Атактуунун арзуусу

КРнын Эл артисти Анарбек Ибраев:
"Сүйгөнүмө суу ташып бергениме сүйүнүп..."
- Анарбек агай, чыгармачылыктын эчендеген чокуларын багындырган жүрөгүңүз махабат жаатында кандай болду экен? Негизи эле сиздин эс тартып, эркектана болгондон берки айымдарга болгон арзууңуз жөнүндө билгибиз келет?
- Махабатты сөз менен айтып жеткире албайсың деп коёт го. Ал сыңары бул сезим ыйык нерсе. Анын ар бир көз ирмеми бакыт тартуулайт. Тилекке каршы учурда биздин жаштар анын ыйыктыгына шек келтирип, кордоп жатышат. Анын таттуу даамын татканга өздөрүнө өздөрү туура эмес жолду тандап аткандары өкүнүчтүү. Биздин убакта эмне, биз деген ыймандуу жаштардан болчубуз. Ошол үчүн махабат бизге баалуу нерсе эле. Сүйгөн кызыңдын көзүнө тике кароо да чоң эрдикти талап кылчу. Башкаларды билбейм, мен өзүм өспүрүм курагымда, негизи эле жалындаган жигит курагымда деле тартынчаак болчумун. Айрым бир досторума окшоп кыз колтуктап баскандан да тартынып, сүрдөп жүрүп эле бул нерсени өткөрүп жибердим окшойт. Бирок мен махабатка абдан олуттуу карачумун, ошондуктан да кыздарга сүйлөй албай уялганымдын себебинин бири ушул болуш керек.
- Демек агай, сиз мектеп курагында болобу, студенттик курактабы жактырган кызыңызга сөз айта албай арманда калган экенсиз да?
- (Күлүп) Арманда го калган жокмун, бирок чынында эле бир да кызга "сүйүп калдым же достошолу" деп айтпагам. Эсимде, анда мен мектепте окучумун. Бир классташ кызымды жактырып калдым. Ал убакта бизде ар окуу күнү бир эркек бала бир кыздан болуп, сабак башталгандан бүткөнгө чейин "дежур" болчу элек. Сабактан соң классыбызды жууп кетүү милдети боло турган. Ошол классташымды жактырганымдын себебинен ал кыз менен бирге дежур болуп калдым. Башка кыздар менен болгондо кадимкидей күлүп-жайнап сүйлөшүп, классты бирге тазалап кетип калчубуз, ал эми бул кыз менен дежур болгондо оозума талкан куюп алгансып, такыр сүйлөй алчу эмесмин. Суу алып келип берем, ал класстын полун жууйт, кайра сууну төгүп келип берем. Айтор ушул кызматыма ыраазы болуп, ошончо убакыт болсо да жанында болгонума корстон боло үйгө жөнөчүмүн. Сүйөм демек тургай, көзүнө да тике карай алган эмесмин. Ал кыз сездиби, сезбей калдыбы билбейм, чогуу дежур болгонума корстон болуп жүрүп эле айта албастан мектепти аяктадым.
- Студент курагыңыз кандай болду? Бул кезде да бир периге ашык болгон чыгаарсыз?
- Эмнегедир бир кызга өзгөчө көңүл буруп ашык болбоптурмун. Кыз-жигиттер сабактан кийин ээрчишип алып киного, сейил бактарга барышчу. А мен болсо ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп убактымды өткөрчүмүн. Кыздар мени "биздин маэстро" деп коюшчу. Түрдүү оюн-зооктор болуп калганда мен албетте биринчилерден болуп тизмеге кирчүмүн. Бирок ошондой учурларда деле бир да кызга сөз айтып көрбөптүрмүн.
- Анарбек агай, демек сиз кинодо гана болчу чыныгы таза махабатыңызды күтүп жүргөн экенсиз да. Бирок мынча көп убакыт күтүүңүздүн жыйынтыгы кандай болду?
- Ооба, сабырдын түбү сары алтын деп коёт го. Мен күткөн нерсе да келди дегендей. Ошентип мен студенттик убакты да өткөрүп, иштеп калдым. Анда мен Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде солист болчумун. Анан бизге дагы бир солист кыз керек болуп, аябай чоң деңгээлдеги сынак жарыяладык. Ошол сынактан өтүп, биздин оркестрдин солисткасы болуп учурдагы жубайым Тамара иштеп калды. Ошол жерден экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, кыз- жигит болуп, турмуш куруп калдык.
- Агай, ушундай тартынчаак жигиттин махабатын билдирип, арзуусун айтканга канчалык күч керек болду экен?
- "Сүйүү дудукту чечен кылат"-деп коёт го, ал сыңары жашоомдо бир жолукчу чыныгы махабатыма кезиккенде мен да баатыр болуп чыга келдим окшойт. Кудайга шүгүр, андан бери 25 жылдан ашуун убакыт болду, очор-бачар үй бүлө болуп, бактылуу жашап жатабыз.
- Агай, чыгармачыл адам болгон соң, фанаттарыңыз да көп болгондур, мындай учурга Тамара эже кандай карайт?
- Сахна адамы болгон соң ырымды угуп, өзүмө ашык болгон кыздар болду. Бирок Тамара өзү да чыгармачыл адам болгон соң мындай учурларга абдан түшүнүү менен карайт. Мен жаратканга абдан ыраазымын, бул жашоодо мени толугу менен түшүнүп, колдогон жубайга жолуктурганына.
Менин 10 ийгилигим болсо анын тогузунда Тамаранын үлүшү чоң. Ал мени сүрөп, колдоп турган үчүн ушул жакшылыктарга жетише алдым го деп ойлойм
- Анарбек агай, жогоруда азыркы жаштардын махабатка болгон мамилеси жөнүндө айтып кеттиңиз да. Сиз аларды кандай баалайсыз?
- Азыркы жаштардагы мени өкүндүргөн нерсе демократия деп эле бардык нерсе ачык-айкын болуп калды. Улууну урматтоо, ыйбаа кылуу деген кыргыздын нукура мүнөздөрү азыркы биздин жаштарыбызда калбай бараткандай. Мисалы мобул консерваториянын терезесинен эле карасаңыз тээтиги сейил багында же шаардын оң келген бир аялдамасында кучакташып, өбүшүп турган кыз- жигиттерди көрөсүң. Ушул махабатпы, ушул сүйүүбү. Адамдагы эң бир жөнөкөй, бирок баалуу нерселерди мына ушинтип булгап жаткандарына өкүнөм. Албетте, бардык жаштар деп айтуудан алысмын, бирок көпчүлүгү мындай окуялардын каармандары. Алар кийин биздин жашка жеткенде жаш кезин эстеп тамшана турган деле жакшы элестер калбайт го деп чочулайм.
- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен
Айтурган Сатиева