presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ди-джей маек

"Кыргызстан Обондору" жашоонун керемети
Жашоо керемет!!! Дал ушундай ураан менен кыргыз журтчулугуна 24 саат бою булбулдай сайрап, ободо обондору жаңырып турган "Кыргызстан обондору" радиосун бүгүнкү күндө билбеген адам чанда кездешет. Башка радиолордон форматы, кызматкерлери, программалары менен өзгөчөлөнүп турган бул радио 10 жылдык тарыхты өзүнө камтып, талыкпаган эмгеги менен ушул деңгээлге жетип отурат. Жагымдуу аваздын ээлери эсептелинген, сиздер сүйгөн ди-джейлердин "Кыргызстан обондору" радиосуна аттаган алгачкы кадамы, алгачкы эфири жөнүндө кызыгып кепке тарттык. Анда биздин бүгүнкү куттуу төрүбүздүн коноктору FM 106.5 жыштыгында сайрап турган "Кыргызстан обондорунун" арген үндүү ди-джейлери болмокчу.
Медер Осмоналиев, "Кыргызстан обондору" радиосунун маалыматтык программалар редактору:
"Студиябыз чоңоюп, техникалар
жаңыланган"
- Медер байке, кийинки күндөрдө ди-джейлер башка убакыт менен эфирге чыгып жатканынын себеби эмнеде?
- Күндө шорпо иче берсең, бир күн эт жегиң келет да. Ошондуктан радиого өзгөртүү киргизиш үчүн Эдил Эркинбаев менен Назира Кадыева эртең мененки шоуну алып барса, Жаркынай менен Мээрим кечки программаны алып барууда. Анан да "Тентек микрофон" мурда эки саат болсо, азыр бул программа бир сааттык убакыт менен болуп жатат. Угармандар үчүн да бул жакшы жаңылык болсо керек. Эфирди өзгөртүп, жаңылануу максатында ушундай иш аракеттердин үстүндө иш алып баруудабыз.
- Ди-джейлерди алмаштыруу менен жаңылануу болду деп ойлойсузбу?
- Бул жерде бир гана ди-джейлер алмашкан жок. Алар алып чыгып жаткан программалар да бир топ өзгөрдү. Угармандар баамдагандай ар кандай жаңы уктуруулар эфирди кооздоп, көрк берип жатат.
- Силердин радио жаңы жылды өзгөчө тосот эле. Бул жылга даярдыктар кандай?
- Азыркы учурда жумуш чачтан көп. Буту-бутубузга тийбей чуркап жүрөбүз. Жаңы-жылга жаңы оюн-зоокторду, программаларды киргизип, даярдык аябай зор. "Аязкыз-2009" деген конкурс дагы дал ушул жаңы жылдын негизги өзөгү болуп саналат.
- Аяз кызды кантип тандайсыңар жана алар эмне кызмат аткарышат?
- Биз аяз кызды угармандар арасынан издөөдөбүз. Шайыр, шайдоот, уялбаган кыздар бизге смс жазышып, түз эфирге келип өзүн тааныштырган соң аларды кайра эле элдин добушу менен аныктайбыз. Жеңип чыккан кыз жаңы жылды биз менен бирге тосуп, ошол күнү "Кыргызстан обондору" кандай гана иш-чараларды, акцияларды өткөрбөсүн ди-джейлер менен чогуу жүрүү укугуна ээ болот.
- Жакында 10 жашка чыгайын деп турасыңар, алдыда кандай пландар бар?
- Радионун 10 жылдыгына арнап "Керемет обон" номинациясын тапшыруу салтанаты менен концерт берели деген бийик ой - максатта аракет кылып жүрөбүз.
- Номинация ээлерин кантип аныктайсыңар?
- Бир жылдан бери, ар ишемби күнү "Керемет обон" программасы болуп турган. Анда угармандар тараптан "Керемет обондун" аткаруучусуна смс аркылуу өз добушун беришчү. Эң көп добушка ээ болгон ырчылар дал ушул конкурска катышууга ээ боло алышат.
- 10 жылдык тарыхы бар радиодо алты жылдан ашуун убакыттан бери кызмат кыласыз. Сиз келгенде радио кандай эле, бүгүнкү күндө кандай?
- Көч бара-бара түзөлөт. Мен келгенде албетте мындай шарт жок болчу. Студиябыз чоңоюп, техникалар бүт жаңыланды. Анан да мурда жаңылыктарды бир эле Назгүл Айдаралиева окуса, бүгүнкү күндө журналисттер өздөрү алып чыгышат. Программалардын көбөйгөнү, угармандарды топтогонубуз да бизди алга сүрөп барат. Радио сүйүүчүлөр үчүн биз ар дайым кызмат кылууга даярбыз. Өзүбүздүн маанайыбыз канчалык чөгүңкү болсо да, элге керемет жашоо ыроологонго далалат кылып, болгон күч аракетибизди жумшайбыз.
Жылдыз Белекова, журналист:
"Эл аралык" жана "коопсуздук" деген сөздү алиге чейин
айта албайм"
- Бүгүнкү күндө бизде иштегиси келген көпчүлүк жаштар, келгенде эле ди-джей сырларын үйрөнүүнү каалашат. Ал эми мен болсо журналисттик кесипти ушунчалык жакшы көрөм. Ал эми ди-джей болууга таптакыр кызыкпадым. Эл үчүн кызмат кылып жаткандан кийин ар бир жумушубузга кылдаттык менен карашыбыз абзел. Мурда жөн эле маалыматтарды даярдап берсек, эки жылдан бери журналисттер өзүбүз түз эфирде жаңылыктарды окуудабыз. Себеби бул жерге интонацияны мындай кой, бул жерди ушундай оку деп айтып отургандан көрө кандай эмоция менен айтыш керек экенин өзүбүз жакшы билебиз да. Түз эфирде эмнелер гана болбойт. Ди-джейлер эфирге эки, үч секунд калганда күлкүлүү бир нерсени айтып коюп жанды кашайтат. Эмне кылышыбызды билбей күлкүбүз келип, араң окуп бүтөбүз.Мен баарын билем, кыйратам дегенден алысмын, башка сөздөрдөн эч кандай көйгөй болбосо да, "Эл аралык", "коопсуздук" деген сөздү алиге чейин айта албайм. Колдон келишинче ушул сөздөр катышпаган жаңылыктарды даярдаганга аракет кылсам да, бирок, баары бир ал сөздөр катышып калат. Аны өзгөртүп коюуга да мүмкүн эмес.
Назира Кадыева, ди-джей:
"Туура эмес сүйлөп алганда..."
- Мен негизи радиого кокусунан келип калгам. Таптакыр ди-джей болом деп ойлогон эмесмин. Телевидение тармагына кызыгып, ал жакта иштеп жүргөнүмдө Тынчтыкбек Кожобеков "Кыргызстан обондоруна" барбайсыңбы, бизге ди-джей керек" деп калды. Мен болсо "радиого сиздей тамашакөй, өзүңүзгө окшогон шакылдаган адамдар керек да" деп өзүмдү ди-джей катары элестете алчу эмесмин. Анан бир күнү жеке жумуштарым менен "Кыргызстан обондоруна" барып калсам, ал жакта иштегендер үнүмдү жактырышып, сунуштарын айтып, мени алып калышкан.
- Ал эми эфир учурунда күтүлбөгөн учурлар көп эле болот. Себеби, түз эфирдин өзү эле кызык. Азыр бул темада сүйлөйм деп айта турган оюңду топтоп турсаң, ошол эле учурда эфирден таптакыр башка ойлор келип, берки сөздөрүң унутулуп калат. Жакында эле "Таңкы тополоңду" алып барып жатып, саатты айтаарда кесиптешим Эдил "Кыргыз жергесинде" десе мен ойлонуп туруп, саат алты дептирмин. Аны эстеп алып кесиптешим экөөбүз кечке каткырдык.
Чынгыз Мырзаев, ди-джей:
"Угарман кызга
жагып калып..."
- Телевидениеде кадр сыртында текст окуп жүрүп, "Кыргызстан обондору" радиосунда кастинг болуп жатканын угуп өзүмдү сыноо үчүн бул жакка келгем. Кудай жалгап конкурстан өтүп кетип, 10-15 күндөн кийин 2004-жылы 14-июнь күнү эфирге жөжө ди-джей болуп, Эдил Эркинбаев менен биргеликте чыгып, алгач сүйүү темасында "чоң кыз мен сизге жагып калдым, эгер сиз мага жагып калсаңыз, экөөбүз жүрүп албайлыбы" деп тамашалаганым дале болсо эсимде.
Нурзада Жолдошева,
ди-джей:
"Тушоомду "Айкөл" тобу кескен"
2006-жылдын жадыраган жаз мезгилинин 6-май күнү саат 19-15де ары кубанычтуу, ары сүрдүү болгон студияда, микрофонду жана наушникти алгач тагынып түз эфирде радио угармандары менен амандашкан.
"Көз жоосун алып айлана өзгөчө сулуулукка бөлөнгөн жаз мезгилинде ырдап-жыргап сиздей болгон жакшы адам менен таанышканга не жетсин. Азамат болсоң, шаңдуу бол, атың ким деп сурашсын демекчи аты-жөнүм Нурзада Жолдошева. Турмушумдагы өз кесибимдин башатын сыймыктуу ди-джей деген кесипти аркалап отурам. Андыктан баарыңарга салам. Кызыктын баары алдыда" деп толкундануу менен түз эфирден алгачкы айткан сөзү дале болсо эсинде экен. "Айкөл" тобунун "Салам, калкым салам" деген ырынан кийин чыгып, тушоомду дал ушул ыр кескен деп айтып жатып бир жолу толкунданып алган ди-джей жүрөктөн чыккан аруу сезимдерди даңазалаган "Сезим сырлары" программасын алып барат.

Жаркынай Аманова,
ди-джей:
"Эфирди өчүрүп алып аябай ыйлагам"
- Түз эфирде эмнелер гана болбойт, жаңыдан жумушка орношконумда бул жердин техникаларын жакшы билбейт болчумун. Микрофонду өчүрөм деп толкунданып отуруп эфирди өчүрүп алыптырмын. 30-40 секунддай мемиреген тынчтыкта эфир жок отуруп алапайымды таппай ыйлап жиберсем, Эдил байке эмне эфир өчүп калды деп келип чоң жардам берген. Ал эле эмес эфирдин бүт сырларын үйрөтүп жатканына учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирем.
Сабыр Самидинов, журналист
"Үч мүнөттө көл-шал болуп тердеп
кеткем..."
Радио угармандарын жаңылыктарга суусатпай, кайнак боюнча жеткирип турган журналисттердин бул жерде орду зор. Алардын катарында Сабыр Самидинов дагы ушул ары түйшүктүү, ары кызыктуу жумушту аркалап келет.
- Көпчүлүгү ойлошот экен бизди бул жерде отуруп алып, жаңылыктарды интернеттен көчүрүп эле окуп коюшат деп. Чындыгында журналисттердин кызматы абдан жоопкерчиликтүү. Эки журналист эфирге чыкканы менен калган төртөө шаарыбызда өткөн конференциялардан маалымат топтоп келишет. Мен алгач 20-октябрда күндүзгү саат бирде эфирге чыкканымда толкунданганымдан калтырап-титиреп 3 мүнөт жаңылыктарды окуп бүткөнчө көл-шал болуп тердеп кеткем.
Мээрим Жыргалбекова
ди-джей:
"Русская волнага" келип "Кыргызстан обондорунан" жай таптым"
- Бул жакка алгач кадам таштаганда "Русская волна" радиосуна кастинг аркылуу ди-джейликке өтүп, ал жерде 2 жумадай өнөр үйрөнүп жүргөндө Назира эженин эфиринде "Ыр дүкөн" берүүсүнө чыгып калгам. Бир компанияда жүргөнүбүз менен Эдил байкени, Назира эжени таптакыр тааныбагандыктан телефон аркылуу таанышып, кыргыз тили боюнча бир аз көйгөйлөр бар экенин айтсам "келип көр, сүйлөшөбүз" деп калды. Андан кийин эле көпчүлүктүн колдоп-коштоосунда, Эдил байке менен алгачкы түз эфирде радио угармандар менен саламдашканмын. Ал күндөрдөгү толкундануу, сүрдөө алиге чейин эсимде. Азыркы учурда "Тентек микрофонду" алып баруудамын. Чынын айтыш керек, тамашаларды иш жүзүнө ашыруу бир аз кыйынчылык туудурууда.

P.S Көпчүлүк кыздардын жүрөгүн оорутуп, кайра коңур үнү менен дарылаган булбул үндүү ди-джей Эдил Эркинбаевди 15-16-декабрь күнү боло турган "Обон" гезити уюштурган "Эң мыкты эл ырчысы" наамын тапшыруу салтанатында жакындан көрө аласыз.

Даярдаган Нурзат Жусупова










??.??