presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

Музыкага жараша мүнөз
Учурда тили чыккан баладан баштап көтөрүп жүргөн уюлдук телефон да адамдын мүнөзүн, кыял-жоругун айтып бере алат. Тагыраак айтканда чөнтөк телефонуңузда жаңырган музыка сиз үчүн сүйлөйт экен.

o Классикалык музыканы тандагандар өзүнүн чегин билет. Жашоодо канчалык бир нерсени каалап турса да өзүн тыя алат. Басып өткөн ар бир жолуна кылдаттык менен талдоо жүргүзүп, өзүнө-өзү отчет бергенди адат кылып алышкандар. Орду менен тамашалап сүйлөп, туура, так жүрүшкөнү менен бир кемчилдиги чыдамсыз келишет.
o Гитара жана комуздун коштоосундагы музыка сүйүүчүлөр баарынан мурда туруктуулукту баалашкандар. Өз кемчилдиктерин эзели моюнга албай, бир аз бой көтөргөн адаттары бар. Жакын достору менен туугандарынын эч убакта көңүлүн оорутпай, алардын кемчилдигин да жаап-жашырууга жөндөмдүү келишет.
o Тамашалуу фразалар уюлдук телефонуңузда жаңырса, анда сиз тамашакөй, адамдын көңүлүн бат тапкан адамдардын катарын толуктайсыз. Көпчүлүктүн арасынан бөлүнүп, өзгөчөлөнүп туруу сиздин хоббиңиз. Көп убакта бирөө-жарымга колдоо көрсөтүп, жардамыңызды аябайсыз. Кокустан акча таап алууга же тескерисинче жоготууга жөндөмдүүсүз.
o Ар кандай кинолордогу хит болгон ырларды жактыргандар жашоодо кымбат буюмдарга кызыгат жана табиятынан оптимист келишет. Булардын артыкчылыгы-кыйынчылыктарга кезигишсе чыдамдуу болушат.
o Романтикалуу, жай ыргактагы музыкаларга ыктагандар жалгыздыктын кучагынан чыга албай, өзү менен өзү күрөшкөн адамдар болуп саналат. Жоопкерчиликтүү, жароокер келишет. Адамда жан дүйнөнүн тазалыгын жогору баалашат экен.
o Улам жаңы хит болуп чыккан ырларды жактырса анда ал адам улам жаңы буюмга, көрүнүшкө азгырылышат. Көксөгөнүнө кандай жол менен болсо да жетүүнүн аракетин кылып келишет.
o Чыгыш музыкасын сүйүүчүлөр бир орунда тура албай шашма болушат жана баштаган жумушун көп учурда аягына чыгарышпайт. Бир келген жашоодо ойноп-күлүү алардын турмуштагы девизи.




Пайдалуу кеңештер
Кышкысын денеге кам көрүү
Кышкысын денеге кам көрүп туруу да ашыктык кылбайт. Денеге кам көрүүнүн жолдорун сизге сунуштайбыз. Жылуу ваннага (37-38 градустагы 100-150 литр суу) картошка киселинин крахмалын кошуп (5 аш кашык крахмалды 3 литр сууга чалып, кайнатып алат) туруп түшүңүз.
Сууга түшүп бүткөндөн кийин жумшак түктүү сүлгү менен сүртүнүп, бирок эт өтө кургай электе нымдуу денеге витаминдүү, спермоциттүү бет майлардын бирөөнү сүртөт. Сүйкөлгөн бет майды толугу менен сиңирүү зарыл. Ушундай ыкманы бир нече жолу кайталагандан соң, эт жумшак, жылмакай жана жагымдуу болуп калат.
Ал эми денесине, айрыкча көкүрөгү менен далысына ысык көп чыккан адамдарга туз ваннасы пайдалуу. 2 стакан аш тузуна 100 литр сууга салып ээритип, ошого түшүү керек. Денени сүртүнүп бүткөндөн кийин, бетмайды дене нымдуу кезинде кол, бут, моюн, жаактарга гана сүйкөлөт.

Беттин жана
колдун
түктүүлүгүнө
каршы
Айымдардын колу-бутунда, жаагында, үстүңкү эрдинин өйдө жагында түктүүлүк болушу мүмкүн. Түктү терип салуудан күчөп кетет жана дагы мындай абалда күнгө күйүүгө такыр болбойт. Агартуучу бетмайлар, ичине парафин кирген маскалар дагы тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Дегинкиси канткенде түктөн арылуу керек?
Бул үчүн эң биринчи косметикалык жайларга кайрылып, электроэпиляция алуу зарыл, ошондо түктөрдүн өсүшү жайлап, кырчылып түшө баштайт. Ал эми муну жасоого мүмкүнчүлүк болбосо, 3 проценттүү водород перексине, анын 30-50 г 1 чай кашык көлөмүнө келгидей кылып нашатырь спиртин кошосуз.
Андан тышкары самындын көбүгүн кошуп жакшылап аралаштырып туруп дененин түктүү жерлерине жаап, кургагыча коюп коёт. Ушул процедураны бир нече жолу кайталаган соң түктөр ичкерип көп билинбей калат.
Дагы бир ыкма бир аз сууга 10 чагым кантты ээритип, ага лимондун 4/1 маңызын кошуп, аралаштырып туруп, жай отко коюп күрөң түскө келгиче кайнатат. Муну суутуп, жылуу кылып алып дененин түктүү жерлерине жабат да, кургагандан кийин сыйрып таштайт. Бул каражат түктүн өсүшүн токтотууга жардам берет.

Бут тердегенде же сөөл чыкканда
Жаңгак дарагынын жалбырактары ар кандай курт-кумурскаларды жоготууга, тери ооруларына, сырткы жарааттарга, бетке, тамакка, эринге, кулакка суук тийгенде пайдаланышат. Дагы бир өзгөчөлүгү кол-бут тердегенде анын кайнатылган суусуна жууп жүрсө, терчилдиги жоголот.
Дегиңкиси жаңгактын сыры өтө көп. Алсак: колго, бутка чыккан сөөлдү, тиш ооруну айыктырат. Чачтын түшүүсүн алдын алуу да пайдалуу таасирин тийгизет. Жаңгак дарагынын тамыры да табылгыс дары. Андан алынган кабыкты сууда кайнаткан соң, 5-6 гр. дан ичип жүрсө ич басылат. Анткени ал ичтеги зыяндуу микробдорду өлтүрүүгө жардам берет.












??.??