодное айылынан ыргытып жиберишкен. Бул жөнүндө транспорттук милиция териштирип жатат.

Аңгилер кармалды
Бишкек шаарынын кыйгуут-күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкектин бактарынынын бириде 30 жаштагы аялды зордуктап жаткан Ак-Ордо конушунун тургундары 25 жаштагы Р.Бегматовду жана 25 жаштагы А.Жолоновду кармашкан. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.













??.??