presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын эл артисти:
80 жашын биз менен чогуу белгилесе жакшы болбойт беле"
"Бири кем дүйнө..." деп коёт экенбиз, Чынгыз атабыз да түбөлүк жайына кете берди. Баягы бар кезинде байкабай "Ии... бар..." деп жүрө берип, кетип калгандан кийин ордун жоктоп, жүрөгүң ооруп, ойго түшүп "Чын эле жокпу-у?" деп жүрөк өйүп кала берет экенбиз. Бирок ал киши жаныбызда жок болгону менен дүйнөлүк адам катары биз үчүн, бүткүл жер жүзүндөгү окурмандары үчүн түбөлүк тирүү бойдон кала берээри анык.
Асел!.. Асел!.. же адашкан сүйүү арманы
Бул да болсо тагдырдын буйругу экен. 5-курста окуп жүргөнүмдө Айтматовдун чыгармасы боюнча "Мен Тянь-Шань" деген кино тартылат экен деп угуп атканбыз. Бир күнү фотопроба дешип "Мосфильмден" келип биздин кыргыз группасынын балдар-кыздарын сүрөткө тартып, карап көрүп кетишти. Дагы бир күнү фотопробадан өткөндөр деп фамилияларыбызды атап чакыртышты. "Эми жайында Кыргызстанда кинопроба тартабыз. Силер дарегиңерди калтырып кеткиле" деп дарек-дайыныбызды алып калышты. Каникулга тарап, мен келип эле Суусамырга чабан агамдыкына эс алганы кеткем. Телеграмма жиберип ийишкен экен, айылдан келген зоотехник агама бериптир, "иниңе берип кой" деп. Ал кезде Кыргызстан деген мейманкана бар болчу. Ошол жерге чакыртышыптыр. Ал күнү жол тосуп келип калдым. Келсем эл көп. Издеп режиссёруна барсам Поплавская Ирина Ивановна деген таанып: "Кел, кел, кинопроба тартканы келдик" деп саатын, күнүн айтты. Ал учурда бардык иш план менен айткан убакыт-саатта башталчу. Ошентип Ала-Арча капчыгайында алгачкы сьёмка башталганда эле Сүймөнкул агам (Чокморов М.М) экөөбүздү тартып башташты. Ыраматылык агам "Кел эми бата тилеп коёлу, арбактар, Манас бабабыз колдосун! Омийин" деп тизелеп олтура калып бата кылдык. Анткени Казакстандан, Өзбекстандан дагы башка көп жерлерден ал ролдорго тартылганы татынакай кыздар-балдар келишкен эле да. "Эми көркөм кеңеш кимди жактырып бекитсе чакыртабыз, күткүлө"-деп кетишти. Мен да Москвага окуумду улантканы кеттим. Биздин кыргыз группа Германияга жиберилип, медициналык көзөмөлдөн өтүп, ары-бери чуркап жүрүп, бир күнү жатаканага келсем эле биздин балдар-кыздар кучактап, өпкүлөшүп эле "Сен өтүпсүң" деп калышты. Укканыма ишенип-ишенбей, бир сүйүнүп, кайра шалдырагандай эс-мас абалда болуп телефон чалдым. "Куттуктайбыз, Ильястын ролун ойномой болдуң, тез келе кал" дешти. Канат бүткөндөй эле, сүйүнүчтөн жүрөгүм алып учуп барып калдым. "Ноябрда тартып баштайбыз, даярдан" дешти. 1972-жылдын 3-ноябрынан тартып, Кыргызстанда кино тартылып баштады. Ал кездеги Рыбачье шаарындагы мейманканага жайгашып, Ак өлөң деген айылдын жанынан эң алгачкы сьемка тартылган. Анда 64 кило, арык, жапжаш кезибиз. Сонун күндөр эле. Кино тартыш, тартылыш бир топ эле түйшүктүү иш! Анын үстүнө биздин тажрыйбабыз да жок кезибиз. А бирок чынын айтканда Ильястын образында дал өзүмдү өзүм ойногондой эле болдум десем болот. Режиссёр да: "Ильяс мына өзүңсүң деди. Көк бет, айтканынан кайтпаган, жаңыдан шоопур болуп, күнү-түнү болсо да чарчабай, күйүп-жанып турган учуруң" деп түшүндүрдү. Дале да көз алдымда Ильясты ойногонум, Ильястын образы, анын тагдыры... Беш мүнөт! Кандайдыр бир беш мүнөттүн ичинде үйүнө кечигип келди, Аселди таппай калды. Беш мүнөттүн ичинде жашооң будуң-чаңга айланды да калды.
Тартылам деп күндө даярданып, эпизодду окуган сайын, ойногон сайын жүрөгүм ооручу. "А минтип койсо эмне болот?! Мындай кылса эле ажырашпай калышат беле?!" деп ойлоносуң, кейийсиң. Кадича менен жашайм деп жер которуп да кетишти. А бирок чыныгы таза махабаттын күчүн карачы, унуталбай койбодубу?! Аселди! Бүт эси-дартынын баары Аселде, баласында, оюнун баарында ошолор болуп, "Баары бир табышым, жолугушум керек!" деп туруп алат да. Үзүлбөгөн үмүт менен Асел аны үйүндө эле күтүп аткандай издеп келип атпайбы! Келсе жок! Азгырык! Азгырыктын айынан өмүр бою өкүнүп калып атпайбы! Чыңгыз Айтматовдун гениалдуулугун ушундан бил, чындыкты, турмуш жашоо кандай болсо дал өзүндөй кылып бере алганында.
Ойлойсуң да кийин издеп келгенде, экөөнү табыштырып чогуу жашатып койсо деле болмок деп. А бирок андай болгондо, чыгарманын күчтүүлүгү жок болуп калмак. Жашоодо жаңылыштык кылсаң, анан кайра жакшы болуп бүтүп калса... Чындык болбой калмак.
Андан бери канча жыл өттү, а мен экөөнүн өкүттө калган тагдырына али күнчө өкүнөм, ойлоном. Турмушта ушундай тагдырлар аз болсо экен дейсиң. Тактап айтканда ар адамдын жүрөгүндөгү чертилген ар бир кылды сезе билген жазуучунун улуулугу да! Мен Тянь-Шанга тартылган тарыхым ушундай.

Ильястын ыры
Фильм тартылгандан кийин жазылып чыккан бул ырдын авторлоруна ыраазымын.
Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Тагдырым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым...

Акбаранын көз жашына
20 жыл
Ош Драма театрында иштеп жүргөн кезим эле, кинопроба "Кыямат" боюнча фильмге, Бостондун ролуна деп чакыртышты. Тартылып кайра учуп кеттим. "Алайдан тартмай болуп, жер тандап койдук. Буюрса тартып баштайбыз" деп калган ыраматылык Дооронбек байке. Айта кетпесем болбос, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле. Бир күнү кайра чалып "келе калчы, биякта бир өзгөрүү болуп калды" деди. Самолетко билет жок, тааныштар аркылуу бир КамАзга олтургузушту. Алыс жол жүрүп чарчап, чала-була уктап, үшүп, сакал өсүп, көз кызарып таң эрте кыргыз фильмге кирип келдим. Дооронбек байкелер да келип калышып "Мына... мына..! дал ушул кебетеси менен тартыш керек" деп эле атышат. Көрсө кайра кеңешишип мени Базарбайдын ролун ойнотмой болушкан экен. "Базарбайдын мүнөзү катаалыраак, бет келген кишисине катуу бир тийген адам. Менин мүнөзүм жумшагыраак, ойной алат бекенмин?" деп калсам эле, Дооронбек байке "Сен артиссиңби? Кимсиң?! Артист деген ит бол десе үрүп итти да ойношу керек!" деп тамашалап эле, мен да күлүп "Макул, макул" деп калдым.
Майдын аягында башталды. Алайдагы Жошолу деген айыл бар экен, тим эле чөбү белден, жапжашыл! Көрсө ал жер Курманжан апабыздын ордосу болгон жер экен. Баарыбыз айылдын башындагы алп лагерге жайгаштык. Чоң бөлмөдө Советбек байке экөөбүз. Кобурашып аркы-беркини сүйлөшүп жатабыз. Караңгыда киного деп алып келишкен карышкырлар улуп чыгышат. Экөө үйрөтүлгөн, экөө жапайы эле. Үйрөтүлгөндөрү Акбара менен Ташчайнар болуп, жапайыларды атылган жерин тартууга алып келишкен экен.
Кандай таланттар эле! Советбек байке да өзүнүн ишин берилип сүйгөн, ушундай жөнөкөй адам болчу. "О-о Советбек Жумадылов" деп көкөлөтүп атышса мен-мен дебей кайра жерге тартылып турган улуу талант эле. Сүймөнкул агабыз экөө тең улуу-кичүү менен сүйлөшө билген, ушундай боорукер, адамгерчиликтүү, бөтөнчө, башкача мүнөзгө ээ адамдар эле. Аттиң! Көздөрү тирүү болсо дагы далай-далай сонун нерселер жасалбайт беле.

Кичинекей Кенжеш
Баса, менин Базарбай атым "Ничего подобного" деген да атка ээ болуп сонун-сонун күндөр элесте, жүрөктө калган бул фильмдеги кичинекей Кенжештин ролун ойногон жигит жазында учурашайын деп келиптир. Ошол Жошолуда эле балдардын арасынан тандап алган элек. Ошондо жаңы там-туң басып калган кези экен. Карышкырдан коркпой кулак башынан кармалап жүрчү. "Кандайсыз?" деп учурашканда эле көздөрүнөн тааныдым. "Апам экөөбүз Чымкентте турабыз,соода кылабыз" деп айтты. Ыраазы болуп калдым. "Эми Алматага апама барып учурашайын деген оюм бар" деп кеткен. Гүлүмканды ойногон казак артисткасын айтып. Үйлөнө элекмин дейт. "Аман бол!" дедим. Турмушта түркүн тагдырлар болот экен. Адашпасын! Жаңылбасын! Өкүнбөсүн!

М.Молдобекова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Автордон:
Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтарым... Бул чыгарманын башаты-жол жүрүп келаткандагы селсаяк абышканын айтып бергени боюнча окуя көркөмдөлүп, сандан-санга берилип жатат. Анткени, абышканын өзү көмүскөдө калып, абышка селсаяк - Токуштун кенедейинен азыркы абалына чейинки тагдыры ар бир учурдагы окуя менен сүрөттөлүүдө.

Кантип гана уялбай бөпөлөп өстүрүп атам дедиңиз, ыя?! Ушулбу эмчек сүтүңүздү берип, эркелетип, бапестеп чоңойтконуңуз?! Далыга кайра-кайра койгулап, бетин чойгулап атасыз! Ушулбу сиздин өз кызыңыздай көргөнүңүз! Кана, калыс экениңизди, көрөйүн кызыңызды бирдей көрсөңүз жумшаңызчы, кызыңызды! Койгулап, чаап көрүңүзчү! Сиз эмне, жетим деп өмүр бою кор тутуп жүрөм деп ойлоп атасызбы?! Анын да сурап алаары бар! Мен эми экинчи карындашымды силерге кор кылбайм. Алып кетем! Көрүп турам, Бегимайды ушул жашка чейин кордоп чоңойтупсуз. Эми андан бетер көржемеге алып, "Сетер" атка кондуруп, жер менен жер кылгыңыз келип атат. Айтты-койду дебеңиз, Бегимайды канча кор кылып, жер-жеберине жеткире тилдегениңиз үчүн!.. Кабыргасы саналгыча жектеп, кол жоолуктай кор тутканыңыз үчүн өкүнөсүз! Ылайым көзүңүздү жалдыратып, жер сыйпалап калыңыз! Так эле өзүңүздүн уул-кызыңызга зарлап калыңыз!..
- Оме-ей, мобу баланын тили кантет, ыя? Ой, жашабай калгыр десе! Сыйлап төргө өткөрүп койсо, көр муну! Жаагыңды жаап кал! Болбосо көргүлүктү көрөсүң, ай бала! Ушунчаңда сыйың менен чыгып кет! Чыгып кет деп атам мен сага! Жаштайыңарда энеңерди жуткан силер кимге жакшылык кылып коймок элеңер! Жогол, көзүмө көрүнбөй! Мобу Сетерде сенин кылдай да акың жок! Документинен бери биздин наамда! Кантип далилдей коёт экенсиң! Төрт тарабың кыбыла! Жолуңа түш, абийриңди кетирип, бетиңди, тытып сала электе. О, өллүгүңдү көрөйүн куу жетим десе! Жогол, тибиребей!-деп, тили -тилине тийбей оозунан ак ит кирип, кара ит чыгарган Зуура теше тиктеп турган Токуштун жанына жетип келип жакадан сүйрөп тартмакчы болду эле, өзүн бошотмокчу болгон Токуш Зууранын колунан кармап силкип жиберди. Жанатан жини ашып-ташып чыккан, олбурлуу Токуштун күчүнө алы жетпей калдыбы, айтор Зуура тээтигинден ары барып учуп түшүп, бозала-чаңга аралаша, тоголонуп кетти. Ошого удаа эле Зууранын ачуу үнү угулду:
- Коку-уй, жеди!!! Өлтүрдү!!! Жардамга-а!!!
Канат да, алардын балдар-кыздары да Зуурага жетип, тегеректеп калышты. Канат колтуктап тургузуп атканда эмнегедир Зууранын көзү аңтарылып, башы шалактап, эсинен танып калды.
- Токуш, туура эмес кылбадыңбы. Кутулбас куяга, басылбас балээге кабылбасак экен. Аял кишини да ушунча кыласыңбы. Ай, балам ай! Ачууга алдырбай койсоң эмне? Карачы, эсинен танып калды... -деген Айымбүбү Токушка өкүнө шыбырады.
- Сооп болот!-деп алды, дагы эле тиштенген Токуш.












??.??